Паулос элчинин Титоско жиберген каты

Кат башы

(1:1-4)

Кудайдын кулу жана Иса Машаяктын элчиси Паулостон.

Мен Кудайдын тандаган адамдарынын ишенимдерине жардам берип, аларды биздин (яхудейлердин) динибиздеги түбөлүк өмүргө болгон үмүткө негизделген чындыктарга үйрөтүү үчүн жиберилгем.

Калп айтпаган Кудай бизге мындай өмүрдү убакыт санагы башталаардан мурда эле берем деп убада кылган. Анан убагы келгенде аны өзүнүн жакшы кабары аркылуу ачып берди. Бул тапшырма мага берилген, ошондуктан мен аны куткаруучу Кудайыбыздын буйругу менен жарыялоодомун.

Мен бул катымды жалпыбызга тишелүү ишенимдеги чыныгы уулум Титоско арнайм. Кудай Атабыз менен куткаруучубуз Машаяк Иса сага ырайымын төгүп, аманчылыгын берсин.

Титостун Крит аралындагы кызматы

(1:5-15)

Мен сени Критте калтырганымдын себеби ал жактагы бүтпөй калган иштерди аягына чыгарып, ар бир шаардагы машаяктар жамаатына аксакал-жетекчилерди шайлашың керек болчу.

Менин айткандарымды эсиңден чыгарба: жамаат башчысы кынтыксыз таза, бир гана аялы бар, бала-чакасы жүрүш-түрүшү бузук, тоңмоюн деген аттан алыс жана Машаякка ишенгендерден болушу керек. Жетекчи Кудайдын ишине жоопкечиликтүү болгондуктан, ал кынтыксыз болууга тийиш. Менменсиген, кызуу кандуу, аракеч, ажаан жана акчадегенде жата калган адам болбошу керек. Меймандос, жакшы нерсени сүйгөн, сабырдуу, такыбаа, ыйык, адептүү, ишенүүгө боло турган жана Машаякка болгон ишеним илиминин негиздерине дал келе турган кабарды бекем карманган адам болушу керек. Ушундай болсо ал туура илим менен башкаларга кайрат берип, ал илимге каршы чыккандардын катасын ачып көрсөтө алат. Анткени каршы чыкканды жакшы көргөн, болбогон кур сөздөрү менен башкаларды адаштырган адамдар көп, айрыкча яхудей дининен келгендердин арасында. Алардын ооздорун жап кылыш керек, анткени алар арам пайданы көздөп, окутууга тийиш болбогон таалимдери менен көптөгөн үйлөрдү бузуп жатышат. Ал тургай ошол криттиктердин өздөрүнөн эле чыккан, алар пайгамбар деп эсептеген бирөөсү мындай деп чындыкты айткан: “криттиктер — дайыма жалганчылар, адепсиз айбандар, жатып ичерлер”. Ушул себептен сен аларды катуу урушуп коюшуң керек: ишенимдери соо болуп, яхудейлердин мифтери менен чындыкты четке каккан адамдар чыгарган пенделик осуяттарды сактаганды токтотушсун.

Адал адамдарга баары адал, ал эми ниеттери бузулуп, уят-абийирлери какачтап кеткен булганч, ишенбеген адамдарга баары арам. Алар “биз Кудайды тааныйбыз” дешет, бирок кылган иштери Кудайга каршы экенин көрсөтүп турат. Алардын ичи жек көрүүгө, баш ийбестикке толуп, өздөрү эч бир жакшы нерсеге жарабай калышкан.

Ишенимдин негиздери

(2:1-15)

А сен болсо, Титос, туура илимге дал келе турган нерселерди сүйлөшүң керек. Кары кишилерди сабырдуу, сыйга татыктуу, өзүн-өзү кармай билген адамдардан болууга чакырып, аларды ишенимде, сүйүүдө жана чыдамкайлыкта туруктуулукка үндө.

Ошондой эле кары аялдарды да Кудайга өзүн арнаган адамдардай жашоого чакыр. Алар узун тил эмес, ичкиликке берилбеген, жакшы нерселерге окуткан аялдардан болушсун. Ошондо жаш келиндерди өз күйөөсү менен балдарын кантип сүйүүгө, кантип нысаптуу, таза, күйөөсүнө баш ийген жакшы аялдардан болууга үйрөтө алышат. Ушундай болсо эч ким Кудайдын сөзү тууралуу жаман сөз айта алышпайт.

Ошондой эле жигиттерди да өздөрүн кармана билгенге чакыр. Сен өзүң бардыгында үлгү болушуң керек. Таалимдериң олуттуу болуп, чын жүрөктөн чыксын. Бизди жамандаганга эч нерсе табалбай душмандарың өздөрү уят болушсун үчүн сын такканга шылтоо табылбай турган сөздөрдү колдонуп сүйлө.

Кулдар кожоюндарына баш ийишип, бардыгында аларга жакканга аракет кылышсын. Кожоюндарына каршы сүйлөп, же алардан уурдоого барбасын. Тескерисинче, алардын алдында чынчыл, ишенимдүү экендерин көрсөтүүгө милдеттүү. Ошондо алардын үлгүлүү жүрүш-турушунан улам куткаруучу Кудайыбыздын илимин баары сыйлай турган болушат. Анткени Кудай бардык адамдарды куткарганы келүүсү менен бизге өзүнүн канчалык ырайымдуу экенин көрсөттү. Ошол ырайымдуулук бизге кудайсыз жашоону жана бул дүйнөгө таандык болгон күнөөлүү кумарларды таштап, бул заманда сабырдуу, адал, кудайды сыйлаган өмүр сүрүүнү насааттайт.

Биз улуу Кудайыбыздын жана куткаруучубуз Иса Машаяктын салтанаттуу улуулугу пайда боло турган ак баталуу Күнгө үмүтүбүздү артып, аны күтүп жатабыз. Анткени ал бизди бардык адепсиздиктерден куткаруу үчүн, анын өзүнө гана таандык, жакшылык кылууга ар дайым умтулган адамдардан кылуу үчүн өз өмүрүн биз үчүн курман кылды.

Сен мына ушуларды окутушуң керек.

Колдоо көрсөткөнүңдө жана ашкерелегениңде бардык бийлигиңди колдон.

Өзүңдү өйдөдөн караганга эч кимге жол бербе.

Машаяктардын милдеттери

(3:1-11)

Сага караштуу адамдар башчылар менен бийликтегилерге баш ийип, аларга моюн сунуп, жакшылык кылганга дайым даяр болууну аларга эскертип тур.

Эч ким тууралуу жаман сөз айтпоону, бирок тынч, досчул болуп, бардык адамдарга момундук менен мамиле кылууну насаатта. Анткени биз өзүбүз да бир кезде акылсыз, баш ийбеген жана алдамчы болчубуз. Ар кандай кумар-ышкылардын кулу элек. Башкаларга жек көрүндү болуп, өзүбүз да башкаларды жек көрүп жүрүп, өмүрүбүздү жек көрүү менен көрө албастыкка короттук. Бирок куткаруучу Кудайыбыздын кайрымдуулугу менен сүйүүсү бизге ачылганда ал бизди куткарып алды. Кылган жакшы иштерибизден эмес, өзүнүн боорукер, мээрбандыгынан улам Ыйык Руху аркылуу бизди куткарды. Ыйык Рух бизди кайрадан төрөлтүп, жууп тазалап, жаңы өмүр берди. Кудай бизге куткаруучубуз Иса Машаяк аркылуу өзүнүн Рухун мол жаадырды. Ошол Иса Машаяктын ырайымы аркылуу биз Кудай алдында актала алабыз жана үмүт артып жүргөн түбөлүк өмүрдүн мурасчыларынан боло алабыз. Бул сөздөр чындык.

Кудайга ишенип калгандар өздөрүн изги жана бардыгына пайдалуу жакшы нерселерге арнап жүргөнүн текшерип тура алсын үчүн жогоруда айтылган сөздөргө тереңирээк көңүл бурушуңарды каалайм.

Жарабаган талаш-тартыштардан, бүтпөгөн санжыралардан, чыр-чатактардан жана Мыйзамга байланыштуу айтыштардан кач, анткени булар кыпындай да пайдасы жок, арзыбаган нерселер.

Бөлүп-жарганды сүйгөн кишиге бир-эки жолу эскертүү жаса да, укпаса аны менен мамилени толук үз. Мындайлар бузулган адамдардан экенин сен билесиң, кылган иштери алардын күнөөлүү экендигин ырастап турат.

Акыркы насааттар

(3:12-15)

Артемус менен Тихикусту сага жөнөткөнүмдөн кийин мүмкүн болушунча тезирээк мага Никополго келгенге аракет кыл, анткени мен ошол жерде кыштоону чечтим.

Зенас мыйзамчыл менен Аполлостун сапарга аттанышына жардам кылганга аракет кыл жана алардын жолго керектүү бардык нерсеси жетиштүүбү, ошону текшер. Биздин адамдарыбыз чыныгы муктаж болгондорго жардам көрсөтө алуу үчүн убактыларын жакшылык жасоо менен өткөргөндү үйрөнүшү керек. Алар пайдасыз өмүр сүрбөө керек.

Жанымдагылардын баары сага салам жолдоп жатышат.

Бизди сүйгөн ишенимдештерибизге бизден салам айтып кой.

Баарыңарга Кудайдын ырайымы төгүлсүн.