Паулос элчинин Тимотеоско жазган экинчи каты

Саламдашуу

(1:1-2)

Кудайдын эрки менен Машаяк Исанын элчиси болгон жана Кудайдын берем деп убада кылган Машаяк Исадагы түбөлүк өмүрүн кабыл алган Паулостон менин сүйүктүү уулум Тимотеоско салам кат.

Кудай Атабыз менен Теңири Машаяк Иса сага боорукердиги менен мээримин төгүп, тынчтыгын ыроолосун.

Тимотеостун ишеними үчүн ыраазычылык

(1:3-5)

Ата-бабаларым сыяктуу, кызмат кылып жүргөн Кудайыма сен үчүн таза абийирим менен күнү-түнү рахматымды айтып, сыйынууларымда ар дайым сени эстейм. Кетээримдеги көз жашыңды эстеп, сени кайрадан көрүп, сагынчымды жаза турган күндү самайм. Сенин чын жүрөктөн Кудайга болгон ишенимиңди эстейм. Ал ишеним мурда чоң энең Лоида менен өз энең Евникада бар эле, азыр болсо сенин да жүрөгүңдөн орун алганына толук ишенем.

Кудайдын күчүнө таянып, милдетиңди ынтаа коюп орунда!

(1:6-14)

Ошол себептен сага эскертем: мен үстүңө колумду коюп, милдетиңе дайындаганда сага берилген Кудайдын оттуу белегин* кайра жандыр! Анткени Кудай бизге коркунучтун эмес, күчтүн, мээримдин жана сабырдуулуктун Рухун берген. Ошондуктан Теңири Иса Машаякты күбөлөндүрүүдөн эч качан тартынба. Теңири Иса үчүн түрмөдө олтурган мен үчүн да уялба; тескерисинче, Кудай берген күч-кубатка таянып, Жакшы Кабар үчүн тартып жаткан менин азаптарымды бөлүш.

Кудай бизди куткарып, ыйык өмүр сүрүүгө чакырды; ал муну кылган сооп иштерибиз үчүн эмес, өзүнүн максаты менен ырайымына жараша кылды. Ал Иса Машаяк аркылуу бизге ырайым кылууну убакыт санагы башталардан мурда эле ниеттенген болчу. Азыр ошону куткаруучубуз Иса Машаяктын келиши менен ачык көрсөттү: Машаяк өлүмдүн күчүн жоюп, жакшы Кабар аркылуу чындык, эч качан өчпөй турган өмүрдү жарыкка алып келди. Теңир мени ушу жакшы Кабарды калктарга жарыялоочу, элчи, устат да кылып дайындады. Азыркыдай азаптарды уялбай көтөрүп жүргөндүгүмдүн себеби ушунда. Мен кимге ишенгенимди билемин жана Тигил күн үчүн менин ага тапшырган нерсемди сактап бере аларына терең ишенемин.

Менден уккандарыңды жакшы илимдин үлгүсү иретинде Иса Машаякка деген ишеним жана сүйүү менен бек карма. Өзүңө тапшырган асыл аманатты өмүрүбүздөн орун алган Ыйык Рухтун жардамы аркылуу сактагын!

Паулос менен бирге калгандар жана аны таштап кеткендер

(1:15-18)

Кичи Азия аймагындагы ишенүүчүлөрдүн дээрлик баары мени таштап кеткенин билесиң, алардын арасында Фигел менен Ермоген да бар.

Теңирибиз Онисифордун үйүндөгүлөрүнө батасын берсин; ал көп ирет көңүлүмдү жубатып, кайрат берип, түрмөдө олтургандыгымдан эч кандай уялган жок. Тескерисинче, Римде болгонумда эринбестен, мени издеп жүрүп таап алды. Теңири Иса кайра кайткан күнү ага мээримин көрсөтсүн! Анын мага Эфесте да кандай көмөктөшкөнүн өзүң жакшы билесиң.

Өзүңө тапшырылган ишти аткар

(2:1-13)

Ал эми сен, уулум, Иса Машаяктагы мээримдин астында чыңдала бер. Менден уккандарыңды көптөгөн күбөлөрдүн алдында айтып, башкаларга да таалим берүүгө жөндөмү бар, ишенимдүү адамдарга өткөрүп бер! Иса Машаяктын жакшы жоокери катарында кыйынчылыктарды биз менен кошо тартыш! Эсиңде болсун: эч бир жоокер, колбашчысынын көңүлүнө жагуу үчүн турмуштук иштер менен чырмалбайт. Ошондой эле, балбан күрөш тартибин бузса, жеңиш таажысына жетпей калат. Жыйналган жемиштин түшүмүн эң алды менен маңдай терин төгүп, мээнет кылган дыйкан алууга тийиш. Айткандарым тууралуу ой жүгүрт, анткени Кудай сага булардын баарын түшүнүүгө жөндөм берет.

Дауттун урпагынан чыккан, өлгөндөн кайра тирилген Теңири Иса Машаяк ар дайым эсиңде болсун!

Менин айта турган сөзүм ушул. Мен ушул сөз үчүн азап чегип, кылмышкердей кишенделгеним менен Кудайдын сөзүн кишендөөгө мүмкүн эмес! Ошондуктан мен Теңирдин тандаган адамдары үчүн, алар да Иса Машаяк аркылуу куткарылып, түбөлүк улуулукка бөлөнсүн деп, баарына чыдап жатам. “Эгер Машаяк менен бирге өлгөн болсок, анда аны менен бирге өмүр сүрө турган болобуз. Эгер ал үчүн кыйынчылыктарга чыдасак, анда аны менен бирге падышалык да кылабыз. Ал эми эгер Машаяктан баш тартсак, ал да бизден баш тартат. Биз ишенимден тайсак да ал ишенимдүү бойдон кала берет, анткени ал өзүнөн баш тарта албайт”. Бул өтө таамай айтылган ак сөз.

Маанисиз айтыштарды тый!

(2:14-25)

Ушуларды баарынын эсине түшүрүп, ар кандай сөздөр кайым айтышпагыла деп, Кудай алдында жакшылап эскерт. Андай айтыштардан жакшылык чыкпай, уккандардын ишенимине шек келтирет. Сен уяткарууга зарылчылыгы жок, чындык сөзүн туура карманган кызматчы катары өзүңдү Кудайга жаккандай кылууга дилгирлен. Жарабаган, кур сөздөрдөн оолак жүр, буларды айткандар Кудайдын ак жолунан алыстагандан алыстап, сөздөрү жугуштуу жарадай жайыла берет. Ошолордун арасында Именей менен Филип да бар. Алар чындык жолунан тайып, “кыямат өтүп кетти” деп, кээ бирөөлөрдүн ишенимдерин кыйратышууда. А бирок Кудайдын салган негизи бекем, анда мынабу сөздөр мөөрдөй чегилип жазылган: “Теңири Иса өзүнүн адамдарын жакшы билет” жана “Теңири Исанын атын оосанган ар ким жамандыктан четтесин!”

Бир чоң үйдө алтын күмүштөн гана эмес, жыгач менен чоподон жасалган идиш-аяктар да бар: алардын бирөөлөрү өзгөчө сый иштер үчүн, башкалары өтө жөнөкөй максаттарда колдонулат. Ошонун сынарындай, ким өзүн булардан оолак таза кармаса, ошол сый идиш сыяктуу Кожоюнуна багышталып, ар бир жакшы иштер үчүн колдонулууга даяр болот.

Жаштык кумарларынан кач! Таза жүрөк менен Теңирибизге сыйынгандарга кошулуп, алар менен бирге адилдик, ишеним, сүйүү жана тынчтыкка умтул. Акылсыз, маанисиз айтыштардан оолак бол, анткени сен алардын чыр чыгарарын билесиң. Жараткан Эгенин кызматчысы чыр болбошу керек, ал баарына бирдей мамиле кылган, окутканга жөндөмдүү, таарынчаак эмес адам болуусу кажет. Кудай чындыктын билимине жетелеп келип, аларга ниеттерин өзгөртүүнү белек кылар деген үмүт менен каршы болгондорду момундук менен насаатташ керек. Алар балким акылга келип, өзүнүн эркине багындыруу үчүн кармап алган шайтандын тузагынан бошонуп, кутулушаар.

Арам ойлуулардан оолак бол

(3:1-9)

Эсиңде болсун: акыркы убактарда заман абдан жаман болот. Адамдар өзүмчүл, акча жандуу, мактанчаак, текебер, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбеген, жакшылыкты билбеген, ыйык эмес, мээримсиз, кечиримсиз, тили жаман, өзүн-өзү кармабаган, кара мүртөз, жакшылыкты жек көргөн, чыккынчы, бетпак, менменсиген, Кудайдан көрө жан-жыргалын артык көрө турган болушат. Алар сыртынан Кудайга жаккандай болуп көрүнгөнү менен, анын кудуретин танышат. Мындай адамдарга кошулба! Алар үйлөргө жылып кирип алып, жеңил ойлуу аялдардын көнүлүн ээлеп, төбөсүнө чыгышат. Ал аялдар күнөөгө белчесинен батып, түрлүү кумарлануулардын жетегинде. Алар окуй беришет, окуй беришет, бирок эч качан чындыкка жете алышпайт. Мусага каршы чыккан Яний менен Ямбрий сыяктуу, мындайлар чындыкка каршы. Алар акылдан айныгандар, ишенимдери болсо жасалма, ташка жарабаган ишеним. Алар алыс узабайт, анткени алардын акылсыздыгы барына айкын болот. Убагында Яний менен Ямбрий да ошондой болгон.

Ишенимди таза тут

(3:10-17)

Ал эми сен болсоң мени ээрчип жүрүп, менин окутуум, жүрүш-турушум менен өмүрдөгү максатымды үлгү тутуп, ишенимим, чыдамкайлыгым жана сүйүүмдү, куугунтук жеп, азап чеккен кездеримде көрсөткөн бекемдигимди өз көзүң менен көрдүң. Антиохия, Икония менен Листрада мени менен эмне болгондун баарын, ошол шаарларда кандай куугунтуктоону башыман кечкенимди билесиң. Теңирибиз мени ошолордун баарынан куткарды. Чындыгында, Иса Машаякка ишенип, Кудайга жаккан өмүр сүргүсү келе тургандардын баары тең куугунтукталышат. Кара ниеттер менен алдамчылар мурункудан бетер жамандык жасап, өздөрү да алданып, өзгөлөрдү да алдай берет. А сен болсоң үйрөнүп, көзүң жеткен нерсеге ак бол, анткени сен мугалимдериңдин ким экенин билесиң. Анын үстүнө бала кезиңен эле Ыйык Жазмалар менен таанышсың. Алар сага акыл үйрөтүп, Иса Машаякка деген ишенимиң аркылуу куткарылууга алып келе алат. Анткени Ыйык Жазмалардын баары Кудайдын Деми менен жазылган. Андыктан таалим берүүгө, ашкерелөөгө, оңдоого, бардык адилдикке тарбиялоого пайдалуу. Ушундайча Кудайдын адамы бардык жакшы ишке даярдалып, белен турат.

Кудайдын сөзүн тарат

(4:1-8)

Кудай жана кайтып келип, Падышалык курганда тирүүнү да, өлгөндү да соттоочу Иса Машаяктын алдында сага дагы бир ирет эскертемин: Кудай сөзүн жарыяла! Убагы келип турса да, келбей турса да дайым даяр бол буга! Абдан сабырдуулук менен жана кылдат насааттар менен ашкереле, тыюу сал, кубатта! Анткени адамдар оң окутууну кабыл албай турган убак келет. Алар өздөрүнүн каалоолорунун жетегинде жүрүп, өздөрүнө гана жага турган, кулактарынын кычуусун кандыра турган сөздөрдү айта турган мугалимдерди көп-көп чакырып, ошолорду уга турган болушат. Ошентип чындыкка кулак салбай, жомокторду угушат. Ал эми сен ар дайым кыраакы, азапка чыдамдуу бол. Жакшы кабарды таратуунун милдетин аткарып, кызматыңды орундата бер! Анткени курмандык шарабындай төгүлө турган убагым жакындап, бул жактан аттанаар маалым келип калды. Мен жакшы күрөшкө катыштым. Байгеге чыгып, маарага жеттим, ишенимди сактап калдым. Эми мени адилдиктин таажысы күтүп турат, аны мага ошол күнү адилдиктин Төрөсү — Теңирибиз берет; мага гана эмес, анын кайра кайтып келишин саргая күткөндөрдүн баарына берет.

Насааттар жана өтүнүчтөр

(4:9-18)

Мага тез арада келүүгө тырыш. Себеби Димас бу күнөөкөр дүйнөнү сүйүп, а мени таштап, Фессалоникага кетип калды; Крискент Галатияга, Титос Далматияга кетти. Азыр менин жанымда жалгыз гана Лукас.

Маркты таап, өзүң менен бирге ала кел, анткени ал менин кызматыма керек.

Тихикусту Эфеске жибердим.

Троядада Карптын үйүнө таштап кеткен плащымды, ошондой эле китептеримди ала кел, айрыкча жаргак териге жазылгандарын.

Темир уста Искендер мага көп зыян кылды. Аны кылган жамандыктары үчүн Теңирибиздин өзү жазаласын. Сен да андан сак бол, анткени ал биздин кабарыбызга абдан каршы болду.

Алгачкы жолу суракка алынганымда мени жактоо үчүн эч ким келген жок, баары мени таштап кетишти. Мейли, бирок бул алардын өздөрүнүн башына келбесе экен. Баары таштап кетсе да Теңирибиз мага жар болуп, башка улуттагылардын баары угуп калуусу үчүн Жакшы Кабарды толук жарыялоого күч-кубат берип, мени арстандын, алкымынан куткаргандай, ажалдан аман алып калды. Теңирим мени ар кандай жамандыктан куткарып, асман падышалыгына аман-эсен алып барат. Ал түбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын! Ылайым так ушундай болсун!

Кат аягы

(4:19-22)

Прискилла* менен Акылга, ошондой эле Онисифордун үйүндөгүлөрүнө салам деп кой.

Ераст Коринфте калды, Трофимди ооруп калганынан Милетте калтырдым.

Кыш түшкөнчө келүүгө тырыш.

Еввул, Пуд, Лин, Клавдия жана бардык боордошторубуз сага салам жолдоп жатышат.

Жараткан Эгебиз жар болуп, сага дем берсин. Кудай силерге ырайымын төксүн.