Паулос элчинин Фессалоника шаарындагы машаяктар жамаатына жиберген биринчи каты
Саламдашуу
(1:1)
Паулос, Силас жана Тимотеостон Кудай Атабызга жана Теңири Иса Машаякка караштуу Фессалоникадагы жамаатка салам кат. Кудайдын ырайымы менен тынчтыгы араңарда болсун.
Фессалоникалыктардын өмүрү жана ишеними
(1:2-10)
Биз силер үчүн ар дайым Кудайга рахмат айтабыз жана сыйынганыбызда ар дайым силерди эстейбиз. Анткени силер ишенимиңерди иш жүзүндө кантип көрсөткөнүңөрдү, сүйүүңөрдүн күчтүүлүгүнөн улам канчалык оор эмгек кылганыңарды жана Теңири Иса Машаяктан күткөн үмүтүңөрдүн чоң экендигин Кудай Атабыздын алдында көңүлүбүзгө сактап жүрөбүз.
Сүйүктүү боордоштор, Кудайдын силерди сүйөөрүн жана силерди өзүнүн адамдары кылуу үчүн тандап алганын билебиз. Себеби биз силерге жакшы кабарды сөз менен гана эмес Ыйык Рухтун кудурети менен жана зор ишеним менен да жеткиздик. Силерге пайдалуу болсун деп, араңарда кандай өмүр сүргөнүбүздү билесиңер. Силер бизден жана Теңирибизден үлгү алдыңар. Көп азаптарды тартканыңарга кайыл болуп, биздин кабарыбызды Ыйык Рухтан келе турган чоң кубаныч менен кабыл алдыңар. Ошентип Македония менен Ахаия аймактарындагы машаяктардын баарына үлгү болдуңар. Теңирибиз тууралуу кабар силерден Македония менен Ахаияга гана тарап токтоп калган жок. Кудайга деген ишенимиңер тууралуу сөз бардык жактарга жеткендиктен, биз эч нерсе деп кошумчалай албайбыз. Анткени силерге барганыбызда бизди ысык кабыл алганыңар, жалган теңирлерден баш тартып Кудайга кайрылганыңар элдин оозунда. Эми силер тирүү жана чыныгы
Кудайга кызмат кылып, анын асмандан кайра келе турган Уулу — Исаны күтүп жатасыңар. Кудай аны өлгөндөн кийин кайра тирилткен. Бизди келечектеги каардуу жазадан куткарып кала турган ошол.Элчилердин Фессалоникадагы кызматы
(2:1-16)
Боордоштор, биздин силерге барганыбыз кур-бекер болбогонун өзүңөр билесиңер. Барарыбыздын алдында Филипияда азап-чегип, кордук көргөнүбүздү да билесиңер. Бирок каршылыктардын көп болгонуна карабастан Кудай бизге өзүнөн келген жакшы кабарды силерге айтууга кайрат берди. Анткени биздин окутуубузда адашуу да, арам ойлор да, кытмырлык да жок. Биз ар дайым Кудайдын эркине жараша сүйлөйбүз, анткени ал жакшы кабарын бизге ылайык көрүп, тапшырды. Биз пендеге эмес, жүрөк түпкүрүндөгү сырларыбызды сынап турган Кудайга жагууга аракеттенебиз. Силерге келгенде жагыналы деп сүйлөгөн жокпуз, муну өзүңөр да билесиңер, керт башыбыздын пайдасын ойлогон эмеспиз, буга Кудай күбө. Биз өзүбүзгө силерден да, башкалардан да, дегеле эч бир адам аттуудан даңк издебейбиз. Машаяктын элчилери катары силерге талап коюп келсек да болмок, бирок өз балдарына кам көргөн мээримдүү энедей араңарда момун жүрдүк. Силерди сүйгөндүгүбүздөн силер менен жакшы кабарды гана бөлүшпөй, өмүрүбүздү да бөлүшүүгө даяр болдук. Силер биз үчүн кандай кымбатсыңар!
Боордоштор, бар күчүбүздү салып, мээнет кылганыбыз, албетте, силердин эсиңерде. Силерге эч кандай оордугубуз тийбесин деп, күнү-түнү иштеп жүрүп, ошол эле убакта Кудайдын жакшы кабарын да жеткирдик.
Кудайга ишенген силердин алдыңарда өзүбүздү адил, таза жана кынтыксыз кармадык, буга силер да, Кудай да күбө. Ар бириңе балдары үчүн кам көргөн ата-энедей мамиле кылганыбызды билесиңер. Биз силердин көңүлүңөрдү көтөрүп, кайрат айтып, өзүнүн Падышачылыгындагы улуулугу менен бөлүшүүгө чакырган Кудайга жаккандай жашагыла деп сурандык.Кудайга ар дайым рахмат айтканыбыздын башка себеби да бар. Биз силерге Кудайдын кабарын таратканда силер аны пенденин сөзүндөй эмес, Кудайдын сөзүндөй угуп, кабыл алдыңар. Чынында эле ал ошондой. Кудайдын сөзү ишенгендердин ичинде өзүнүн ишин иштейт. Себеби силер, боордоштор, Кудайдын Иса Машаякка ишенген Яхудиядагы жамааттарына окшош болдуңар: өз улутташтары болгон яхудейлерден алар кандай кордук көрсө, силер да өз улутташтарыңардан ошондой запкы тарттыңар. Яхудейлер боордошторубузга жамандык кылмак тургай, Теңири Иса Машаякты өлтүрүп, Кудайдын пайгамбарларынын көзүн тазалашкан. Бизди куугунтукка алышкан да ошолор. Алардын кылгандары Кудайга да жакпайт, адамдарга да каршы. Алар куткарылуу бере турган Кудайдын жакшы кабарын башка улуттагыларга айтууну токтотууга да аракет кылышты. Ушунусу менен ар дайым күнөө кылып жүрүшкөн алар күнөөлөрүнүн казанын толтурушту. Ошондуктан азыр алардын төбөсүндө Кудайдын каары кара булуттай каптап турат.
Паулостун фессалоникалыктарга болгон сагынычы
(2:17-20)
Биз болсок, боордоштор, бир аз убакыт силерден ажыраганга — бирок оюбузда эмес, көзүбүз менен гана көрбөй калганыбызга — силерди ушунчалык сагынып, куса болуп, кайрадан көргүбүз келди. Ооба, биз силерге кайра баргыбыз келди. (Мен өзүм бир нече жолу силерге барайын деп аракет кылдым, бирок буга шайтан тоскоолдук кылып туруп алды.) Анткени биздин силерден үмүтүбүз чоң, силер биздин кубанычыбызсыңар, Теңири Иса Машаяк кайтып келген кезде башыбызга кийип алып мактана турган таажыбызсыңар. Чындап эле биздин сыймыгыбыз менен кубанычыбыз силерсиңер.
Тимотеостун Фессалоникага жиберилиши
(3:1-5)
Ошондуктан силерди көрбөгөнгө андан ары чыдай албай Силас экөөбүз Афинада калып, Тимотеос боордошубузду силерге жиберүүнү чечтик. Тимотеос Машаяктын жакшы кабарын биз менен бирге таратып, Кудай үчүн кызмат кылып жүргөн боордошубуз. Биз аны силерге азыркы болуп жаткан кыйынчылыктардан улам эч кимиңердин кайра артка кетип калбашыңар үчүн силерди кубаттандырып, ишенимиңерди бекемдеш үчүн жибердик. Биздин маңдайыбызга азаптардын жазылгандыгын силер өзүңөр деле билесиңер. Анткени биз мурда араңарда жүргөнүбүздө эле азап тартабыз деп алдын ала айтканбыз. Азыр өзүңөр көрүп тургандай, айтканыбыз келди. Ошондуктан мен Тимотеосту жиберген болчумун. Мен андан ары чыдоого дарманым жетпеди, ошондуктан силердин ишенимиңердин абалы тууралуу билгим келди. Ырасында, шайтан азгырып, кылган эмгегибиздин баары талаага кетишине жол берүүгө болбойт эле.
Тимотеос алып келген кубанычтуу кабар
(3:6-13)
Азыр Тимотеос силерден келип, ишенимиңер менен сүйүүңөр тууралуу жүрөк жылыткан жакшы кабар алып келди. Силердин бизди ар дайым жакшы маанай менен эскерип, биз сыяктуу эле силер да бизди көрсөк деп сагынып жүргөнүңөрдү айтты. Ошондуктан,боордоштор, башыбызга кыйынчылык түшүп, куугунтук жеп жүргөн кезибизде силердин ишенимиңерди угуп, чыйралдык. Эми биз чыныгы өмүрдү сүрүп жатабыз, себеби силердин Кудай менен мамилеңер жакшы экен. Бизди силер жөнүндө кубантып койгон Кудайга миң мертебе рахмат айтсак да аз. Силерди кайрадан көрүп, ишенимиңердин кем-карчын толтурсак
экен дегенде ак эткенден так этип, күнү-түнү сыйынуудабыз. Эми Кудай Атабыздын өзү менен Теңири Иса силерге барчу жолду ачып берсин. Силердин бири-бириңерге жана бардык адамдарга деген сүйүүңөрдү Теңирибиз биздин силерге деген сүйүүбүз сыяктуу өстүрүп, арттыра берсин. Кудай кубат берип, Теңири Иса өзүнүн бардык ыйык периштелери менен кайтып келгенде Кудай Атабыздын алдында жүзүңөр жарык, өзүңөр ыйык болгула.
Кудайга ылайыктуу өмүр сүрүү
(4:1-12)
Анан дагы, боордоштор, биз силерге Кудайга жагуу үчүн кандай өмүр сүрүү керек экенин үйрөттүк. Силер азыр ошондой жашап жатасыңар. Ошондуктан мындан ары да ошондой жашай бергиле деп, Теңири Иса Машаяктын атынан суранып, өтүнөбүз.
Силерге Теңири Исанын бийлигин колдонуп кандай насааттарды бергенибизди билесиңер. Кудай силердин ыйык, бузуктуктан оолак жашооңорду каалайт.
Ар бириңер өз денеңерди ыйык, таза күтө билгиле. Кудайды тааныбаган улуттарга окшоп күнөөлүү кумарларга берилбегиле. Кара баштын пайдасы үчүн, боордошторуңарды алдабагыла! Силерге мурда айтып, эскерткенибиздей, Теңирибиз мындай күнөөлөрдүн баарынын жазасын берет. Себеби Кудай бизди арам эмес, адал өмүр сүрүүгө чакырган. Ошондуктан ким бул насыяты четке какса анда ал адамга эмес, силерге Ыйык Рухун берип жаткан Кудайга каршы чыгат.Эми боордоштук сүйүү тууралуу мен жазбай эле коеюн, анткени силер бири-бириңерди кантип сүйүүнү өзүңөр деле Кудайдан үйрөнүп алдыңар. Македониядагы бардык боордошторуңарга болгон сүйүүңөр буга далил. Мындан ары да ушул жаатта алгалай беришиңерди тилейбиз.
Тынч жашоону көздөп, ар кимиң өз-өз ишиңерди кылып, биз айтып кеткендей өз колуңар менен наныңарды таап жегиле. Ушундай кылсаңар сырттагылардын сыйына жетесиңер да, эч кимге көз каранды болбойсуңар.
Теңирдин кайтып келиши тууралуу
(4:13-18)
Боордоштор, каза болгондордун тагдыры туурасында эч нерсе билбей калышыңарды биз каалабайбыз. Ошондой эле түбөлүктөн үмүтү болбогон башка адамдар сыяктуу, алар тууралуу көп эле кайгыра беришиңерди да каалабайбыз. Биз Исанын өлүп, анан кайра тирилип кеткенине ишенебиз. Ошондуктан Исага
ишенип жүрүп каза болгондорду Кудайыбыз Иса менен кошо кайрадан өмүргө алып келерине да ишенебиз.Теңирибиздин өз сөзү боюнча мындай болот: биз, Теңири Иса кайтып келгенге чейин каза боло электер, бизден мурда көз жумгандардан озбойбуз. Анткени Теңири Исанын өзү көктөн түшүп келгенде, адамдар катуу добуш менен чыккан буйрукту, периштелердин башчысынын үнүн жана Кудайдын сурнайынын тартылганын угушат. Ошондо эң алды менен бу дүйнөдө Машаякка ишенип жүрүп, өлгөндөр кайра тирилишет. Андан соң, ошол убакта к
өзүбүз тирүү жүргөн биз, абада Теңири Иса менен кездешүү үчүн, алар менен кошо булуттардын ичине чогултулабыз. Ошентип, түбөлүктөн-түбөлүккө Теңири Иса менен бирге болобуз. Ошондуктан ушул сөздөрдү айтып, бири-бириңерди жубаткыла.Даяр болгула, Теңири Иса келе жатат
(5:1-11)
Боордоштор, келечекте боло турган убакыттар менен мезгилдер тууралуу силерге жазып отуруштун кажети жок. Анткени Теңири Исанын кайта кайтып келе турган күнү түн жамынган уурунун келиши сыяктуу болорун өзүңөр деле абдан жакшы билесиңер. Адамдар “тынчтык жана бейкуттук” деп сайрай баштаганда, капыстан башталган толгоо сымал, кырсык күтпөгөн жерден басат да, эч ким андан качып кете албай калат. Бирок силерди, боордоштор, ошол Күн ууру сыяктуу басып кала албайт, анткени силер караңгыда эмессиңер. Силер баарыңар тең Нур менен Күндүн адамдарысыңар. Биз түнгө же караңгыга караштуу адамдардан эмеспиз. Ошондуктан башкаларга окшоп уктабай, сергек жана сак жүрөлү. Анткени адамдар уктай турган убак — бул түн, аракечтер арак иче турган убак да түн. Бирок биз күндүзгө караштуубуз, ошондуктан өзүбүздү кармап жүрөлүк.
Биз ишеним менен сүйүүнү зоот катары, куткарылуу үмүтүн туулга катары кийип алышыбыз керек! Кудай бизди өзүнүн каарына туш кылуу үчүн эмес, Теңири Иса Машаяк аркылуу куткарылууну мурастап алуубуз үчүн тандаган. Тирүү болобузбу, же каза болуп калабызбы, кандай болсо да, Машаяк менен бирге жашообузду мүмкүн кылуу үчүн ал биз үчүн жанын кыйган. Ошондуктан мындан ары да бири-бириңерди жубатып, бири-бириңерге жөлөк-таяк болууну таштабагыла.
Акыркы насааттар жана саламдар
(5:12-28)
Боордоштор, араңарда мээнет кылып, силерди Теңир жолунда кантип жашоо керектигине жетектеп жана насыяттап жүрүшкөндөргө татыктуу сый көрсөткүлө. Алардын кылып жаткан ошол иштери үчүн терең урматтоо менен мамиле кылгыла.
Өз ара ынтымактуу болгула.
Боордоштор, силерден дагы муну өтүнөбүз: бекерчиликке берилип, эч нерсе кылгысы келбегендерге эскертүү жасагыла.
Коркунчаактарга дем бергиле.
Жардамга муктаждарга көмөктөшкүлө.
Бардык адамдарга чыдамдуу болгула.
Абайлагыла, араңардан эч кимиңер жамандыкка жамандык
менен жооп кайтарбасын.Дайыма бири-бириңерге жана бардык адамдарга кайрымдуу болгонго умтулгула.
Ар дайым көңүлүңөр жайдары болсун, сыйынгандан талбагыла, кандай гана абалда болсоңор да, Кудайга шүкүрчүлүк келтиргиле, анткени Машаяк Исадагы силерден Кудай ушуну күтөт.
Ыйык Рухтун отун өчүрбөгүлө, пайгамбарчылыкка кыйгач карабагыла. Бардыгын текшерип көрүп, жакшысын кармагыла.
Жамандыктын бардык түрлөрүнөн качкыла.
Тынчтыктын Кудайы өзү силерди ыйыктагандан ыйыктай берсин. Ылайым силердин рухуңар, жаныңар жана денеңер толугу менен Теңири Иса Машаяктын келишине эч кынтыксыз болуп сакталсын. Силерди чакырып алган Кудай муну кылат, анткени ал ишенимдүү.
Боордоштор, биз үчүн да сыйынгыла.
Бардык боордошторубузду бир туугандык ыйык сүйүү менен бетинен өөп, бизден салам айтып койгула.
Бул катты бардык боордошторго окуп бергиле деп, мен Теңирибиздин атынан буйрук берем.
Теңири Иса Машаяктын ырайымы ылайым араңарда болсун.