СУЛАЙМАН ПАДЫШАНЫН МАХАБАТЫ

Бул поэмада айылдык кыз Суламитанын (Суламифь десе да болот: аттын мааниси — момун) өзү сыяктуу эле жөнөкөй, койчу жигитке болгон махабаты баяндалат...

Кыздын ак кол өсүшүн каалабаган агалары, өздөрүнүн бакчасын кайтартып коюшат. Суламита табигатка суктанып, булбулдардын үнүнө, аңкыган бактын жытына мас болуп, табияттын кучагында эч нерседен бейкапар, жүзүмзардан чыгып, бейтааныш талааны аралап жөнөйт. Капыстан Сулайман падышанын аскерлери, падышалык арабаны коштоп өтүп бараткан жолго чыгат. Гүлдүү өрөөндөрдүн жымжырттыгында өскөн Суламита үчүн аскерлердин бул салтанаттуу, жер дүңгүрөткөн жүрүшү абдан кызык эле. Ошондуктан алардын зыңкыйган, шаңдуу аскербашыларын, жоокерлерин жол жээгинде туруп алып, суктанып карап калат. Кыздын сулуулугунан эстери танган аскерлер, өкүмдарынын аялдарга болгон көз карашын билгендиктен аны Падышанын гаремине алып келишет. (Сулайман падышанын жети жүздөй никелүү аялы болгон.) “өрөөндө өскөн жаңгак бак, көргөнү баргам мөмөсүн. Жер жайнаган жүзүмзар, татканы баргам жемишин. Катар-катар анарлар, байлады бекен бүчүр деп, байкаганы баргамын. Көрүүгө чолоом тийбеди, ой-боюма койбостон хандын арабасына ала качып кетишти,” — дейт Суламита кийин.

Сулайман кызды көргөндө анын сулуулугуна ашык болот: “Ханышадан алтымыш, токолдордон сексен бар, кыздарга болсо сан жетпейт, баары менин аялым. А бирок сага ашыкмын, көгүчкөнүм, артыкчам, жеткилең сулуум сен гана.”

Сулайман кыздын колун сурап, ак сарайда сонун жашоону, бай белектерди сунуш кылат. А бирок кыз жүрөгү бир гана койчу жигитке байланган. Аны эстеп, сагынычтан куса болот. Падышанын жанында турганы Суламитага оор, өзүн эркиндиктен ажырап, торго түшкөн куштай сезет. Падыша түшкү тамагын ичкени кеткен убакта гана, аз убакыт болсо да кыз кайрадан айлананы карап, эс алат: “Түш тамагын ичкени, падыша кетти сарайга. Жыпар жытым балкытып, буруксуп турду айлана.”

Мурдагы бейкапар жашоодон из калбады. Кыз бүт күчүн жыйнап, өзүнүн сүйгөн койчу жигитине ак болууга бел байлайт. Ошону гана самап, Сулайман канча сонун сөздөрдү айтса да көңүл бурбайт:

“Ашыгымды окшотом

Төшүмдөгү сайымда

Асылып турган миррага.

Ен-Геддинин багында

Өскөн кымбат хиннага.”

Кызга жигиттин үнү угулгансып, ал чакырып жаткансып, жатса-турса оюнда ошол гана. Акыры жаны кыйналып, чарчаганда Суламитанын көзү илинип кетет. Уйку-соо жатканда сүйгөнүнүн үнүн угат: “Оо Кудустун кыздары, өзү кааламайынча сүйгөнүм ойготпогула!”

Бул убакта Сулайман тойго даярданып жаткан болот. Кызга жакшы сөздөрдү айтып, сүйө турганын кайталайт. Кыз анын сунушун четке кагат: “Ойгон түндүк шамалы, түштүктөн сок желаргы! Менин багымды капта, жытын туш-тушка тарат. Сүйгөнүм келсин багыма, мөмөсүнөн ооз тийсин.” Кыз кайрадан уйкуга кетип, кайрадан түйшүктүү түштөрдү көрүп, сүйгөнү келгендей, ага эшигин ачып берип жаткандай болот. Эшигин ачса... эч ким жок. Шаарды айланып, кыдырып издеп, сакчыларга туш болгондору түшүнө кирет. “Оо, Кудустун кыздары, бир сураныч силерден: сүйгөнүмдү көрсөңөр, ашыктыктан алсырап, азып калды дегиле”. Кудустун кыздары

Суламитага кайдан түшүнмөк. Айылдык кыздын падышанын сунушуна көнбөгөнү алар үчүн акылга сыйбаган нерсе болуп жатпайбы: “Оо, сулуулардын сулуусу, мынчалык ашык болгудай сүйгөнүңдүн неси бар? Бизден шунча сурандың, башкалардан неси артык?”

Акырында Сулайман терең кайгы менен кыздын жүрөгү башкада экенин түшүнөт. Сулайман кыздын сулуугуна ашык болуп, аны аялдыкка күч менен деле алса алып алмак, бирок ушул убакка чейин нечендеген атактуу аялдардан “жок” дегенди укпаган ал, карапайым кыздын таза сүйүүсүнө тан берет, ичинен сыйлайт. Кыздын өз сүйүүсүнө актыгы, бекемдиги жана жигитине ишенимдүүлүгүнө таазим кылып, максатынан кайтат. Кыз эч качан ага сүйүүсүн арнабастыгына көзү жетет: “Карындашым колуктум, коруктагы гүлбагым, кулпуланган кудугум, түшүүгө болбос фонтаным.”

Суламита өзүнө падышаны жакындатпады, падыша кыздын сулуу гана эмес, абийирдүү, ар-намыстуу экенин да түшүндү: “Ашыгым сен сулуусуң, көрүнүшүң Фирцадай6 , сүйкүмдүүсүң Кудустай. Көркөмдүүсүң, шаңдуусуң туу көтөргөн кошуундай. Сүрдөтпөчү тик карап, уялып көзүм жалтанат.”

Ошентип, Сулайман кызды кое берүүгө аргасыз болот. Кетип жаткан кызды, падышанын ак сарайынын кызматкерлери, нөкөрлөрү, падыша өзү, дем чыгарбай узата карап турушат. Ошондо падышанын оозунан эрксизден үшкүрүк аралаш, мындай сөздөр чыгып кетет: “Суламита, кайрылчы, кайрылчы эми, Суламифь. Жамалыңды көрсөтчү, суктана карап алалы.” Акыркы жолу...

Суламитанын ою болсо сүйгөнүндө: “Суктана карап тургандай, эмне, бийчи бекен Суламифь!” дейт өзүнчө ал.

Китептин сегизинчи бөлүмү ак сүйүүнүн салтанаттуу жеңишин даңазалайт. Суламита ар кандай азгырыктардын, кыйынчылыктардын чөлүнөн өттү, азыр болсо сүйгөнү менен кайрадан бирге: “Сүйгөнүнө сүйөнүп, чөлдөн келе жаткан ким?” Китептин башындагы “өзүмдүн багымды болсо, кароого чолом болбоду” деген арман китептин аягындагы “А меники кашымда” деген салтанаттуу кубанычка айланды. Башындагы сүйгөнүн жоготкондогу кайгы, китептин аягында аны кайра тапкандагы кубанычка айланды. Сүйүшкөндөр кайрадан чогуу. Сулайман падышанын байлыгы, атак-даңкы кыздын жүрөгүн жеңе албады: “Эгерде бирөө элирип: “Бүт байлыгым берейин, сүйүүңдү мага сат!” десе, кагуу жеп, четке кагылмак.” Ооба, Суламита бактылуу, анткени ал кыз намысын сактады, сүйгөнүнө ак болду.

Китеп негизинен Сулайман менен Суламитанын диалогунан куралса да, бул диалогдун ар жагында, ар бир куплеттин кычыгында үчүнчү инсан — кыздын сүйгөнү көрүнбөстөн катышып турганын байкайбыз. Көп окумуштуулар Суламита менен анын сүйгөнүнүн ортосундагы мамиледен Машаяк менен ага ишенгендердин жамаатынын мамилени көрүшөт. Суламитанын сүйгөнү бул ырда ачык көрүнбөгөндөй, Жамааттын сүйгөнү — Машаяк да көрүнбөгөнү менен талаш-тартыштын чордонунда. Сулайман сыяктуу бул дүйнө да Жамаатты ар кандай нерселер менен азгырууга аракеттенет. Ошондой болсо да Жамаат өзүнүн сүйгөнүнө ак болуп, келечекте аны менен түбөлүккө кошулат.

Бул китеп чынында мааниси абдан терең, көптөгөн традицияга айланган түшүндүрмөлөрү да бар, дегеле түбүнө жеткен адам жок, бирок баардык окумуштуулардын пикири ак сүйүү темасында жолугушат. Биз да, кыргыздар, бул китептен көп сабак алсак болот. Анткени “чыныгы сүйүү барбы?” деген мектеп партасындагы маанилүү суроого жоопту ушул китеп так берет. Андыктан ак сүйүүнү абийирсиз басылмалардан эмес ушул ыйык китептен үйрөнөлү.

Суламита сүйгөнүнө:

Өпкүлөчү аймалап,

Эриндериң махабат.

Мыктысындай шараптын,

Сүйүүң мени мас кылат.

Аңкыган жыттуу жыпарың

Магдыратат балкытып,

Андан да сүйкүмдүү атың,

Шондуктан кыздар сага ашык.

Мени алып кетчи эми,

Тездетегөр суранам.

Бирок кыз капысынан хандын нөкөрлөрүнө туш болуп, алар падышанын гаремине алып кетип калат

Падыша мени апкелип,

Ак сарайга киргизди.

Падыша сарайындагылар:

Кубанабыз, жыргайбыз

Шарапты койчу а көрө

Махабатың даңктайбыз.

Сага мактоо жарашат.

Кыз гаремдеги аялдарга:

О Кудустун кыздары!

Тотугуп, күнгө күйсөм да,

Кедардын чатырларындай,

Хандын пардаларындай,

Сулуулугум башкача.

Кара тору бетиме

Кадала тиктебегиле.

Ысыктан улам карардым,

Күндөн улам тотуктум.

Ачууланган агамдар,

Бак кайтартып коюшту,

Өзүмдүн багымды болсо

Кароого чолом болбоду.

Кыз өзүнчө койчу жигитке кайрылат:

Айтып койчу ашыгым

Коюңду кайда жаясың?

Күн төбөгө келгенде

Кай жакка айдап барасың?

Көчө аялы өңдөнүп,

Көрүнгөн жерде самсаалап,

Досторуңдун малынын

Артынан жүрө беремби?

Кимдир бирөө:

О сулуулардын сулуусу!

Билбесең жолду сен эгер,

Койлордун салып изине,

Чабандардын чатырын,

Пааналап айдап келгин да

Улактарың жая бер!

Падыша Суламитаны көргөндө:

Ах эркем сени окшоттум

Хандын арабасына

Кошулган бээнин бирине.

Саамайыңда салаңдап,

Сөйкөлөрүң керемет.

Моюнуңда мөлтүлдөп,

Шуруларың термелет.

Гаремдеги аялдар Суламитаны сооротушат:

Күмүш илгич алтын көз,

Сөйкө жасап беребиз.

Кыз өзүнчө жалгыз калганда өткөндү эстеп, кыялга чөмүлөт:

Түш тамагын ичкени

Падыша кетти сарайга,

Жыпар жытым балкытып,

Сергий түштү айланам.

Кыз койчу жигитке:

Ашыгымды окшотом,

Төшүмдөгү сайымда

Асылып турган миррага.

Ен-Геддинин багында

Өскөн кымбат хиннага.

Койчу жигит:

Ах сүйгөнүм, чүрөгүм,

Ушунчалык сулуусуң,

Көгүчкүндөй мойтоёт

Моймолжуган көздөрүң.

Кыз:

Ах сүйгөнүм, ашыгым,

Ушунчалык укмушсуң.

Жигит:

Төшөнчүбүз көк шибер,

Шыптарыбыз карагай,

Чатырыбыз арчалар.

Кыз:

Мен Шарондун* розасы,

Өрөөндө өскөн жоогазын.

Жигит:

Тикендердин ичинен

Жоогазын кандай көрүнсө,

Топ кыздардын ичинен

Сүйгөнүм шондой көрүнөт.

Кыз:

Дарактардын ичинен

Алма бак кандай көрүнсө,

Топ жигиттин ичинен

Сүйгөнүм шондой көрүнөт.

Көлөкөсүн пааналап,

Олтурганды жактырам.

Жемишинен ооз тийсем

Даамынан жыргап, магдырайм.

Ой-санаалардан чарчаган кыздын көзү илинип кетет. Түшүндө кайрадан сүйгөн жигити кирет.

Ал мени алып келди да

Той үйүнө киргизди.

Желбирете үстүмөн

Махабат туусун көтөрдү.

Сүйүүдөн көзүм тунарып,

Балкып, ээрип баратам.

Бергилечи шараптан,

Кайратыма келейин.

Бергилечи алмадан

Бир аз сергип алайын.

Сол колун башыма жаздап,

Оң колу менен кучактап,

Сүйгөнүм жатат мага ыктап.

Кимдир бирөө:

Оо Кудустун кыздары

Өзү кааламайынча

Сүйүктүүм ойготпогула!

Кыздын түшүнө сүйгөнү келаткандай сезилет:

Тыңшагыла, тигине!

Келатат менин сүйгөнүм.

Тоодон тоого арыштап,

Дөбөдөн дөбөгө аттап.

Сүйгөнүм менин жейрендей,

Басыгы сонун маралдай.

Карагыла, тигине!

Тереземден акмалап,

Темир тордон шыкаалап,

Артында турат дубалдын.

Сүйгөнүм мага мындай дейт:

“Ардагым кеттик жүргүнүң,

Чык ал жактан сүйүктүүм.

Карачы ызгаар кыш кетти,

Жамгырлар да басылды,

Жерге жайнап гүл чыкты,

Ырдай турган кез келди.

Журтубузда сайраган

Бактектин үнү угулду.

Анжирлер бүчүр байлады,

Жүзүмдүн гүлү ачылды.

Тургун кеттик ардагым,

Сүйкүмдүүм, келгин жаныма.

Асканын жаракасында

Салаңдаган зооканын,

Коңулуна жашынган

Көгүчкөнүм унчукчу,

Жүзүңдү мага көрсөтчү.

Созулган назик үнүңдөн,

Дегдеткен жаркын жүзүңдөн.

Жүзүмзарды булгашып,

Бачиктерин ээрчитип,

Түлкүлөр жүрөт жойпушуп.

Гүлдөп калды бакчабыз,

Cындырбасын шактарын,

Кармагыла,тез бачым!”

Сүйгөнүм сен мендиксиң,

А мен болсом сендикмин.

Гүлзарларды аралаган,

Жейреним мен сендикмин.

Тоо койнунан күн чыгып

Мээ кайната электе,

Көлөкөлөр качышып,

Жоголуша электе

Кайрылып кел, сүйгөнүм!

Тоодон тоого секирген

Жейрен сымал шашып кел.

Көңүлүм сүйгөн ардагым,

Түнү бою уктабай

Жанымдан сени издедим,

Издедим, бирок таппадым.

Эми ордуман турайын,

Шаарды аралап басайын,

Көчөлөрүн кыдырып,

Базарларын сыдырып,

Көңүлүм сүйгөн жалгызым

Өзүңдү издеп барайын.

Издедим, карап-карап таппадым.

Шаарды айланып кайтарган

Сакчыларга жолугуп

Ошолордон сурадым:

Менин сүйгөн жигитим,

Жолуккан жокпу силерге?

Алар башын чайкашты.

Мындай баса бергенде

Сүйгөнүмдү таап алдым.

Шап колунан кармадым,

Бек кучактап апкелип,

Энекемдин үйүнүн

Төркү үйүнө киргиздим.

Кимдир бирөө:

О Кудустун кыздары,

Өзү ойгонмоюнча

Тим койгула бул кызды!

Бул убакта падыша нике тойго камынып жүргөн болот:

Соодагер саткан эчен түр,

Жыпар жыттуу мээр чөп,

Аңкыган атыр жыттанып,

Буралган түтүн түрмөктөй

Чөлдөн келе жаткан ким?

Ал — Сулаймандын үлпөтү.

Исраилдин эң мыкты

Нөөкөрлөрү жанында.

Бардыгы тең куралчан,

Баары урушка дасыккан.

Караңгыга жашынган

Каргашага белендеп,

Кылычтарын байланган.

Келишкен сындуу араба,

Ливандын карагайынан

Сулайман өзү жасаткан.

Түркүктөрү күмүштөн,

Негиздери алтындан,

Кырмызы маталар менен,

Отургучун каптаткан.

Кудустун уздары болсо

Чын жүрөктөн берилип,

Ичи-тышын кооздошкон.

Эй, Кудустун кыздары,

Хан келатат, чыккыла!

Таажысын кийип, зыңкыйган,

Сулайманды көргүлө.

Нике тою маалында,

Эң бактылуу күнүндө,

Энекеси кийгизген

Таажыга көңүл бөлгүлө.

Падыша Суламитага келип:

Оо сүйүктүүм Суламифь,

Ушунчалык сулуусуң.

Жоолугуңа жашырган

Көгүчкөндөй көзүңдөн.

Тоодон түшүп келаткан

Бир короо койдой чачыңдан.

Жууттан чыккан апаппак

Кыркылган койлордой болуп,

Тизилген сенин тишиңден.

Ар бири эгиз козулуу

Түгөйсүзү табылбайт.

Кыпкызыл лента түстөнгөн

Татынакай ээрдиңен.

Оймоктой болгон оозуңан.

Саамайыңа жашынган

Жара бөлгөн анардай

Үлбүрөгөн бетиңден.

Нечендеген баатырдын

Калкандары асылган

Дөөттүн мунарасындай

Койкойгон сенин мойнуңдан.

Жайнаган гүлдү аралап,

Оттогон эгиз эликтей,

Тикчийген эгиз маралдай,

Төшүңдөгү алмаңдан.

Кыз падышага көңүл бөлбөйт, кулагына сүйгөнүнүн үнү угулуп, ошону гана самайт, кыялында ошону менен сүйлөшөт.

Кыз:

Мирра өскөн дөбөдө

Жыпар жыттуу чокуда

Таң эпкини соккончо,

Көлөкөлөр качканча,

Сени күтүп турайын.

Койчу жигит:

Оо сүйгөнүм, ашыгым!

Эч жериңде кынтык жок,

Тулку боюң ажайып.

Түшчү төмөн колуктум,

Бул тоолордон кетели,

Жырткычтардын жеринен,

Илбирстердин ийнинен,

Жүрчү, кетип калалы.

Падыша болсо ашык болгонун айтат:

Оо карындашым, колуктум,

Бир көз карашың менен,

Мойнуңдагы шуруңдун

Бир гана мончогу менен

Уурдап кеттиң жүрөгүм.

Карындашым колуктум,

Махабатың теңдешсиз.

Сүйүүң шараптан таттуу,

Жыты аңкыган атырдан

Алда канча жагымдуу.

Эриниңден бал тамат,

Тилиңдин асты сүт-май көл.

Көйнөгүң атыр жыттанат.

Бирок Суламита таптакыр макулдугун бербейт, ошондо падыша:

Карындашым колуктум,

Коруктагы гүлбагым,

Кулпуланган кудугум,

Түшүүгө болбос фонтаным.

Бакчаңда түрлүү бактар бар,

Жемиши бышкан анарлар.

Буруксуган жыпарлар,

Шафран, хна, осмолор,

Аңкыган жыттуу арчалар,

Мирра менен алоэ,

Каңылжаар жарган дарактар.

Бакчадагы фонтаным.

Ливан тоодон кулаган

Шаркыратма суулардан

Толуп турган кудугум.

Кыз:

Ойгон түндүк шамалы,

Түштүктөн сок желаргы!

Менин багымды капта,

Жытын туш-тушка тарат.

Сүйгөнүм келсин багыма,

Мөмөсүнөн ооз тийсин.

Сулайман:

Оо карындашым, колуктум,

Өзүмдүн бакчама келдим,

Жыттуу гүлдөрүн тердим,

Таза балынан жедим,

Сүт менен шарабын ичтим.

Кимдир-бирөөлөр:

О курбулар жегиле,

Сүйүшкөндөр, ичкиле.

Ой санаадан азган кыздын кайрадан көзү илинип, уйку-соодо сүйгөнү келип эшигин черткилегенсийт, сыртка чыкса кетип калгандай, сакчыларга жолуккандай элестейт:

Кетсе да көзүм уйкуга,

Жүрөгүм сак шыбыртка.

Тык-тык эткен үн чыкты,

Сүйгөнүм эшикти какты.

“Каалгаңды аччы ашыгым,

Карындашым, бактегим,

Эч кынтыксыз, аруум.

Шүүдүрүмдөн башым суу,

Түнкү нымдан чачым суу.”

“Көйнөгүм чечип койду элем,

Кайрадан алып киемби?

Бутумду жууп алды элем,

Кайрадан чаңды тепсеймби?”

Ушундай деп турганда,

Колун салып жылчыктан,

Илгичке сунду сүйгөнүм.

Болк эте түштү жүрөгүм,

Чымырап кетти бүт денем.

Эшикти ачып бермекке

Атып турдум утурлай

Колдоруман жыттуу май

Тамчылап жатты кулпуга.

Ача салсам каалгамды

Ашыгым кетип калыптыр.

Өчө түштү ындыным

Сууй түштү шаабайым,

Карап-карап таппадым,

Кыйкырып, жооп албадым.

Шаар айланып жүрүшкөн

Сакчыларга туш болуп,

Көк ала койдой союлдум.

Кайтаргандар сепилди

Көйнөгүмдү айрышты.

Кыз ойгонуп, сыртка чыгат:

Оо, Кудустун кыздары

Бир сураныч силерден:

Сүйгөнүмдү көрсөңөр,

Ашыктыктан алсырап,

Азып калды дегиле.

Аялдар кыздан сурашат:

Оо, сулуулардын сулуусу,

Мынчалык ашык болгудай

Сүйгөнүңдүн неси бар?

Бизден шунча сурандың,

Башкалардан неси артык?

Кыз аялдарга:

Сүйгөнүм тору, нур жүздүү,

Миң кишинин ичинен,

Зыңкыйып турат бөлүнүп.

Башы таза алтындай,

Чачы тармал толкундай,

Сулуу, кара каргадай.

Кара суунун боюнда

Аппак сүткө жуунган

Көгүчкөндөй жоодурайт

Татынакай көздөрү.

Сөйкөдөгү берметтей,

Жыпар жыттуу бакчадай,

Тамылжыган беттери.

Жоогазындай кызарып,

Кан тамчудай эрини.

Шурулар менен кооздолгон,

Алтындай болгон колдору.

Зымырыт менен оролгон,

Пил сөөгүндөй апаппак,

Татынакай денеси.

Мармар таштан курулган,

Мамылардай буттары.

Алтындын уюткусундай

Келишимдүү балтыры.

Ливандын карагайындай,

Узун бойлуу денеси.

Бал тамган сонун оозу.

Кандай экен сүйгөнүм?

Кандай экен ашыгым?

Айткылачы канакей,

Оо Кудустун кыздары.

Аялдар:

Оо, сулуулардын сулуусу,

Кетти эле кайда ашыгың?

Бет алды эле кай жакка?

Издешели биз дагы.

Кыз аялдарга:

Көкчүмөл шибер аралап,

Бакчасына кетти эле.

Жыпар жыттуу гүлзардан

Гүл тергени кетти эле.

Кыз өзүнчө:

Оо, ашыгым мендиксиң,

А мен болсо сендикмин.

Ак гүлдөрү аралап,

Кой жайган жаным сендикмин.

Падыша Суламитага кайра келет:

Ашыгым сен сулуусуң,

Көрүнүшүң Фирцадай

Сүйкүмдүүсүң Кудустай.

Көркөмдүүсүң, шаңдуусуң

Туу көтөргөн кошуундай.

Сүрдөтпөчү тик карап,

Уялып, көзүм жалтанат.

Тоодон түшүп келаткан

Бир короо койдой чачтарың.

Жууттан чыккан койлордой

Тизилген аппак тиштериң.

Ар бири эгиз козулуу,

Түгөйсүзү табылбайт.

Жара бөлгөн анардай

Саамайыңа жашынган

Үлбүрөгөн жаактарың.

Ханышадан алтымыш,

Токолдордон сексен бар,

Кыздарга болсо сан жетпейт,

Баары тең менин аялым.

А бирок сага ашыкмын,

Көгүчкөнүм, артыкчам,

Жеткилең сулуу сен гана.

Аялдар падыша тууралуу:

Ал — энесинин эркеси,

Кыз-келиндин мактоосу.

Ханшалардын даңктоосу,

Токолдордун алкоосу.

Суламитаны көргөн аялдар:

Таң нурундай жаркылдап,

Толгон айдай нур чачып,

Күн сыяктуу жаркырап,

Жылдыздардай чачырап,

Кимсиң сен турган жоодурап?

Суламита аялдарга:

Өрөөндө өскөн жаңгак бак,

Көргөнү баргам мөмөсүн.

Жер жайнаган жүзүмзар,

Татканы баргам жемишин.

Катар-катар анарлар,

Байлады бекен бүчүр деп,

Байкаганы баргамын.

Көрүүгө чолоом тийбеди,

Ой-боюма койбостон,

Ала качып кетишти,

Хандын арабасына.

Падыша кыздын жүрөгү башкада экенин түшүнүп, кое берүүгө аргасыз. Баары кетип жаткан Суламитены узата карап турушат. Ошондо хандын оозунан эрксизден төмөндөгү сөздөр чыгып кетет:

Суламита, кайрылчы,

Кайрылчы эми, Суламифь.

Көрсөтчү бизге жамалың,

Суктана карап алалы.

Суламита өзүнчө:

Суктана карап тургандай,

Эмне, бийчи бекен Суламифь!

Падыша:

Оо, Суламифь, ханыша,

Сандал кийген буттарың,

Ушунчалык татына.

Жупжумуру каухардай,

Сандарың сенин жакшына.

Шарап куйган чөйчөктөй,

Топтомолок киндигиң.

Чытырата бооланган,

Арпадай кымча белиңден.

Суйкайган эгиз бугудай,

Төшүңдө эки алмаңдан.

Пил сөөгүнөн курулган,

Мунарадай кашкаят,

Койкойгон узун моюнуң.

Байт-Раббимде дарбаза,

Бер жагында тунук көл.

Ошол көлдөй моймолжуйт,

Капкара, мөлмөл көздөрүң.

Ливандагы мунара,

Дамаскты карап кырданат,

Ошондой сулуу мурунуң.

Кармил тоосу — сулуулук,

Башың сенин ошондой.

Хан сарайда туш кийиз,

Чачың сенин ошондой.

Падышаны мас кылат,

Ой-боюна эч койбой.

Сулуусуң сен, сулуусуң,

Ушунчалык укмушсуң.

Оо сүйүүм сен назиксиң,

Чырайлуусуң, сонунсуң.

Шыңга боюң пальмадай,

Эки эмчегиң пальмада

Өсүп турган алмадай.

Чыгып барып, мен сага,

Кармасам го алмаңдан.

Эки мамаң тикчиет,

Торсойгон семиз жүзүмдөй.

Танооңдөн жыттуу дем чыгат,

Алмалар бышкан кезиндей.

Оозуң мыкты шараптай.

Кыз жүрөгү болсо сүйгөнүндө:

Шарабым досума агат,

Чарчаганды кандырат.

Койчу жигитке:

Бүт-барым менен сендикмин,

Арзуу-каалооңмун сенин,

Жүрү, сүйүүм, кетели,

Шаардан сыртка чыгалы,

Айыл жакка баралы,

Түнү бою жыргайлы,

Ырахатка баталы.

Таң менен кошо туралы,

Жүзүмзарды байкайлы:

Байлады бекен бүчүрлөр,

Гүлдөдү бекен алмалар.

Ошерден сага берилем.

Мандрагордун жыты аңкыйт,

Жытта, жытта сүйгөнүм.

Түрлүү-түрлүү мөмөмдү

Сен үчүн сактап жүргөмүн.

Бир эмчектен сүт эмген,

Аттиң ай, агам болсоң го.

Жолукканда көчөдөн,

Асылмакмын мойнуңа,

Чопулдата өпмөкмүн,

Жектемек эмес мени эч ким.

Жаштайымдан өстүргөн,

Энекемдин үйүнө,

Ээрчитип сени келмекмин.

Анарымдан сыгылган,

Ширелерим бермекмин.

Сол колуң башыма жаздап,

Оң колуң менен кучактап,

Жатмаксың жаным мага ыктап.

Сүйгөнүнө актыгын сактаган кыз, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн соң кайрадан өзүнүн айылына жөнөйт. Баары артта калды. Жолдон чаалыгып, бир бактын түбүндө уктап калат. Кыз тарапта болуп, ага боор тарткан баягы бирөө дайыма жанында:

Оо, Кудустун кыздары,

Бир сураныч силерден:

Өзү ойгонмоюнча,

Кызды ойготпогула!

Уктап жатканда кызга койчу жигит келет. Экөө кайрадан жолугушуп, чөлдөн чыгып өздөрүнүн гүлзарлуу айылына жөнөшөт. Ошондо кимдир бирөөлөр сүйүшкөндөрдү көрүшөт.

Сүйгөнүн колтуктап алып,

Чөлдөн келе жаткан ким?

Койчу жигит кызга:

Алма бактын түбүнөн

Алып чыктым ойготуп.

Ошерден энең көз жарып,

Төрөгөн сени толготуп.

Кыз:

Мөөр баскандай сен мени

Жүрөгүңө жазып ал.

Шакек сымал сен мени

Оң колуңа тагып ал.

Анткени ажалдан күчтүү,

Ашыктыктын кумары.

Кызганычы кармаса,

Эч чыгарбайт тузагы.

Махабаттын жебеси

Алоолонгон от болот.

Өчүрө албайт топон суу,

Дайралар басып кала албайт.

Эгерде бирөө элирип:

“Бүт байлыгым берейин,

Сүйүүңдү мага сат!” десе,

Жек көрүнмөк, кагуу жеп.

Кыздын агалары кызды жашсынтышат, анын үстүнө койчу жигитке берүүнү каалашпайт:

Биздин карындашыбыз,

Азырынча эселек.

Али бойго жете элек,

Эмчектери өсө элек.

Кокус келсе жуучулулар,

Кандай бизде жооп бар?

Аттиң карындашыбыз,

Сепил болуп калсачы,

Күмүштөн кашаа жасатып,

Айланта курчап коймокпуз.

Каалга болуп калсачы,

Карагай тактайлар менен

Каршы терши капшыра

Мыктап, кагып салмакпыз.

Бирок кыз сүйгөнүнө даяр, ошондуктан агаларынын бул сөзүнө макул эмес.

Керек болсо сепилмин,

Эмчектерим мунара!

Демек, мага келгендин

Купулуна толомун!

Баал Хаамондун жанында

Ижарага тапшырган

Сулайман хандын жүзүмзар.

Миң теңге күмүш салыкты,

Түшүмүнө салдырган.

А меники кашымда,

Миң теңге Сулайман алсын,

Жүз теңге малайлар алсын.

Койчу жигит:

Бакта жашоочу чоң кыз,

Досторуң сени кунт коюп,

Кулак салып жатышат

Унчугуп койчу мага да

Мен турам сени акмалап.

Кыз койчу жигитке

Оо, сүйгөнүм, ашыгым!

Аңкыган тоонун адырын

Мекендеген эликтей

Жетип келгин тез бачым.

Ошентип, кыз-жигит кайрадан кошулушат.