Паулос элчинин Римдеги машаяктар жамаатына жазган каты

Кириш сөз

Бул кат Паулос элчинин түрмөдө олтурганда жазган каттарынан. Катта машаяктык ишеним тууралуу окутуунун негиздери келтирилип, адам баласын Кудай алдында сооп иштердин натыйжасында эмес, Машаякка ишенүүнүн аркасында гана актала алары баса көрсөтүлгөн. Машаякка болгон ишенимдин касиеттери жана ошол ишенимге карата болгон жекече милдеттер баяндалган. Машаякка ишенген адам Кудайдын Рухунун жашай турган жайына айланып, ошонун жетегинде өмүр сүрө турганы жазылган. Жалпылап айтканда каттын ток этер жери — адам баласы кандай гана улуттан, расадан болбосун, кайсы тилде сүйлөбөсүн, кайсыл динди тутпасын ал өзүнүн күчү менен же кылган жакшы иштеринин натыйжасында жалпы адамзаттын канында жашаган күнөөдөн жана ошол күнөөнүн кесепетинен кутула албайт. Кутулуу жолу бирөө гана — Кудай жиберген Куткаруучуга ишенип, жандүйнөсүнүн төрүн ошого берүү.

Теологиялык жагынан алганда бул каттын рухий мааниси өтө терең. Түйүндүү түшүнүктөр болгон күнөө, ишеним, күнөөнүн жазасынан кутулуу, коомдогу ар тараптуу мамилелер абдан кеңири жана жеткиликтүү талкууланган. Лингвистикалык жагынан алганда кат риторикага бай, өтө экспрессивдүү жана эмоционалдуу. Окуп жатканда каттын авторунун адресаттарга болгон терең камкордугу, сүйүүсү cезилип турат.

Кат башы

(1:1-7)

Машаяк Исанын кулу жана Кудай өзүнүн жакшы кабарын жарыялоого тандап, чакырып алган элчиси Паулостон...

Ыйык Жазмаларда айтылгандай Кудай көп жылдар мурда пайгамбарлары аркылуу өзүнүн жакшы кабарын жиберери туурасында убада кылган. Бул жакшы кабар анын Уулу Теңири Машаяк Иса жөнүндө. Адамдык жагынан алганда ал Дөөттүн тукуму. Ыйык Кудайлык жагынан алганда болсо Кудайдын Уулу. Кудай аны зор кудурет менен өлүктөрдөн тирилтип алгандыгы буга кепил. Бардык улуттагы адамдарды Кудайга ишенүүгө жана ага баш ийүүгө алып келүү үчүн Жараткан Эгебиз Машаяктын урматына элчи болуу артыкчылыгын мага ыйгарды. Римдиктер, Машаяк Исага таандык болууга Кудай тарабынан чакырылган улуттардын арасында силер да барсыңар. Ошондуктан Кудай сүйгөн жана өз эли болууга чакырып алган силерге Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк ырайымын төгүп, тынчтыгын ыроолосун деп, кат жазып олтурам.

Ыраазычылык сыйынуусу

(1:8-15)

Биринчиден, баарыңар үчүн Иса Машаяк аркылуу Кудайга рахмат айтамын, анткени бардык жерде силердин ишенимиңер тууралуу угулуп жатат. Менин чындыкты айтып жатканыма Уулу тууралуу жакшы кабарды таратып, чын жүрөгүм менен кызмат кылып жүргөн Кудайдын өзү күбө. Сыйынган сайын силерди эстээримди ал билет. Мен Кудайдан өзүнүн ак тилегине шай кылып, акыры ушул убактарда силерди бир көрүп келүүмдү мүмкүн кылуусун сурануудамын. Анткени мен силерди абдан сагындым. Силерди бекем ишенүүчүлөрдөн кылуу үчүн Кудайдан алган рухий баталарым менен бөлүшкүм келет. Айтайын дегеним: силер да, мен да бир убакта бири-бирибизге жардам болуп, силер менин ишенимимден, мен силердин ишенимиңерден кубат алуу.

Эсиңерде болуш керек, кымбаттуу боордошторум, мен силерге далай жолу барууну пландаштырып, бирок дайыма бир нерсе чыгып калып эле оюм ишке ашпай жатты. Башка элдерден кандайдыр бир рухий жемиш алып жатканымдай силерден да тапкым келет. Анткени мен бардык адамдардын алдында милдеттүүмүн. Грекпи, варварбы, билимдүүбү, караңгыбы мага баары бир. Ошондуктан Римде жашаган силерге да мен жакшы кабарды таратууга абдан ынтызаармын.

Жакшы кабардын кудурети

(1:16-17)

Мен жакшы кабардан уялбайм. Анткени жакшы кабар ишенгендердин баарын куткаруу үчүн болгон Кудайдын кудурети; биринчиден, еврейлер үчүн, экинчиден башка улуттагылар үчүн. Анткени жакшы кабарда Кудай адамдарды өзү менен кандайча элдештирип, актаары тууралуу айтылган. Кудай адамдарды башынан аягына чейин ишеним менен гана актай алат. Ыйык Жазмаларда айтылгандай “адил адам ишеним менен тирүү болот”.

Адамзаттын айыбы

(1:18-32)

Адамдардын кылган бардык күнөөлөрү менен жамандыктарына асмандан Кудайдын каары төгүлүп турат. Анткени алардын жаман жолдору акыйкаттын ачыкка чыгышына бөгөт болуп жатат. Кудай аларды жазалайт, анткени Кудай тууралуу билүүгө мүмкүн болгон нерселердин баары аларга маалым, баарын Кудай өзү белгилүү кылган. Аалам жаратылган убактан тартып эле Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттары — анын түбөлүк кудурети менен кудайлык табияты ачык эле көрүнүп турат. Аларды Кудай жараткан нерселерден аныктап алса болот. Ошондуктан адамдар “билбедик, көрбөдүк” деп актанууга шылтоолору жок. Алар Кудайды билишет, бирок татыктуу урмат-сый көрсөтүшпөйт, рахмат айтышпайт. Анын ордуна ой-санааларын толугу менен жарактан чыгарышып, көкүрөктөгү көздөрүн караңгылыкка бастырып, карайлап

калышкан. Алар өздөрүн акылдуубуз дешет, бирок чындыгында наадандар. Түбөлүктүү Кудайга табынуунун ордуна өлө турган пенденин, ит-куштун эстеликтерине кызмат кылышат.

Ошондуктан Кудай аларды өздөрүнүн булганыч ой-санааларындагы кумарлардын кучагына таштап салды. Алар бири-бири менен айтууга ооз барбаган шерменде иштерди кылышат.

Кудай тууралуу чындыкты калпка алмаштырып алышты. Кудайдын өзүнө табынгандын ордуна анын колунан чыккан нерселерге табынып, ошолорго кызмат кылып кетишти. А мактоого бир гана Кудай татыктуу эмеспи! Ооба, так ошондой!

Ушундай иштери үчүн Кудай аларды уяттуу кумарларынын койнуна таштап салды. Аялдары табигый жыныстык мамилелерди табигаттан тышкаркы жолдорго буруп кетишти. Эркектери да алардан калышпай аялдарга болгон табигый жыныстык катнашты коюп, бири-бирине кумарланып, өлүп баратышат. Алардын жосуну курусун, бири-бири менен шермендечилик иштерди кылышып, натыйжада өздөрүнө татыктуу жазаларын иштеп таап жатышат.

Кудай тууралуу чыныгы билимди көңүлдөрүнө сактоону четке кагышканы үчүн Кудай аларды бузулган ой-санааларынын бийлигине таштап салды. Ошондуктан алар кылууга тыюу салынган иштерди жасап жатышат. Адепсиздиктин, жамандыктын, ач көздүктүн, ыймансыздыктын баардык түрлөрүнө ичтери толгон. Көрө албастыкка, ичи тарлыкка, канкордукка, уруш-жаңжалга, алдамчылыкка, арам ойлорго толугу менен берилип кетишкен. Бири-бирин ушактап, жалаа жабышат. Кудайды болсо жек көрүшөт. Алар көпкөндөр, менменсигендер, ооз көптүргөн мактанчаактар, жамандык кылганга усталар, ата-энелерине баш ийбеген тоңмоюндар, абийирсиздер, сөзүнө турбагандар, башкаларга кайрым кылганды, боор ооруганды билбегендер. Алар Кудайдын мыйзамы боюнча ушундай кылган адамдар өлүм жазасына тартылууга татыктуу экенин билишет. Ошентсе да мындай иштерди кылганын коюшпайт; коюшмак тургай кылып жаткандарды колдошот.

Кудайдын соту

(2:1-16)

Эй досум, сен башкаларды соттоп жүрөсүңбү? Анда ким болсоң да сага кечирим жок! Анткени башкаларды соттоп жатсаң, алар сыяктуу эле өзүң да жаман иштерди кылып жатасың, ошондуктан сен өзүңдү өзүң айыптап жатасың. Мындай иштерди кылгандарды соттоп, Кудай туура кылганын биз билебиз да туурабы? А сен, досум, так ошол иштерди кылып, башкаларды соттойсуң да, өзүң Кудайдын сотунан качып кутулам деп ойлойсуңбу? Же, балким, Кудайдын

боорукердигин, кечиримдүүлүгүн жана көтөрүмдүүлүгүн жактырбаганыңбы бул кылганың? Кудайдын боорукер экенин, албетте, сен жакшы билесиң, анткени ал сени күнөөлөрүңдөн тобо кылдырууга аракет кылууда. А сен болсо жүрөгүңдү таштай катырып, Кудайдын каары төгүлгөн адилеттүү соту болоор күнүндөгү өз жазаңды оордотуп жатасың. Анткени Кудай ар бир пендесине алардын кылган иштерине жараша шыбагасын берет. Кээ бирөөлөр жакшылык кылгандан кайтпай, чыныгы даңкка, чыныгы урмат-сыйга жана өчпөс өмүргө умтулуп жашап жүрүшөт. Мындай пенделерине Кудай түбөлүк өмүр берет. Кээ бирөөлөр өзүмчүл, жамандыкты жасоо үчүн акыйкатты четке кагышат. Андайларга Кудайдын кыжыры кайнап, каары төгүлөт. Жамандык кылгандардын баарын — биринчиден еврейлерди, анан башка улуттагыларды — азап менен кыйынчылык күтүп турат. Анткени Кудай эч кимге тартпай, баарын бирдей мыйзам менен соттойт.

Башка улуттагыларда Мыйзам жок, ошондуктан алар мыйзамсыз куурашат. Еврейлерде болсо бар, ошондуктан алар Мыйзам боюнча соттолушат. Анткени Мыйзамды угуп эле тим болгондон эмес, андагы осуяттарды аткаргандан улам адамдар акталышат. Ооба, башка улуттар Мыйзам жок туруп, бирок табигый туюму аркылуу Мыйзамдын осуяттарын сезип, андагыларды аткарышканда, Мыйзам аларда жок болсо да өздөрүнө өздөрү мыйзам. Бул алардын жүрөктөрүндө Мыйзамдын осуяттарынын жазылуу экендигин көрсөтүп турат. Алардын абийир-уяты да кээде айыптап, кээде коргоп, ушундай экенин ырастап турат.

Мен таратып жүргөн жакшы кабардын окутуусу боюнча Кудай Иса Машаяк аркылуу бардык адамдардын жашырын сырларын ачыкка чыгарып, соттогон күндө ушундай болот.

Яхудейлер жана Мыйзам*

(2:17-3:8)

Силер тууралуу эмне десем? Силер өзүңөрдү: “Биз яхудейбиз!” дейсиңер. Силер Мыйзамга баш ийип, Кудай менен мактанасыңар. Силер Кудайдын силерден эмнени күткөнүн билесиңер. Эмне туура экенин Мыйзамдан окуп үйрөнүп алгансыңар. Өзүңөрдүн сокурларга жетекчи, караңгыда жашагандарга нур, наадандарга таалим-тарбиячы, сабатсыздарга мугалимбиз деп эсептейсиңер. Мыйзам аркылуу чыныгы билим менен акыйкаттын толук мазмуну бизде деп бекем ишенесиңер. Эй, башкаларды окуткандар, эмне үчүн өзүңөрдү окутпайсыңар? Элге “уурдаба!” деп таалим айтасыңар да, эмне үчүн өзүңөр уурдайсыңар? “Бузуктук кылба!” дейсиңер да, эмне үчүн өзүңөр бузукулук кыласыңар? Буркандарды жек көргөнүңөр менен ыйбадаткананы талап-тонойсуңар. “Кудайдын Мыйзамы бизде!” деп мактанасыңар да кайра ошол Мыйзамды бузуп, Кудайды

кордойсуңар. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Яхудейлер, силердин айыңардан Кудай башка улуттагы элдерден тил угууда!”

Силер Мыйзамга баш ийсеңер, анда сүннөткө олтурганыңар пайдалуу. Баш ийбесеңер эч качан сүннөткө олтургузулбагандайсыңар. Сүннөткө олтурбаган башка улуттук адам Мыйзамдагы осуяттарга баш ийсе, анын сүннөткө олтурбадың деп, Кудай сыйлабай коймок беле? Ошондуктан силер, яхудейлер, колуңарда жазылуу Мыйзам бар болсо да, сүннөткө олтурган болсоңор да, баары бир ошол Мыйзамды бузганыңар үчүн башка улуттуктар тарабынан айыпка жыгыласыңар. Ал эми алар болсо, сүннөткө олтурбаган болсо да, Мыйзамга баш ийип жатышат. Акырында, чыныгы сүннөткө олтургузулган анык яхудей деп кимди эсептөөгө болот? Сыртынан эмес, ичинен яхудей болуп, жүрөгү сүннөтөлгөн адамды чыныгы яхудей десе болот. Ал эми жүрөктөрдү сүннөттөө — бул жазылган мыйзамдын эмес, Кудай Рухунун иши. Мындай адам пенденин эмес, Кудайдын мактоосуна татыйт.

Анда эмне, яхудейлер башка улуттагылардан артыкпы? Же сүннөткө олтургузуунун кандайдыр бир артыкчылыгы барбы? Албетте, бүт жагынан алганда артыкчылыгы бар! Биринчиден, Кудай өзүнүн кабарын яхудейлерге ишенип тапшырды. Ырас, алардын кээси Кудай алдында ак болбоду. Демек, алар ак болбосо, эмне, Кудай ишенимдүү эмеспи? Албетте андай эмес! Бүт адамзат калпычы болсо да, Кудай ишенимдүү бойдон кала берет. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Сөзүң түз болсун! Айыптагандар сенден кынтык таппасын!” Биздин жаман иштерибиз Кудайдын адилеттүү экенин дагы ачыгыраак көрсөтүп атса эмне кылышыбыз керек? Бизди жазалап жатканда Кудай туура эмес иш кылып жатат дешибиз керекпи? (Мен адамдардын пенделик сөзүн айтып жатам.) Эч качан! Кудай адилеттүү болбосо, биз бул дүйнөнү кантип айыптай алабыз? Эгер менин адилетсиздигим аркылуу Кудайдын адилеттүүлүгү макталып, анын даңкы чыкса эмне үчүн мени алиге чейин күнөөкөр деп айыптайт? Же: “жакшылык көрүнсүн үчүн жамандык кыла берели!” деп айтууга болобу? Кээ бирөөлөр так ушундай деп, мага тил тийгизип жүрүшөт! Кудай аларга тиешелүү шыбагасын берет!

Кудай алдында эч бир пенде ак эмес!

(3:9-20)

Эми кандай болот, башкалардын алдында биздин, яхудейлердин, артыкчылыгыбыз барбы? Эч кандай! Яхудейлер да, башка улуттагылар да — баары бирдей күнөөнүн бийлигинде экенин мен көрсөттүм. Ыйык Жазмаларда айтылгандай:

"Бир да адилеттүү жок!

Акылдуу болуп, Кудайга табынган эч ким жок!

Баары Теңирден тескери кетишти,

Баары туура эмес жакка кетишти.

Баары ак иш кылгысы келбейт, бирөөсү да.

Ооздору оозу ачылган көрүстөн!

Тилдери калпты ышкыртып,

Жыландын уусу тамып,

Каргыш менен заарга толгон.

Буттары кан төгүүгө тез,

Баскан жолдору кыйроо.

Тынчтыктын жолун билишпейт.

Кудайдан коркушпайт".

Мыйзамдагынын баары Мыйзам менен жашагандарга колдонуларын биз билебиз. Ошондуктан эч ким кың дей албайт. Бүт адамзат Кудай алдында айыптуу. Анткени Мыйзамдын талаптарын аткаруу аркылуу эч ким Кудай алдында актана албайт, тескерисинче Мыйзам адамдарга алардын күнөөлөрүн ачып көрсөтөт.

Кудай алдында кантип акталууга болот?

(3:21-31)

Кудай өзү менен кантип элдешүүгө боло турган жолду адамдарга ачып берди. Муса жана башка пайгамбарлар айтып келишкен Кудайдын чындыгы азыр белгилүү болду. Ал чындык Кудай адамдарды Иса Машаякка болгон ишенимдери аркылуу гана актай алаары. Машаякка ишенгендерди баары үчүн Кудай актайт. Анткени адамдардын баары бирдей, баары күнөөкөр, баары Кудайдын куткаруучу жолунан алыста. Кудайдын аларга ырайым кылып, Машаяк Иса аркылуу куткарылуу жолун белек кылганынан гана адамдар анын алдында актала алышат. Иса Машаяк кана аларды күнөөдөн бошотот. Кудай Машаякты өзүнүн каарын басып, күнөөлөрдү төлөөчү курмандык кылып көрсөттү. Анын каны күнөөлөр үчүн төгүлүп, курман болгондугуна ишенгендерди Кудай кечирет. Эмне үчүн Кудай ушундай кылды? Өзүнүн адилеттүү экенин көрсөтүү үчүн. Илгери ал адамдардын күнөөлөрүн үстүртөн карап, көтөрүп, чыдап келген. Азыр болсо өзүнүн адилет экенин көрсөтүү үчүн алардын күнөөлөрү менен иш алышып жатат. Ушунусу менен Кудай өзүнүн адилеттүү экенин, ошондой эле Исага ишенген адамдарды да актай тургандыгын көрсөтүүдө.

Ушундай болуп аткан соң эмнебиз менен мактана алабыз? Эч нерсебиз менен мактана албайбыз! Эмне үчүн? Соопчулук кылганыбыз менен актала алабызбы? Жок! Ишеним менен гана актала алабыз. Ошентип, адам баласы Мыйзамга баш ийүүчүлүк аркылуу эмес, ишеним менен гана Кудай алдында актала алат экен. Андай болбосо эмне, Кудай яхудейлер үчүн гана Кудай бекен? Башка улуттуктар үчүн да Кудай эмеспи? Албетте, ал башка улуттагылар үчүн да Кудай! Кудай бирөө, ошондуктан ал

яхудейлерди да, башка улуттагыларды да алардын ишениминин негизинде гана актайт. Анда биз эмне, ишеним аркылуу Мыйзамды жокко чыгарып жатабызбы? Жок, тескерисинче биз аны колдоп жатабыз.

Ибрайымдын мисалы

(4:1-12)

Анда бабабыз Ибрайым тууралуу эмне деп айта алабыз? Ал эмне тапты? Эгер ал кылган иштеринин натыйжасында Кудай менен элдеше алган болсо, андан анын мактана турган жөнү бар, бирок Кудай алдында эмес! Ыйык Жазмаларда “Ибрайым Кудайга ишенди, ошондуктан Кудай аны адилеттүү деп эсептеди ” деп жазылган. Мисалы, эгер бирөө эмгек кылса, анда ал тиешелүү айлыгын сыйлык катары эмес, эмгек акы катарында алат. Ал эми эгер ким Кудай алдында акталуу үчүн өзүнүн сооп иштерине таянбай, айыптуунун айыбын ала турган Кудайга ишеним артса, анда ал ошол ишенимине жараша акталат. Мына ошол үчүн Даут пайгамбар кылган иши боюнча эмес, ишенимине жараша Кудай алдында акталган адам бактылуу деген. Ооба, ушундай деген:

"Каталары кечирилгендер бактылуу,

Күнөөлөрүнөн акталгандар бактылуу.

Жараткан Эгебиз күнөөлөрүн мойнуна койбогон адам бактылуу!"

Ушул Даут айткан бакыт сүннөткө олтургузулгандарга гана таандыкпы? Андай эмес! Бул бакыт сүннөткө олтурбагандарга да арналган. Анткени биздин Мыйзамыбызда “Ибрайым Кудайга ишенди, ошондуктан Кудай аны адилеттүү деп эсептеди” деп жазылып турат. Бул окуя качан болду эле? Ибрайым сүннөткө олтургузулганга чейинби же кийинби? Чейин, кийин эмес! Ибрайым кийинчерээк сүннөткө олтургузулган жана ишеними аркылуу актаганынын белгиси катарында Кудай ага сүннөткө олтурузуу расмисинен өтүүнү буйруган. Ошондуктан Ибрайым Кудай тарабынан адилеттүү адам катары кабыл алынган адам жана Кудайга ишенгендердин баарынын атасы, ал тургай сүннөткө олтургузулбаган ишенүүчүлөрдүн да. Ошондой эле Ибрайым сүннөттөлгөндөрдүн да атасы, башкача айтканда, сүннөттөлүп кана тим болбой, атабыз Ибрайым сүннөткө олтургузула элегиндеги ишенимдей ишеним менен жашаган “яхудейлердин” да атасы.

Кудайдын убадасы

(4:13-25)

Кудай Ибрайымга жана анын урпактарына дүйнө жүзүн мурас кылууну убадалаган. Бул убада Ибрайымга анын Мыйзамга баш ийгендиги үчүн эмес, анын Кудайдын сөзүнө болгон ишеними аркылуу акталгандыгы үчүн берилген. Эгер адамдар Кудайдын берген убадасын Мыйзам боюнча жашоо аркылуу ала турган болушса, анда ишенимдин эмне кереги бар да, убададан не пайда? Мыйзамдын айынан каардуу жаза бар, анткени эгер мыйзам болбосо, анда кылмыш деген да түшүнүк болмок эмес. Ошондуктан Кудайдын убадасы ишенимге негизделет.

Демек, ал Кудайдын бекер белеги катары Ибрайымдын бардык урпактарына — Мыйзамды тутуп жашагандарга гана эмес, Ибрайым сыяктуу Кудайга ишенип жашагандарга да берилген. Анткени “мен сени көп улуттардын түп атасы кылам” деп Ыйык Жазмаларда айтылгандай Ибрайым баарыбыздын атабыз. Ошондуктан Ибрайым ишенимин арткан, өлүктөрдү кайра тирилткен, жоктон бар кылган Кудайдын көз карашы боюнча алсак, анда убада жакшы. Ибрайым үмүт кылууга эч кандай негиз жок кезде да Кудайга бел байлап, ошого ишенгендиктен “көптөгөн улуттардын атасы” болуп калды. Ыйык Жазмаларда жазылгандай анын урпактары “асмандагы жылдыздардай” көбөйдү. Жашы жүзгө таяп, бели бекчейип, көзү чекчейип, өлүктөн айырмасы жок болуп калган денесин ойлоп, ишенимин азайтпады; согончогу канабаган кемпири Сарраны карап, ишениминен тайбады. Кудайга болгон ишеними түгөнбөдү. Кудайдын берген убадасынан күмөн санабады. Ишениминен кубат алып, Кудайга шүкүрчүлүк айтканын токтотподу. Кудай өз сөзүнө бек турарына толук ишенди. Ушул себептүү “Ибрайым Кудайга ишенди, ошондуктан Кудай аны адилеттүү деп эсептеди” деп жазылган. “Кудай аны адилеттүү деп эсептеди” деген сөз ага гана эмес, биздин Теңирибиз Исаны өлүктөрдөн тирилткен Кудайга ишенүү аркылуу адилеттүү деп эсептелинген бизге карата да айтылган. Анткени биздин күнөөлөрүбүз үчүн Иса өлүп, бизди Кудай алдында актоо үчүн ал кайра тирилген.

Кудай алдында ак болуу

(5:1-11)

Ишеним аркылуу Кудай алдында акталган соң, Теңири Машаяк Иса аркылуу аны менен ынтымагыбыз да бар. Теңири Иса бизге Кудайдын ырайым эшигин ачып берди. Биз ошол эшиктен кирип, Кудайдын ырайымынын алдында жашап жатабыз. Андыктан Кудайдын улуулугунан бөлүшөбүз деген үмүт менен мактаналы. Ошону менен катар эле кыйынчылыктарыбыз менен да мактаналы. Анткени кыйынчылыктан чыдамкайлык, чыдамкайлыктан тажырыйба82 , тажырыйбадан үмүт жараларын биз билебиз. Бул үмүт бизди сызга отургузбайт, анткени белек катары берген Ыйык Руху аркылуу Кудай биздин жүрөгүбүзгө өз сүйүүсүн куюп койгон. Себеби биз алсыз кезибизде, Кудай белгилеген убакта, Машаяк биздей күнөөкөрлөр үчүн өлгөн. Жакшы адам үчүн өз жанын кыюуга барган адамды элестетүү чынында кыйын; адил, адамгерчиликтүү инсан үчүн жанын кыйган адам чыкса чыгаттыр. А бирок, карабайсыңарбы, Машаяк биз күнөөкөр кезибизде, биз үчүн өлдү. Кудай бизди канчалык катуу сүйөөрүн ушундайча көрсөттү. Ошол Машаяктын каны аркылуу биз Кудай алдында акталдык. Демек, Машаяк бизди Кудайдын каарынан да сактап калаары канчалык айкын.

Биз Кудайга душман элек, бирок ал Машаяктын өлүмү аркылуу өзү менен достоштурду. Биз азыр Кудайдын досубуз, демек, Машаяктын тирүүлүгү аркылуу Кудайдын каарынан куткарылаарыбыз канчалык айкын. Бул гана эмес, Кудайдын Теңири Иса Машаяк аркылуу кылган ишинен улам кубанычыбызды койнубузга батыра албай жүрөбүз, анткени ал бизди Машаяк аркылуу өзүнө дос кылып алды.

Адам ата жана Иса Машаяк

(5:12-21)

Күнөө бул дүйнөгө бир адам аркылуу кирген. Анын күнөөсү ажалды ээрчите келген. Жыйынтыгында ажал бүткүл адамзатка тарап кетти, анткени адамдардын баары күнөө кетирген. Мыйзам бериле элегинде эле бул дүйнөдө өлүм өкүм сүрүп турган, бирок Мыйзам жок жерде күнөөлөр үчүн жаза да жок эмеспи. Ошентсе да Адам атанын заманынан тартып, Муса пайгамбардын заманына чейин адамзаттын үстүнөн өлүм бийлигин жүргүзүп турган. Кудайдын буйругун бузган Адам атаныкындай күнөө кетирбегендер да анын бийлигинин астында жашашкан.

Адам ата келе турган Машаяктын образы болгон. Бирок Кудайдын белеги менен Адам атанын күнөөсү бирдей эмес. Бир адамдын күнөөсүнүн айынан көптөгөн адамдардын өлгөнү чындык. Ал эми Кудайдын ырайымы болсо андан да улуураак, демек, ал бир адам — Иса Машаяктын ырайымы аркылуу көптөгөн адамдарга канчалык зор белек берет. Ошондуктан Кудайдын белеги менен бир адамдын күнөөсүнүн айырмасы бар. Бир адамдын күнөөсү үчүн Теңир “айыптуусуң!” деген өкүм чыгарды да, адамзаттын ушунчалык көп күнөөлөрү үчүн “акталдың” деген белегин тартуу кылды. Бир адамдын күнөөсүнөн улам ошол адамдын айынан өлүмдүн өкүм сүрө баштаганы чындык; бирок бир адам — Иса Машаяктын кылган ишинин жыйынтыгы андан канча эсе зор! Кудайдын чексиз ырайымына ээ болуп, бекер белеги аркылуу акталгандар Машаяк аркылуу өмүрдө салтанат курушат.

Демек, бүткүл адамзат бир күнөөдөн айыпка жыгылса, анда алар бир адилеттүү иштен акталып, чыныгы өмүрлүү да боло алышат. Ошондой эле адамдардын баары бир кишинин баш ийбестигинен улам күнөөкөр болушса, анда алар бир адамдын баш ийүүчүлүгүнөн Кудай алдында актала алышат.

Мыйзам кийинчерээк, кылмыштар көбөйүп кеткенде чыккан. Ал эми күнөө көбөйгөндө, Кудайдын ырайымы андан бетер көбөйө баштаган. Демек, өлүмдүн жардамы менен күнөө башкарып турган сыңары, адилеттиктин жардамы менен Кудайдын ырайымы башкарып турат. Кудайдын ырайымы бизди Теңири Иса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө жетелейт.

Күнөө үчүн өлүп, Машаяк үчүн тирүү болуу

(6:1-14)

Демек, анда эмне деп айтышыбыз керек? Кудайдын ырайымы көбөйөт экен деп күнөөдө жашашыбыз керекпи? Албетте жок! Биз күнөө үчүн өлгөнбүз, анан кантип кайрадан анда жашай алмак элек! Анткени силер жакшы билесиңер: биз Машаяк Иса менен бир болуу үчүн сууга чөмүлдүрүлгөнүбүздө анын өлүмү менен да бир болуу үчүн чөмүлгөнбүз. Ошондуктан сууга чөмүлүп жатып, Иса менен кошо көмүлгөнбүз да анын өлүмүнө ортоктош болгонбуз, демек, Кудай Атабыздын зор кудурети менен Машаяк өлүмдөн кайра тирилгендей биз да жаңы өмүргө өтүп, анда жашай алабыз. Анткени эгер биз Машаяк менен анын өлүмү аркылуу бириккен болсок, анда кайра тирилүүсү аркылуу да биригишибиз керек.

Күнөөкөр тибиятыбыздын күчү жоюлсун үчүн биздин эски табиятыбыз Машаяк менен бирге анын айкаш жыгачына керилип, өлтүрүлгөн. Ошондуктан биз мындан ары күнөөгө кул болбошубуз керек. Анткени адам өлгөндө, ал күнөөнүн күчүнөн боштондукка чыгат. Демек, биз Машаяк менен бирге өлгөн соң, аны менен бирге өмүр сүрөөрүбүзгө да ишенебиз. Себеби биз билебиз: Машаяк өлүмдөн кайра тирилтилген жана эми эч качан кайра өлбөйт, өлүм эми эч качан ага бийлигин жүргүзө албайт. Көрдүңөрбү, анын бир кездеги өлүмү күнөө үчүн болгон, ал эми азыр өмүр сүрүп жатканы болсо Кудай үчүн. Силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүкпүз, ал эми Кудай үчүн биздин Теңирибиз Машаяк Иса менен бирге тирүүбүз деп эсептегиле.

Күнөөлүү табиятыңарга моюн сунуп калбашыңар үчүн күнөө эч качан силердин пенделик каалоолоруңардын үстүнөн бийлик жүргүзбөсүн! Алты саныңардын эч бирин арамдыктын куралы болгон күнөөгө бербегиле, тескерисинче өлүктөрдөн тирилгендер катары өзүңөрдү Кудайга арнагыла. Дене мүчөлөрүңөрдү адилеттиктин куралы катары колдонсун үчүн ошого бергиле. Күнөө мындан ары силердин өкүмдарыңар болбошу керек. Анткени силер Мыйзамдын эмес, Ырайымдын алдында жашап жатасыңар.

Адилеттиктин кулдары

(6:15-23)

Жогоруда айтылгандан кандай жыйынтыкка келебиз? Мыйзам алдында эмес, ырайым алдында деп эле күнөө кыла берелиби? Жок! Өзүңөрдү кимге кул сыяктуу моюн сундурсаңар, ошонун кулу экениңерди билбейсиңерби? Ошонун сыңарындай силер же өлүмгө алып баруучу күнөөгө кулсуңар, же адилеттике алып баруучу Кудайга баш ийүүчүлүктүн кулусуңар. Кудайга шүгүр, анткени силер бир кезде күнөөнүн кулу болуп келсеңер да, азыр чын жүрөктөн өзүңөр кабыл алган таалимдердеги чындыктарга баш ийдиңер! Күнөөдөн бошотулуп, адилеттикке кул болдуңар. (Силердин табигый алсыздыгыңардан улам мен карапайым сөздөрдү колдонуп айтып жатам.) Бир кезде дене мүчөлөрүңөрдү арамдык менен адепсиздик кылуу үчүн мыйзамсыз иштерге кандай берген болсоңор, азыр да адилеттик кылуу үчүн ыйык иштерге ошондой бергиле.

Күнөөгө кул болуп жүргөнүңөрдө адилеттиктен бош элеңер. Азыр эстегенде уялып жаткан ошол уяттуу кылыктардан эмне пайда таптыңар? Ал кылыктардын жыйынтыгы өлүм! Силер күнөөдөн бошотулуп, Кудайга кул болдуңар! Демек толугу менен Кудайга арналган өмүрдү утуп алдыңар, ал эми мунун жыйынтыгы түбөлүк өмүр болот. Анткени күнөөнүн жазасы — өлүм, ал эми Кудайдын сунуш кылган белеги — Теңири Машаяк Иса менен бирге түбөлүк өмүр сүрүү.

Никеден алынган мисал

(7:1-6)

Боордоштор, силер мыйзам адамдын көзү тирүү кезинде күчүндө болорун жакшы билесиңер. (Мен Мыйзам колунда барларга айтып жатам.) Мыйзам адамдар тирүү кезинде гана башкарып турат. Мисалы, турмуштагы аял күйөөсүнө күйөөсү өлөөр өлгөнчө Мыйзам боюнча байланган. Күйөөсү өлүп калса гана аны күйөөсүнө байлаган Мыйзамдан бошонот. Ошондуктан эгер ал күйөөсү тирүү кезинде башка эркек менен жашап алса, ал сойку эсептелет. Эгер күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, анда ал Мыйзам боюнча башы бош эсептелет да башка кишиге турмушка чыкса бузукулук кылбайт.

Боордошторум, силер да жогоруда айтылгандай Машаяктын денесинин мүчөлөрү болгондугуңардан Мыйзам үчүн өлдүңөр. Азыр силер Кудайдын кызматына пайдалуу боло алышыңар үчүн кайра тирилтилген Машаякка таандыксыңар. Анткени биз адамдык табияттын каалоолорунун жетегинде жашап жүргөн кезибизде, Мыйзам айгинелеп турган жана аягы өлүмгө алып барып тыккан күнөөлүү кумарлар денебизде бийлик жүргүзчү. Азыр болсо бизди байлап турган Мыйзам үчүн өлүп, андан бошонуп чыктык. Ошондуктан эски адатыбыз боюнча китепке жазылган Мыйзамга эмес, дилибиздеги Ыйык Рухка кызмат кылалы.

Мыйзам жана күнөө

(7:7-13)

Анда эмне, “Мыйзам — бул күнөө” дейлиби? Албетте, андай эмес! Анткени күнөөнүн эмне экенин мага Мыйзам ачып берди. Эгерде Мыйзамда “көз артпа!” деген осуят жок болсо, анда мен

көз артуу дегендин маанисин түшүнмөк да эмесмин; бирок күнөө ошол осуяттан шылтоо таап, жандүйнөмө ар кандай күнөөлүү каалоолорду туудурду, анткени Мыйзам жок жерде күнөө да өлүк. Мен өзүм да бир кезде Мыйзамдан сырткары жашагам, бирок осуят келгенде, күнөө ордунан секирип тура калды да, мени өлтүрдү. Ошентип, өмүр берүү үчүн айтылган осуят менин өлүшүмө кызмат кылды. Анткени күнөө осуяттан шылтоо таап, мени азгырды да осуят аркылуу мени өлтүрдү.

Ошондуктан Мыйзамдын өзү ыйык, осуят да ыйык, туура жана жакшы; анда эмне, жакшы нерсе мени өлүмгө алып келди деш керекпи? Андай эмес! Мени өлүмгө алып келген өлүм болчу. Ал жакшы нерсени колдонуп туруп, мага өлүм алып келди. Ушундан улам анын чыныгы табиятынын кандай экени белгилүү болуп калды. Ошондуктан күнөө кандай коркунучтуу экени осуят аркылуу көрүндү.

Биздин ичибиздеги жаңжал

(7:14-25)

Биз Мыйзамдын Кудай Рухуна суугарылганын билебиз. Рухка суугарылбаган бул менмин; менин күнөөгө кулчулукка сатылган табиятым. Эмне кыларымды билбей башым маң, анткени кылсам деп каалаганымды кылбайм да, жек көргөн нерсемди жасайм, себеби кылбайын дегенимди кылам. Ушундан улам Мыйзамдын адилет экенине макулмун. Ошондуктан ушундай ишти кылып жаткан чынында мен эмес экем, менин ичимде жашаган күнөө экен. Мен өзүмдүн ичимде, башкача айтканда менин пенделик табиятымда, жакшы нерсе жашабасын билем. Анткени жакшылык кылайын деген ниетим бар болсо да кыла албайм. Кылам деген жакшылыкты кылбастан, анын ордуна кылгым келбеген жамандыкты кылам. Демек, эгер каалабаган нерсемди жасап жатсам, анда аны мен өзүм эмес, менин ичимде жашаган күнөө жасап жатат.

Ошентип, мен мындай деген бир мыйзамды байкадым: жакшылык кылгым келип турганда, дароо жамандык жолуман торой чыгат. Дилимде Кудайдын мыйзамдарынан рахат алам, бирок денемде менин акылымдын мыйзамына каршы чыккан жана боюмдагы күнөөлүү мыйзамга мени туткун кылып турган башка мыйзамды көрүп турам. Мен бир байкуш адаммын! Ким мени ушул ажалга башы байланган денеден куткарып алат?

Теңири Иса Машаяк аркылуу бизди куткарып ала турган Кудайга рахмат.

Көрсө менин ахвалым ушундай экен: мен өзүм Кудайдын Мыйзамына акыл-эсим менен гана кызмат кыла алат экем да, пенделик табиятым менен күнөөнүн мыйзамына кызмат кылат экем.

Кудайдын Рухунун жетегиндеги жашоо

(8:1-17)

Машаяк менен ынтымакта жашап жаткандарга азыр эч кандай өкүм жок. Анткени Машаяк менен бирге жашоону алып келүүчү Рухтун мыйзамы күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан менин башымды бошотту. Адам табиятынын алсыздыгына байланыштуу Мыйзам кыла албаганды Кудай өзү ишке ашырды. Ал өз Уулун жиберип, күнөөнүн үстүнөн сот жүргүзүп, ага өкүм чыгарды. Уулу күнөөнү алып таштоо үчүн күнөөкөр адам кейпинде келди. Адамдык табияттын эмес, Рухтун каалосу боюнча жашап жаткан бизде Мыйзамдын адилеттүү талаптары толугу менен канагаттансын үчүн Кудай ушундай кылды. Адамдык табияттын каалоолоруна жетеленип жашагандар дененин, ал эми Рухтун жетегинде жашагандар Рухтун каалоору тууралуу ойлонушат. Дененин каалоолоруна жетеленип жашоо өлүмгө, ал эми Рухтун каалоолоруна жетеленип жашоо чыныгы өмүргө жана тынчыкка алып келет. Ошондуктан адамдар дененин каалоолоруна жетеленип жашашканда Кудайга душман болуп калышат. Анткени алар Кудайдын мыйзамына баш ийишпейт, ийе да алышпайт. Адамдык табиятка баш ийип жашагандар Кудайга жага алышпайт.

Бирок силер дененин каалоолоруна жетеленип жашап жаткан жоксуңар. Силер Рухка жетеленип жашап жатасыңар. Эгер Кудайдын Руху ичиңерде бар болсо... Ал эми Машаяктын Руху жок адам ага таандык эмес; бирок эгер Машаяк ичиңерде жашап жаткан болсо, анда силердин рухуңар тирүү. Анткени денеңер күнөөнүн айынан өлө турган болсо да өзүңөр Кудай менен элдешкенсиңер. Эгер Исаны өлүмдөн кайра тирилтип алган Кудайдын Руху силердин ичиңерде жашаса, анда Машаякты өлүмдөн тирилтип алган ошол Кудай ичиңерде жашап жаткан Руху менен силердин да өлө турган денеңерди кайра тирилтип алат.

Ошондуктан, боордошторум, дененин каалоолору менен жашагандай, биз ага милдеттүү эмеспиз. Анткени эгер силер адамдык табиятыңардын каалоолору боюнча жашай турган болсоңор, анда өлүмгө баратканыңар; бирок өзүңөрдөгү күнөөнүн иш-аракеттерин өлтүрсөңөр, анда өмүргө баратканыңар. Кудайдын балдары Кудайдын Рухуна жетеленишет. Анткени силер кайрадан коркуп жашоо үчүн кулчулуктун рухун эмес, уул кылып алуучу Кудайдын Рухун кабыл алдыңар. Ошол Рухтун кудурети менен биз Кудайга “Ата, Ата!” деп кайрылып жатабыз. Кудайдын балдары экенибизди жарыялоо үчүн биздин рухубузга Кудай Руху өзү кошулуп жатат. Демек, эгер биз Кудайдын балдары болсок, анда анын мурасчысы да болобуз, б.а. Машаяк менен мурасташпыз. Анткени эгер биз Машаяктын тарткан азаптарын аны менен тең бөлүшсөк, анда анын салтанаттуу улуулугун да аны менен тең бөлүшөбүз.

Келечектеги сыйлыгыбыз

(8:18-25)

Азыр тартып жаткан азаптарыбыз келечекте бизге ачыла турган салтанаттуу улуулук менен салыштырганда анын ашыгына да чыкпай калат деп эсептейм. Кудай өз балдарына ачып бере турган улуу иштерди бүткүл жаратылыш да зарыга күтүп жатат. Себеби жаратылыш өзүнүн эмес, аны багындырган Кудайдын эрки менен мына бул утурумдук тагдырдын салганына баш ийди. Ошондуктан жаратылыштын өзү да чирүүнүн кулчулугунан Кудайдын балдарынын салтанаттуу улуулугуна өтөт деген үмүттө болгон. Анткени биз көрүп тургандай ушул убакка чейин бүткүл жаратылыш да толгоо тарткан аялдай онтоп, кыйналып жатат. Жаратылыш эле эмес, Рухтун тунгуч жемишин алган өзүбүз да, ичибизден сыздап, Кудай бизди балдары катары өзүнө ала турган, ошентип бүт денебизди бул утурумдук дүйнөнүн бийлигинен куткарып, алып кете турган күнүбүздү зарыга күтүүдөбүз. Куткарылган күндөн бери ушул үмүттү аркалап келүүдөбүз. Эгер биз үмүтүбүздү көзүбүз менен көрө турган болсок, анда ал үмүт болбой калбайбы. Көзүбүз көрүп турган нерседен кимибиз үмүттөнүп жүрүппүз! А эгер көрбөгөн нерседен үмүттөнсөк, анда аны чыдамкайлык менен күтөбүз.

Бизди Кудайдын Руху колдойт

(8:26-30)

Ошону менен катар эле биздин алсыздыктарыбызда Рух бизге жардам берет. Биз кантип сыйынышты да жакшы билбейбиз. Ошондо Рух жардамга келип, Кудай менен биздин ортобузга түшүп, сөз менен айтып бере алгыс үшкүрүктөр менен ага жеткизет. А биздин купуя сырларыбызды билген Кудай болсо Рухтун эмне дегенин түшүнөт, анткени ал Кудай адамдарынын таламын талашып, анын эркине дал келген өтүнүчтөр менен кайрылат.

Өзүнүн сүйгөн адамдары үчүн, өзүнүн максатына ылайык чакырып алгандар үчүн Кудай бардык иштерди алардын пайдасына бурат. Анткени ал алдын ала билип алган адамдарды Уулуна окшош болсун, ошентип Уулу көптөгөн боордошторунун тунгучу болсун деп, алдын ала белгилеп койгон. Кудай кимдерди мурунтан белгилеп койгон болсо, азыр аларды чакырып алды; чакырып алгандарын актап, өзүнүн улуулугу менен бөлүштү.

Кудайдын сүйүүсү

(8:31-39)

Ушулардын баарынан соң эмне дей алабыз? Эгер Кудай өзү биз тарапта болсо, анда ким бизге каршы чыга алат? Уулун аябай, баарыбыз үчүн курмандыкка берген Кудай каршы болмок беле бизге? Өз Уулун берген Кудай башкасынын баарын да бекер бербейт бекен? Кудайдын тандаган адамдарына ким айып тага алат? Кудай өзү аларды айыпсыз деп жарыялап жатпайбы! Анда ким аларды айыптай алмак эле? Өлүп, андан соң кайра тирилип, биз үчүн арачы болуп, Кудайдын оң колу жагында олтурган Машаяк Исабы? Демек, ким бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ажырата алат? Кайгыбы, же кыйынчылыкпы, же куугунтукпу, же ачарчылыкпы, же жокчулукпу, же коркунучпу, же өлүмбү? Ыйык Жазмаларда айтылгандай “сен үчүн биз ар убак өлүм алдында турабыз; бизди союлууга бараткан койдой эсептешет”. Жок, бизди эч нерсе Машаяктын сүйүүсүнөн ажырата албайт! Бизди сүйгөн ошонун күчү менен жогоруда аталган нерселердин үстүнөн толук жеңишке ээбиз. Бизди анын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албастыгына мен толук ишенемин: өлүм да, өмүр да, периштелер да, рухий күчтөр да, азыркы убакыт да, келечек да, жогору жактагы дүйнөлөр да, төмөн жактагы дүйнөлөр да — дегеле жаратылгандан эч нерсе бизди Теңирибиз Машаяк Иса менен байланыштуу болгон Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата албайт.

Кудай жана Кудайдын эли

(9:1-18)

Мен өзүмдүн элим үчүн, боордош, кандаштарым үчүн канчалык кайгырам, жүрөгүм жараланып, тынбай сыздайт! Ооба, мен силерге чындыкты айтып жатам; мен Исага караштуумун, ошондуктан калп айтпайм. Калп айтып жатпаганымды Ыйык Рух башкарган абийирим да ырастап жатат. Алардын ордуна мен Кудайдын өкүмүн көтөрүп, Машаяктан ажырап калсамчы дейм. Алар Кудайдын эли; Кудай аларды өзүнө бала кылып, өзүнүн улуулугун аларга ачып берген. Кудай ошолор менен келишим түзүп, Ыйык Мыйзамды ошолорго берген; Алар Кудайга туура табынышат; Кудай көптөгөн нерселерди ошолорго берем деп убада кылган; Алардын ата-бабалары абдан белгилүү инсандар, ал тургай Машаяк да, адамдык жагынан алганда ошолордун улутунан. Баарынын үстүнөн бийлик кылып турган Кудайга түбөлүктөн түбөлүккө алкыш болсун! Ооба, так ошондой болсун!

Мен Кудайдын убадасы күчүн жоготту деп айтып жаткан жокмун, анткени Исраил элинин баары эле Кудайдын эли эмес. Ошондой эле Ибрайымдын урпактарынын баары эле Кудайдын балдары эмес. Кудай Ибрайымга: “Мен убада кылган урпактарды Исхак аркылуу берем”, — деген. Демек, жөнөкөй жол менен төрөлгөндөр Кудайдын балдары эмес дегенди билдирет. Кудайдын убадасынын аткарылышы катары төрөлгөндөр гана чыныгы урпак болуп эсептелет. Анткени Кудай мындай деген сөздөрдү айтып убада берген: “Ушул эле убакта кайра келем, ошондо Сарра уул төрөйт”. Ушуну менен бүтүп калбайт. Анткени Рабиганын да эки баласы бир атадан — биздин атабыз Исхактан төрөлгөн. Ошентсе да бир баласынын тандалганы толугу менен Кудай өзүнүн максатынын жыйынтыгы катарында болсун деп, Рабигага: “Улуусу кичүүсүнө кызмат кыла турган болот”, — деген. Кудай муну алар төрөлө электе, жакшы да, жаман да эч нерсе кыла электе айткан. Ошентип, Кудайдын тандаганы алардын кылган эч бир ишине жараша эмес, өзүнүн эркине жараша болгон. Ыйык Жазмаларда айтылгандай, Кудай: “Мен Жакыпка мээрим төгүп, Исавды болсо жек көрдүм”, — дейт.

Анда биз Кудайды адилетсиз дей алабызбы? Эч качан андай дей албай-быз! Анткени ал бир кезде Мусага: “Мен кимге кааласам, ошого ырайым кылам, кимге кааласам, ошого боор тартам”, — деген. Ошондуктан бардык нерсе адамдын каалаганынан, же кылган ишинен, Кудайдын ырайымынан көз каранды. Анткени Ыйык Жазмаларда Египет падышасына карата мындай деп айтылган: “Өзүмдүн кудуретимди көрсөтүү үчүн жана бүт дүйнө жүзүнө даңкымы чыгарууга колдонуу үчүн мен сени падыша кылып шайладым”. Демек, Кудай кимге кааласа, ошого мээрин төгөт да, кимди кааласа, ошону тоңмоюн кылат.

Кудайдын каары жана ырайымы

(9:19-29)

Балким араңардан мага: “Эгер Кудай ушундай кылса, анда ал дагы эмне үчүн айыптайт, анткени ким анын эркине каршы чыга алмак эле?” дегендер чыгаттыр. Эй, пенде, Кудай менен талашкыдай сен кимсиң! Кумара өзүн жасаган устага: “эмне үчүн мени ушундай жасап койдуң!” дей алабы? Уста ылайдан эмне жасайм десе өзү билет. Бир эле ылайдан эки кумара жасап, бирөөн сый үчүн, экинчисин күндөлүк жумуш үчүн урунса да өз эрки.

Ошонун сыңарындай Кудайдын кылгандары да туура. Ал өзүнүн каарын көрсөтүп, кудуретин маалым кылгысы келсе да, анын кыжырына тийип, кыйроого башы байлангандардын бейбаштыктарын чыдап, көтөрүп келген. Ошондой эле ал биздин арабыздан өзүнүн улуулугун кабыл алууга даярдалгандардын үстүнө чексиз мээримин төгүп, ошол мээриминин ачыкка чыгышын да каалаган. Себеби биз анын тандаган элибиз; жеке эле еврейлерден эмес, башка улуттардан да чыккандарбыз. Кудай Осия пайгамбардын китебинде мындай деген: “Менин элим болбогон элди “булар менин элим” деп атайм. Мен сүйбөгөн элди “булар менин сүйүктүүлөрүм” дейм. Аларга: “Силер менин элим эмессиңер” деген жерде аларды: “Силер тирүү Кудайдын балдарысыңар” деп айта турган болушат. Ошондой эле Исаия да Исраил тууралуу: “Исраил эли деңиз жээгиндеги кумдай көп болсо да алардын аз гана калдыгы куткарылат, анткени Кудай бул дүйнө менен тез арада эсептешип, чечкиндүү түрдө ишин бүтүрөт”, — дейт. Ошондуктан бир кезде Исаия пайгамбар алдын

ала айткандай: “Эгерде кудуреттүү Кудай таала бизге ошол тукумду калтырбаганда, биз Содом сыяктуу тыптыйпыл болмокпуз, Гоморра сыяктуу куурамакпыз.”

Паулостун Исраил эли үчүн сыйынуусу

(9:30-10:4)

Ошентип, Кудай алдында акталууну издебеген бөтөн улуттар, ишеним аркылуу акталып кетишти, ал эми Кудайдын тандаган эли болсо, Мыйзам аркылуу акталууну издеп жүрүп, аны таппады. Эмне үчүн? Анткени алар акталууну ишенимден эмес, кылган иштеринен издешти. Ошондуктан алар “мүдүрүлтчү ташка” мүдүрүлүштү. Бул тууралуу мындай деп жазылган: “Мен Теңир Тоого адамдарды мүдүрүлтүп жыга турган аска ташты коем; бирок ким ага ишенсе өкүнбөйт”.

Боордошторум, менин өз улутумдагылардын куткарылып калышын канчалык кааларымды билесиңерби? Алар үчүн Кудайга канчалык көп сыйынарымды билесиңерби? Алар Кудайга абдан катуу берилишет деп мен силердин алдыңарда ырастай алам, бирок алардын берилгендиги чыныгы билимге негизделген эмес. Алар Кудайдын адамдарды өзү менен элдештире турган жолун таанып билишпеди, анын ордуна өздөрү ойлогондой жолду коюуга аракеттенип жатышат; ушунусу менен алар адамдарды актай турган Кудайдын жолуна баш ийбей коюшту. Анткени ар бир ишенген адам Кудай алдында акталсын үчүн Машаяк Мыйзамдын аягына чыкты.

Куткарылуу бардыгына тиешелүү

(10:5-21)

Адамдардын Мыйзамга баш ийүү аркылуу Кудай алдында актала тургандыгы тууралуу Муса мындай деп жазган: “Мыйзамдагы осуяттарга баш ийген адам аман калат”. Ал эми Ыйык Жазмаларда болсо, адамдардын ишеним аркылуу Кудай алдында актала ала тургандыгы тууралуу мындай деп жазылган: “Сен өзүңчө: “Ким асманга чыгып барат?” (Машаякты төмөн алып түшүү үчүн) дебегин! “Ким туңгуюкка түшүп барат?” (Машаякты өлгөндөрдөн алып чыгуу үчүн) да дебе! Ыйык Жазмалар мындай дейт: “Кудайдын сөзү сага жакын: ал сенин тилиңдин учунда жана жүрөгүңдө”, б.а. ал биз жарыялап жүргөн ишеним кабарынын өзү. Эгерде сен Исаны Теңириң катары таанып, ачык айтсаң жана Кудайдын аны өлүмдөн тирилткенине ишенсең, анда куткарыласың. Анткени биз Кудай алдында ишенимибиз аркылуу гана күнөөлөрүбүздөн актала алабыз; ачык таануубуз аркылуу гана куткарыла алабыз. Ыйык Жазмаларда: “Кудайдан жардам сурап кайрылган адам уятка калбайт!” — деп айтылган. Бул бардык адамдарга тиешелүү, анткени еврейлер менен башка улуттагылардын бул жерде эч кандай айырмасы жок. Бардыгынын Кудай Эгеси бир. Ал өзүнүн ысмын чакыргандардын баарына бирдей бай баталарын берет. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Теңирден жардам сурап кайрылган ар ким куткарылат”. Ал эми өздөрү ишенишпегенге кантип жардам сурап кайрылышмак эле? Али уга элек бирөөгө кантип ишенишмек эле? Кабар тараткан бирөө болбосо кайдан ал тууралуу угушмак эле? Эгер кабарчылар жиберилбесе, анда кабар кантип таратылмак эле? Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Сүйүнчү жарыялаган чабармандардын таскагы кандай жакшы!” Бирок баары эле жакшы Кабарды кабыл алышпады. Исаия пайгамбардын өзү мындай деп айткан жери бар: “Теңирим, биздин кабарыбызга ким ишенди?” Ошондуктан ишҮеним уккан кабардан келет, ал эми кабар болсо Машаякты жарыялаганда таралат.

Мен мындай суроо берейин: алар чындап эле Кабарды угушкан жокпу? Албетте алар угушкан, анткени Ыйык Жазмаларда жазылып турат: “Алардын үнү бүткүл дүйнөнү аралап өттү. Алардын сөздөрдү жердин уч-кыйырына чейин жетти”. Дагы бир суроо берип көрөйүн: Жакыптын эли түшүнбөй калыштыбы? Буга Мусанын өзү биринчи болуп жооп берет: “Эл аты болгону менен, эл сыягы жок башка улутту колдонуп, менин элимдин ичин күйдүрөм. Аң-сезими төмөн элди колдонуп, менин элимдин кыжырын келтирем”. Исаия болсо Мусадан да катуу кетет: “Мен өзүмдү мени издебегендерге таптырдым, менин атымды чакырбагандарга ачылдым”. Бирок Жакыптын элине карата ал мындай дейт: “Тоңмоюн, көк бет элди чакырып, күнү бою колумду созуп турдум”.

Кудайдын Исраилге карата болгон ырайымдуулугу

(11:1-12)

Анда менде суроо бар: “Кудай өз элин четке кактыбы? Жок! Мен өзүм исраилдикмин, Ибрайымдын тукумунанмын, Бенжамин уруусунан чыккам. Кудай тээ башында тандап алган өз элин четке каккан жок. Ыйык жазмалардагы Илиястын Исраилге каршы даттанган жерин силер билесиңер: “Теңирим, алар сенин пайгамбарларыңды өлтүрүштү, сага курмандык чалчу жайларды оодарып ташташты. Жалгыз мен гана калдым, бирок мени да өлтүрүүнүн амалын издеп жүрүшөт”. Кудай ага эмне деп жооп берди эле? Ал: “Мен өзүмө Баалга табынбаган жети миң кишини сактап койгом!” — деп жооп берген. Азыр да ошондой: Кудай ырайымдуу болгондуктан анын тандап алгандарынан бир азы ушул күнгө жетти. Кудай адамдарды алардын кылган иштеринин негизинде эмес, ырайымдуулугунун негизинде тандайт. Анткени, эгерде ал адамдардын кылган иштерине жараша тандай турган болсо, анда анын ырайымдуулугу чыныгы ырайымдуулук болбой калмак. Анда кандай болуп калат? Исраилдиктер издеп келишкен нерсесин табышкан жок! Кудай тандаган аз гана топ таба алышты. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: "Кудай алардын ниеттери менен жүрөктөрүн мокотуп салды; ушул күнгө чейин алар уга да, көрө да алышпайт".

Дөөт болсо мындай дейт:

"Алар майрамдары менен мамыраң калышсын! Майрамдары өздөрү түшө турган тузак, капкан, тор болсун! Алар оңкосунан сайылып, жазасын алышсын! Бели бекчейип, көзү чекчейип, кашайып калышсын!"

Анда менде суроо бар: яхудейлер мүдүрүлүшкөн боюнча таптакыр турбай, кыйрап калышабы? Жок! Яхудейлердин мүдүрүлүп кеткенинен улам, алардын ичин күйдүрүү үчүн башка элдерге куткарылуу жолу ачылып олтурат. Яхудейлердин мүдүрүлгөнү бул дүйнөнү батага маарытып, алардын рухий жактан жакырданышы башка элдерди батага байытса, анда, демек, алардын толук куткарылышы, бул дүйнөгө канчалык мол баталарды алып келет!

Башка улуттагы элдердин куткарылуусу

(11:13-24)

Башка улуттагылар, азыр мен силерге кайрылып жатам: башка улуттагылардын элчиси катары мен өзүмдүн кызматым үчүн сыймыктанам. Балким мунум аркылуу өз улутумдагылардын ичин күйдүрүп, алардын кээ бирин куткарууга кудуретим жетээр. Анткени алардын четке кагылышы адамзаттын Кудай менен элдешүүсүнө себеп болсо, анда алардын кабыл алышы эмне болот? Өлүктөр үчүн өмүр болбойбу! Алгачкы үзүмү Кудайга багышталып жуурулган камыр бүт бойдон ыйык! Тамыры Кудайга багышталган дарактын бутактары да ыйык! Эгерде май дарактын кээ бир бутактары сынып калса, жапайы май дарактын бутактарын улап коюшат. Силер, башка улуттуктар, ошол жапайы май дарагы сыяктуу яхудейлердин күчтүү рухий жашоосунан тамактанып жатасыңар. Ошондуктан бой көтөрүп, сынып калган бутактай болгондорду жек көрбөгүлө. Анткени силердин бой көтөрө тургандай эч кандай себебиңер жок! Силер болгону бутактарсыңар; силер тамырды эмес, тамыр силерди кармап турат. А балким: “Мен уланышым үчүн жанагы бутактар сындырылган болчу!” — дээрсиңер. Ооба, бул ырас. Алар ишенбегендиктеринен сындырылышты, а сен болсо, ишенгендигиңден кармалып турасың, бирок менменсип кетпестен, абайла. Кудай табигый бутактарды аябаган соң, силерди аяп коёт дейсиңби? Кудайдын канчалык боорукер да, так, катаал да экенин ушундан билсек болот. Ал жыгылгандарга карата так, катаал, бирок силерге карата боорукер, кайрымдуу. (Албетте эгер анын боорукердиги менен кайрымдуулугун баалай билсеңер. А эгер баалабасаңар силер да кесилип ташталасыңар.) Эгер яхудейлер ишенбестигин ташташса, анда кайра ордуна келтирилет. Бул да Кудайдын колунан келет. Эгерде жапайы май дарагынан кыйыштырылган силер, башка улуттагылар, табигый, жакшы май даракка улантылган болсоңор, анда табигый бутактар болгон яхудейлердин өздөрүнүн тамырына кайра улантылышы андан бетер мүмкүн.

Кудай бардык адамдарга кайрымдуу

(11:25-36)

Боордошторум, өзүңөрдү өтө эле өйдө ойлоп кетпешиңер үчүн мен силерден бир сырды жашырбай айтып койгум келип турат: исраилдиктердин тоңмоюндугу түбөлүк эмес, чыныгы Кудайга келе турган башка улуттагылардын саны толгуча гана созулат. Бүткүл Исраил ушундайча куткарылат. Ыйык Жазмаларда Кудай мындай дейт: “Куткаруучу Теңир Тоодон келет да Жакыптын урпактарынан бардык адепсиздиктерди алып таштайт. Алардын күнөөлөрүн алып таштаганымдан кийин мен алар менен ушул келишимди түзөм”. Еврейлер Жакшы Кабарды четке кагышкандыктан Кудайга кас болуп, бирок натыйжада силер, башка улуттуктар, пайда көрүп жатасыңар. Анткен менен Кудай алардын ата-бабаларын тандап алган, ошондуктан аларга дос. Себеби Кудай убадасынан жана тандап алгандарынан эч качан баш тартпайт. Силер, башка улуттагылар, мурда Кудайга баш ийген эмес болчусуңар, бирок азыр яхудейлердин баш ийбестигинен улам Кудайдын ырайымына ээ болуп жатасыңар. Ошонун сыңарындай Кудайдын кайрымы силерге тийсин үчүн яхудейлер ага моюн сунбай жүрүшөт. Андыктан яхудейлер өздөрү да Кудайдын кайрымына муктаж.

Кудайга даңк!

(11:33-36)

Оо, Кудай, сенин байлыктарыңдын сырлары кандай терең! Ооба, Теңирибиздин акылмандыгы менен билими кол жеткис! Анын чечимдерин ким айтып бере алат? Анын жолдорун ким түшүндүрө алат? Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Теңирибиздин ой-ниеттерин ким биле алат? Ким ага кеңеш бере алат? Ким Кудайды карыз кылып, алдын ала бир нерсесин берди эле? Эч ким! Анткени баардыгын Кудай жараткан, баары ал аркылуу жана ал үчүн бар болуп турат. Ага түбөлүк даңк! Оомийин!

Кудайга арналган өмүр

(12:1-21)

Ошондуктан, боордошторум, Кудайдын бизге төккөн чексиз мээрими үчүн өзүңөрдү анын кызматына багышталган, көңүлүнө жаккан тирүү курмандык катары арнагыла деп суранам. Кудайга арнай турган чыныгы курмандыгыңар ушул болот. Бул дүйнөнүн көз карашы боюнча жашабагыла, анын ордуна Кудай ой-ниеттериңерди толугу менен өзгөртүшүнө жол бергиле. Ошондо силер анын эркин ажырата таанып, эмненин жакшы, Кудайга жагымдуу жана жеткилең экенин биле аласыңар.

Ишенүүчүлөр жамаатына Кудайдан бериле турган шыктар

(12:3-8)

Кудайдын мага берген чоң белегине таянып, мен силердин ар бириңерге мындай демекчимин: өзүңөр тууралуу ашыкча пикирде болбостон, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимге жараша ойлогула! Бир дененин көптөгөн мүчөлөрү бар жана ошол мүчөлөрдүн ар бири өзүнчө бир милдетти аткарып турат. Ошонун сыңарындай биз көп болсок да, Машаякта бир Денени түзүп турабыз жана бир денедеги ар кандай мүчөлөр сыяктуу эле, биз да бири-бирибиз менен байланыштабыз. Ошондуктан биз өзүбүздүн ар түрдүү жөндөмдөрүбүздү Кудайдын бизге берген ак тилегине жараша колдонушубуз керек. Эгерде Кудай бизге пайгамбарчылык кылуу жөндөмүн белек этсе, анда бизге берилген ишенимге жараша аны колдонушубуз керек; кызмат кылуу жөндөмүн берсе, кызмат кылышыбыз керек; окутуу жөндөмүн берсе, окутушубуз керек; бирөөлөрдү колдоо жөндөмүн берсе, аны да колдонушубуз керек. Муктаж болгондорго жардам тараткыч болсоң, ак пейил менен милдетиңди аткар; жетекчи болсоң, бүт күчүңдү үрөп, жакшы иште. Кайрымдуулук кылуучулардан болсоңор, кубаныч менен кылгыла.

Ыйык Рухтун колдоосундагы өмүр

(12:9-21)

Сүйүү аруу болсун. Жамандыкты жек көрүп, жакшылыкка жанашкыла. Бири-бириңер менен ысык сүйүүдө болгула жана бири-бириңерди озунуп урматтагыла. Катуу иштегиле, эринчээк болбогула. Кудайга жүрөгүңөрдү толугу менен арнап, ал үчүн дайыма жалындап, кызматын кылгыла. Келечегиңерди ойлоп, үмүтүңөрдү үзбөй, көңүлүңөрдү жубаткыла. Кыйынчылыктарга дуушар болуп турганыңарда, чыдагыла. Сыйынгандан талбагыла. Колуңарда барды башка муктаж болгон боордошторуңар менен бөлүшүп, сапардагыларга эшигиңер ачык болсун. Силерди куугунтуктагандарга батаңарды бергиле; ооба, каргабагыла, тескерисинче батаңарды бергиле! Кубангандар менен кошо кубангыла да, ыйлагандар менен кошо ыйлагыла. Өз ара ынтымактуу болгула. Өзүңөрдү көтөрбөстөн, кичи пейил болуп, момундардан үлгү алгыла. Өзүңөрдү өтө эле өйдө ойлоп, акылдуусунбагыла. Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле. Жакшы деп эсептелген нерсени кылганга тырышкыла. Кекчил болбогула, сүйүктүүлөрүм, муну Кудайга тапшырып, ошонун каарына калтыргыла. Анткени Ыйык Жазмаларда: “Мен өч алам, сазайын мен берем!” деген

Теңирибиздин сөзү бар. Кекчил болгондун ордуна Ыйык Жазмаларда жазылгандай: “Душманыңар ачка болсо, тойгузгула; суусаса, суусунун кандыргыла; анткени ушундай кылганыңар менен алардын абийирине тийип, уятын ойготосуңар”. Жамандыкка жеңдирбей, жамандыкты жакшылык менен жеңгиле.

Өкмөт алдындагы милдеттер

(13:1-7)

Өкмөт башчыларына баары баш ийиши керек, анткени Кудайдан болбогон бийлик жок. Азыркы бийликтердин баарын Кудай орноткон. Ошондуктан бийликке каршы чыккандар Кудайдын орноткон тартибине каршы чыгышат. Андайлар өздөрүнүн башына өздөрү жазаны келтиришет. Анткени башчылар жакшы иштерди жасагандар үчүн эмес, жамандык жасагандар үчүн коркунучтуу. Башчылардан коркпой жашагың келеби? Анда жакшы иштерди кыл, ошондо алардын мактоосунда болосуң, анткени алар сага жакшы болсун үчүн коюлган Кудайдын кызматчылары. Ал эми жамандык кылсаң, анда алардан корко бер, анткени алар бекеринен курал көтөрүп жүрүшпөйт. Алар Кудайдын кызматчылары, ошондуктан жамандык кылгандардын сазайын колуна беришет. Ушул себептен, силер башчыларга баш ийишиңер керек — жазаланып калбайын деп эле эмес, абийириңердин таза, жүзүңөрдүн жарык болушу үчүн да.

Ошондуктан силер салык төлөйсүңөр, анткени башчылар ар дайым өздөрүнүн милдеттерин кылуу менен алектенишип, Кудайдын кызматын аткаргандар. Андыктан аларга бере турган үлүшүңөрдү төлөгүлө; өзүңөрдүн жекече салыгыңарды, мал-мүлкүңөр үчүн төгө турган салыктарды бергиле; аларга тиешелүү урмат-сый көрсөткүлө.

Бири-бириңердин алдыңардагы милдеттериңер

(13:8-14)

Өз ара сүйүүдөн башка эч кимге эч нерсе карыз болбогула. Ким ушундай кылса, анда ал Мыйзамды аткарганы. Анткени “Бузуктук кылба, киши өлтүрбө, уурдаба, бирөөнүн бирдемесине көз артпа” деген жана башка осуяттардын баары “өзгөлөрдү өзүңдү сүйгөндөй сүй” деген бир осуятка негизделген. Эгерде силер башкаларды сүйсөңөр, анда эч качан аларга жамандык кылбайсыңар. Сүйүү — бул Мыйзамды толугу менен аткаргандыкка жатат.

Силер ушундай кылышыңар керек, анткени уйкудан ойгоно турган убактыбыз келип калды. Анткени куткарыла турган күнүбүз биринчи ишене баштагандагы убактыбызга караганда азыр жакындап калды. Түн өтүп, күн чыгып келе жатат. Караңгыга караштуу иштерди кылганды токтотолу да жарыктын куралдарын алалы. Күндүзгү күндүн жарыгында жүргөндөр катары жүрүш-турушубуз үлгүлүү болсун. Чектен чыкпайлы, ичкиликке берилбейли, бузуктук менен адепсиздикти кылбайлы, урушчаак, сугалак, көрө албас, ичи тар болбойлу. Анын ордуна Теңири Иса Машаяктын куралдарын алып, күнөөкөр табиятыбыз менен анын каалагандарына көңүл бурганды токтотолу.

Бири-бириңерди айыптабагала

(14:1-23)

Ишенимде алсызды анын жекече ой-пикири менен талашпастан кабыл алгыла. Кээ бир адамдын ишеними бардык тамактарды жегенге уруксат берет, ал эми ишеними алсыз адам жашылчадан жасалган тамактарды гана жейт. Баарын жегенге болот деп эсептеген, баарын жебегенди кемсинтпесин, ал эми баарын эле жей бергенге болбойт деп эсептеген, баарын жегенди соттобосун, анткени Кудай аны кабыл алды. Бирөөнүн кызматчысын соттогудай сен кимсиң? Ал ишенимде түз турабы, же жыгылып калдыбы, муну талдап чече турган анын өзүнүн Ээси бар. Кудай аны өйдө тургузат, анткени аны тургузганга Кудайдын кудурети жетет.

Кээ бир адамдар кайсы бир күндү маанилүү деп эсептеп, башка күндөрдөн өйдө коюшат, ал эми кээ бир адамдар үчүн бардык күндөр бирдей. Ошондуктан ар бирибиздин жекече пикирибиз өзүбүздө кала берсин. Кайсы бир күндү өйдө коюп урматтагандар, Теңирдин урматына ушундай кылышат, күндөрдүн баары бирдей деп эсептегендер да Теңирдин урматына ушундай кылышат. Баарын жегендер да Теңирибиздин урматына жешет, анткени алар тамак үчүн Кудайдан бата тилешет. Ал эми баарын жегенге болбойт деп эсептегендер да Кудайдын урматына ушундай деп эсептешет, анткени алар да Кудайга шүкүрчүлүк келтиришет.

Эч кимибиз өзүбүз үчүн гана жашабайбыз да, өзүбүз үчүн гана өлбөйбүз. Жашасак, Теңирибиз үчүн жашайбыз, өлсөк да Теңирибиз үчүн өлөбүз. Демек, жашасак да, өлсөк да — баары Теңирибиз үчүн. Машаяк тирүүлөрдүн да, өлүүлөрдүн да Теңири болуу үчүн өлүп, кайра тирилди. Ошондуктан силер, жашылча жемиштерди гана жегендер, эмне үчүн башка боордошторуңарды соттойсуңар? Ал эми силер, баарын жегенге болот дегендер, эмне үчүн боордошторуңарды кемсинтесиңер? Баарыбызды соттоочу Кудайдын алдына баарыбыз барабыз. Анткени Ыйык Жазмаларда: “Мен дайыма тирүү Кудаймын, баары менин алдыма келип чөгөлөшөт. Баары менин Кудай экенимди таанышат”, — деп жазылган. Демек, ар бирибиз Кудай алдында өзүбүз үчүн жооп беребиз.

Ошондуктан бири-бирибизди соттогонду токтотолу, андан көрө башкалардын азгырылып жыгылышына же күнөөгө батышына себеп боло турган нерселерди кылбоону ойлойлу. Менин Теңири Иса менен болгон тыгыз байланышым эч кандай тамак өзүнөн өзү арам эмес экендигине мени терең ишендирип турат, бирок эгер бирөө кандайдыр бир тамактын түрүн арам деп эсептесе, анда ошол тамак ал үчүн арам. Эгерде боордошуңарды жеген тамагыңардан улам капа кылсаңар, анда сүйүү менен иш кылбаганыңар. Машаяк өмүрүн берип, куткарып алган адамдарды жеген тамагыңар менен жолдон азгырбагыла! Жакшы атыңарга доо кетпесин! Анткени Кудай Падышачылыгы ичкен же жеген нерселерден турбайт, ал Ыйык Рух берүүчү адилдиктен, тынчтыктан жана кубанычтан турат. Машаякка ушул жол менен кызмат кылгандар Кудайга жагышат жана башкалардын колдоосуна ээ болушат.

Ошондуктан арабызга ынтымак жана бири-бирибизге күч-кубат бере турган нерселерге умтулалы. Кудайдын иштерин тамактын айынан бузбайлы. Баарын жесе болот, бирок бирөөнү күнөөгө азгыра турган тамакты жеген туура эмес. Эгерде эт жеш, шарап ичиш, же башка бир иштер боордошторубузду ишенимден тайгызса, же күнөөгө азгырса, же рухий жактан алсыратса, анда андай нерселерден алыс болгон жакшы. Бул маселеге байланыштуу ой-пикирлериңди өзүң менен Кудайдын ортосунда сакта. Туура деп эсептегенде уят-абийири айыптабагандар бактылуу. Ал эми бул адалбы, же арамбы, деп жеп жаткан тамагынан арсар болгондорду Кудай соттойт, анткени алардын кылган иштери ишенимге негизделген эмес. Ал эми ишенимге негизделбегендин баары күнөө.

[Мен Иса Машаяк тууралуу айткан жакшы кабарга деген ишенимиңерди бекемдөөгө Кудайдын кудурети жетет. Бул кабар мурда жашырын сыр болуп келген менен, азыр ачылып жатат. Машаякка ишенип, ага моюн сунгандар үчүн, бул кабар түбөлүк Кудайдын буйругу боюнча Пайгамбарлар жазмаларынын таратылышы аркылуу бардык элдерге жарыяланууда. Жалгыз гана Даанышман Кудайга, Иса Машаяк аркылуу түбөлүктөн түбөлүккө даңк!]

Өзүңөргө эмес, өзгөлөргө жакканга аракет кылгыла

(15:1-6)

Биз, ишенимде күчтүүлөр, ишенимде алсыздарга жардам беришибиз керек. Биз өзүбүзгө эмес, боордошторубузга жагууга аракет кылып, аларга жакшы болсун үчүн, алар ишенимде өссүн үчүн тырышышыбыз керек. Анткени Машаяк да өзүнө жагынганга тырышкан эмес. Ыйык Жазмаларда:

“Сени сөккөндөрдүн тили мага да тийди”, — деп жазылгандай, Кудайды сөккөндөрдүн тили Машаякка тийген. Ыйык Китеп Кудай берүүчү чыдамкайлык, кайрат аркылуу үмүтүбүздү сактап жүрүүбүз үчүн жана анда айтылгандардын баары бизге сабак болсун үчүн жазылган. Чыдамкайлык менен кайрат берүүчү Кудай араңарда ынтымак орнотуп, Машаяк Исанын окутуусунда бир ойдо болууну тартууласын. Ошентип, баарыңар бир ооздон Теңири Иса Машаяктын Атасын даңктагандай болгула.

Башка улуттагы элдерге жакшы кабар

(15:7-13)

Машаяк силерди кандай кабыл алган болсо, силер да бири-бириңерди Кудайдын урматы үчүн ошондой кабыл алгыла. Мен силерге айтып коёюн: Кудайдын ишенүмдүүлүгүн текшерүү үчүн, анын ата-бабаларыбызга берген убадаларын иш жүзүнө ашыруу үчүн жана ырайымдуу Кудайды башка улуттагылар да мактасын үчүн Машаяк өз өмүрүн яхудейлерге кызмат кылууга арнады. Ыйык Жазмалардын биринде: “Ошондуктан мен сени башка улуттагылардын арасында даңктаймын. Мен сага мактоо ырларын айтамын,” деп жазылган. Дагы бир жеринде: “Башка улуттуктар, Кудайдын эли менен бирге шаттангыла!” “Бардык башка улуттагы элдер, Жараткан Эгебизди даңктагыла! Бардык калктар, Жараткан Эгебизди мактагыла!” деп жазылган. Исаия пайгамбар болсо: “Ессейдин тукумунан бирөө чыгат. Ал башка улуттагыларга башчылык кылат. Башка улуттагы элдер ошого үмүттөрүн артышат”, — деп жазылган.

Ыйык Рухтун кудурети менен ишенимиңер өсө бериши үчүн үмүттүн булагы болгон Кудай силерди ага деген ишенимиңер аркылуу кубанычка бөлөп, араңарга ынтымак берсин.

Паулостун катуу айткандыгынын себеби

(15:14-21)

Боордошторум, силердин жакшылыкка бай, билимиңер жеткилең жана бири-бириңерге таалим бере ала турганыңарга мен өзүм да терең ишенем. Ошондой болсо да бул катымда бир нече маселелерди силердин эсиңерге салып жатып, бир аз катуу кетип койдум. Кудай мага башка улуттуктар үчүн Машаяк Исанын кызматчысы болуп кызмат кылуу артыкчылыгын бергендиктен ушундай кылдым. Башка улуттагылар Ыйык Рух аркылуу Кудайга багышталган жана Кудай кабыл ала турган курмандык катары болсун үчүн мен Кудайдан келген жакшы кабарды таратууда дин кызматкери сыяктуу кызмат кылып жүрөм. Ошондуктан Кудай үчүн кылып жаткан кызматым менен Иса Машаяк аркылуу сыймыктанам. Мен башка улуттагыларды Кудайга кайрылтууда мен аркылуу кылган Машаяктын иштери туурасында гана сүйлөйм жана муну сүйлөгөндөн тартынбайм. Ал муну сөз менен да, иш менен да, укмуштар жана кереметтердин кудурети менен да, Кудай Рухунун күчү менен да кылды. Ошондуктан Иерусалимден тартып, Иллирикумга чейинки жолумда мен Машаяк тууралуу толук жакшы кабарды жарыя кылып келдим. Башка бирөө койгон негиздин үстүнө курбайын деген максатта Машаяк тууралуу жакшы кабар жете элек жерлерге жарыялаганга тырыштым. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “ал тууралуу мурда кабардар болбогондор көрүшөт, укпагандар түшүнүшөт”.

Паулостун Римге барууга ниеттенгени

(15:22-33)

Ошондуктан силерге барам деп көп жолу аракет кылып, бара албай калып жаттым. Бирок эми бул аймактарда жумушумдун аягына чыккандыгымдан, ошондой эле көп жылдардан бери силерди көрүүнү самап келгендигимден, силерге барсам деген тилегиме жетейин деп турам. Испанияга бараткан жолумда силерге тиймекмин. Силерди көрүп, сагынычымды жазган соң, берген жардамыңарды алып, андан ары жөнөсөм деп ойлоп жүрөм. Азыр болсо Иерусалимдеги Кудайдын адамдарына кызмат кылганы баратам. Анткени Македония менен Ахаиядагы жамааттар Иерусалимдеги Кудайдын адамдарынын арасындагы жакырларга жардам бериш керек деп чечишип, зор ынтаа менен акча чогултушту. Бул чечимге алар өздөрү келишти. Чынын айтканда иерусалимдиктерге жардам берүү алардын парызы. Анткени яхудейлер өздөрүнүн рухий жактан алган баталарын башка улуттуктар менен бөлүшүп жаткан соң, башка улуттагылар да алар менен материалдык жактан алган баталарын бөлүшүүгө тийиш. Алардын мага берген ушул тапшырмасын аткарып, ишенимдеринин жемиши — чогулткан акчаларын толугу менен жеткирип берген соң Испанияга аттанып, жол бою силерге да кайрыла кетишим керек. Силерге кайрылганымда Машаяктын жакшы кабарын таратканымдан тапкан мол баталарымды ала барарыман эч күмөн санабайм. Ал эми азыр болсо, боордошторум, Теңири Иса Машаяктын жана Рух берүүчү сүйүүнүн урматына силерден өтүнөм: мага кошулуп, мен үчүн Кудайга сыйынгыла. Яхудиядагы ишенбегендерден аман-эсен болушум үчүн жана Иерусалимдеги кызматым ал жактагы Кудайдын адамдары тарабынан кабыл алына тургандай болушу үчүн сыйынгыла. Ошентип, Кудай кааласа силерге маанайым жарык келип, көңүлүм тынчысын. Тынчтыктын булагы болгон Кудай баарыңарга жар болсун. Оомийин.

Жекече саламдар

(16:1-16)

Мен силердин алдыңарда Кенхреядагы жамаатын кызматчысы карындашыбыз Фева тууралуу жакшы күбөлүк берип кетким келет. Аны Кудайдын адамдары катары Теңирибиздин урматына кабыл алгыла да, силерде эмнеге муктаж болсо, баарын толтуруп бергиле. Анткени ал өзү да көп кишилерге, анын ичинде мага да жардам берди.

Машаяк Исанын ишиндеги кызматташтарым Прискилла менен Акылга да салам деп койгула. Алар мен үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышты. Аларга мен эле эмес, бардык башка улуттагы жамааттар да ыраазы.

Ошондой эле алардын үйүндө чогулган жамаатка да салам айткыла.

Менин кымбаттуу досум Эпенетуска да салам дегиле. Кичи Азияда Машаякка биринчи болуп ошол ишенген.

Силер үчүн абдан катуу эмгектенген Марияга салам айткыла.

Түрмөдө бирге олтурган менин улутташтарым Андроник менен Юнийге да салам жолдойм. Элчилер аларды абдан жакшы таанышат. Машаяк жолуна да алар менден мурда түшүшкөн.

Менин Теңирибиздин атынан сүйгөн Ампилат досума салам айткыла.

Машаяктагы кызматташыбыз Урбанга, ошондой эле менин сүйүктүү досум Стахуска да салам дегиле.

Далай нерселерден өтүп, Машаякка берилгендиги сыналган Апеллеске салам айткыла.

Аристобулдун үйүнө караштууларга да салам дегиле.

Улутташым Иродионго, ошондой эле Наркиссанын үйүндөгү боордошторубузга салам айткыла.

Теңирибиз үчүн эмгек кылып жүргөн Трифена менен Трифоско салам деп койгула.

Теңирибиз үчүн абдан көп кызмат кылган сүйүктүү досум Персидага да салам айткыла.

Теңирибиздин тандап алган кызматчысы Руфус менен менин өз энемдей болуп калган анын энесине да салам дегиле.

Асинкритке, Флегонго, Гермеске, Патробаска, Гермаска жана да алар менен бирге турушкан башка боордошторубузга салам айткыла.

Филолог менен Юлияга, Нерей менен анын карындашына, Олимпаска жана алар менен бирге турушкан Кудайдын адамдарынын баарына салам дегиле.

Машаяктын сүйүүсү менен бири-бириңерди өбүшүп саламдашкыла. Машаяктын жамааттарынын баары силерге салам айтып жатышат.

Акыркы насааттар

(16:17-23)

Боордошторум, араңарды бөлүп-жаруучулардан, ишенимден тайдыруучулардан жана силер кабыл алган таалимдерге каршы чыккандардан сак болушуңарды өтө суранам. Алардан оолак болгула! Анткени алар Теңири Машаякка эмес, өздөрүнүн курсагына кызмат кылышат. Тилдеринен бал тамгызып, ширин сөздөрү менен тажырыйбасыз адамдарды алдоочулар ошолор.

Силердин жакшы кабарга абдан берилгендигиңер баарына маалым, ошол себептен силер үчүн мен кубанып жатам. Мен силердин жакшылыкка акылман, бирок жамандыкка карапайым болушуңарды каалайм. Тынчтыктын Кудайы жакында шайтанды бут алдыңарга жыгат. Теңири Иса Машаяк силерге жар болуп, ырайымын төксүн.

Кызматташым Тимотеос да силерге салам жолдоп олтурат. Ошондой эле улутташтарым Лукий, Ясон, Сосипатер да салам айтып жатышат. (Ушул катты жазган мен — Тертий да Теңирибиздин атынан силерге салам айтам.) Мени үйүнө жашатып жаткан жана үйүн жамааттын чогулушу үчүн берген Гаюс да силерге салам айтып жатат. Шаардык казына башчы Ераст менен боордошубуз Кварт да саламдарын айтып жатышат.

Соңку сөз

(16:25-27)

[Мен Иса Машаяк тууралуу айткан жакшы кабарга деген ишенимиңерди бекемдөөгө Кудайдын кудурети жетет. Бул кабар мурда жашырын сыр болуп келген менен, азыр ачылып жатат. Машаякка ишенип, ага моюн сунгандар үчүн, бул кабар түбөлүк Кудайдын буйругу боюнча Пайгамбарлар жазмаларынын таратылышы аркылуу бардык элдерге жарыяланууда. Жалгыз гана Даанышман Кудайга, Иса Машаяк аркылуу түбөлүктөн түбөлүккө даңк!]