Иса Машаяктын аяны

Биринчи бөлүм

Кириш сөз

1 Бул аянды берген Иса Машаяк. Кудай өзүнүн кулдарына жакын арада эмне болорун маалым кылуу үчүн периштесин жиберип, кызматчысы Жаханга аян кылган. 2 Жахан болсо эмнени көрсө ошонун баарын: Кудайдын сөзү менен Иса Машаяктын күбөлүк сөзүн ушул китепте жазып калтырды. 3 Ушул пайгамбардык сөздөрдү окуган, уккан жана жазылгандарды сактаган адам бактылуу, анткени убакыт аз калды.

Азия аймагындагы жети Жамаатка кабар

4 Азия аймагында жашаган жети Жамаатка Жахан мындай деп жазат:

“Учурда да, өткөндө да, келечекте да Жашоочудан жана анын тактысынын алдында турган жети рухтан, 5 ошондой эле ишенимдүү күбө, өлгөндөрдөн тирилгендердин тунгучу, жер бетиндеги падышалардын ээси — Иса Машаяктан силерге ырайым жана ынтымак буюрсун. Машаяк бизди сүйүп, күнөөлөрүбүздү каны менен жууп кетирип, 6 өзүнүн Атасы — Алла таалага диний кызматчылар кылды. Кылымдардан кылымга урмат жана даңк ошого берилсин. Оомийин!”

7 “Карагыла, тигине

Келе жатат Машаяк

Булуттарга оронуп.

Көрүшөт аны бүт баары:

Айкаш жыгачка кадап,

Өлтүргөндөр дагы.

Ошондо боздоп ыйлашат,

Ааламдагынын баары”.

Ооба, ырас эле ошондой болот. Оомийин.

8 Азыр да, мурда да, келечекте да бар боло турган кудуреттүү Кудай Эгебиз мындай дейт: “Альфа жана Омега менмин!”

Машаяктын көрүнүшү

9 Мен, Иса Машаякка болгон ишеним үчүн азапты да, кийин аны менен бирге падышачылык кылууну да, Иса үчүн тарта турган оош-кыйыштарды да силер менен чогуу бөлүшө турган бурадарыңар Жахан, Кудайдын сөзү жана Машаяктын күбөлүгү үчүн Патмос деген аралга айдалган элем. 10 Жекшемби күнү менин жандүйнөмдү Рух бийлеп турганда, арт жагымдан сурнайдын үнүндөй зоңкулдаган угулду. Ошол үн мындай деди: 11 “Эмнени көрсөң баарын төкпөй-чачпай жаз да Азиядагы жети Жамаатка: Ефеске, Смирнага, Пергамга, Тиатирага, Сардиске, Филаделфияга жана Лаодикияга жибер!”

Машаяктын улуулугу жана даражасы

12 Мага ким сүйлөп жатканын көрүү үчүн кылчайып караганымда көзүмө алтындан жасалган жети шамдал урунду. 13 Алардын арасында “Адам Уулу” Иса сыяктанган, этеги согончогуна жеткен чапан кийип, алтын кемер тагынган бирөө туруптур. 14 Анын чачы-башы аппак кар түспөл жүндөй болуп, көздөрү оттой жалындап турду. 15 Буттары меште кызып турган жездей жылтылдап, добушу көптөгөн дарыялардын шоокумундай шуулдап жатты. 16 Оң колуна жети жылдызды кармап, оозунан эки миздүү канжар жалаңдап турду. Бети болсо чак түштө нурун төгүп турган күндөй балбылдап турду. 17 Мен аны көргөндө алдына сулап түштүм. Ал болсо жонума оң колун коюп: “Менден коркпо! Алгачкы жана Акыркы менмин. 18 Мен тирүүмүн. Мурда өлүк элем, эми болсо кылымдардан кылымга тирүү болом. Ажал менен тозоктун ачкычтары менде. 19 Ошондуктан эмнени көргөн болсоң, азыр эмнени көрүп турсаң жана кийинчерээк эмне боло турган болсо — төкпөй-чачпай түгөл жаз! 20 Оң колумдан сен көргөн жети жылдыз менен жети алтын шамдалдын сыры мындай: жети жылдыз — бул жети Жамааттын периштелери, ал эми жети шамдал — бул жети Жамаат”.

Экинчи бөлүм

Ефестеги Жамаатка кабар

1 Ефестеги Жамаатын периштесине мындай деп жаз:

“Жети жылдызды оң колуна кармап, өзү жети шамдалдын арасында Жүргөн айтат:

2Мен сенин иштериңди, оор эмгегиңди жана көтөрүмдүү-лүгүңдү билем. Сен начар адамдар менен макул боло албайсың. “Биз Машаяктын элчилерибиз!” дегендерди текшерип, алардын жалганчы экенин да аныктадың, 3 көп сыноолорду баштан өткөрүп, чыдап, менин ысмымдын урматына талбай эмгектендиң.

4 Ошондой болсо да менин сага каршы болууга бир жөнүм бар: анткени сен биринчи сүйүүңдү таштап кеттиң! 5 Кай жерден жаза тайдың? Эсте! Күнөөңдү мойнуңа алып баш тарт да баштагы изги иштериңди улант. Эгер мындай кылбасаң, жакында сага барам да шамдалыңды жулуп ыргытам! 6 А бирок сенин бир нерсең — николаиттердин иштерин жек көргөнүң мага жагат. Алардын иштерин мен да жек көрөм.

7 Кимдин уга турган кулагы бар болсо, Рухтун Жамааттарга эмне дегенин угуп алсын! Жеңип жыкканга Кудайдын бейишинин так ортосунда жайгашкан өмүр дарагынын мөмөсүнөн жегенге уруксат берем”.

Смирнадагы Жамаатка кабар

8 Смирнадагы Жамаатын периштесине мындай деп жаз:

“Бул сөздөр өлүп, анан кайра тирилген Алгачкы жана Акыркыныкы: 9

— Мен сенин тарткан кыйынчылыгыңды да жакырчылыгыңды да билем. Бирок сенде чыныгы байлык бар! “Биз яхудейбиз!” деп керкейгендердин сени жамандагандарын да билем. Алар яхудей эмей эле шайтандын жыйыны! 10 Сенин башыңа жакында кыйынчылык түшөт. Алардан коркпо. Шайтан сени сындан өткөрүү үчүн араңардан кээ бирөөлөрдү зынданга салдырып, он күндөй кыйналасың. Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимге бек бол, ошондо жеңүүчү таажы менен сыйлангандай мен да сага түбөлүк өмүрдү белек кылам.

11 Кимдин уга турган кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне деп айтканын уксун. Ким жеңип чыкса ал экинчи өлүмдөн зыян тартпайт”.

Пергамдагы Жамаатка кабар

12 Пергамдагы Жамаатын периштесине мындай деп жаз:

“Бул сөздөр эки миздүү курч канжары бардыкы: 13

Мен сенин кай жерде жашап жатканыңды билем: сен Шайтан бийлик кылган жерде жашап жатасың. Ошондой болсо да менин ысмымды туу тутуп жүрөсүң. Шайтан аралаган ошол силердин шаарыңарда менин ишенимдүү күбөм — Антипас өлтүрүлгөн күндөрдө да мага болгон ишенимден баш тартып кеткен жоксуң. 14 А бирок бир аз нерселерде мен сага каршымын: сенин ичиңде Балаамдын окутуусун кармангандар бар. Ал Балакты израилдиктерге каршы тукуруп, аларды буркандарга чалынган курмандыктарды жегенге жана бузукулук кылганга азгырууга үйрөткөн. 15 Ошонун сыңарындай сенин ичиңде николаиттердин окутуусун кармангандар да бар. Мен алардын окутуусун жек көрөм. 16 Сен күнөөлөрүңдү моюнга алып, алардан баш тарт, антпесең жакында сага барам да оозумдагы кылыч менен аларга каршы согуш ачам.

17 Кимдин кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне дегенин уксун! Жеңип чыкканга жашырылып коюлган маннадан ооз тийгизем. Ошондой эле ага бир ак таш берем. Таштын боорунда бир ат жазылуу болот. Ал атты кабыл алгандан башка эч ким билбейт”.

Тиатирадагы Жамаатка кабар

18 Тиатирадагы Жамааттын периштесине мындай деп жаз:

“Бул сөздөр көздөрү оттой жалындап, буттары жездей жаркырагандыкы:

19— Мен сенин иштериңди билем: сенин сүйүүң, кызматың, ишенимиң, чыдамкайлыгың жана азыркы кылып жаткан иштериң алгачкы кылгандарыңдан да арбын экени мага маалым.

20 Бирок да бир аз иштериңде мен сага каршымын: сен өзүн пайгамбар эсептеген Жезебе деген аялга жол бересиң. Ал менин кызматчыларымды бузуктукка жана буркандарга чалынган тамактарды жегенге азгырып жүрөт. 21 Мен ага бузукулугунан баш тартууга убакыт бердим эле, бирок ал баш тартпады. 22 Ошондуктан мен аны азап төшөгүнө жыгам да аны менен бирге бузукулук кылгандарды күнөөлөрүнөн баш тартканга чейин эзем. 23 Анын балдарын өлтүрөм, ошондо бардык Жамааттар менин жүрөк түпкүрүндөгү купуя сырларды сынаган Машаяк экенимди билишет. Ар бириңер кылган ишиңерге жараша шыбагаңарды аласыңар. 24 Ал эми Жезебенин окутуусун кармабаган жана Шайтандын “терең сырлар” аталган илимине үйрөнбөгөн Тиатиранын калган мүчөлөрү болгон силерге болсо мен мындай дейм: мен силердин башыңарга башка жүк салбайм. 25 Мен келгиче азыр эмнеңер бар болсо ошону бекем карманып жашап тургула. 26 Ким менин иштеримди аягына чейин карманып жеңип чыкса, мен ага элдердин үстүнөн болгон бийликти берем. Мен Атамдан кандай бийлик алган болсом ал да ошондой бийлик менен 27 “ темир аса таяк менен бийлик жүргүзүп, аларды карападай быркыратат”. 28 Ошондой эле мен ага таң жылдызын берем. 29 Кимдин кулагы бар болсо Рухтун диний коомдорго эмне дегенин уксун!

Үчүнчү бөлүм

Cардиcтеги Жамаатка кабар

1 Сардистеги Жамааттын периштесине мындай деп жаз:

“Бул сөздөр Кудайдын жети рухун жана жети жылдызды кармагандын сөздөрү:

Мен сенин иштериңди билем. Сен тирүү деп аталганың менен өлүксүң. 2 Өлүмдөн ойгон! Азырынча аман тургандарың менен өлүм алдында тургандарыңды бекемде! Мен сенин иштериңдин Кудай алдында жеткилең экендигин көргөн жокмун. 3 Ошондуктан мурда эмнени кабыл алып, эмнени укканыңды эстегин да күнөөңдү моюнга алып тобо келтир. Эгерде тобо келтирбесең, анда мен сага ууру сымал күтпөгөн жерден келем, менин кайсы убакта келеримди сен билбей каласың. 4 Канткен менен Сардисте сенин кийимдерин булгабаган бир нече адамдарың бар. Алар ак кийим кийип менин жанымда жүрө турган болушат, анткени алар ошого татыктуу. 5 Ким жеңип чыкса ошолор сыяктуу ак кийим киет. Мен алардын ысымдарын эч качан өмүр китебинен өчүрбөйм, тескерисинче Атамдын жана анын периштелеринин алдында ачык тааныйм”. 6Кимдин кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне деп айтканын уксун!

Филадельфиядагы Жамаатка кабар

7 Филадельфиядагы Жамааттын периштесине мындай деп жаз:

— Бул сөздөр ыйык, акыйкат жана Дөөттүн ачкычын кармагандын сөздөрү. Ал эмнени ачса, эч ким кайра жаба албайт, эмнени жапкан болсо эч ким кайра ача албайт.

8 Мен сенин иштериңди билем. Мына, мен сенин алдыңан эшикти ачып койдум, аны эч ким жаба албайт. Сен күчтүү болбосоң да, менин сөзүмдү сактап, менин ысмымдан баш тарткан жоксуң.

9 Шайтанга караштуу топтун адамдарына, өздөрү яхудей болбой туруп “биз яхудейбиз” дегендерге мен мындай кылам: алар сенин алдыңа келишип, бутуңа жыгылышат жана мен сени кандай сүйө турганымды билип калышат. 10 Сен менин кабарыма баш ийип, чыдадың. Ошондуктан мен сен жер бетиндегилердин баарынын башына келе турган сыноо саатынан сактайм. 11 Мен жакында келем. Андыктан бар нерсеңди жакшылап карман, ошондо сага сыйлык катары бериле турган таажыны эч ким уурдап кетпейт. 12 Ким жеңип чыкса, аны Кудайымдын ибадатканасына түркүк кылып, түбөлүккө ошол жерге орнотом. Ар бир түркүккө менин Кудайымдын, жана анын шаары — менин Кудайым асмандан түшүрө турган жаңы Иерусалимдин атын жана өзүмдүн жаңы атымды жазып коём.

13 Кимдин кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне деп айтканын уксун!

Лаодикиядагы Жамаатка кабар

14 Лаодикиядагы Жамааттын периштесине мындай деп жаз: 15 Мен сен кылган иштердин баарын билем. Сен же муздак эмессиң, же ысык эмессиң. Аттиң, же муздак, же ысык болсоңчу. 16 Бирок ысык да, муздак да эмес, жылымык болгондугуңдан сени оозумдан бүркүп салам. 17 Сен өзүңдү бай санап, эч нерсеге муктаж эмесмин дейсиң. Бирок өзүңдүн бактысыз, байкуш, жарды, сокур жана жылаңач экениңди билбейсиң. 18 Байышың үчүн көөрүктөн өткөн менин алтынымды сатып ал. Ошондой эле уятыңды жабыш үчүн менден ак кийим сатып алып кий да көздөрүң көрсүн үчүн көз май сатып алып майлан. 19 Мен кимди сүйсөм, ага бетке айтам жана жазалайм. Ошондуктан күнөөлөрүңдөн бурулууга ыклас кыл.

20 Уккула, каалганын артында туруп алып каккылап жатам. Эгерде кимде ким үнүмдү угуп, каалгасын ачса, ичкери кирем да аны менен чогуу тамактанам.

21 Мен жеңип чыгып, Атамдын тактысында олтурганымдай жеңүүчүгө өзүмдүн тактыман орун берем.

22 Кимдин кулагы бар болсо Рухтун Жамааттарга эмне деп айтканын уксун!

Төртүнчү бөлүм

Асмандагы такты

1 Ушундан соң мен өйдө карап, асманда бир эшик ачылып турганын көрдүм. Анан баягы үнү сурнайдыкындай болгон мага сүйлөгөн үн мындай деди: “Бул жакка чыгып кел, мен сага мындан кийин эмне боло тургандыгын көрсөтөм”. 2 Ошол замат мен Рухка толуп калдым жана бет алдымда асманда так турганын жана анда бирөө олтурганын көрдүм. 3 Ошол олтургандын көрүнүшү яшма жана сардис таштарындай эле. Тактыны болсо зымырыт сымал көк желе курчап туруптур.

Жыйырма төрт тактыда олтурган жыйырма төрт аксакал

4 Тактынын айланасында дагы башка жыйырма төрт такты бар эле. Аларда болсо ак кийимчен, алтын таажычан жыйырма төрт аксакал олтурушуптур. 5 Такты тараптан чагылган жарк этип, күн күркүрөп, катуу дабыштар чыгып жатты. Тактынын алдында болсо жети шам жалтылдап күйүп турду. Булар Кудайдын жети руху болуучу. 6 Тактынын алдында дагы айнектей тунук, кристаллдай таза болгон көл сыяктуу бир нерсени көрдүм. Ортодо, тактынын айланасында, төрт зат туруптур. Алардын алдында да, артында да жыбыраган көздөрү бар эле. 7 Биринчи зат арстанга, экинчиси өгүзгө окшош, ал эми үчүнчүсүнүн бети болсо адамдын бети сыяктуу, төртүнчүсү учуп бара жаткан бүркүт сыяктуу эле. 8 Ар бир заттын алтыдан канаты бар болуп, канаттары бардык жагынан, алтургай ичинен да жыбыраган көздөргө жык толгон эле. заттар күн-түн дебей, эч тынбастан: “Кудуреттүү Жараткан Теңир ыйык, ыйык, ыйык. Ал мурда да бар болгон, азыр да бар, келечекте да бар болот!” — деп жатышты.

Кудайга таазим

9Заттар ошол тактыда олтурган, кылымдардан кылымдарга түбөлүк Жашаганды даңктап, мактап, ага рахмат айтып жатышканда 10 жыйырма төрт аксакал тактыда олтургандын алдына жыгылышып, таазим кылышып, тактысынын алдына таажыларын коюп туруп, анан мындай дешти: 11 “Оо биздин Эгебиз жана Теңирибиз, сен урматтоону, даңктоону жана шаң-салтанатты кабыл алууга татыктуусуң. Анткени бардык нерселерди сен жараткансың, бардык нерселер сенин эркиң менен жаратылган жана бардык нерселер сенин эркиң менен бар болуп турат”.

Бешинчи бөлүм

Китеп жана Кочкор

1 Анан мен тактыда олтургандын оң колунан бир түрмөктү көрдүм. Түрмөк ичинен да, тышынан да жазуусу болуп, жети мөөр басылып бекитилиптир. 2 Анан катуу үн менен: “Ким мөөрлөрдү сындырып, түрмөктү ача алат?” — деп жар салган бир күчтүү периштени көрдүм. 3 Тилекке каршы асмандан да, жерден да, жердин астынан да ошол түрмөктү ачмак тургай жөн эле анын ичин карай ала турган эч ким чыкпады. 4 Мен боздодум, анткени түрмөктү ачмак тургай ичине көз жүгүртүп караганга эч ким чыкпады. 5 Анан аксакалдардын бири мага: “Ыйлаба айланайын, кайрат кыл, яхуд уруусунан чыккан арстанды карачы, ал Дөөттөн тукумунан! Ал жеңип чыкты. Түрмөктү ачып, анын жети мөөрүн ошол сыйрый алат”, — деди. 6 Анан мен бир эркек Кочкорду көрдүм. Кочкор төрт заттар менен аксакалдардын курчоосунда турган тактынын ортосунда эле. Ал мага союлган сыяктуу көрүндү. 7 Ал келди да тактыда олтургандын оң колунан түрмөктү алды. 8 Алганда төрт зат менен жыйырма төрт аксакал Кочкордун алдына жыгылышты. Ар биринин колунда бирден арфа бар эле. Алар жытуу заттарга толгон алтын чөйчөктөрдү кармап турушту. (Алтын чөйчөктөр — бул ыйыктардын сыйынуулары) 9 Анан алар жаңы ыр ырдашты: “Сен түрмөктү алып, анын мөөрлөрүн сыйрыганга татыктуусуң, анткени сен союлгансың жана өз каның менен бардык уруулардан, тилдерден, элдерден жана улуттардан Кудайга адамдарды сатып алдың. 10 Сен аларды өзүнчө бир падышачылык болуу үчүн жана биздин Кудайыбызга кызмат кыла турган дин кызматчылары болуу үчүн тандап алдың. Алар жер бетинде падышачылык кылышат”.

11 Анан мен көптөгөн, миң-миң, түмөн-түмөн периштелердин үнүн уктум. Алар тактыны, заттарды жана аксакалдарды тегеректеп алышты. 12 Анан катуу үн менен: “Күч-кудуретти, байлыкты, акылмандыкты, кайратты, урмат-сыйды, атак-даңкты жана мактоону алууга союлган Кочкор татыктуу!” — деп ырдап жатышты. 13 Анан мен асмандагы, жердеги, жер астындагы, деңиздеги жана алардын ичиндегилердин баары: “Тактыда олтурганга жана Кочкорго түбөлүккө мактоо, урмат, даңк жана бийлик берилсин!” деп ырдап жатышканын уктум. 14 Ошондо төрт зат: “Оомийин” — дешти. Аксакалдар болсо жерге жыгылып, таазим кылышты.

Алтынчы бөлүм

Алты мөөрдүн сыйрылышы

1 Мен Кочкордун жети мөөрдүн биринчисин сыйрып жатканын байкап турдум. Анан төрт заттын бири күн күркүрөгөндөй добуш менен: “Кел!” — деди. 2 Мен карай салсам, бет алдымда бир ак боз ат туруптур! Чабандесинин жаасы бар экен. Ага бир таажы берилди жана ал жеңүү үчүн чыккан жеңип алуучудай түр менен чыкты.

3 Экинчи мөөрдү сыйрыганда экинчи заттын: “Кел!” — дегенин уктум. 4 Анан кийинки ат чыкты. Ал жээрде ат экен. Аны мингенге жер бетинен тынчтыкты алып, адамдарды бири-бирин кырдыра турган бийлик берилди. Ошондой эле ага чоң кылыч берилди.

5 Үчүнчү мөөрдү сыйрыганда мен үчүнчү заттын: “Кел!” — дегенин уктум. Карасам бет алдымда капкара ат туруп-тур. Аны мингендин колунда эки тараза бар эле. 6 Анан мен төрт заттын арасынан: “Бир хиникс буудай үчүн бир динарий, үч хиникс таруу үчүн да бир динарий, ал эми май менен шарапка зыян кылба!” — деп сүйлөгөндөй болгон бир үндү уктум.

7 Төртүнчү мөөрдү сыйрыганда мен төрт заттын: “Кел!” дегенин уктум. 8 Карай салсам бет алдымда бир куба ат туруптур. Аны мингендин аты Ажал экен, артынан Тозок ээрчип алыптыр. Аларга жердин төрттөн бир бөлүгүн кылыч, ачкачылык, ооруу жана жердин жырткычтары менен кыра турган бийлик берилди.

9 Бешинчи мөөрдү сыйрыганда мен курмандык чалчу жайдын астынан Кудайдын сөзү үчүн жана берген күбөлүктөрү үчүн союлгандардын жандарын көрдүм. 10 Алар катуу үн менен: “Оо ыйык, акыйкат жана кудуреттүү Теңир! Жер бетинде жашагандарды качан соттойсуң? Биздин каныбыздын кунун качан төлөтөсүң?” — деп зарлашты. 11 Анан алардын ар бирине ак кийим берилип, дагы бир аз — алар сыяктуу эле өлтүрүлө турган кызматташтар менен боордоштордун саны толгуча күтө туруулары керектиги айтылды.

12 Алтынчы мөөрдү сыйрып жатканын карап турдум. Ошондо өтө чоң зилзала болду. Күндүн көзү карарып, эчкинин жүнүнөн жасалган зумбал кийингендей болуп калды. Ай толугу менен кыпкызыл кандай боёлду. 13 Жылдыздар бороондон улам термелген анжирдин кечки жемиштериндей болуп жерге күбүлүп түшүп калышты. 14 Асман болсо түрмөк сымал оролуп жок болуп кетти. Бардык тоолор менен аралдар ордуларынан жылды. 15 Анан жердеги падышалар, төрөлөр, аскербашылар, байлар, алдуулар, кулдар жана эркин адамдар тоолордогу аскалардагы үңкүрлөргө жашынышты. 16 Алар тоолор менен аскаларга: “Үстүбүзгө кулап, бизди тактыда олтурган менен Кочкордун каарынан жүзүнөн калкалагылачы!” — дешти 17 Анткени алардын каары жаай турган улуу күн келди. Ким ага чыдап тура алат?

Жетинчи бөлүм

Мөөр басылып белгиленген жүз кырк төрт миң киши

1 Ушундан соң жердин төрт бурчунда жерге да, деңизге да, эч кандай даракка да сокпосун үчүн жердин төрт шамалын кармап турган төрт периштени көрдүм. 2 Анан колунда тирүү Кудайдын мөөрү бар бир периштенин чыгыш тараптан келе жатканын көрдүм. Ал жерге жана деңизге зыян кылууга бийлик берилген төрт периштеге катуу үн менен мындай деди: 3 “Кудайыбыздын кулдарынын маңдайына мөөр басып бүткүчө жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян кылбагыла!”

4 Анан мен мөөр басылгандардын санын уктум: Исраилдин бардык урууларынан жүз кырк төрт миң. 5 Яхуд уруусунан он эки миң, Рубин уруусунан он эки миң, Гад уруусунан он эки миң, 6 Ашир уруусунан он эки миң, Нафтали уруусунан он эки миң, Манас уруусунан он эки миң, 7 Ысман уруусунан он эки миң, Левит уруусунан он эки миң, Иссахар уруусунан он эки миң, 8 Зебулун уруусунан он эки миң, Жусуп уруусунан он эки миң, Бенжамин уруусунан он эки миң. 9 Ушундан соң карай салсам, бет маңдайымда, тактынын жана Кохунун алдында санаса сан жеткис, ал улуттан, уруудан, калктан жана тилден чыккан эл туруптур. 10 Алар катуу үн менен: “Куткарылуу —бул тактыда олтурган биздин Кудайыбыздын жана курмандыкка чалынган Кочкордун колунан келди”, — деп жатышты. 11 Тактынын, аксакалдардын жана төрт заттын айланасында турган периштелердин баары тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылышып Кудайга таазим кылышты. 12 Алар: “Айтканыңар келсин! Мактоо да, даңк да, акылмандык да, рахмат да, урмат да, бийлик да, кубат да түбөлүктөн түбөлүккө биздин Кудайыбызга ыйгарылсын!” — деп жатышты. 13 Анан аксакалдардын бири менден: “Мына бул ак кийимчендер кимдер? Булар кайдан келишти?” — деп сурады. 14 Мен ага: “Таксыр, сиз билесиз”, — деп жооп бердим. Ошондо ал мындай деди: “Булар улуу кайгы күндөрүнөн келишкендер. Алар кийимдерин жууп, Кочкордун каны менен агартышкандар. 15 Ошондуктан алар Кудайдын тактысынын алдында турушат жана анын ыйбадатканасында ага күн-түн дебей кызмат кылышат. Тактыда олтурган болсо өзүнүн боз үйүн алардын үстүнө тигет. 16 Ал эми эч качан ачка болушпайт, эч качан суусашпайт. Күн алардын мээсин куйкалабайт, ысык баштарына өтпөйт. 17 Анткени тактынын ортосундагы Кочкор алардын Чабаны болуп, аларды тирүү суунун булактарына баштап барат. Кудай алардын көзүнөн аккан ар бир жашты сүртүп таштайт”.

Сегизинчи бөлүм

Жетинчи мөөрдүн сыйрылышы

1 Кочкор жетинчи мөөрдү ачканда асманда жарым сааттай тынчтык боло түштү. 2 Анан мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм. Аларга жети сурнай берилди. 3 Алардан башка дагы бир, алтын чөйчөк кармаган периште келип курмандык чалчу жайдын жанына туруп калды. Ага көп жыпар жыттуу заттар берилди. Муну ал бардык ыйыктардын сыйынуулары менен бирге тактынын алдындагы алтындан жасалган курмандык чалчу жайга коюшу керек. 4 Жыпар жыттуу заттын түтүнү ыйыктардын сыйынуулары менен бирге периштенин колунан чыгып, Кудайдына алдына көтөрүлдү. 5 Анан периште чөйчөктү алды да курмандык чалчу жайдан алынган чок менен аны толтуруп, жерге чачып жиберди. Ошондо күн тарсылдап, дүңгүрөгөн үндөр чыгып, чагылгандар чартылдап, жер титиреди. 6 Анан жети сурнайы бар жети периште сурнай тартууга камынышты.

Биринчи периштенин сурнайы

7 Биринчи периште сурнайын тартканда жерге канга аралашкан мөндүр менен от жаады. Дарактардын үчтөн бир бөлүгү менен бардык көк чөп күйүп кетти.

Экинчи периштенин сурнайы

8 Экинчи периште сурнайын тартканда жалындап күйүп жаткан тоодой болгон бирдеме деңизге кулап түштү. Деңиздин үчтөн бир бөлүгү канга айланды. 9 Деңизде жашагандардын үчтөн бир бөлүгү өлдү жана кемелердин үчтөн бири кыйрады.

Үчүнчү периштенин сурнайы

10 Үчүнчү периште сурнайын тартканда шамдай күйгөн бир чоң жылдыз асмандан кулап түшүп, дарыялар менен булактардын үчтөн бирин басып калды. 11 Жылдыздын аты — Эрмен. Суулардын үчтөн бири ачуу болуп, көп адамдао ошол ачуу болуп калган суудан каза табышты.

Төртүнчү периштенин сурнайы

12 Төртүнчү периште сурнайын тартканда күндүн, айдын жана жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүнө сокку тийип, карайып кетти. Күндүз да, түндө да убакыттын үчтөн бири жарыксыз калды. 13 Карап турганымда асмандын ортосунда учуп келе жаткан бүркүттүн мындай деп кыйкырган үнү угулду: “О кокуй күн! каран күн! Калган дагы үч периштенин сурнайларынын үнү жерде жашагандардын шорун шорподой кайнатат!”

Тогузунчу бөлүм

Бешинчи периштенин сурнайы

1 Бешинчи периште сурнайын тартканда асмандан бир жылдыз жерге кулап түшкөнүн көрдүм. Жылдызга туңгуюктун көңдөйүнүн ачкычы берилди. 2 Ал туңгуюкту ачты эле чоң мештен чыккандай түтүн буралып чыкты. 3 Түтүндөн чегирткелер чыгышты жана аларга чаяндардыкындай күч-кубат берилди. 4 Аларга эч бир өсүмдүк, дарактарга зыян келтирбестен чекесинде Кудайдын мөөрү жок адамдарга гана зыян кылгыла деп айтылды. 5 Аларга адамдарды өлтүрбөстөн беш ай кыйнай турган бийлик кылынды. 6 Ошол күндөрдө адамдар өлүмдү издешет, бирок аны таба алышпайт. Өлгүсү келишет, бирок өлүм алардан качып кетет. 7 Чегирткелердин көрүнүшү согушка тапталган аттардай эле. Баштарында алтындан жасалгандай таажылар бар эле. Беттери болсо адамдардыкындай эле. 8 Чачтары аялдардыкындай, тиштери арстандардыкындай болчу, 9 кийинген зооттору темирден жасалгандай, 10 куйруктары чаяндардыкындай эле. Куйруктары менен чаян чаккандай чага алчу. Аларга беш ай бою зыян кыла турган бийлик берилди. 11 Чегирткелердин падышасы туңгуюктун периштеси эле. Аты еврейче Абаддон, грекче Аполлион. 12 Ошентип биринчи балээ өтүп кетти, бирок аркасынан дагы эки балээ келатканын көрдүм.

Алтынчы периштенин сурнайы

13-14 Алтынчы периште сурнайын тартканда Кудайдын алдында турган алтындан жасалган курмандык чалчы жайдын төрт мүйүзүнөн сурнайчан алтынчы периштеге кайрылып сүйлөгөн бир үндү уктум: 15 ошондо адамдардын үчтөн бир бөлүгүн өлтүрүү үчүн так ушул саатка, күнгө, айга жана жылга даяр турушкан төрт периште бошотулду. 16 Атчан аскерлердин саны эки жүз миллион экен. Мен алардын санын уктум. 17 Аянымдагы аттар менен чабандестердин көрүнүшү мындай болчу: алардын төшүндөгү зооттору кочкул, кара-көк, күкүрттөй сары. Аттардын башы арстандардыкындай, ооздорунан болсо түтүнгө аралаш от менен күкүрт чачырап турду. 18 Алардын оозунан чыккан ушул үч балекеттен адамдардын үчтөн бир бөлүгү өлдү. 19 Анткени аттардын күчү алардын оозу менен куйруктарында эле. Куйруктары болсо жыландарга окшоп, баштуу эле да ошол баштары менен зыян кылып жүрүштү. 20 Ушул балакеттерден өлбөй калган башка адамдар болсо кылган иштеринен дале баш тартышкан жок. Алар иблистерге жана көрө, уга, баса албаган алтындан, күмүштөн, калайдан, таштан, жыгачтан жасалган буркандарга табынганын токтотушпады. 21 Алар канкордуктарынан, сыйкырчылыктарынан, бузукулуктарынан, уурулуктарынан кайтышпады.

Онунчу бөлүм

1 Анан мен асмандан булутка чулганып түшүп келе жаткан дагы бир күчтүү периштени көрдүм. Башын көк желе ороп, бети күн сыяктуу жаркырап, буту оттуу мамылар сыяктуу эле. 2 Колунда ачылуу китеп бар эле. Ал оң бутун деңизге, сол бутун жерге койду да 3 катуу үн менен, арстандай айкырды эле жети күркүрөк күркүрөп жооп беришти. 4 Алар жооп беришкен замат жазайын деп колума калем алганымда асмандан мага: “Жазба, жети күркүрөктүн айтканын жашырып кой!” — деп сүйлөгөн үн угулду. 5 Анан деңизде жана жерде турган периште колун жогору көтөрүп, 6 түбөлүктөн түбөлүккө жашоочу, асман-жерди, деңизди жана андагынын баарын жараткан Кудайдын аты менен: “Мындан ары убакыт болбойт! 7 Жетинчи периште сурнайын тартканда Кудай өзүнүн пайгамбарларына жарыя кылган жашырын планын ишке ашырат!” — деп ант берди. 8 Анан баягы көктөн чыккан үн мага кайра сүйлөдү: “Бар, деңиз менен жерде турган периштенин колунан түрмөктү алып ач!” — деди. 9 Мен периштеге бардым да: “Мага түрмөкчөнү берчи”, — дедим. Ал мага: “Ме, же, түрмөкчө курсагыңда ачуу болот, бирок оозуңда балдай таттуу болот”, — деди. 10 Мен китепти периштенин колунан алдым да жеп жибердим. Жегенимде ал оозумда балдай таттуу болду, бирок жутуп жибергенден кийин ашказанымда ачуу болуп калды. 11 Анан периште мага кайрылып: “Көптөгөн улуттар, элдер, тилдер жана падышалар тууралуу Кудайдын кабарын сен кайрадан жарыялашың керек”, — деди.

Он биринчи бөлүм

1 Анан мага жер ченегич сыяктуу таяк берилип, мындай деген сөз айтылды: “Бар да Кудайдын ибадатканасы менен андагы курмандык чалчу жайды ченеп, ибадатканада табынып жаткандарды санап кел. 2 Бирок ибадаткананын сырткы короосун эсептебе, анткени ал каапырларга берилген. Ыйык Шаар кырк эки ай бою алардын таман алдында тепселенет. 3 Ушундан соң мен аза кийимин кийген эки жарчымды жиберем. Алар бир миң эки жүз алтымыш күн бою менин сөзүмдү жарыялашат”. 4 Алар — жер Кудайынын алдында кызмат кылып турган эки май дарагы менен эки чырак. 5 Бул эки жарчыга зыян кылгысы келген душмандарды, алардын оозунан бүркүлгөн от куйкалайт. 6 Алар Кудайдын сөзүн жарыялап жатышкан кезде жерге жамгыр жаадыртпай коюга, сууну канга айландырууга кудуреттери жетет. Ошондой эле жер бетин каалаган убагында ар кандай балээлер менен да жабырката алышат. 7 Алар Кудайдын сөзүн жар салып бүтүшкөндө туңгуюктан бир жырткыч чыга калып, аларга кол салат да өлтүрөт. 8 Ошондо алардын сөөгү өздөрүнүн Теңири да айкаш жыгачка керилип өлтүрүлгөн, каймана айтканда Содом жана Мисир деп аталган улуу шаардын көчөсүндө жатып калат. 9 Бардык эл, уруу, тил, улуттардан чыккан адамдар алардын сөөгүн сонуркап карашат, көргө койдурушпайт. 10 Жердиктердин табасы канып, бири-бирине белектерди жиберишип, жыргап-куунашат. Себеп дегенде бул эки пайгамбар абдан алардын чыкыйына тийишкен болчу. 11 Анан үч күндөн кийин бул пайгамбарлардын денесин Кудай кайра жан салып, бутуна тургузат. баягы сонургап карагандардын үрөйлөрү учуп, жаны чыгат. 12 Ошондо көктөн: “Бул жакка чыккыла”, — деген катуу добушту угушат да булут минип баягы экөө душмандарынын көзүнчө көккө көтөрүлүп кетишет. 13 Алар чыгып кетээр замат эле катуу зилзала болуп, шаардын ондон бир бөлүгү кыйрап, жети миң адам өлөт. Калган адамзат жандарынан түңүлүп, көктөгү Теңирди даңкташат. 14 Мына, экинчи балээ ушундай болуп өттү. Эми бир аздан соң үчүнчүсү келет.

Жетинчи периштенин сурнай тартышы

15 Ошентип, жетинчи периште сурнайын тартканда көктөн катуу добуштар чыгып: “Бул дүйнөнүн падышачылыгы биздин Теңирибизге жана анын Машаягына өттү. Мындан ары кылымдардан кылымга Машаяк падыша болот!” — деп жатышты. 16-18 Анан Кудайдын алдында өздөрүнүн тактыларында олтурган жыйырма төрт аксакал эт-бетинен кетишип: “Илгертен бери эле бар болгон оо кудуреттүү Алла таала, биз сага ыраазыбыз! Анткени сен азыр улуу күч-кудуретиңди колго алып, тактыга олтурдуң! Кудайсыздар кутуруп кетишкенде сенин каарың келди. Өлүктөргө сот жүргүзүп, ал эми кулдарыңа, пайгамбарларыңа, ыйыктарыңа, сенин ысмыңдан ыйбаа кылган улуу-кичүүгө сыйлык берип, жерди жабыркаткандардын ойронун чыгара турган убагың келди!” — дешип, Кудайга кулдук урушту. 19 Анан көктөгү Кудайдын ибадатканасы ачылып, ичинен осуят сандыгы көрүндү. Чагылгандар чартылдап, кабыр-кубур үндөр чыгып, күн күркүрөп, жер силкинип, катуу мөндүр cабалады.

Он экинчи бөлүм

Аял жана шайтан

1 Ушундан соң көктө бир тири укмуш көрүнүш көрүндү: бир аял күндү көйнөк кылып кийинип, айды бут алдына тепселеп, он эки жылдызды болсо таажы сымал башына коюп алыптыр. 2 Ал ай-күнү жетип, толгоо азабын жеп чаңырып жатты. 3 Аңгыча асмандан дагы бир көрүнүш көрүндү: жети баштуу, он мүйүздүү бир эбегейсиз чоң кыпкызыл ажыдаар пайда болду. Ар бир башында бирден таажычасы бар эле. 4 Ал куйругу менен жылдыздардын үчтөн бирин жерге илештирип кетти. Анан баягы төрөй турган аялдын алдына туруп алып, көз жараары менен баласын жутуп ийгенге камынды. 5 Аял эркек бала төрөдү. Ал кийин бардык элдерди темирдей катуу бийлик менен башкарат.

Периште аны ажыдарга жуткурбай лып илип кетти да Кудайга жана анын тактысына алып барды. 6 Аял болсо ээн чөлгө качты. Кудай ага ошол жактан орун даярдап, бир миң эки жүз алтымыш күн бактырмак эле. 7 Ушул арада асманда согуш жүрүп, Кудайдын баш периштелеринин бири жана анын шериктери менен ажыдаар жана анын шериктери бири-бирине чабуул коюшту. 8 Бирок да ажыдар туруштук бере албады. Ошондуктан аларга асманда калууга тыюу салынды. 9 Чоң ажыдаар, жанагы Азгыруучу же Шайтан деп аталган жана бүт ааламды алдаган байыркы жылан, бардык шериктери менен кошо ылдый кулатылды. 10 Ушундан соң асмандан бийик чыккан добуш угулду:

"Кудайыбыз куткаруучу кудуретин көрсөттү,

Кудайыбыздын падышачылыгы келди,

Кудайдын Тандаганы өзүнүн бийлигин орнотту.

Шайтан биздин адамдарыбызды

Кудай алдында күн-түн дебей айыптачу эле.

Эми ал төмөн ыргытылды!

11 Бурадарларыбыз Шайтанды

Кочкордун каны жана Кудайдын кабары менен жеңишти.

Алар өз өмүрлөрүн да берүүгө даяр болушту.

12 Асман кубансын, анда жашагандар да чогуу шаттанышсын.

Ал эми жер менен деңизге кайгы.

Анткени Азгыруучу жерге ыргытылды.

Ал убактысы аз калганы билет,

Андыктан ал абдан ачуулуу."

13 Ажыдаар ылдый, жерге ыргытылганын билгенде эркек бала төрөгөн аялга зыян кылууга жулунду. 14 Бирок аял чөлгө учуп кете алсын үчүн ага чоң бүркүттүн канаттарындай болгон кош канат берилди. Аял ал жакта жыландан кутулуп, бир мезгилге, эки мезгилге жана жарым мезгилге чейин багууда болушу керек. 15 Жылан аялды оп тартып алуу үчүн дайрадай болгон сууну бүркүп жиберди. 16 Бирок жер аялга жардам берип, ажыдардын оозунан келген сууну соруп алды. 17 Бул ажыдаардын аялга болгон каарын ого бетер кайнатты. Ошондуктан ал аялдын калган балдарына чабуул койду. Бул балдар — Кудайга баш ийгендер жана Исанын кылган иштерин улантып, анын берген таалимдеринен тайбагандар.

Он үчүнчү бөлүм

Эки жырткычтын көрүнүшү

1 Ажыдаар болсо деңиз жээгинде турду...

Бир оокумда карасам жети баштуу, он мүйүзү бар бир жырткыч деңизден чыгып келе жатыптыр. 2 Анын тулку бою сүлөөсүндүкүнө, буттары аюнукуна, ал эми оозу арстандыкына окшош экен. Ажыдаар кудуретин, тактысын жана зор бийлигин ушул жырткычка өткөрүп берди. 3 Мунун жети башынын бири мага өтө катуу жаракат алгандай көрүндү, а бирок кайра сакайып калды. Жер бетиндегилердин баары жырткычка таңданып, 4 ага өз бийлигин берген ажыдарга таазим кылышты. 5 Жырткыч текебер сүйлөп, өзүн Кудайга теңеп, кырк эки ай башчылык кылды. Кудай унчукпады. 6 Жырткыч Кудайды жана анын атын жаман сөздөр менен сөктү. Мунусу аз келгенсип, Кудайдын турагын жана аны менен бирге көктө жашоочулардын баарына тил тийгизди. 7 Ага Кудайдын ыйык адамдарына чабуул коюп, аларды басып алганга да уруксаат кылынды жана бардык уруулар менен улуттардан чыккандарды, түрлүү-түрлүү тилдерде сүйлөгөн ар кыл элдердин үстүнөн бийлик берилди. 8 Өлтүрүлгөн Кочкордун китебине аалам жаралардан мурда аттары жазылбагандардын баары жырткычка таазим кылышты.

9 Кулагың болсо угуп ал:

10 Кетчүлөр кетет туткунга,

Өлчүлөр өлөт кылычтан.

Андыктан Кудайдын ыйык адамдары көтөрүмдүү жана ишеничтүү болууга үйрөнүшү керек.

11 Ушундан соң мен дагы бир жырткычты көрдүм. Ал жерден чыгып келе жатты. Кочкордукундай кош мүйүздүү болгону менен ажыдаардай сүйлөйт экен. 12 Ал катуу жаракаты сакайып калган жырткычка кызмат кылып, анын бүт бийлигин жерди жана андагылардын баарын ошого таазим кылдырууга колдонду. 13 Укмуштарды көрсөтүп, баарынын көзүнчө көктөн от түшүргөнгө чейин барды. 14 Биринчи жырткычка кызмат кылып, бүт адамзаттын башын айлантты. Анан кылычтан катуу жаракат алып, бирок өлбөй аман калган баягы биринчи жырткычтын бурканын жасаттырды. 15 Экинчи жырткычка ошол бурканга жан киргизгидей күч берилди. Ошентип, бурканга тил бүттү.

16-17 Адамзаттын баары оң колуна же чекесине мөөр бастырууга мажбур болушту. Улуу-кичүү, бай-кедей, азат-кул дебей баары ушул мөөрдү бастырыш керек болду, антпесе эч нерсе сатып ала да, сата да албай калышмак. Бул мөөрдө болсо жанагы жырткычтын аты же анын атынын саны бар.

18 Ошол жырткычтын номурун түшүнүү үчүн акылмандык керек. Акылдуулар аны чечмелеп алышсын! Ал номур — алты жүз алтымыш алты деген сан, ал эми бул сан болсо бир инсанды билдирет.

Он төртүнчү бөлүм

Кочкор жана анын жүз кырк төрт миң үмөтү

1 Көз чаптырып карасам, Иерусалимдеги тоонун башында Кочкор туруптур. Анын өзүнүн жана Атасынын ысмы чекелерине жазылган жүз кырк төрт миң киши аны тегеректеп алган. 2 Аңгыча асмандан бир үн чыкты. Ал үн кирген суунун шоокумундай, күн тарсылдагандай, ал тургай комузчулар күү чертип жаткандай эле. 3 Анан жерден куткарылган жүз кырк төрт миң киши ак тактынын, төрт жаныбар заттын жана аксакалдардын алдында жаңы ыр ырдашты. Булардан башка эч ким ал ырды жаттай албады. 4 Булар өздөрүн таза сактап, аялдарга булганбагандар. Кочкордун артынан калбай ээрчигендер. Кудайга жана Кочкорго белек кылуу үчүн адамзаттан терилген тунгучтар. 5 Алар эч качан жалган сүйлөшпөгөн аруу адамдар. 6 Анан мен дагы башка периштени көрдүм. Ал дүйнөдөгү бардык улуттар менен урууларга, ар кандай тилдерде сүйлөгөн элдерге жакшы кабар жарыялаганы көк асмандын ортосунда учуп баратыптыр. 7 Ал мындай деп кыйкырып, жар салды: “Кудайдан ыйбаа кылып, аны урматтагыла! Бардыгы Кудай тарабынан соттоло турган убакыт келди. Асманды, жерди, мухиттерди жана бардык булактарды жараткан Кудайга таазим кылгыла!” 8 Анын артынан дагы бир периште учуп баратты. Ал мындай деп жар салды: “Улуу Вавилон шаарынын таш-талканы чыкты!” 9 Акырында үчүнчү периште жар салды: “Эгерде жырткычка жана анын бурканына табынсаңар, анын мөөрүн чекеңерге же колуңарга бастыртсаңар, 10 анда каар чынысына мелт-калт толтурулган Кудайдын каарынан жасалган шарапты ичип, ыйык периштелер менен Кочкордун алдында күйүп жаткан күкүрттүү отко куйкаланасыңар. 11 Силерди куйкалап жаткан оттун түтүнү түбөлүктөн түбөлүккө созолоно берет. Жырткычка жана анын бурканына табынгандар, анын атынын мөөрүн бастырткандардын жаны күнү-түнү эч жай албайт”.

12 Кудайдын адамдары чыдамкайлыкка үйрөнүшү керек. Алар ошондой эле Кудайдын осуяттарына баш ийип, Исага ишениши керек.

13 Анан мен асмандан: “Муну жазгын, Теңир ишенгендерге алар өлгөндө батасын берет”, — деди. Рух ага мындай жооп берди: “Ооба, алар оор эмгектеринен эс алышат, кылган мээнетинин үзүрүн көрүшөт”. 14 Анан көз салсам жапжарык булут минген бирөө көрүндү. Анын көрүнүшү Адам Уулуна Адам окшош эле. Алтын таажы кийип, колуна курч орок кармап алыптыр. 15 Анан ибадатканадан дагы башка бир периште чыкты да ага катуу добуш менен мындай деди: “Жер бетинде эгин бышып, оруу-жыюу маалы келди, ошондуктан орогуңду ишке киргиз!” 16 Булут минген неме орогун жерге шилтеди эле эшин орулду. 17 Анан көктөгү табынуучу жайдан курч орок кармаган дагы бир периште

чыкты. 18 Анын курмандык чалчу жайдан отко бийлиги жүргөн дагы башка периште чыгып курч орокчонго абдан катуу үн менен: “Жердеги жүзүм бышты! Орогуңду шилте да шиңгилдерин кесип ал!” — деди. 19 Периште жерге орогун салып, андагы жүзүмдү кесип алды да аны Кудайдын улуу каарынын ороосуна ыргытты. 20 Ороо шаардын сыртында эле. Жүзүм шиңгилдери ошол ороого ныгырылганда ороодон аткан кан ат көмөрлүк болуп, үч жүз чакырымдан ашык аралыкты басып калды.

Он бешинчи бөлүм

Акыркы балээлер

1 Ушундан соң асмандан дагы башка тири укмушту көрдүм: жети периште калган жети балээни алып келе жатыптыр. Ушул балээлер өтүп кеткен соң Кудайдын каары жанат. 2 Анан от менен жуурулушкан айнек деңиз сыяктанган бир нерсени жана анда турушкан адамдарды көрдүм. Бул адамдар жыркычты жеңип чыгып, анын бурканына табынбай жана жырткычтын атын билдирген сан басылган мөөрдү бастырбагандар. Алар Кудайдан алган комуз менен 3 Теңирдин кулу Мусанын жана Кочкордун ырын ырдашты:

"Оо, Жараткан Эгебиз,

Улуу, укмуш иштериң!

Бүт калайык калктардын,

Падышасы бир өзүң.

Кандай адил, кандай ак,

Сенин кылган иштериң.

4 Сенин улуу ысмыңды,

Урматтабас жок эч ким,

Анткени ыйык бир өзүң!

Алдыңа келип, жүгүнүп,

Табынат бүткүл жер жүзү!

Анткени адилеттигиң,

Бардыгына көрсөттүң."

5 Ушундан кийин асмандан дагы бир нерсени байкадым: ибадатканадагы ыйык чатырдын эшиги ачык туруптур. 6 Ошондон жети балээни алып келе жаткан баягы жети периште чыгып келе жатты. Периштелер аппак кийим кийип, алтын кемер курчанып алышкан. 7 Ошондо төрт жаныбар заттардын бирөөсү жети периштенин ар бирине бирден алтын чака берди. Бул чакалар болсо түбөлүктүү Кудайдын каарына толтурулган эле. 8 Ибадаткана бир заматта Кудайдын шаңы менен күчүнөн чыккан түтүнгө толуп, жети периште калган жети балээни төккүчө эч ким анын босогосун аттай албады.

Он алтынчы бөлүм

Кудайдын каары толтурулган жети чака.

1 Ибадатканадан кимдир бирөө жети периштеге: “Жөнөгүлө, Кудайдын каары толтурулган жети чаканы жерге төккүлө!” — деп катуу үн менен кыйкырды. 2 Биринчи периште чакасындагыны жерге төктү эле ошол замат баягы жырткычтын мөөрү бастырып, анын бурканына таазим кылгандардын денесине былжырап, адамдын итиркейин келтирип көрүнгөн жана сыздатып ооруткан жаралар жайнап чыкты. 3 Экинчи периште чакасындагыны деңизге төктү эле деңиз ошол замат өлгөн адамдын канындай болуп, андагылардын баары кырылды. 4 Үчүнчү периште чакадагысын дарыялар менен булактарга төктү эле алар да ошол замат канга айланышты. 5 Ушундан кийин мен сууга башчылык кылган периштенин мындй дегенин уктум: “О ыйык Кудай, сен ар дайым бар болуп келгенсиң, келечекте да түбөлүккө өмүр сүрөсүң! Жердиктерди ушундайча жазалоого сенин укугуң бар, 6 анткени алар сенин адамдарың менен кабарчыларыңдын канын төгүштү. Аларга кан ичиргениң ажеп болду. Буга алар татыктуу!”

7 Анан курмандык чалчу жай мындай деп кыйкырды: “Ооба, баарынан күчтүү Жараткан Теңирибиз, сен адилеттик менен калыс сот жүргүздүң!”

8 Төртүнчү периште чакасындагыны күнгө жаба чачты. Күн ошол замат адамдарды куйкалай баштады. 9 Бардыгы анын ысыгынан куйкаланып, ушул балээлерди токтотуп коюга бийлиги жүргөн Кудайга каргыш айтышты. Эч кимиси ага кайрылып, анын улуу экендигин даңазалашпады.

10 Бешинчи периште чакадагысын жырткычтын тактысына жаба куйду. Жырткычтын падышачылыгын караңгылык басып, андагылар жаны ооруганына чыдай албай тилдерин чайнашты. 11 Сыздаткан жараларынан улам алар көктөгү Теңирди каргап-шилешти, арам иштерин токтотушпады.

12 Алтынчы периште чакасындагысын улуу Ефрат дайрасына төктү эле ал какшып, чыгыш тараптан келе турган хандарга жол ачылды. 13 Ушундан соң ажыдаардын оозунан кур бакага окшогон бир бузуку жин чыкты. Ошондой эле бирөө жырткычтын оозунан чыкты. Дагы бирөө жалган пайгамбардын оозунан да чыкты. 14 Бул бузуку жиндердин колунан укмуштарды көрсөтүү келет экен. Алар жерди бийлеген падышалардын ар бирине барып, кудуреттүү Кудайга каршы согушка үндөдү. Бирок ал күн Кудайдын улуу жеңишинин күнү болмокчу.

15 Машаяктын айтканын эстегиле: “Менин келишим уурунун келишиндей болот. Аяр болуп, “кийимин” сак кайтаргандар бактылуу. Ошондо алар жылаңач калып, баарынын алдында шерменде болбойт”.

16 Бузуку жиндердин үгүтү менен келген аскерлер еврейче

Армагеддон аталган жерге топтолушту.

17 Ушундан соң жетинчи периштеге кезек келип, ал чакасындагыны абага чачты. Ошондо ибадатканадагы тактыдан: “Бүттү!” деген жарлык чыкты. 18 Анан чагылгандар жарк-журк этип, күн тарсылдап, адамзат тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй зилзала болду. 19 Улуу шаар Вавилон үчкө бөлүнүп, башка калктардын калаалары урандыга айланды. Кудай өзүнүн каары аралаш шарап куюлган чыныны Вавилонго ушундайча ичирди. 20 Аралдар чөгүп, тоолор жоголду. 21 Асмандан ар бири элүү килограммга чейин жеткен тобурчактар жаады. Акырында адамдар Кудайды каргай башташты, анткени тобурчактактар аларды ушунчалык катуу жабыркатып жиберди.

Он жетинчи бөлүм

Сойку жана жырткыч

1 Бошотулган жети чаканын бирин кармаган периште менин үстүмө учуп келип: “Бул жакка чыгып кел!” — деди. Көп сандаган мухиттердин үстүндө олтурган жанагы бети жок сойку-ну Кудай кандайча жазалай тургандыгын мен сага көрсөтөм. 2 Жер жүзүндөгү падышалардын баары аны менен жатып чыгыш-ты. Анын бузукулугу шарап сыяктуу болуп, жердегилердин баа-рын мас кылды”.

3 Рухтун жетеги менен периште мени чөлгө алып барды. Мен ал жактан кызыл жырткычтын үстүндө олтурган баягы аял-ды көрдүм. Жырткычтын тулку-бою Кудайды кордогон аттарга толуптур. Анын жети башы жана он мүйүзү бар экен. 4 Аял кызыл-тазыл кийим кийип, алтындан, кымбат баалуу асыл таш-тардан жана акактан жасалган билерик, сөйкөлөрдү тагынып, кулпунуп алыптыр. Колунда кир, жийиркеничтүү иштери мелт-калт болуп куюлган чыны бар экен. 5 Ал эми маңдайында: “Жер жүзүндөгү бардык ыпластык менен бузукулуктун энеси болгон атактуу Вавилон шаары!” — деген жазуу бар эле. Бул — аялдын жашыруун аты. 6 Аялдын көрүнүшүн: “Иса үчүн жанын берген Кудай адамдарынын канын ичип, мас болгон аял!” — деп сүрөт-төөр элем. Мен деңдароо болуп, аны таң кала, карап турдум. 7 “Эмне мынчалык таң калдың? — деди ошондо мага баягы периште, — бул аял жана анын астындагы жети баш, он мүйүздүү периштенин сырын мен сага ачып берем. 8 Сен көргөн жырткыч бар болчу, бирок мындан ары жок болот. Ал туңгуюктан кайра чыгат, бирок бул жолу тозокко кетиш үчүн чыгат. Аалам жаралуу доорунан мурдатан эле ысымдары өмүр китебине жазылбаган-дардын баары ага таң калып, бир кезде бар болуп, бирок мындан ары жок боло турган жырткычты сонуркап карап турушат. 9 Кимде акылмандык бар болсо мунун маанисин түшүнүп алсын. Жети баш — бул аял олтурган жети дөбө. Бул баштар ошондой эле жети падышаны да билдирет.

10 Ошол падышалардын жетөө өлдү. Бирөөсү азыр тактыда олтурат, бирөөсү али келе элек. Ал келгенде бир аз убакытка гана падышачылык кылат. 11 Сен көргөн бир кезде бар болгон, бирок мындан ары болбой турган жырткыч жогоруда айтылган жети падышанын бирин билдирет. Ал жакында сегизинчи падыша катары кайра келет, бирок өлүш үчүн келет. 12 Жети мүйүз болсо дагы башка жети падышаны билдирет. Алар али бийликке келише элек. Келишкенде жырткыч менен бирге аз эле убакыт башкарышат. 13 Ойлогон ойлору бир болуп, өздөрүнүн күчү менен бийлигин бүт бойдон жырткычтын колуна өткөрүп беришет. 14 Бул падышалар Кочкорго каршы согушка аттанышып, жеңилишет. Анткени Кочкор — теңирлердин Теңири, хандардын Ханы. Анын жолун жолдоочулар болсо тандалган, ишенимге бек адамдар. 15 Сен көргөн сойку олтурган мухиттер болсо бардык улуттардан жана тилдерден чыккан элдер. 16 Жети мүйүз менен жырткыч бул уятсыз аялды жек көрүшөт. Көйнөгүн тытып, жылаңач калтырышат. Этин тытып жеп, ичеги кардын отко ташташат. 17 Падышаларга бир ой салып, алардын бийлигин жырткычка өткөрүп берүүнү чечкен — Кудай болчу. Ошондуктан алар Кудайдын айткандары ишке ашканча бул кылган иштерин уланта беришет. 18 Сен көргөн аял — бул дүйнө жүзүндөгү бардык падышаларды башкарып турган атактуу шаар.

Он сегизинчи бөлүм

Бузуку шаардын ойрондолушу

1 Мен дагы башка бир периштенин көктөн түшкөнүн көрдүм. Ал ушунчалык күч-кудуреттүү болгондуктан, анын шаңына бүт жер жүзү жарык боло түштү. 2 Ошол периште мындай деп кыйкырды:

“Оо, ойрондолду! Кудуреттүү Вавилон ойрондолду! Жин-перилердин турагына айланды! Ар кандай кара күч менен ит-куштун уясы болуп калды! 3 Вавилондун арам шарабы бүт элдерди мас кылды! Дүйнөдөгү падышалардын баары аны менен жатып чыгышты. Бардык алып-сатарлар анын кир кумарларынан байышты”.

4 Анан мен асмандан катуу үн менен айтылган дагы башка бир үн уктум: “Оо элим, Вавилондон качкыла! Анын күнөөлөрүнө аралашып, жазасын бөлүшпөгүлө! 5 Анын күнөөлөрү үйүлгөндөн үйүлүп олтуруп, чокусу асманга жетип калды. Анын кылган жамандыктарын Кудай эстеди! 6 Ал өзгөлөргө кандай кылса, силер да анын өзүнө ошондой кылгыла! Кылган жаман иштери үчүн эки эселеп төлөткүлө! Башкаларга ичирген шарабын эки эселеп туруп, өзүнө ичиргиле! 7 Ал сайран куруп, лаззатка батты. Ошончолук шорун катырып, адебин колуна бергиле! Ичинен: “Мен Ханышамын! Жесир эмесмин! Эч качан азап-кайгы дегенди билбейм!’ дегени үчүн 8 ал бир күнү

азапка башы малынат! Ачарчылыктан жабыркап, ажалга кабылат! Анын өлүк денеси отко салынат, анткени анын соттоочусу — кудуреттүү Жараткан Теңир”.

9 Аны менен жатып чыккан жана лаззатка баткан падышалардын баары боздошот. Анын өрттөнгөн тарпынан быкшыган түтүндү көрүшкөндө өңгүрөшөт. 10 Анын азаптарынан үрөйлөрү учуп: “О улуу шаар сага не болду!? Бир саатта жазаланып, ойрондолдуңбу!?” — деп оолактан карап турушат.

11 Ааламдагы алып-сатарлардын баары шолоктошот, анткени эми мындан ары анын товарларын эч ким сатып албайт. 12 Анын алтынын, күмүшүн, берметтерин, акактарын, ак шайы-ларын, кызыл кездемелерин, жибегин, кызыл-тазыл кийимдерин, жыпар жыттуу чөптөрүн, пил сөөгү менен жыгачтан, калай, темир, мармардан жасалган зергер буюмдарын, 13 атыр, эндик-упа, бет майларын, ичимдиктерин, оливка майларын, унун, буудайын, уй, кой, жылкыларын, арабаларын, кулдарын, ал тургай адамдарынын жандарын эч ким сатып албайт.

14 О Вавилон, көңүлүң көксөгөндүн баары сенден качып кетти! Бардык жыргалыңан, лаззаттарыңан, атак-даңкыңан биротоло кол жуудуң! Эми эч качан аларды кайрадан таба албайсың!”

15 Анын аркасы менен байлыкка тунган соодагерлер эми анын азабын көрүп, үрөйлөрү учту. Боздоп ыйлап, алыстан карап турушту. Анан мындай деп катуу үн менен кошок айтышты:

16 "Кызыл-тазыл кийинип,

Алтындарың жаркылдап,

Акак, бермет тагынып,

Алчактаган шаар элең.

Абалың зээнди кейитип,

Армандуу күнгө туш болдуң!

17 А кокуй күн, каран күн,

Алеки саатын ичинде,

Ар байлыктан кол жууп,

Азаптуу күнгө туш болдуң!"

18 Анын үстүнөн чыгып жаткан түтүндү көрүшкөндө: “Бул улуу шаардай шаар мурда эч качан болгон эмес!” — деп үшкүрүнүштү. 19 Анан өңгүрөп ыйлап, баштарына күл чачып, мындай дешти:

"О кокуй күн, каран күн,

О Вавилон — улуу шаар,

Шорго башың малынды!

Деңизден деңизге сүзүп,

Соода кылгандын баары,

Байлыгыңдан байычу.

А бирок, алеки сааттын ичинде,

Айрылдың го баарынан!"

20 “О Көк, буга сен кубангын! О Кудайдын адамдары, элчилери жана пайгамбарлары, буга шаттангыла! Силерге кылган бардык жамандыктары үчүн Кудай аны жазалады!”

21 Анан бир күчтүү периште килейген ташты алды да аны деңизге ыргытып жиберди. “Мына, улуу шаар Вавилон ушундай болуп, ыргытылат да эч качан кайра мурдагы калыбына келбейт. 22 Эми эч качан анда арфа чертилбейи, ыр ырдалбайт, чоор тартылбайт, сурнай жаңырбайт. Эч качан ал шаарга ишкерлер дүкөндөрүн ачышпайт. Ун тартылган тегирмендердин жаагы

түбөлүккө жап болот. 23 Эч качан анда шам жагылбайт, жубайлар бири-бирине ант беришпейт. Анын соодагерлери бүт жер жүзүн бийлеп турушчу эле. Ал сыйкырчылыгы менен баардык калктардын башын айланткан болчу. 24 Анын көчөлөрү Кудайдын адамдарынын, пайгамбарларынын жана башка бардык өлтүрүлгөндөрдүн канына суугарылган эле”.

Он тогузунчу бөлүм

Кудайды мактагандар

1 Ушундан кийин көптөгөн адамдардын кыйкырып жаткандай үн уктум. Алар мындай деп жатышты:

"Теңирге шүгүр!

Кудайыбыз куткарууга кудуреттүү!

2 Анткени ал адилет жана ак Сот.

Жанагы жийиркеничтүү сойку

өзүнүн шерменделиги менен жер жүзүн бузду.

Ошондуктан Кудай аны жазалады.

Кулдарынын кунун төлөттү".

3 Анан баягы адамдар мындай деп кыйкырышты: “Теңирге шүгүр! Бул сойкунун өрттөнгөн денесинен чыккан түтүн эч басылбайт!”

4 Ушундан соң жыйырма төрт аксакал менен жети жаныбар зат Кудайдын тактысынын алдына чөгөлөп, ага жүгүнүштү. Алар: “Оомийин, Кудайга даңк!” — дешти.

Кочкордун үйлөнүү тою

5 Тактыдан чыккан үн мындай деди:

"Эй, Кудайыбызга табынып, андан ыйбаа кылгандар! Ким болгонуңарга карабай ага мактоо айткыла!"

6 Анан көп адамдардын кыйкырыгы, шаркыратманын шаркыраганы, күндүн күркүрөгөнү — баары бир убакта чыккандай болгон үндү уктум. Ал:

“Теңирге шүгүр!

Биздин Жараткан Эгебиз баарынан кудуреттүү!

Ал азыр тактысына олтурду!

7 Ошондуктан кубаналы, жыргайлы,

Ага мактоо айталы.

Кочкордун үйлөнүү тою башталды,

Анын колуктусу даяр.

8 Ага жаркыраган ак шайы, аземи кийим берилет”.

Аземи кийим — бул Кудай адамдары кылган жакшы иштер.

9 “Муну жаз! Кочкордун үйлөнүү тоюна чакырылгандар бактылуу, — деди мага периште, — Кудайдын айткан бул айткандары акыйкат”.

10 Мен периштенин бутуна жыгылып, жүгүнө баштадым. Ошондо периште мени тыйып: “Кой, токтот мунуңду! Мен сен сыяктуу жана Иса тууралуу кабар жарыялашкан башкалар сыяктуу эле Кудайдын кызматчысымын. Иса тууралуу күбөлүк айткандардын баары Кудайдын Деми менен сүйлөшөт. Ошондуктан Кудайдан башка эч кимге табынба”, — деди.

Ак боз ат минген Бирөө

11 Көз чаптырып карасам, асман ачылып, ак боз ат минген бирөө көрүндү. Атчандын ысмы “Ишенимдүү жана Акыйкат” дегенди билдирет экен. Анын чыгарган өкүмү да сонун, согушка аттанганы да ажайып. 12 Көзү от жалынындай күйүп, башына көптөгөн таажы кийип алыптыр. Анын жазылуу аты бар экен, бирок маанисин өзүнөн башка эч ким билбейт. 13 Чапаны канга малынган анын аты “Кудайдын Сөзү”. 14 Анын артынан ак боз ат минген, таза кездемеден жасалган ак кийим кийген кошуун келатты. 15 Анын оозунан жер бетиндеги улуттарга каршы согуш ача турган канжар чыкты. Аларды темир таяк менен кайтарып, шиңгилдерин шире сыга турган ороого тепселетип, кудуреттүү Кудай тааланын каарын көрсөтөт. 16 Анын чапанында жана чапанынын өңүрүндө: “Хандардын Ханы, өкүмдарлардын Өкүмдары!” — деген жазуу бар.

17 Ушундан соң күндүн үстүндө турган бир периштеге көзүм кадалды. Ал учуп бараткан канаттуу куштарга мындай деп кыйкырды:

18 “Келгиле, Кудайдын маараке тоюна катышкыла! Хандардын, башкаруучулардын, жетекчилердин, аттардын, атчандардын, кулдардын, чоңдордун жана башкаларын этин жегиле”.

19 Ошондой эле жанагы жырткычты жана дүйнө жүзүндөгү элдердин хандарынын баарынын чогулуп турганын көрдүм. Алар ак боз атчан менен анын колуна каршы согушту. 20 Бирок, жырткыч да, баягы жалган пайгамбар да жеңилип, туткунга түштү. Бул жалган пайгамбар жырткычтын мөөрүн бастырып, анын бурканына табындырыш үчүн жырткычтын алдында укмуштарды көрсөтүп, баарынын көзүн боёгон эле. Азыр болсо жырткыч да, бул жалган пайгамбар да күйүп жаткан күкүрт көлгө ыргытылды. 21 Алардын калган колу ак боз атчандын оозунан чыккан канжардан өлүп, тарптары ит-кушка жем болду.

Жыйырманчы бөлүм

Машаяктын миң жылдык бийлиги

1 Мен периштенин асмандан түшүп келгенин көрдүм. Колунда туңгуюктун ачкычы менен олчойгон чынжыр бар экен. 2 Анан ал ажыдаарды миң жылга байлап салды. Бул баягы иблис жана Шайтан аталган карт жыландын өзү. 3 Анан периште ажыдаарды туңгуюкка ыргытып жиберди. Ажыдаар кайрадан элдин башын айланткыча миң жыл өтүп кетсин үчүн, периште туңгуюктун оозун кулпулап туруп, мөөр басып бекитип койду. Андан кийин ал дагы бир аз убакытка бошотулууга тийиш.

4 Анан мен тактыларды көрдүм. Анда олтургандар сот жүргүзүүгө бийлиги барлар эле. Ошондой эле Иса тууралуу айткандары үчүн жана Кудайдын кабарын таратышкандыгы үчүн өлтүрүлгөндөрдүн жандарын көрдүм. Алар жырткычка, же анын бурканына табынбагандар жана жырткычтын мөөрүн колуна же маңдайына бастырбагандар эле. Алар кайра тирилип, Машаяк мменен бирге миң жыл бийлик жүргүзүшөт.

5 Ушул адамдар биринчилерден болуп кайра тирилишет. Алар Кудайдын өзгөчө батасын алган, ыйык адамдар. Алардын үстүнөн экинчи өлүм өкүмү жүрбөйт. Алар Кудайдын жана Машаяктын диний кызматкерлери катары алар менен бирдикте миң жыл бийлик жүргүзүшөт.

6 Башка өлүктөр миң жыл өткүчө кайра тирилишпеди.

Шайтандын биротоло жеңилиши

7 Миң жыл өткөн соң Шайтан бошотулат. 8 Ал жердин тээ четинде жашаган Ажуж-Мажуждардын мамлекетин алдап, аларды согушка алып чыгат. Алардын жолун жолдогондордун саны көл жээгиндеги кумдай санаса сан жеткис көп болот. 9 Алар жер жүзүн аралап өтүп, Кудай адамдарынын айылы менен сүйүктүү шаарын курчоого алышат. Бирок, асмандан от түшүп, алардын колун толугу менен талкалайт. 10 Анан алардын башын айланткан иблис отко оронуп, күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылат. Иблис мурда ыргытылган жырткыч менен жалган пайгамбарлардын тагдырын бөлүшүп, күн түн дебей, түбөлүккө шору шорподой кайнайт.

Акыркы сот

11 Мен абдан чоң ак тактыны көрдүм. Анда кимдир бирөө олтуруптур. Жер менен асман анын көзүнөн көрүнбөөгө далбасташты, бирок жашынууга жай таба алышпады. 12 Мен ошондой эле бардык маркумдардын ошол ак тактынын алдында турганын көрдүм. Мурда ким болгону айырмасыз, иши кылып, адам атпайдын баары ошол жерде турушту. Аңгыча бир нече китептер ачылды. Ошондой эле өмүр китеби да ачылды. Өлгөндөр ошол китептерде жазылган иштерине жараша соттолду.

13 Деңиз өзүнүн ичиндеги өлүктөрдү чыгарып берди, өлүм менен анын дүйнөсү да өзүндөгү өлүктөрдү ошентти. Ар бир өлүк кылган иши боюнча соттолду. 14 Анан өлүм менен анын дүйнөсү оттуу көлгө ыргытылды. Бул экинчи өлүм. 15 Ысымдары өмүр китебинде жазылбагандардын баары оттуу көлгө ыргытылды.

Жыйырма биринчи бөлүм

Жаңы асман жана жаңы жер

1 Мен жаңы асман менен жаңы жерди көрдүм. Мурдагы асман менен жер жок болду. Деңиз да ошондой болду. 2 Анан мен ыйык шаар — Жаңы Иерусалимдин көктөн түшүп келатканын көрдүм.

3 Анан тактыдан бирөө бийик үн менен мындай деди: “Кудайдын боз үйү мындан ары анын адамдары менен бирге болот. Кудай алар менен бир жашап, аларды өзүнө таандык эл кылат. Ооба, Кудай өзүнүн ак өргөөсүнөз элинин арасына тигет. 4 Алардын көз жашын сүртөт. Өлүм-житим, азап-кайгы, ыйлоо, сыздоо деген болбойт. Мурда болгон нерселердин баары өтүп кетет”.

5 Ошондо тактыда олтурган мындай деди: “Мен баарын жаңыдан кайра жаратып жатам. Мен айткандарды жазып кой, алар чын жана ишенимдүү. 6 Баары орундалды! Мен Альфа жана Омегамын, Биринчи жана Акыркымын! Суусагандардын баарына мүрөктүн суусун бекер берем. 7 Ушул белектерди жеңип чыккандардын баарына берем жана мен алардын Кудайы болом, алар болсо менин уулдарым болушат. 8 Ал эми суу жүрөктөр, ишенимсиздер, кара ниеттер, киши өлтүргүчтөр, аягы суюктар, сыйкырчылар, бутпарастар, калпычылар отко оронуп, күйүп жаткан күкүрт көлгө ыргытылат. Экинчи өлүм ушул”.

Ыйык Шаар

9 Мен акыркы жети балээ толтурулган чакаларды кармаган жети периштенин бирин көрдүм. Ал мага келди да: “Бери чыгып кел, сага Кочкордун колуктусун көрсөтөйүн”, — деди. 10 Ошондо ал мени Кудайдын Рухунун жардамы менен абдан бийик залкар тоонун чокусуна чыгарды. Анан асмандагы Кудайдан түшүп келаткан ыйык шаар — Иерусалимди көрсөттү.

11 Кудайдын шаңы аны жаркыратып, акак таш сымал туптунук кылып турган эле. 12 Шаардын дубалы бийик жана жазы экен. Анда он эки дарбаза болуп, ар бирин бирден периште кайтарып турду. Дарбазалардын ар биринде Исраилдин он эки уруусунун бир аты жазылуу. 13 Дарбазалардын үчөөсү чыгыш тарапта, үчөөсү түндүк тарапта, үчөөсү түштүк тарапта, үчөөсү батыш тарапта орун алган. 14 Шаар он эки пайдубалдын үстүнө курулуптур. Ар бир пайдубалга Кочкордун он эки элчисинин бирөөсүнүн аты жазылыптыр.

15 Мага сүйлөгөн периштенин колунда алтындан жасалган ченегичти көрдүм. Бул ченегич менен ал шаарды, анын дарбазаларын жана сепилин ченеши керек болчу. 16 Шаардын узун-туурасы бирдей төрт бурчтук формасында эле. Периште ченегичи менен ченеп чыкты эле узуну, туурасы, бийиктиги үч миң чакырымдай болду. 17 Шаардын сепили болсо жетимиш метрдей чыкты. 18 Сепилдин материалы яшмадан, шаардын өзү айнектей тунук таптаза алтындан салыныптыр. 19 Он эки пайдубалдын ар бири асыл таштан жасалган эле. Биринчиси тунук яшмадан, экинчиси көк сапфирден, үчүнчүсү агыш халкедондон, төртүнчүсү жашыл зымырыттан, 20 бешинчиси кыпкызыл сардоникстен, алтынчысы кызыл-жашыл нур чачып, жылтылдап турган акак таштан, жетинчиси саргыч кварцтан, сегизинчиси көгүлтүр бериллден, тогузунчусу сары топаздан, онунчусу алтындын түсүнө окшогон кымбат баалуу таштан, он биринчиси көгүш хиацинттен, он экинчиси көпкөк аметисттен экен. 21 Он эки дарбазанын ар бири чылк берметтен, шаардын көчөлөрү күзгүдөй тунук, таза алтындан жасалыптыр.

22 Ал жактан ибадаткана көзүмө урунбады. Анткени шаар-дын ибадатканасы — баарынын улуу Жараткан Эгенин өзү менен Кочкор. 23 Шаар күнгө да, айга да муктаж эмес экен. 24 Элдер ошол шаардын жарыгында жашап, падышалар өздөрүнүн байлыгын алып келишет. 25 Шаардын дарбазалары дайыма ачык турат экен, анткени ал жакта түн болбойт экен. 26 Элдердин кооз, улуу мурастары ошол жакка алып келинет. 27 Ал эми эч бир арамдык ал жакка киргизилбейт. Кара ниеттер менен калпычыларга ал жактан орун жок. Ал жакта Кочкордун Өмүр Китебине аты жазылгандар гана жашайт.

Жыйырма экинчи бөлүм

Мүрөктүн суусу

1 Периште мага бир таптаза дарыяны көрсөттү. Дарыянын суусу өмүр берет экен. Ал Кудай менен Кочкор олтурган тактыдан агып чыгып, 2 шаардын борбордук көчөсүнүн кап ортосуна куюлуп жатты. Дарыянын эки тарабында тең дарактар өсүп турду. Алар жылдын ар айында ар түрдүү жемиш берет экен. Ал эми жемиштери болсо өмүр берет экен да жалбырактары элдерди айыктыра турган дары катары колдонулат экен.

3-4 Ал шаардын эли каргыштан биротоло арылат, анткени алардын Падышасы Кудай менен Кочкор болот. Алар Кудайга табынышып, аны көрүшөт. Алардын чекелеринде Кудайдын аты жазылуу болот. 5 Эч качан түн кирбейт, эч ким чыракка же күнгө муктаж болбойт. Жараткан Эгенин өзү алардын жарыгы болуп, түбөлүктөн түбөлүккө падышачылык кылышат.

Машаяктын келиши

6 Ушундан соң периште мага дагы мындай деди: “Бул айткандарым акыйкат. Жараткан Эгебиз өз пайгамбарларынын рухун башкарып турат. Чукул арада боло турган нерселерди өз өз кулдарына ачып берүү үчүн периштесин жиберген ошол. 7 Эсиңде болсун, мен жакын арада келем! Бул китептеги кабарга кулак төшөгөндөр бактылуу”.

8 Бул аяндарды өз кулагым менен угуп, өз көзүм менен көргөн соң мен, Жахан, чөк түштүм да, мага ушуларды көрсөткөн периштенин алдына жүзтөмөндөп куладым. 9 Ошондо периште мага мындай деди: “Кой, минтпе! Мен деле сен сыяктуу Кудай-дын кулумун. Сенин бурадарларың, же пайгамбарлар, же бул ки-тепте жазылгандарга моюн сунган башка бирөөлөр сыяктуу эле-мин. Сен Кудайга таазим кылышың керек. 10 Бул китепте жазыл-ган кабарларды жашырба. Жакында алар ишке ашат. 11 Жамандар жамандыктарын уланта беришет, кара ниеттер арам ойлорун ток-тотушпайт. Жакшылар болсо жакшылык иштерин токтотушпайт, ыйыктар ыйык бойдон кала беришет”.

12 Анан мага дагы мындай деди: “Мен жакын арада келем! Ошондо ар ким кылган ишине жараша тиешелүү энчисин алат. 13 Мен Альфа жана Омегамын, Биринчи жана Акыркымын. 14 Өз “кийимин” жууп алгандар бактылуу. Алардын баары өмүр берүү-чү дарактан жегенге укуктуу болушат жана жанагы шаардын дар-базасынан кире алышат. 15 Ал эми шаардын сыртында болсо ит-тер, сыйкырчылар, адепсиздер, бутпарастар, жалган сүйлөп, на-туура иштерди айткандардын баары тең сыртта калат. 16 Ушулардын баарын Жамааттарга айтып, силерге маалып кылуу үчүн мен, Иса, силерге периштемди жөнөттүм. Мен Дөөт-түн атактуу Тукумумун жана Таңкы Жылдызмын”.

17 Ыйык Рух жана Колукту: “Ооба, кел!” — дешет.

Муну уккандардын баары: “Кел!” — дешсин.

Эгер чындыкка суусаган болсоңуз, анда сиз да келиңиз! Мүрөктүн суусун ичкиңиз келсе, тартынбаңыз! Келиңиз да алыңыз! Ал бекер берилет!

18 Бул китептеги пайгамбардык сөздөрдү уккандарга бир эскертүүм бар: Эгерде кимде ким бул китептеги пайгамбарчылык сөзгө бир нерсе кошо турган болсо, анда ушул китепте жазылган балээлер анын башына келет. 19 Эгерде кимде ким бул китептеги пайгамбардык сөздөрдөн бир нерсе алып таштай турган болсо, анда ал бул китепте жазылган өмүр берүүчү дарактын мөмөсүн жегенге жана ыйык шаарга кирүүгө берилген укуктан айрылат.

20 Ушул сөздөрдүн ээси: “Мен жакында келем!” — дейт.

Оозуңа май, Теңири Иса, тезирээк келегөр!

21 Теңири Иса баарыңарга ырайым кылса экен!