Забур

Забур — бул 150 дөй ыр кирген жыйнак-китеп. Көпчүлүгү Дөөт (Даут) падышага ыйгарылат. Анын койчу болуп жүргөн кезинен тартып, падышалык такта отуруп өмүр сүргөн кездеги жараткан ырлары кирет бул китепке. Мындагы ырлардын рухий мааниси абдан терең келип, адам жашоосундагы ар кандай жагдайларда жаралып, өтө эмоционалдуу, бийик маанайда жазылган. Кыйынчылык тооруп, душмандардын кысымында калганда жазылган ырлар, Кудайга зарлап, жардам сурап жазылган ырлар, жеңишке жетип, кубанычтан шаттанып жазылган ырлар, Кудайды мактап, даңазалоо ырлары, ошону менен катар эле келечекти алдын ала көрө билүү деңгээлине чейин жеткен пайгамбарчылык ырлары бар. Забур көп жылдар бою Исраил элинин диний жашоосунда колдонулуп, ибадатканада ырдалып келет. Ошону менен катар эле Забур китеби Куранда аталган мусулмандардын негизги ыйык китептеринин бири эсептелет.

1-ыр

Арсыздардын жыйынына барбаган,

Адашкандар баскан жолдо турбаган,

Адепсиздер менен бирге олтурбаган,

Алланын айтканына моюн сунган,

Ар убак аны эсинен чыгарбаган,

Ак баталуу ушундай кылган адам.

Дарыянын боюнда өсүп турган,

Дайыма жемиштерин берип турган,

Дегеле жалбырагы соолубаган,

Даракка окшош болот мындай адам.

Деги койчу, кандай ишке киришпесин,

Дайыма ийгиликтен арылбаган.

Ал эми ыймансыздар болбойт андай,

Ар дайым бырыксышат учкан чаңдай,

Андыктан сот күнүндө тура алышпайт,

Адилдердин жыйынында боло алышпайт.

Анткени адилдерди Теңир сактайт,

Ал эми адепсиздер ойрон болот.

2-ыр

Эмне үчүн элдер ээлигип,

Болбогон ойду ойлошот?

Өкүмдарлар биригип,

Теңирге каршы чыгышат?

Эгебиз шайлаган Уулду,

Эмне үчүн алар тоотпойт?

“Кишендерин талкалап,

Чынжырларын үзөбүз,

Бийлигинен бошонуп,

Каалагандай жүрөбүз”.

Мындай мылжың ойлорун,

Көктөгү Теңир бүт билет.

Тагынан төмөн көз салып,

Аларды шылдыңдап күлөт.

Анан өңү сурданат,

Кабагын бүркүп, эскертет,

Ошондо хандар титирейт,

Анткени ал мындай дейт:

“Ыйык Тоомдун үстүндө,

Падышамды шайладым.

Теңир Тоонун үстүндө,

Машаякты тандадым”.

“Мен, — дейт анда Падыша,

— Теңирдин сөзүн жар салам,

Ал мага айтты мындай деп:

“Бүгүн мен сени туудурдум,

Сен менин сүйгөн Уулумсуң.

Жердеги бардык элдерди,

Берейин сага сурагын.

Темир таягың менен,

Карападай талкалап,

Багынтасың бардыгын.’”

Андыктан силер, эй,хандар,

Эсиңерге келгиле!

Бул дүйнөнүн чоңдору,

Бул сөздү дилге илгиле!

Ыйбаа кылып Теңирден,

Ага кызмат кылгыла.

Кудайдан коркуп, калтырап,

Алдында тизе бүккүлө.

Уулду урматтагыла,

Антпесеңер силерге,

Каарын төгүп жакында,

Баарыңарды кыйратат.

Башпаана издеп Теңирден,

Баргандар ага бактылуу.

Аларды коргоп, балээден,

Ак батасын мол берет.

15-ыр

Оо Жараткан Кудайым,

Ыйыксың да тазасың.

Кимге буруп ырайың,

Кимди кабыл аласың?

Ала жипти аттабай

Сага толук баш ийген

Кир сөз оозунан чыкпай

Сага ишенген ак дилден,

Ушак-айың айтпаган,

Жалган жалаа жаппаган,

Бирөөгө каршы айтылган

Уу сөздү кабыл албаган.

Сени танган, мерезге

Кошулбастан жек көргөн.

Сенден корккон пендеге

Тилектеш болуп, чын сүйгөн.

Айтканына бек турган,

Дегендерин аткарган.

Зыян тартар болсо да

Убададан кайтпаган.

Акча деген сөз укса

Эт бетинен кетпеген

Бирөө зар болуп турса

Пайда үчүн гана бербеген.

Жең ичинен сүйлөшүп,

Чындыкка көө жаппаган.

Акты каралаш үчүн,

Сотто пара албаган.

Ушундай кылып жашаган

Эч качан тайбайт жолунан.

Жараткан дайым жар болот,

Иши чыгып оңунан.

19-ыр

Башыңа мүшкүл иш түшсө,

Эгем зарыңды уксун!

Азирети Жакыптын

Кудайы башпаанаң болсун!

Ылайым ыйык үйүнөн

Жардам сага жиберсин!

Касиеттүү тоосунан

Колдоо сага жиберсин!

Чалган курмандыктарың

Эсине түшсүн Эгемдин.

Көңүлүнө куп келип,

Ыраазы болсун ылайым.

Тилегиңе жеткирсин.

Ушулардын бардыгын

Кудай сага бергенде

Сүйүнүп ыр ырдайбыз.

Жараткандын ысмына

Тууну көкөлөтөбүз.

Эмнени самаган болсоң

Берсе экен Эгем ылайым.

Тандап алган адамын,

Эгемдин сактап тураарын,

Эми мен чындап түшүндүм.

Кубаттуу колу куткарат,

Асмандан ага жооп берет.

Мактанышат кээ бирлер:

“Арабабыз мыкты” деп,

Мактанышат кээ бирлер:

“Аттарыбыз мыкты” деп,

А биздин мактанганыбыз —

Жараткан Ээбиздин ысмы.

Эми кара, тигилер,

Турбас болуп, кыйрашты.

Биз болсок башты көтөрдүк,

Былк этпейбиз, эми биз.

Оо Жараткан Кудайым

Падышаңды сактайгөр.

Зарлап турса кулдарың,

Аларга жооп берегөр.

21-бөлүм

Кудайым ай, Кудайым!

Калтырдың мени сен неге?

“Куткар” деп зарласам укпай,

Алыстап кеттиң сен неге?

Жүзүңдү бурдуң сен неге?

Кудайым ай, Кудайым!

Күндүз зарлап, жалынам,

А бирок такыр укпайсың.

Түндө боздоп, кыйкырам,

А бирок жообуң укпаймын.

Мактап ырдаган элдин,

Арасында жашаган,

Ата-бабам бел байлап,

Ар балээден кутулган,

Касиеттүү Ыйыгым.

Илгери аталарыбыз,

Каран түнгө кабылса,

Жардам сурап, жалынса,

Куткарчусуң ар дайым,

Калышчу эмес уятка.

Эми мени карачы,

Адам эмей курт болдум.

Элдин шылдыңдаганы,

Жек көргөнү мен болдум:

“Ишенчү эле Кудайга,

Бошотсунчу, кана эми!

Жакса эгер Кудайга,

Куткарсынчы, кана!”- деп,

Жебирешип, мазактайт,

Карап турган калайык.

Оо Жараткан Теңирим,

Жалгыз сенде үмүтүм.

Эмчектеги кезимден,

Кам көргөнсүң мен үчүн,

Сенсиң багаар-көрөөрүм.

Туулгандан сага арналгам.

Курсактан эле Эгемсиң,

Эми кетпечи менден

Карачы, азабым жакын,

Жалгыз сен менин жардамчым.

Топураган букалар,

Сүлкүлдөшүп, камалап,

Туш-тушумдан кысышып,

Курчоого алып алышты.

Ач арстандай ырылдап,

Араандарын ачышты.

Шайым ооп алсырап,

Күчүм суудай төгүлдү,

Сөөктөрүм чачылды.

Кайратымдан дайын жок

Эрип кеттим желимдей.

Какшыган чоподой болуп,

Алым кетип, шалдайдым.

Тилим кургап, кайрылып,

Алкымыма тыгылды.

Ажалдын топон чаңына,

Калтырдың эми кантейин.

Дөбөттөр курчап алышты,

Кара ниет, таш боорлор,

Колу-бутум көзөштү.

Он эки мүчөм ажырап,

Сөөктөрүм саналат.

А тигилер карачы,

Тамаша кылып турушат.

Мени менен иши жок,

Чүчү кулак кармашып,

Кийимим бөлүп жатышат.

Оо Эгем, мени таштаба!

Оо Кубатым, шашагөр,

Өзүң мага жардамга.

Дөбөттөрдүн колунан,

Асыл жаным куткарчы.

Арылдаган жырткычтын

Араанынан сактачы.

Сүлкүлдөгөн буканын

Мүйүзүнөн сактачы.

Боордошторума барып,

Топ жыйында мактайын,

Атыңды даңазалайын.

Эй, уккула баарыңар!

Кудайдан корккон пенделер,

Даңктагыла Кудайды!

Жакыптын укум-тукуму,

Даңктагыла Кудайды!

Исрайылдын балдары,

Кудайдан ыйбаа кылгыла!

Мүңкүрөп, азап чеккендин,

Муң-зарын Кудай укканда

Четке кагып, жек көрбөйт,

Андайдан жүзүн жашырбайт.

Оо Жараткан Теңирим!

Топ жыйында сайраган,

Мактоо ырларымда-сен.

Эй, Кудайдан корккондор!

Шерттеримди аткарып,

Курмандыкка мал соем!

Кедейлер келип, тоюшсун.

Эй, уккула баарыңар,

Кудайды издеп жүргөндөр!

Мактагыла Теңирди!

Кылымдардан кылымга,

Кудайдан корккон жүрөктөр

Жашай берсин түбөлүк.

Төгөрөктүн төрт бурчу,

Эсине салсын Ээсин,

Кайрылып ага келишсин!

Оо Эгем сенин алдыңда,

Жамы каапыр уруулар

Баш ийип, таазим этишсин!

Себеби бардык калктардын,

Бийлөөчүсү-Жараткан!

Кудайга атап мал сойдум,

Ооз тийгиле баарыңар,

Кудайга таазим эткиле!

Топуракка айланчу,

Эй, пенделер, баарыңар,

Эгеме тизе бүккүлө!

А менин урук-тукумум,

Эгеме кызмат кылышат.

Келечекте урпактар,

Кудайды таанып калышат.

Төрөлө турган жандарга

Кудайдын адилеттигин,

Анын кылган иштерин,

Жар салып, даңазалашат.