Паулос элчинин Филипиядагы машаяктарга жазган каты

Кириш сөз

Паулос элчинин түрмөдө олтурганда жазган бул каты боордошторунан келген акчалай жардамга ыраазычылык келтирип, аларды чыйралтып, жубатайын деген максатты көздөйт. Машаяктын падышачылыгынын башкы Мыйзамы — бул боордоштук Сүйүү экендигин айтат.

Кат башы

(1:1-2)

Машаяк Исанын кызматкерлери Паулос менен Тимотеостон Филиппиядагы бардык Машаяк Исанын үмөттөрүнө, анын арасында жамаат аксакалдары менен алардын жардамчыларына...

Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк баарыңарга ырайым кылып, ынтымак берсин.

Ыраазычылык

(1:3-11)

Силерди эстеген сайын Кудайыма ыраазычылыгымды айтам. Ар дайым баарыңар үчүн сыйынганымда, кубанычка бөлөнөм. Анткени тээ башынан ушул күнгө чейин силер мени менен кызматташ болуп келдиңер. Ошондуктан силерде жакшы ишти баштаган Кудай, Машаяк Исанын кайта келе турган күнүнө чейин өтөсүнө чыгарына мен терең ишенем.

Андыктан сүйүүңөрдүн ашып-ташып, таза билим менен жеткилең акыйкатка жуурулушуп өсө бериши үчүн сыйынам. Ошондо эмненин жакшы экенин ажырата билип, Машаяктын кайтып келген күнүндө бардык булганыч менен кемчиликтерден таза болосуңар. Жашооңор Кудайдын даңкын чыгарып, зоболосун көтөрө турган, Иса Машаяктан гана келе турган адилеттүүлүктүн жемиштерине толот.

Паулостун жакшы кабар таратканы үчүн тарткан азабы

(1:12-30)

Боордошторум, менин башыман кечиргендерим Кудайдын кабарынын жакшы тарашына гана түрткү болгонун билишиңерди каалар элем. Анткени менин Машаяк үчүн түрмөдө жатканым ак сарайдагылар менен башкалардын баарына маалым болду. Көптөгөн боордошторумду Кудайдын кабарын кайрат менен коркпостон жарыялаганга чыйралтты. Албетте, алардын кээ бири көрө албастык менен атаандашчылдыктан улам үгүт таратып жүрүшөт. А бирок чын жүрөктөн ак ниет менен тараткандары да бар. Булар жакшы кабарды жактаганым үчүн түрмөгө түшкөнүмдү билип,

сүйүүнүн негизинде үгүт жүргүзүшсө, тигилер чын жүрөктөн эмес, өз кызыкчылыгын көздөп, түрмөдө жаткан мени кыйнайын деген ниет менен үгүт жүргүзүшүүдө. А бирок айырмасы канча! Ак ниеттенби же жокпу, кандай жол менен болсо да Машаяктын жарыяланып жатканы маанилүү. Мен ошого кубанам жана кубана бермекчимин! Анткени мен билем: силердин сыйынууларыңар менен Исанын Руху берген жардам мени боштондукка чыгарат. Жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү эңсөөм менен үмүтүм — эч качан мойнумдагы милдетти аткара албай калбай, уят болбой, ар дайым (айрыкча азыр) кайратыман кайтпай, тирүү болсом да, өлсөм да бүткүл турпатым менен Машаяктын зоболосун көтөрүү.

Деги өмүр деген бул өзү эмне? Мен үчүн өмүр — бул Машаяк, ал эми өлүм болсо — утуш. Бирок эгер тирүү болсом, анда дагы көбүрөөк үзүрлүү иш кылам. Демек, кайсынысын тандашым керек? Билбейм! Эки нерсени кармап, кайда барарымды билбей башым маң. Бул жашоодон кетип, Машаяк менен болуу мен үчүн алда канча жакшы дечи, бирок силер үчүн тирүү болуп турушум андан да маанилүүрөөк. Ооба, мен буга терең ишенем, ошондуктан дагы өмүр сүрөөрүмдү билем. Силердин ишенимде өсүшүңөр жана кубанычыңар үчүн баарыңар менен бирге араңарда кала берем. Ошондо кайрадан араңарга барганымда силер мени менен сыймыктанып, Машаяк Исадагы кубанычыңар ашып-ташат.

Эмне болсо да Машаяктын жакшы кабарына татыктуу өмүр сүргүлө. Ошондо качан болбосун силерге келгенимде болобу, же башка жакта жүрүп, силер тууралуу укканымдабы, силердин ынтымакта жашап атканыңарды, силерге каршы чыккандардан эч бир коркпостон жакшы кабардагы ишенимде бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып жүргөнүңөрдү түшүнөм. Бул силерге каршы чыккандардын ойрон болорун, ал эми силердин болсо жеңишке жетериңердин далили болот. Анткени силердин артыңарда Кудайдын өзү турат.

Силердин бешенеңерге Машаякка ишенүү артыкчылыгы гана эмес, ал үчүн азап тартуу да жазылган.

Силер мен башыман өткөргөн күрөштү көрдүңөр жана азыр да күрөшүп жатканымды угуп жатасыңар. Бул күрөш силерге да тиешелүү.

Машаяктын улуулугу

(2:1-11)

Эгерде Машаяк менен болгон мамиледен кандайдыр бир кайрат, анын сүйүүсүнөн кандайдыр бир сооронуч, Ыйык Рухунан кандайдыр бир тилектештик, кайрымдуулук, боорукердик тапсаңар, анда бир пикирде болуп, бир сүйүүнү бөлүшүп, бир рух жана бир максатты карманып, менин кубанычымды толуктагыла.

Кара баштын кызыкчылыгын көздөбөгүлө, атаандашпагыла, кичи пейил болуп, башкаларды өзүңөрдөн өйдө койгула. Ар бириңер өзүңөрдү гана ойлобостон, башкалардын да кызыкчылыгын көздөгүлө.

Силердин көз карашыңар Машаяк Исаныкындай болуш керек. Ал өзү Кудайдын табиятын алып жүрсө да, Кудай менен теңмин деп кыйынсынбады. Тескерисинче өзүн ушунчалык кемсинтип, кулдун кейпин кийип, пендеге окшотту. Адам кебетесинде келип, өзүн пас кармап, өлгөнгө чейин — болгондо да айкаш жыгачка кадалып өлтүрүлгөнгө чейин момун болду. Ошондуктан Кудай аны көккө көтөрүп, мартабасын баарынан бийик кылып, бардык ысымдардан жогорку ысымды берди. Асман менен жердеги жана жер астындагылардын баары анын алдында тизе бүгүп, ар бир тил анын Теңир экенин ачык айтып, Кудай Атанын даңкын чыгарсын үчүн ушундай кылды.

Жылдыздардай жаркырагыла

(2:12-18)

Ошондуктан, сүйүктүүлөрүм, ушул убакка чейин менин көзүм барында моюн сунуп келгениңердей, мен жокто андан бетер момун болуп, Кудайдан коркуп, аны терең сыйлоо сезими менен куткарылууңардын өтөсүнө чыккыла. Анткени өзүнүн жакшы тилегине шай келген иштерди кылуу үчүн силерге каалоо берип, иш-аракетке түртүп жаткан ошол.

Эмне кылсаңар да наалыбай, талашып-тартышпай жасагыла.

Өзүңөрдү кемчиликсиз, таза кармап, азыркы бузулган, күнөөкөр тукумдун арасында ааламга жарыгын чачкан жылдыздар сыяктуу, эч кынтыксыз Кудайдын балдары болгула.

Кудайдын өмүр берүүчү сөзүн сактап жашагыла! Машаяк келген күндө аракет-мээнетимдин талаага кетпегенине сыймыктангандай болоюн. Мейли, менин каным курмандык чалчу жайдын үстүнө куюлган шараптай төгүлүп, силердин ишенимиңерден чыккан курмандык болсун! Мен ошондо да ыраазы болуп, силердин кубанычыңарга кошулам. Ошол сыяктуу силер да менин кубанычыма ортоктош болушуңар керек.

Тимотеос жана Епафродитос

(2:19-30)

Теңири Иса кааласа жакын арада Тимотеосту силерге жиберейин деп атам. Силерден жаңылыктарды угуп, менин да көңүлүм көтөрүлсүн. Чын жүрөгү менен силердин камыңарды ойлогон андан башка адамым жок. Анткени башкалардын баары эле Иса Машаяктын эмес, кара башынын камын ойлогондор. Ал эми Тимотеосту болсо силер жакшы билесиңер: ал жакшы кабар кызматында мага балам сыяктуу жардам берип, өзүнүн ким экенин көрсөттү. Ошондуктан сотто ишимдин кандай чечилерин билерим менен аны силерге жөнөтсөм деген үмүттөмүн. Өзүм да жакын арада силерге барып калам деп, Кудайга терең ишенемин.

Ошондой болсо да мен үчүн кам көрсүн деп силер тараптан жиберилген боордошум, жардамчым жана кызматташым Епафродитосту кайра силерге жөнөтүүнү зарыл деп таптым. Анткени ал силерди абдан сагынды жана катуу ооруп калганы жөнүндөгү кабардын силерге жеткенине капа болду. Чындап эле ал катуу ооруду. Бирок Кудай ага ырайым кылды. Ага эле эмес кайгыма кайгы кошулбасын деп мага да боору ооруду. Ошондуктан анын силерге барышын баарынан да мен көп каалайм. Силер анын жүзүн кайрадан көрүп, сүйүнгүлө, ошондо менин жаным жай алат. Аны Теңирибиздин урматына кубаныч менен тосуп алгыла. Силер мындай адамдарды сыйлашыңар керек, анткени ал Машаяктын иши үчүн бир өлүмдөн калды. Силер мага бере албай калган жардамды толукташ үчүн ал өз өмүрүн чоң тобокелге салды.

Ырым-жырымдарга таянбагыла

(3:1-11)

Боордошторум, баарынан да Теңирибиз менен бирге кубанып-шаттангыла! (Бул насаат силерге керектүү болгондуктан анын кайра-кайра эле силерге кайталап жаза берүү мага оор эмес.)

Жанагы иттерден сак болгула! Денесин кескилегендерден абайлагыла! Анткени чыныгы сүннөткө олтургузулгандар биз — Кудай Рухунун жетегинде табынгандар, Машаяк Исаны урматтагандар жана денеге таянбагандар.

Бирок мен денеге да таяна турган себептерим көп. Чындап эле эгер денеге таянууга мүмкүн болсо, анда мен эч кимге караандатпайм: сегизинчи күнү сүннөткө олтургузулгам, Исраилдин тукумунанмын, (болгондо да Бенжамин уруусунанмын,) еврейдин еврейимин, яхудей шариятчылыгынын жолунда болсо, жеткен парызчылмын, өз динимди жактайм дегенде Машаяктын жамаатын далай куугунтукка алган кишимин, Мыйзам жагынан алганда кынтыксызмын.

Бирок мурда менде кандай артыкчылык бар болгон болсо, азыр Теңири Машаяк Исаны таанып-билүүнүн ченемсиз баалуулугу менен салыштырганда алар түккө да турбайт деп эсептейм. Ошондуктан Машаяк үчүн денеге байланыштуу артыкчылыктарымдын баарын кечип салдым. Бул жашоодон Машаякты утуп алып, аны менен ысык мамиледе болуш үчүн алардын баарын таштанды деп эсептейм. Ушул максатта диний мыйзамга негизделген такыбаалыгыма эмес, Машаякка таянуу аркылуу келген, ишенимдин негизинде Кудай тарабынан берилген такыбаалыкка ээ болгум келет.

Мен Машаякты жана анын кайра тирилтүүчү кудуретин билип, тарткан азаптарына ортоктош болгум келет. Кыяматтагы тирилүүгө жетүү үчүн ага окшоп өлгүм келет. Ушундайча кайра тирилүүгө жетермин деп үмүттөнөм.

Түбөлүктүү максатка умтулуу

(3:12-21)

Мен ал даражага али жете элекмин. Жеткилең болуп калдым деген да жерим жок, бирок менин умтулуум — Машаяк Иса мага жеткендей, мен да ага жетүүм.

Боордоштор, мен өзүмдү максатыма жеттим деп эсептебейм, бирок өткөндү унутуп, алдыдагы байгеге умтулуп, Кудайдын Иса Машаяк аркылуу бере турган сыйлыгына жетүүгө тырышып жүрөм.

Ошондуктан араңардан ким жеткилеңдикке жеткен болсо, мен сыяктуу ой жүгүртсүн. А эгер кандайдыр бир нерсеге башкача көз карашта болсоңор, аны да Кудай ачып берет. Эмне болсо да, кандай деңгээлге жетишкен болсок, ошондой жашайлы.

Боордоштор, үлгүнү менден алып жашагыла, ошондой эле биз силерге калтырган үлгү боюнча жашап жаткандардын жашоосун байкагыла. Мен мурда айтканымды кайрадан көз жашымды төгүп, кайталап жатам, анткени көп адамдар Машаяктын айкаш жыгачтагы курмандыгынын душмандары сыяктуу жашоодо. Алардын келечеги — тозок, кудайы — курсак, мактанычы — шермендечилик. Булар болсо бул жалган дүйнөнүн өтүп кетчү лаззаттары гана.

А биздин мекенибиз асманда. Куткаруучу Теңирибиз — Иса Машаякты ошол жактан күтүп жатабыз. Ал бардык нерселерди багынта турган күчү менен биздин өлө турган денелерибизди өзгөртүп, өзүнүн улуу денеси сыяктуу кылат.

Насааттар

(4:1-9)

Ошондуктан, боордошторум, сүйүктүүлөрүм, менин сагынычым, кубанычым жана сыймыгым, силердин Теңирибиз менен бирге жашоону уланта беришиңер кандай маанилүү!

Карындаштарым Еводия менен Сүнтүхеден өтө суранам: Теңирибизге моюн сунуп, ынтымакка келгиле.

Эй, каамытташым, сенден суранам: жакшы кабар таратуу күрөшүндө Клементос жана башка кызматташтарымдын катарында талбай эмгек кылышкан бул аялдарга ынтымакка келүүгө жардам кыл. Булардын аттары өмүр китебинде жазылуу.

Теңир менен бирге ар дайым кубангыла. Дагы айтам: кубангыла!

Силердин момундугуңар баарына көрүнсүн. Теңирибиздин келе турган убагы жакындап калды.

Эч нерседен түйшүк тарпагыла, бирок бардык сыйынууларыңарда Кудайга шүкүрчүлүк келтирүү менен бирге өтүнүчүңөрдү айткыла. Ошондо пенденин түшүнүгүнөн алда канча жогору турган Кудайдын тынчтыгы акыл-сезимиңерди Машаяк Иса аркылуу тынчтандырат.

Акырында айтарым, боордошторум, эмне акыйкат болсо, эмне татыктуу болсо, эмне туура болсо, эмне таза болсо, эмне жарашыктуу болсо, эмне сүйкүмдүү болсо, дегеле эмне жакшы жана мактаганга татыктуу болсо, акыл-сезимиңерди ошолор менен толтургула. Менден эмнени үйрөнгөн, уккан жана көргөн болсоңор, ошону иш жүзүндө колдонгула. Ошондо тынчтыктын Кудайы силер менен бирге болот.

Филипиялыктардын белектери

(4:10-20)

Силер акырында кайрадан мен үчүн кам көрө баштаганыңарга абдан сүйүндүм. Силер мурда деле кам көрүп келгенсиңер, бирок шарт жок болгондуктан мага жете албадыңар. Муну мен азыр муктаж болуп, кыйналып жатканымдан айтып жаткан жерим жок, анткени мен бардык жагдайларда колумда барга канагат кылганды үйрөндүм. Муктаждык деген эмне экенин, молчулук деген эмне экенин жакшы билем. Кандай гана абалда болбоюн: курсагым ток болгондо да, ач болгондо да, молчулукта да, жокчулукта да — бардыгында жашоонун сырын билип алдым. Мага Машаяк берип турган кубат менен баарын жасай алам.

Кандай болсо да менин кыйынчылыктарымы бөлүшкөнүңөр — соопчулук. Анын үстүнө силер, филипиялыктар, билесиңер: мен Македониядан чыгып, араңарда жакшы кабар тарата баштаган алгачкы күндөрдө силерден башка бир да жамаат менин бар-жогум менен иши болбоду. Ал тургай Фесалоникада жүргөнүмдө да силер улам-улам жардам жиберип турдуңар.

Чынында мен материалдык белектен да руханий дүйнөңөрдөгү силерге пайдалуу жемиштердин көбөйүшүн күтөм. Силер менин муктаждыгымды толук канаатандырдыңар, ал тургай ашыгы менен бердиңер. Жыттуу жана Кудайга жаккан курмандыктай болгон белегиңерди Епафродитостун колунан алып, аябай ыраазы болдум.

Кудайым эмне муктаждыгыңар болбосун, өзүнүн улуу байлыктарынан алып, Машаяк Иса аркылуу баарын берет. Биздин Кудай Атабызга түбөлүк даңк болсун! Ооба ошондой болсун.

Саламдар

(4:21-23)

Машаяк Исага караштуу ыйыктардын баарына салам дегиле.

Жанымдагы боордошторум силерге салам жолдоп жатышат. Кудай адамдарынын баары силерге салам деп жатышат, айрыкча мурда императордун чарбасында иштегендер.

Теңири Иса Машаяктын ырайымдуу руху жүрөгүңөрдөн түнөк тапсын. Оомийин.