Паулос элчинин Филемонго жазган каты

Кириш сөз

Паулос Онисим аттуу кулдун кожоюну Филемонго кат жазат. Филемон Паулостун эски таанышы болгон. Онисим кожоюнунан качып, түрмөгө түшүп калат. Ал жерде Паулоско жолугуп, Исанын үмөтү болот. Ошондо Паулос Филемондон Онисимди кечирип, эми кулу гана катары эмес, Исага болгон ишеним аркылуу боордошу катары кабыл алуусун өтүнөт. Филемондон Онисимден эмне аласасы, капачылыгы болсо менин эсебиме жаз деп кепилдикке өтөт. Ушундан улам Паулос элчинин адамгерчилик сапатын, устаты Иса сыяктуу боордоштору үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр экендигин байкайбыз. Анын мисалы бизге да үлгү.

Кат башы

1Машаяк Иса үчүн түрмөдө жаткан Паулостон жана боордошубуз Тимотеостон сүйүктүү кызматташыбыз болгон сизге, кымбаттуу Филемон, сиздин үйүңүздөгү жамаатка, эжекебиз Апияга, ишенимдеги жоокерибиз Архипке салам жолдойбуз.

3Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк баарыңарга ырайым кылып, ынтымак ыроолосун.

Филемондун ишеними

4Боордошум Филемон, ар дайым Кудайга сыйынганымда сени эстеп, Кудайга рахматымды айтам. Анткени Кудай адамдарынын баарына көрсөткөн мээримиң менен Теңири Иса Машаякка болгон ишенимиң тууралуу кабардар болуп жатам. 5Ишенимдешиң катары, ортобуздагы кызматташтыгыбыз, Иса менен бирдиктеги жашообузда ээ болгон ар батанын терең маанисин түшүнүүгө алып келсе экен деп сыйынам. Сенин сүйүүң, кымбаттуу боордошум, мени кубанычка бөлөп, кайрат берди! Сен Кудай адамдарынын баарын чыйралттың!

Онисим тууралуу өтүнүч

8Ушул себептен Машаяктын жолундагы боордошуң катары сенден милдеттүү түрдө талап кыла, чоң сүйлөсөм деле болмок. 9Бирок сени сүйгөн себебимден талап кылгандын ордуна өтүнүч менен кайрылып олтурам. Мен, Паулос, аксакал эле эмес, Машаяк Иса үчүн түрмөдө жаткан адам катарында өтүнүп жатам. 10Менин өтүнүчүм — уулум Онисим тууралуу. Ооба, ал чындап эле менин түрмөдө жатканымда тапкан балам. 11Бир убакта анын сага пайдасы жок болчу, бирок азыр ал экөөбүзгө тең пайдалуу болуп калды.

12Мен Онисимди сага кайра жөнөтүп жатып, аны менен кошо жүрөгүмдү сууруп бергендей болуп олтурам. 13Жакшы Кабарды таратканым үчүн түрмөдө олтурганымда, сенин ордуңду басып, мага жардам берсин деп, аны жанымда калтырсам жакшы эле болмок. 14Бирок кылган бардык жакшылыктар таңуулоо сыяктуу эмес, ыктыярдуу түрдө болсун үчүн сенин макулдугуңсуз эч нерсе кылгым келбеди. 15Балким Онисимдин сенден убактылуу кеткени, аны кул катары эмес, кулдан артык, сүйүктүү боордошуң катары кайра биротоло кабыл алууң үчүн болгондур. 16Мен үчүн ал абдан кымбат адам, бирок мага караганда сен үчүн кул катарында жана Теңирдеги боордошуң катарында алда канча кымбатыраак.

17Ошондуктан эгерде мени кызматташым деп эсептесең, анда аны мени кабыл алгандай кабыл ал. 18Эгерде сага бир жамандык кылып, же бир нерсе карыз болуп калган болсо менин эсебиме жазып кой. 19Мен, Паулос, муну өз колум менен жазып жатам. МЕН САГА ТӨЛӨП БЕРЕМ. (Сен мага өз өмүрүң менен карыз экениңди айтып жатканым жок.)

20Ошондуктан, боордошум, Теңири Исанын аркасы менен сени бир колдонуп алууга уруксат этип, Машаяктагы жүрөгүмдү кубантып койчу. 21Сенин кичи пейилдигиңе ишенип, ал тургай мында сурангандарымдан да көптү кыларыңды билген мен ушул катты жазып олтурам.

22Дагы бир нерсе: мен үчүн бир бөлмөңдү даярдап кой, себеби сыйынууларыңарга жооп берип, Кудайым мени жакында араңарга алып бараар деген үмүтүм бар.

23Иса Машаяк үчүн түрмөдө олтурган кызматташым Епафрас да силерге салам жолдоодо.

Кызматташтарым Марк, Аристархус, Демас жана Лукас да аларга кошулушууда.

Силерге Теңири Иса Машаяк ырайымын ыроолосун.