Петрос элчинин экинчи каты

Кириш сөз

Петростун экинчи каты жалпысынан машаяктарга арналган. Катта кандайдыр бир жердин же аймактын географиялык аталышы жок.

Каттын адресаттары болгон бул машаяктар кээ бир жалган окутуучулардын иш-аракеттеринен улам жапа чеккени көрүнүп турат. “Адамдарды ак жолдон адаштырган окутууларды тымызын киргизишип” жана “өздөрүн куткарып алган Устатын танышкан” ошол жалган окутуучулар Исанын экинчи келишин жокко чыгарууга умтулушкан. Бул кат алардын мындай доктриналарынын негизсиз экенин далилдеп, машаяктарды алардын зыяндуу таалиминен коргоо максатын көздөйт.

Кат башы

(1:1-2)

Иса Машаяктын кулу жана элчиси Ысман Петростон Кудайыбыздын жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын адилеттиги аркылуу биздики сыяктуу эле ишенимди кабыл алгандарга салам кат.

Ылайым араңарда Кудайды жана Теңири Иса Машаякты таанып-билүү аркылуу ырайым, тынчтык жана сүйүү мол болсун.

Кудайдын чакырыгы жана тандоосу

(1:3-15)

Кудай өзүнүн улуулугу жана айкөлдүгү аркылуу бизди чакырып алды. Кудайдын кудурети бизге өзүн таанып-билүүбүз аркылуу такыбаа өмүр сүрүүгө керек болгон нерселердин баарын берди. Ушундай жол менен ал бизге өзүнүн улуу жана кымбат баалуу убадаларын аткарып берип, ошолор аркылуу бул дүйнөдөгү бузуку кумарлардан качып, ыйык табиятка ээ болуубузга шарт түздү. Ошондуктан өзүңөрдүн ишенимиңерге жакшылыкты, жакшылыкка билимди, билимиңерге сабырдуулукту, сабырдуулугуңарга көтөрүмдүүлүктү, көтөрүмдүүлүгүңөргө момундукту, момундугуңарга туугандык ысык сезимди, туугандык ысык сезимге сүйүүнү кошуп алууга тырышкыла. Ушул керектүү сапаттар силерде мол болсо, анда Теңири Иса Машаякты таанып билүүдө ийгиликсиз жана жемишсиз калбайсыңар. Кимде бул сапаттар жок болсо, анда ал мурдунун учунан алысты көрө албаган, өткөндөгү күнөөлөрүнөн тазалангандыгын унутуп койгон адам.

Ошондуктан, боордошторум, өзүңөрдүн Кудай тарабынан чакырылып жана тандалып алынгандыгыңарды күндөн күнгө бекемдей бергиле. Эгерде ушундай кылсаңар эч качан ишенимиңерден тайбайсыңар. Ушундайча Теңирибиз жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын түбөлүктүү падышачылыгына кирүүгө толук укук аласыңар.

Силер буларды билсеңер да, тамырыңарды азыркы силердеги чындыктарга бекем жайган болсоңор да, аларды кайта-кайта эсиңерге сала бермекчимин. Мына бул денеде жашап жатканымда ушуларды айтып, силердин эсиңерди улам-улам жаңыртып турууну туура эсептейм, анткени Теңири Иса Машаяк мага ачып бергендей, мен жакында бул денеден чыгарыларымды билем. Ошондуктан мен кеткенден кийин жогоруда айтылганды ар дайым эскерип турууңарга мүмкүнчүлүк жасап берүүгө колумдан келишинче тырышам.

Исанын улуулугун өз көзү менен көргөндөрдүн күбөлүктөрү

(1:16-18)

Иса Машаяктын кудурети менен кайра келиши тууралуу силерге айтып бергенибизде өтө чебердик жана айлакердик менен адам оюнан чыккан мифтерди колдонгонубуз жок. Биз анын шаң-салтанатын өз көзүбүз менен көргөнбүз. Ал Кудай Атадан урмат-сый менен улуулукту кабыл алып жатканда жана улуулуктун Улугунан: “Бул менин сүйүктүү Уулум. Мен ага абдан ыраазымын”, деген сөз айтылганда анын жанында болчубуз. Ыйык тоонун үстүндө, анын жанында турганыбызда, асмандан ушул үн чыккан жана бул үндү биз өз кулагыбыз менен укканбыз.

Пайгамбарлардын күбөлүктөрү

(1:19-21)

Ушундан улам биз пайгамбарлар жарыя кылган ошол кабардын акыйкат экенин мурдагыдан да тереңирээк билип калдык. Силер да ошол пайгамбардык сөзгө көңүл бурсаңар жакшы кыласыңар, анткени куткарылуу күнүнүн таңы атып, жүрөгүңөрдө чолпон жылдыздын жарыгы жаркырамайынча ал кабар караңгыда нурун чачкан шам сыяктуу. Анын үстүнө силер билип алышыңар керек: Ыйык Жазмадагы пайгамбарчылыкты эч ким өз күчү менен чечмелей албайт. Анткени эч бир пайгамбарчылык адамдын өз каалоосунан гана айтылган эмес. Кудайдан келген кабарды айтып жатканда, пайгамбарлар Ыйык Рухтун жетегинде болушкан.

Жалган окууну алып келген бузукулар

(2:1-22)

Илгери эл арасынан жалган пайгамбарлар чыгышкандай, силердин араңардан да жалган окутуучулар чыгышат. Адамдарды ак жолдон адаштырган окутууларды тымызын киргизишкен ошол бузуку адамдар өздөрүн куткарып алган Устатын танышып, ошонун натыйжасында күтпөгөн жерден өздөрүнүн башына өздөрү кырсык келтиришет. Көп адамдар алардын шерменде жолдоруна кирип кетип, чындыктын Жолунун атына доо кетиришет. Ач көздүктөн улам ойлорунан

чыгарып алган кытмыр тамсилдери менен силерди колдонуп, пайда таба турган болушат. Алардын соту эбак эле даярдалып коюлган, алардын ойронун чыгара турган Кудай уктап калган жок.

Кудай күнөө кетирген периштелерди аябастан туңгуюкка ыргыткан. Алар тозокто Сот күнүн күтүп, чынжырда жатышат.

Кудай байыркы кудайсыз адамдардын дүйнөсүн аябастан, топон суу каптатып жок кылды. Ал ошондо адилеттиктин жарчысы болгон Нукту жана андан башка дагы жети адамды гана куткарып калган.

Кудай Содом жана Гоморра шаарларын соттогондо от менен ойрондоп, кудайсыздарын тагдыры кандай болорунун мисалы катары койгон. Ошондо ал Мыйзамга баш ийбеген адамдардын адепсиз кылыктарынан кысылып кыйналган адил адам — Лутту куткарып калган. А киши адепсиздердин арасында жашап, алардын булганыч иштерин угуп-көргөндө, ар күнү жаны кыйналып, өлөөрчө азап тарткан.

Ошондуктан Теңирибиз адил адамдарды азгырыктардан кантип куткарууну да, адепсиздерди (айрыкча өздөрүнүн кир кумар-ышкыларына жетеленип, Кудайдын бийлигин четке каккандарды) Сот күнүнө кантип кармап турууну да жакшы билет.

Жанагы жалган окутуучулар ооз көптүрүп, чоң сүйлөгөндү сүйгөн зөөкүрлөр, алар көктөгү улуу бийликке баш ийбестен, тескерисинче, акараат айтып, сөгүшөт. Алардан алда канча күчтүү да, кудуреттүү да болгон периштелер да аны Теңирибиздин алдында сөгүп, айыпташкан эмес. Кармап алып, сойгонго туулган айбандар сыяктуу бул адамдар өздөрүнүн табигый туюм сезимдеринин жетегинде жашашат. Акылы менен түшүнө албаган нерселердин баарын өйдөдөн карап, тил тийгизишет. Ошондуктан алар жапайы айбандар сыяктуу кырылышат жана өздөрү жараткан азаптарга түшүшөт. Алар жанкумарларын чак түштө кандырганды сүйүшөт. Алар силердин араңарга кирип алып, чогуу тойлошуп, өздөрүнүн алдамчылыктарынан рахат алган шерменделер жана арамылар. Бузукулук дегенде көздөрү кызарып, күнөөгө эч качан тоюшпайт. Алсыздарды торго түшүрүшөт.

Мындайлар Кудайдын каргышына калгандар! Алар түз жолду таштап, адашып кеткендер! Алар Беордун баласы Балаамдын изине түшүп адашып кеткендер. (Балаам арам акчаны сүйүп калганда бул арамдыгы ашкере кылынган: анын эшеги адам тилинде сүйлөп жиберип, пайгамбардын акылсыз аракетин токтоткон.) Кургап калган булактар, шамалдын айдоосундагы булуттар. Алардын келечеги — түбөлүк түндүн караңгылыгында. Алар маңызсыз сөздөрдү былжырап, адашкандардын артынан эми эле кайткандарды кайрадан дене кумарларынын торуна салышат. Өздөрү кул болуп жүрүп, башкаларга эркиндик беребиз деп убада кылышат.

Анткени ким эмнеге жеңилсе, ошонун кулу.

Теңирибиз жана Куткаруучубуз Иса Машаякты таанып-билүү аркылуу бул дүйнөнүн булганыч иштеринен кутулуп, анан кайрадан аларга баш ийип беришкендер үчүн акыркы абалы мурдагыдан бешбетер жаман болот. Берилген Ыйык Осуяттан баш тартып, кайрадан артка кеткенден көрө, чындыктын жолун билбей эле коюшса болмок.

Мындай бир макал бар: “Ит кусуп туруп, кайра эле кусундусун жалайт, жуулган чочко кайра эле ылайга оонайт”. Алар кудум ушул макалдагыдай.

Кудайдын келери тууралуу убада

(3:1-10)

Сүйүктүү боордошторум, бул менин силерге жазган экинчи катым. Эки катымда тең жогоруда айтылгандарды эсиңерге салуу менен ниетиңерди таза ойлорго ойготууга аракеттендим.

Тээ илгери ыйык пайгамбарлар тарабынан айтылган сөздөрдү жана элчилериңер тарабынан силерге айтылган Куткаруучу Теңирибиздин осуяттарын эстешиңерди каалайм.

Баарынан да акыркы убактарда өздөрүнүн кумар-ышкыларынын башкаруусу алдында жашаган кээ бир адамдардын пайда болорун билип алышыңар керек. Алар силерди шылдыңдап: “Келем дебеди беле, канакей? Ата-бабаларыбыз өлүшсө да, баардыгы дүйнө жаралганда кандай болсо, ошол эле бойдон турат ко?” дешет. Алар көптөгөн жылдар мурда асман-жер Кудайдын сөзү аркылуу жаралгандыгын атайлап байкамаксанга салышат.

Жер суудан жана суу аркылуу жаратылган, кийин, ошол суу байыркы дүйнөнү басып калып, кыйраткан. Ал эми азыркы турган асман менен жер да ошол эле сөз аркылуу от менен ойрондоо үчүн сакталууда. Кудай аларды баш ийбеген кудайсыздардын үстүнөн сот жүргүзүп, тозокко ыргыта турган күнүнө сактап турат.

Бир нерсени билип жүргүлө, сүйүктүү боордошторум, Теңирибиздин бир күнү миң жылдай, миң жылы бир күндөй. Кээ бирөөлөр ойлогондой Теңирибиз убадасын аткарууну создуктуруп жаткан жок, бирок эч кимдин тозокто куурашын каалабай, баары тобо кылууга келишсин деп, бизге чыдап жүрөт.

Теңирибиздин соттоочу күнү ууру сыяктуу күтпөгөн саатта келет. Ошол күндө асман ызылдаган бойдон жок болуп кетет, ай-жылдыздар өрттөнүп, жер жана андагылардын баары тең ойрондолот*.

Эгерде баары ушундайча ойрондолсо, анда демек, силер кандай адамдардан болушуңар керек, боордоштор?

Теңирдин келер убагын күтүп жүргөн адамдардын жашоосу

(3:11-18)

Кудайдын ошол күнүн карап жашап жаткандар катары ыйык өмүр сүрүп, жашооңорду ага арнооңор менен Ошол Күндүн келишин тездеткиле. Ал күн — асман өрттөлүп, андагылар ысыктан улам ээрип жок боло турган күн. Бирок Кудай бизге адилеттик жашай турган жаңы асман менен жаңы жерди убада кылган. Биз ошону күтүүдөбүз.

Демек, сүйүктүү боордошторум, ошол күндү күтүп жаткандар катары Кудай алдында таза жана кынтыксыз жашоого тырышып, аны менен ынтымыкта болууга умтулгула.

Сүйүктүү бурадарыбыз Паулос өзүнүн силерге жазган катында Кудайдан берилген акылмандык менен айтып кеткендей “Теңирибиздин көтөрүмдүүлүгүн биздин куткарылуу мүмкүнчүлүгүбүз” деп түшүнгүлө. Бул туурасында ал бардык каттарында ушундайча айтат. Анын каттарындагы кээ бир нерселерди түшүнүш абдан кыйын. Ошондуктан алардын маанисин кээ бир наадан, туруксуз адамдар туура эмес чечмелешет. Алар башка Ыйык Жазмаларды деле ошондой кылып жүрүшөт. Ушунусу менен өз башына өздөрү балээ үйүп жатышат.

Силер болсо, сүйүктүү боордошторум, муну алдын ала билип калдыңар. Ошондуктан бейбаш адамдардын жаңылыштыктарынан улам башыңар айланып, түз жолдон тайып кетпешиңер үчүн сак болуп, Теңирибиз жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын ырайымы менен билиминде өркүндөп өсө бергиле.

Азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө ошого даңк! Оомийин.