Петрос элчинин биринчи каты

Петрос элчинин бул каты негизинен еврей улутунан башка улууттагы машаяктарга арналган. Катта айтылгандай алар “бир кездерде Кудайдын эли эмес болчу, азыр болсо анын Эли. Бир кездерде Кудайдын Ырайымын билишчү эмес, азыр болсо анын Ырайымын кабыл алышты”. Ошондуктан эми алар “Тандалган Улут, Падышанын диний кызматкерлери, Ыйык Эл, Кудайдын кереметтүү иштерин жар салууга тандалган Кудайдын адамдары”.

Бул катты жазууга ошол кездеги еврей эмес машаяктардын турмушунда пайда болгон кырдаалдар түрткү болгон. Чындыгында эле чыныгы Кудайды таанып калган соң, айлана чөйрөсүндө ар кандай куугунтуктар, түшүнбөстүктөр пайда болуп, ал тургай өкмөт тарабынан да уюшулган кысымдар чыгышы мүмкүн. Бирок, ошондой болсо да, Петрос элчи машаяктардын бийликтегилерге баш ийип, адал өмүр сүрүүсү керектигин насаатайт. Иса бейкүнөө болсо да, күнөөкөрлөр тарабынан азап тартып, жазаланды. Ошондуктан анын үмөттөрү да анын жолун жолдоп, куугунтуктарда, ак жерден азап тартканда чыдамкайлык менен Кудайга ишенимдүү болушу керектиги айтылат.

Кат башы

(1:1-2)

Иса Машаяктын элчиси Петростон Понт, Галатия, Каппадокия, Кичи Азия, Вифиния аймактарына чачырап, качкындар катарында жашап жаткан Кудай адамдарына салам кат.

Силер Кудай Атанын ой-тилеги боюнча тандалып, Иса Машаякка баш ийүү үчүн жана анын канына жуулуу үчүн Ыйык Рух аркылуу ыйыкталгансыңар.

Ылайым араңарда Кудайдын ырайымы менен ынтымагы кызый берсин.

Тирүү үмүт

(1:3-12)

Теңири Иса Машаяктын Кудай Атасына алкыш айталы! Ал абдан ырайымдуу болгондуктан Иса Машаякты өлүмдөн тирилтип, бизге жаңы өмүр тартуулады. Бул өмүр тирүү үмүт берип тургандыктан, Кудай келечекте өз адамдарына энчилеп берүү үчүн даярдап койгон улуу байлыктарына көзүбүздү кадайбыз.

Ал ошол байлыктарды асманда сактап турат. Ал жакта эч нерсе чирибейт, баары таза жана эч качан соолубайт. Алар Кудайдын кудурети менен ишеним аркылуу куткарылууга аман-эсен сакталып турган силер үчүн. Ошол Куткарылуу акыркы убак келгенде ачылууга даяр.

Башыңардан өткөрүп жаткан ар кандай сыноолордон улам азыр бир аз кайгырып турушуңар керек болсо да, ошол Куткарылууну ойлоп кубангыла. Бул кыйынчылык-сыноолордун максаты ишенимиңердин таза экенин далилдөө. Ал тургай бузула турган алтын деле от менен сыналат. Ошонун сыңарындай силердин алтындан алда канча баалуу ишенимиңер да таза болуу үчүн сынактан өтүшү керек. Анан Иса Машаяк келген күндө мактоого арзып, шаңга бөлөнүп, урмат-сыйга ээ болосуңар. Силер аны көргөн эмес болсоңор да сүйүп, көрбөй турсаңар да ишенип жүрөсүңөр. Ошондуктан сөз жеткиз улуу кубанычка бөлөнөсүңөр, анткени силер жаныңарды куткара турган кабарды кабыл алып жатасыңар. Исага ишенгениңердин максаты ошол.

Ыйык Жазмаларды кылдаттык менен, казып изилдеген пайгамбарлардын максаты мына ушул Куткарылууга байланыштуу болгон жана Кудайдын келечекте силерге бере турган ушул Белеги тууралуу пайгамбарчылык кылышкан. Алар куткарылуу күнүнүн качан жана кандайча келерин аныктаганга аракет кылышкан. Алардын ичинде жашаган Машаяктын Руху ушул күнгө көрсөтүп, алгач Машаяктын азап тарта турганын жана анын артынан улуулукка бөлөнө турганын алдын ала айткан. Көктөн жиберилген Ыйык Рухтун кудурети менен жарыя кылынып, азыр силер угуп жаткан ошол пайгамбарлардын жакшы кабарындагы нерселер, алардын өз пайдасы үчүн эмес, силер үчүн экенин Кудай аларга ачып берген. Ошол нерселерди ал тургай периштелер да түшүнгүсү келишкен.

Ыйык жашоого чакыруу

(1:13-25)

Ошондуктан акылыңарды аракетке даяр кармап, сергек болуп, Иса Машаяк келгенде бериле турган баталарга тереңирээк үмүттөнгүлө. Кудайга баш ийип, жашоо образыңардын аны тааныбаган кезиңердеги каалоолоруна түшүп кетишине жол бербегиле. Тескерисинче, силерди чакырып алган Кудай сыяктуу бардык иш-аракеттериңерде ыйык болгула. Ыйык Жазмаларда Кудай: “Ыйык болгула, анткени мен ыйыкмын”, — деген.

Силер Кудайга сыйынып жатканыңарда аны Ата деп атайсыңар. Ал адамдардын баарын алардын ар биринин кылган иштерине жараша эч кимисине тартпастан, бирдей стандарт менен соттойт. Ошондуктан жер бетиндеги калган өмүрүңөрдү аны сыйлап жүрүп өткөргүлө. Анткени ата-бабаңардан мураска калган бул убайымдуу жашоодон силерди куткаруу үчүн кандай кун төлөнгөнүн силер билесиңер. Ал жок кылып салууга боло турган алтын-күмүш сыяктуу эмес, эч кандай кемчилиги, кынтыгы жок козудай болгон Иса Машаяктын кымбат баалуу курмандыгы. Аны Кудай аалам жаратылгандан мурда эле тандап алып, силер үчүн ушул акыркы убактарда ачып берди. Силер ошол аркылуу Кудайга ишенесиңер жана ошол аркылуу ишенимиңер менен үмүтүңөр Кудайга байланган.

Акыйкатка тил алчаактыгыңар аркылуу силер өзүңөрдү тазалап, бири-бириңерге болгон таза сүйүүгө ээ болгондугуңардан бири-бириңерди чын жүрөктөн берилип сүйгүлө. Анткени силер Кудайдын тирүү жана түбөлүктүү сөзү аркылуу өлө турган эмес, өлбөй турган ата-энелердин балдары катары кайрадан туулдуңар. Ыйык Жазмаларда жазылгандай: “Адамзаттын баары чөп сыяктуу жана алардын пенделик атак-даңкы ошол чөптүн гүлү сыяктуу. Чөп куураса, гүлдөрү да түшүп калат. А бирок Теңирдин сөзү түбөлүккө жашай берет".

Бул сөз силерге жарыяланган Жакшы Кабардын өзү.

Тирүү таштар жана Кудайдын ыйык эли

(2:1-10)

Ошондуктан куткарылууга жетиш үчүн бардык жамандыкты, кытмырлыкты, эки жүздүүлүктү, көрө албастыкты, булганыч сөздөрдү таштап, жаңы төрөлгөн наристелер сыяктуу болуп, сөздүн уузун сүйгүлө. Анткени силер Эгебиздин жакшы экенин билип калдыңар.

Адамдар тарабынан жараксыз деп четке кагылып, бирок Кудай тарабынан кымбатка бааланып тандалып алынган Теңирибизге келгиле. Иса Машаяк аркылуу Кудайга рухий жана адал курмандыктарды сунуш кылуу үчүн ыйык дин кызматкерлери катарында кызмат кыла турган Рухий Үйдүн курулушуна пайдаланылуучу тирүү таштардан болгула. Анткени Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Мен бир баалуу ташты тандап алдым, мен аны курулуштун негизги ташы катары коём, ага ишенген адам эч качан өкүнбөйт”. Бул таш силер үчүн абдан баалуу. Ал эми ишенбегендер үчүн ал “куруучулар жарабайт деп четке ыргытып жиберген, бирок баарынан керектүү нерсеге айланып кеткен таш”. Ыйык Жазма дагы бир жеринде мындай дейт: “Бул — адамдарды мүдүрүлтө турган Таш, аларды кулата турган Аска”. Алардын мүдүрүлгөнүнүн себеби Кудайга ишенишпегендигинде. Аларга деген Кудайдын эрки ушундай болчу.

А силер болсо тандалган улутсуңар, Падышанын диний кызматкерлерисиңер, ыйык элсиңер, Кудайдын кереметтүү иштерин жар салууга тандалган Кудайдын адамдарысыңар. Ал силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып сонун жарыгына чакырып алды. Бир кездерде силер анын эли эмес болчусуңар, азыр болсо элисиңер. Бир кездерде Кудайдын ырайымын билчү эмессиңер, азыр болсо анын ырайымын кабыл алдыңар.

Кудайдын кулдары

(2:11-17)

Сүйүктүүлөрүм, бул дүйнөнүн келгиндери жана коноктору катары мен силерден суранам: ар дайым адамдын жанына каршы чыккан табигый каалоо-кумарларга берилбегиле!

Кудайды тааныбагандардын арасында жашап жаткан силердин жүрүш-турушуңар үлгүлүү болсун. Силерди бузукулар деп ушактап жүргөндөр жакшы иштериңерди көрүп, Кудай келген күндө аны даңктоого аргасыз болушсун.

Эң чоң бийлиги бар — императорго болобу, анын жамандык кылгандарды жазалап, жакшылык кылгандарды мактасын үчүн шайлаган акимдерине болобу, иши кылып, бардык адамдык бийликтерге Теңирибиздин урматы үчүн баш ийгиле.

Кудай акылсыз адамдардын болбогон сөздөрдү сүйлөгөн оозун жакшы иштериңер менен жап кылынышын каалайт. Эркин адамдар катары жашагыла, бирок ошол эркиндигиңерди ар кандай жамандыкты жаап жашыруу үчүн колдонбогула. Тескерисинче, Кудайдын кулдары катары адал өмүр сүргүлө.

Айланаңардагы адамдардын баарын сыйлагыла, боордошторуңарды сүйгүлө, Кудайдан корккула, падышаны урматтагыла.

Азап чегүүнүн үлгүсү

(2:18-25)

Кулдар, силер кожоюндарыңарга моюн сунуп, аларды терең урматташыңар керек. Боорукер, ак көңүлдөрүн гана эмес, каардуу, катаалдарын да.

Кудай деп жүрүп, ак жериңерден азап тартсаңар, бул үчүн ал силерге батасын берет. Ал эми жамандык кылганыңар үчүн таяк жеп, азап тартсаңар, силерге кандай мактоо айтылмак эле? Бирок, эгерде адил иш жасаганыңар үчүн азап тартсаңар, Кудай силерге батасын берет. Кудай силерди ушуга чакырган, анткени силер Машаяктан үлгү алышыңар үчүн ал өзү силер үчүн азап тартып, үлгү калтырып кеткен.

Ал бир да күнөө кылган эмес жана эч ким анын оозунан калп сөз чыкканын уккан эмес. Аны жаман сөздөр менен кордоп жатышканда, жаман сөздөр менен жооп кайтарган эмес. Азап тартып жатканда коркуткан эмес, тескерисинче баарын адилеттүү Сот болгон Кудайга тапшырган.

Биз күнөө үчүн өлүк, адилдик үчүн тирүү болушубуз үчүн Машаяк биздин күнөөлөрүбүздү өз денесинде айкаш жыгачка алып барып, кадап салган. Ошонун жарааттары менен силер айыктыңар.

Силер жоголгон койлор сыяктуу болчусуңар, бирок азыр жаныңардын Кайтаруучусу жана Сактоочусуна кайра келдиңер.

Эрди-катын мамилеси тууралуу

(3:1-7)

Кимиңердин күйөөңөр Кудай Сөзүнө ишенбесе, жүрүш-турушуңар аркылуу ишенимге багынышсын үчүн силер, аялдар, өз күйөөңөргө баш ийгиле. Ошондо аларга таалим берип олтурбайсыңар, анткени алар жүрүш-турушуңардын кандай таза, кандай ыймандуу экенин көрүшөт. Чачыңарды өрүп, кымбат баалуу чачпактарды тагынып, кычырап кийинип, сыланып сыйпанып, сыртыңарды эле сулуулай бергенге тырышпастан ички, момун жана токтоо мүнөз күтүп, түбөлүктүү сулуулукка умтулгула. Кудай мына ушундай сулуулукту жогору баалайт. Илгери Кудайга үмүт арткан ыйык аялдар да өз күйөөсүнө баш ийүү аркылуу сулуулугун арттырышкан. Мисалы, Сарра күйөөсү Ибрайымды “төрөм” деп атап, ага баш ийген. Эгерде жакшылык кылып, эч нерседен коркпосоңор, силер да азыр ошол Сарранын кыздарысыңар.

Күйөөлөр, силер да аялыңарга эстүүлүк менен мамиле кылып, назик идиштердей аяр күткүлө. Аларды сыйлагыла, анткени алар да силер менен бирге Кудайдын өмүр белегин алышат.

Сыйынууларыңарга эч нерсе жолтоо болбосун үчүн ушундай кылгыла.

Ак жерден азап тартуу

(3:8-22)

Акырында, баарыңар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуу болгула. Бири-бириңерди сүйгүлө, бири-бириңерге кайрымдуу, кичи пейил болгула. Жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбагыла; каргышка каргыш менен жооп бербегиле, тескерисинче аларга батаңарды бергиле, анткени Кудай силерди өзүнө чакырып алганда силерге батамды берем деп убада кылган. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Эгерде өмүрдөн рахат алып, жыргал күндөрдү көргүңөр келсе, анда жамандыкты айткандан сак болуп, кытмыр сөздөн оолактагыла. Жамандыктан бурулуп, жакшылык жасагыла. Бүт күчүңөр менен тынчтыкка умтулгула. Анткени Теңирибиздин көзү адилдерди карап турат жана алардын сыйынууларын угат, ал эми жамандык кылгандарга ал каршы”. Эгерде жакшылык жасаганга умтулсаңар, ким силерге зыян кыла алмак эле? Эгерде туура иш жасаганыңар үчүн кордук тартсаңар, анда бактылуусуңар!

Эч кимден коркпогула да, жүрөкзаада болбогула. Андан көрө чын жүрөктөн Машаяктан ыйбаа кылып, аны Теңириңер катары урматтагыла.

Ичиңердеги Үмүтүңөр тууралуу сурагандарга аны ар дайым түшүндүрүп айтып берүүгө белен болгула. Бирок муну момундук жана сылыктык менен кылгыла.

Тил угуп жатканыңарда, силерди жамандап жаткандар Машаяктын үмөттөрү катарындагы жакшы жүрүш-туруштарыңарды көрүп, айткан сөзүнөн өздөрү уят болушсун үчүн абийириңерди таза сактагыла.

Жамандык жасап алып, анын азабын тарткандан көрө, Кудайдын эркине туура келсе, жакшылык жасап, азап тарткан артыгыраак. Анткени Машаяк баарынын күнөөлөрү үчүн, бир жолу азап тартып, өлдү. Силерди Кудайга жетелеп келүү үчүн жакшы адам катары күнөөкөрлөр үчүн жанын кыйды. Адамдар аны өлтүрүштү, бирок Кудайдын Руху кайра тирилтип алды. Ошол Рух аркылуу ал тээ илгери Нук пайгамбардын тушунда, чоң сандык сыяктуу кеме курулуп жаткан кезде, Кудай чыдамкайлык менен күтүп жатканда баш ийбей коюшкан түрмөдөгү рухтарга барып, кабар жеткирген. Кемедеги аз гана адамдар — болгону сегиз киши эле суудан аман калышкан. Ошол суу азыр силерди куткарган чөмүлдүрүү расмисин көрсөтүп турган символ катары болгон. Бул расим болсо, дененин кирин жууп кетирүүнү эмес, Кудайга таза абийир менен берилген убаданы билдирет. Ал силерди асманга кеткен жана Кудайдын оң кол жагында олтуруп алып, бардык периштелерди, өкүмдарларды жана күчтөрдү башкарып турган Иса Машаяктын кайра тирилүүсү аркылуу куткарып алат.

Жаңыча жашоо

(4:1-6)

Машаяк денеси менен азап тарткан, андыктан силер да оюңарды ал ойлогондой ой менен куралдантышыңар керек. Мындан аркы жердеги жашооңорду пенделик каалоолордун эмес, Кудайдын башкаруусунда өткөрүшүңөр керек. Кудайсыздар каалаган нерселерди кылып жүрүп, өткөргөн өмүрүңөр жетишет! Ушул убакка чейин адепсиздикке, күнөөлүү кумарларга, ичкиликке, аракка тоюп алгандан кийинки акмакчылыктарга, той-тамашаларга, шермендечилик жол менен жалган кудайларга табынуучулукка берилип, өмүрүңөрдү сарптадыңар. Азыр болсо кудайсыз элдерге окшоп, алардын жапайы, акылсыз жашоолоруна кошулбаганыңарга алар таң калып, баштары маң. Ошондуктан алар силерди жамандап жатышат. Бирок алар тирүүлөр менен өлүүлөрдү соттоого даяр турган Кудай алдында өздөрүнүн жашоосу үчүн жооп беришет.

Мына ошол себептен адамдык жагынан денеси соттолуп, руху менен Кудайдай жашай алсын үчүн өлүктөргө да Жакшы Кабар жеткирилген болчу.

Кудай белек эткен шыктарды туура пайдалануу тууралуу

(4:7-11)

Бардык нерселердин аягы жакындап келатат. Сыйына алышыңар үчүн ар дайым өзүңөрдү кармай билип, сергек болушуңар керек.

Баарынан да бири-бириңерди талбай сүйгүлө, анткени сүйүү көптөгөн күнөөлөрдү жаап коёт.

Бири-бириңерге наалыбастан эшигиңерди ачык койгула.

Ар бириңер Кудайдын ар түрдүү шыктарын жакшы пайдалана билген адам катарында Кудайдан алган өзгөчө шыгын башкаларга пайда келтирүү үчүн колдонушу керек. Бардыгында Иса Машаяк аркылуу Кудай макталсын үчүн сөз сүйлөөчүңөр Кудайдын сөзүн сүйлөгөндөй сүйлөсүн, кызмат кылуучуңар Кудай берген кубатка жараша кызмат кылсын.

Түбөлүктөн түбөлүккө күч-кудурет менен атак даңк ошол Кудайга берилсин. Ооба, ошондой болсун!.

Машаяк үчүн азап тартуу

(4:12-19)

Сүйүктүүлөрүм! Жан ооруткан азаптуу сыноолордон өтүп жатканыңарга силер үчүн кандайдыр бир кызыктай нерселерге туш болуп калган сыяктуу таң калбагыла! Тескерисинче, Машаяктын улуулугу ачылганда кубанычыңар толук болсун үчүн, анын азаптарын бөлүшүп жатканыңарга сүйүнгүлө. Машаяктын үмөттөрү катарында кордук тартсаңар, анда бактылуусуңар, анткени улуулуктун Руху болгон Кудайдын Руху ошол учурда силердин үстүңөрдө турат.

Азап тарсаңар, киши өлтүргүч, колу туткак же башка кылмыштардын түрлөрүн кылуучу, ал тургай тажатма адам катары азап тартпашыңар керек. Ал эми машаяктар катары азап тартып жатсаңар, анда уялбагыла, тескерисинче Кудайдын аты менен аталып жүргөндөр катары Кудайды даңктагыла.

Сот баштала турган убак келип калды жана ал сот Кудайдын үй-бүлөсүнөн башталат. Эгерде ал бизден баштала турган болсо, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин тагдыры не болот? Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “адил адам араң кутулса, анда кудайсыз менен күнөөкөр кантет?"

Ошондуктан Кудайдын эрки боюнча азап тартып жаткандар өздөрүн ишенимге бек болгон Кудайга тапшырып, жакшылык кылууну таштабашы керек.

Кудайдын оторуна ак пейилден, астейдил кам көргүлө

(5:1-4)

Силер сыяктуу эле Машаяктын жамаатынын аксакалы, анын азаптарынын күбөсү жана келечекте айкын боло турган улуулугуна шыбагалаш адам катары силерди карамагыңардагы Кудайдын оторун эрксиздиктен эмес, өз эркиңер менен, Кудай каалагандай, ыктыярдуу түрдө, ынтаа коюп кайтарууга чакырамын. Бул ишиңерди акча үчүн болгон арамзаа каалоодон эмес, ак пейилден кылгыла.

Силердин камкордугуңарга берилген Отордун үстүнөн үстөмдүк кылып, башкарууга эмес, ага үлгү болууга умтулгула. А качан Отордун Башчысы келгенде, сыйлыгыңарга эч качан эскирбеген даңк таажысын аласыңар.

Жамаат аксакалдарынын тилин алгыла

(5:5-11)

Ошондой эле жаштар, силер жамаат аксакалдарына баш ийишиңер керек. Бири-бириңерге кызмат кылып, дилиңерди кичи пейилдиктин кийимине кийинткиле, анткени Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Кудай менменсингендерге каршы, бирок момундарга ырайымдуу".

Убагы келгенде силерди өйдө көтөрүп алсын үчүн Кудайдын кудуретүү кол алдында өзүңөрдү жоошуткула.

Бардык түйшүктөрүңөрдү Кудайга бергиле, анткени ал силер үчүн кам көрөт.

Соо жана сергек болгула, анткени силердин душманыңар — азезил кимди жутуп алсам экен деген ач арстандай айкырып айланаңарда жүрөт. Ошондуктан бекем ишеним менен ага каршы тургула. Бүт дүйнөдөгү боордошторуңар да так ушундай эле азаптарды баштан өткөрүп жатканын билип жүргүлө. Анткени бир аз азап тартканыңардан кийин өзүнүн Машаяктагы улуулугу менен бөлүшүүгө чакырган жана бардык улуулуктун ээси болгон Кудай силерди жеткилеңдикке жеткирип, бекемдеп, чыңап, пайдубалыңарды былк этпес кылат.

Бардык бийлик түбөлүккө Кудайга берилсин! Ооба, так ушундай болсун!

Соңку сөз жана саламдар

(5:12-14)

Бул кыскача катымды Силаска жаздыртып жатам. Мен аны Машаяктагы ишеничтүү боордошум деп эсептейм. Силерге дем берип, бул катымдагы айтылгандар Кудайдын акыйкатуу ырайымынан экенин айткым келет. Ошондуктан мындагы айтылгандарды бекем кармагыла.

Өзүңөр сыяктуу эле “Вавилондогу” Кудайдын тандап алган жамаатынан силерге салам. Ошондой эле менин уулум Марк да салам айтып жатат.

Бири-бириңерге Машаяктагы ыйык сүйүү менен салам бергиле.

Ылайым Кудай Машаякка караштуу силердин баарыңарга тынчтыгын берсин.