Нахум пайгамбардын китеби

Нахум пайгамбар Ассириянын кысымына калган Израил элин сооротуш үчүн жиберилген. Жунус пайгамбардын үгүтүнөн улам күнөөлөрүнөн баш тартып, бирок кайра эле эски адатына чыланган ниневиялыктарды Нахум эми тобо келтирүүгө чакырбайт! Анткени Инжилде айтылгандай “бир кезде көзү ачылып, Кудайдын ким экенин таанып билип, анан кайрадан күнөө жолуна түшкөндөрдү кайрадан тобо келтирүү аркылуу жаңылоого мүмкүн эмес.” Нахум ниневиялыктардын куурай турганын, аларга жакында Кудайдын каары төгүлүп, шаар жер менен жексен болуп, экинчи кайра тура албастыгын зор рух менен толкуп ташып жарыя кылат. Анын пайгамбарчылыгынын чын экендигине бүгүн тарых өзү күбө.

Яхудага кайрат айтып, анын мурдакы шаң-салтанатын кайра калыбына келтирерин, дүйнөнү кармап турган алдуу мамлекеттерди Кудай курал катары пайдаланып, тарыхты өзү каалаган жакка бурарын айтат.

Күнөөлүү шаар Ниневиянын тагдыры Машаяктан баш тарткандарга чоң сабак. Кудай өзүнүн Мыйзамын бузгандар менен Голготадагы айкаш жыгач аркылуу гана элдеше алары, ошондогу курмандык кана анын адилеттүү сотунун талабын кандырары чагылдырылат.

Нахум пайгамбардын көргөн аяны

(1:1)

Елкош айылынан чыккан Нахум пайгамбар Ниневия шаары тууралуу Кудайдын аян алып, ушул китепке жазган.

Кудайдын каарына ким туруштук бере алат?

(1:2-8)

Жараткан Эге жалган кудайлардан өзү жараткан пенделерин кызганат. Жалган кудайларга сатылып кеткендерден сөзсүз өч алат. Каары кайнаганда касташкандарын аябайт. Жараткан Эге абдан көтөрүмдүү, ошондой эле кудуреттүү. Айыпка көз жумуп, жазалабай койбойт. Жүргөн жеринде деңиз албуутанып, бороон болот. Таманынан чыккан чаң булуттай удургуйт. “Какшып кал!” десе деңиз какшып, дарыялар кургайт. Башандын талаалары такырайып, Кармилдин чокулары бозорот. Ливандын талаа гүлдөрү соолуйт. Жараткан Эгенин сүрүнөн тоо-дөбөлөр титиреп, ээрип кетет. Жер силкинип, ааламдын жана андагынын баарын калчылдак басат. Жараткан Эгенин каары келгенде анын алдында ким тура алат да, ким чыдай алат? Эч ким! Анткени ал каарданганда оттой жалындап, табынан аскалар чарт-чурт жарылат. Бирок Жараткан Эгебиз жакшы. ¤з пенделерине кыйынчылык мезгилде башпаанек болуп, ага кайрылгандарга кам көрөт. Ал эми душмандарын ташкындаган сел сымал жууп кетет, касташкандарын караңгыда калтырат.

Нахум пайгамбардын ниневиялыктарды айыпташы

(1:9-11)

Силер эмне үчүн Теңирге жаман ой ойлоп жатасыңар?! Ал силерди кырып жок кылат, ошондо каршы чыга турган эч ким калбай калат. Эй, орум-жыйымдан кийин какшыган талаада калган куу тикенектей болгон аракечтер! Силер өрттөлөсүңөр! Эй, Ниневия, Кудайга арам ойлоп, бузуку план түзгөн неме сенден чыкты!

Ниневия шаары кыйрайт

(1:12-14)

Теңир Яхудага мындай дейт: “Ассириялыктардын колу канчалык сансыз, күчтүү болсо да кырылат. Оо элим, мен мурда силердин башыңарга оор жүк салдым, эми антпейм. Мойнуңарга кийгизилген Ассириянын камытын талкалап, кишендерин сындырам.”

Теңир Ассирияга мындай дейт: “Сенин атыңы өчүрүп, тукум курут кылам. Азыр мен сага көр даярдап жатам: бутканаларыңдагы “кудайларыңдын” айкелдерин талкалап, өзүңдү ошол жерге көмөм. Анткени сен жашоого татыксызсың!”

Эзүүдөгү элге кабар

(1:15)

Яхуда, карачы, тоодон тоого секирип, кабарчы келетат! Ал жеңишти сүйүнчүлөгөнү келатат! Той бер, майрамда, Кудайга убада кылган курмандыктарыңды апкел, жырга! Адепсиз Ассирия ата-журтуңду экинчи тепселебейт! Ассирия жер менен жексен болду!

Ниневия шаарына кабар

(2:1-6)

Ниневия! Сени чачыратып, кыйрата турган душманың келатат! Тур! Чептериңди бекемде! Белиңди бекем буу! Күчүңдү топто! Душмандары чаап кете элегиндеги Жакыптын улуулугун, Исраилдин улуулугундай кылып, Теңир кайра калыбына келтиргени жатат. Бош калган жүзүмзарларын кайра өстүргөнү жатат. Душмандарыңдын калкандары кыпкызыл, кийимдери кырмызы. Ат арабалары оттой атырылып, урушка белен, аскеринин көбүнөн найзанын учу кылкылдайт.

Жакында Ниневиянын көчөлөрүндө арабалар зуулдап, аянттарын дүңгүрөтүп, оттой жылтылдап, чагылгандай жаркылдайт. Ниневия өз баатырларын майданга чакырат, бирок баатырлары баса албай, алдастап калган. Сепилдерин коргоого жандалбасташат, бирок шаарын эбак эле душмандары курчап алган. Суу бөгөттөрү ачылып, ак сарайларда отургандарын өңдөрү купкуу.

Ниневия шаары таланып-тонолот

(2:7-12)

Бүттү, Ниневия, тагдырың чечилди! Душмандарың ханышаңдын кийимин сыйрып алып, туткунга алып кетет. Күңдөрү көкүрөгүн койгулап, көгүчкөндөй онтоп, зарлап ыйлашат. Тукту жарган суудай болуп, эл шаардын дарбазасынан чыга качат. “Эй, токтогула, токтогула!” деген үнгө эч ким кылчайып карабайт.

Ай, жеңүүчүлөр, келгиле, алтын-күмүштөрүн тоногула! Бул жердин байлыгына сан жетпейт.

Эх, Ниневия, таланып-тонолуп, ойрондолуп, бүлүндүң го! Жүрөгүң түшүп, коркконуңан тизелериңди калчылдак басты го! Белиң бекчейип, көзүң чекчейди го! Ниневия, сен арстандардын үңкүрү элең, эмне болдуң, карачы!? Арстаның түгөйү менен жайбаракат басып, күчүктөрү кенебей жашаган жайың кана? Бул жерде арстаның алып келген тамагын тытмалап, түгөйү менен күчүктөрүнүн курсактарын уурдап келген тамагына тойгузчу эле.

Ниневия шаарына болгон Теңирдин каары

(2:13)

“Сени элеби Ниневия, карап тур, мен сага эмне кылар экем! — дейт кудурети күчтүү Кудай, — арабаларыңды өрттөп, түтүнгө чулгайм! Элиңди кырып, талап-тоногондоруңдуң баарын кайра сенден сыгып алам. Элчилериңдин жаагын жап кылам.

Ниневиялыктардын күнөөсү

(3:1-7)

Аккан канга, алдамчылыкка, канкордукка, зөөкүрдүккө толгон Ниневиянын шору катты! Ошондуктан көчөлөрү чып-чып деп чабылган камчынын үнүнө, дүңгүрөгөн дөңгөлөктөрдүн дүбүртүнө, таскактаган аттардын кишенегине, калдыраган арабалардын бака-шакасына толуп, жатып калды. Атчандар ары-бери чабышып, кылычтын мизи жалт-жулт этип, найзанын учу кылкылдады. Шаар ичи өлүккө толду, тоо-тоо болуп ар жерде жатат, баскан сайын өлүккө чалынасың.

Сыртынан көз жоосун алган, азгырма чырайы менен көп элдерди азгырып, өзүнө кул кылган, ичинен бузукулукка толгон шуркуянын жазасы ушул.

Ниневия шаары канчалык күчтүү болсо да жазадан качып кутула албайт

(3:8-17)

Кудурети күчтүү Теңир мындай дейт:

“Эй, Ниневия, этегиңди башыңа каптап, бүт элдерге шермендеңди чыгарам! Жек көрүндү кылып, бетиңе ылай шыбап

шыбап бүт элдердин алдына чыгарып коем. Сени көргөндөрдүн баары: “Ниневиянын таш-талканы чыгыптыр! Боору ооруган эч ким жок! Көңүл айтып, соороткон да табылбайт!” — дешет.

Эй, Ниневия, айтчы: айланасы суу чеп менен курчалган, Египеттин борбору Тебестен сен кыйынсыңбы? Ефиопия менен Египет ага кызмат кылып, Ливия менен Судан шериктештери болуп, күчү ашып-ташып турчу, билесиңби? Бирок ал көчүрүлүп, туткунга кетти. Жаш балдары көрүнгөн көчөнүн бурчунда ташбараңга алынды. Чоңдорунун тагдырын чүчү кулак кармап чечишип, чынжырлап, айдап кетишти.

Ниневия, сен да ошондой болуп, ичип алгансып, эсиң эңгирейт. Сен да душмандарыңдан жашынарга жай таппай далбастайсың. Сенин чептериңдин баары бышып турган анжирге окшош: жемиштери силкип койгондун оозуна келип түшөт. Аскерлериң катын сыяктуу, ошондуктан душмандарыңа дарбазаларың кеңири ачылат да сепилдериңди от жалмайт. Душманың камалап турган убакка даярдап, суу сузуп алып кой да чептериңди бекемде. Ылайыңды тебелеп, кыш куйганга калыбыңды даярда. Бирок баары бир отко ороносуң. Кылыч башыңды кесет. Чегиртке жеген эгиндей болосуң.

Сен чегирткедей көбөйдүң. Сенден чыккан соодагерлердин саны асмандагы жылдыздардан да көп. Бирок алардын дайнын таппай каласың. Аларың чегирткедей канатын жайып, туш-тарапка учуп кетишет. Сенин чоңдоруң ошол чегирткелерге окшош. Аскербашыларың суукта жылчыктарга жашынып, күн тийгенде дайнын таптырбай, туш келди учуп кеткен чиркейлердей.

Ниневия шаарынын башчыларынын кайдыгерлиги

(3:18,19)

Эй, Ассириянын падышасы, чабандарың бейкапар уктап жатат. Билермандарыңдын эч нерсе менен иши жок. Элиң тоо-тоололорго чачылып, сандалып жүрөт. Кайра чогултканга эч ким жок. Жараларыңа дары табылбай, сыздатып жатат. Сен баарына катаалдык менен ызгаар мамиле кылып келген элең. Эч ким сенин зөөкүрлүгүңөн качып кутула алган эмес. Эми карачы: кыйраганыңды угуп, баары сүйүнүп, кол чаап жатышат.