Муса пайгамбардын калган китептери тууралуу кыскача маалымат

Муса пайгамбардын үчүнчү китебинин дагы бир аталышы - Левит. Левиттер Израил элинин бир уруусу. Кудай аларды ибадатканада кызмат кылууга дайындаган.

Бул китепте ар кандай диний ырым-жырымдарга байланыштуу көптөгөн мыйзамдар, жол-жоболор баяндалат. Курмандыкка чалына турган жаныбарлардын түрлөрү, жашы, чоңдугу, жынысы жана ошондой эле курмандыкка кантип жана качан чалуунун жол-жолболору өтө дыкаттык менен ийне-жибине чейин сүрөттөлүп берилет. Китептин негизги максаты Израилди Машаяктын келишине даярдоо. Ошондуктан бул китепте жыш кездешүүчү күнөөнүн образы менен анын кечирилиши жана Кудайдын ырайымы аркылуу тазаланышы Израилдин аң-сезимин күнөөнүн жазасынан куткарып ала турган Кун керек деген идеяга суугарып келет.

Муса пайгамбардын төртүнчү китебинин дагы бир аталышы - Санак. Китепте Кудай убада кылган жерге сапар тартышкан израилдиктердин чөлдөгү турмушу тууралуу баяндалат. Кудай израилдиктерди көптөгөн сыноолор, кыйынчылыктар аркылуу алып өтүп, ишенимге, туруктуулукка жана чыдамкайлыкка үйрөтөт. Азыркы убак үчүн китептеги чөлдүн образы бул күнөөкөр дүйнөнү, ал эми Израил болсо бул дүйнөнү кезген Исанын жамаатын билдирип турат.

Муса пайгамбардын бешинчи китебинин дагы бир аталышы - Мыйзамды кайталоо. Кырк жыл бою чөлдө жүргөн израилдиктердин бир мууну алмашып экинчи муунуна мурда аталарына берилген Мыйзамды кайталоо зарылдыгы келип чыгат. Иордан дарыясын кечип өтүп, Кудай убада кылган жерге кирерде Муса пайгамбар жаңы муунга мурдакы Мыйзамды кайталап айтып берет. Ата-бабаларынын каталарын, эмне үчүн ушунча жыл Кудай убада кылган жерге кире албай чөл кезишкендигин, Кудайдын мыйзамдарынына баш ийүүнүн зарылчылдыгын түшүндүрөт.

Китептин аягында Муса пайгамбардын каза болгону сүрөттөлөт.