Паулос элчинин Коринф шаарындагы машаяктар жамаатына жазган биринчи каты

(7-бөлүмдөн башталат)

Кириш сөз

Коринфтеги жамаатта пайда болгон ар кандай проблемаларга байланыштуу жана коринфтиктердин кат аркылуу берген суроолоруна жооп иретинде Паулос элчи ушул катты жазат. Катта нике маселесине байланыштуу ар түрдүү суроолорго жооп берилип, Ыйык Рух берген ар кандай жөндөм-шыктарды колдонууга насааттар айтылып, теологиялык түйүндүү түшүнүктөр каралган.

 

Мага жазган катыңардагы суроолорго жооп берейин:

(7:1-7)

Өзүңөр айткандай үйлөнбөй, бой жүргөн эле жакшы. Бирок бу дүйнөдө бузуктук көп, ошондуктан ар бир эркектин өз аялы, ар бир аялдын өз күйөөсү болсун. Эркек аялынын, ал эми аял болсо күйөөсүнүн алдындагы жубайлык милдетин аткарып, бири-биринин муктаждыктарын канагаттандырып туруусу парыз. Аял өз денесине өзү ээ эмес, анын денесинин ээси - күйөөсү; так ушундай эле күйөөсү да өз денесине өзү ээ эмес, анын денесинин ээси - аялы. Убактыңарды сыйынууда өткөрүү максатында алдыртан өз ара макулдашып албасаңар, эч качан бири-бириңерди чанбагыла. Эгер ушундай деп келишкен болсоңор, анда сыйынуу мөөнөтүңөр бүткөндө кайрадан бирге болгула. Ошондо өзүңөрдү кармай албастыктын айынан шайтандын азгырыгына түшпөйсүңөр.

Мен муну буйрук катары эмес, уруксаат катары гана айтып жатам. Чындыгында баарыңардын мендей болушуңарды каалар элем, бирок ар кимдин Кудайдан алган жөндөм-чамасы ар башка: кээ бир адамдар бул жөндөмдү алган болсо, кээ бир адамдар тиги жөндөмдү алышкан.

Бойдокторго жана жесирлерге насаат

(7:8-9)

Ал эми бойдоктор менен жесирлерге айтарым - силердин мен сыяктуу жалгыз бой бойдон калганыңар өзүңөргө жакшы болот. Бирок өзүңөрдү кармай албасаңар, анда үйлөнгүлө же турмушка чыккыла - кумарлардын кучагында куйкалангандан көрө, үйлөнүп же турмушка чыгып алганыңар жакшы.

Никедегилерге буйрук

(7:10-11)

Никедегилерге болсо менде буйрук бар, муну өз оюмдан чыгарган эмесмин, Теңирибиз буйруган: аял күйөөсүн таштабасын! Эгерде таштаса болсо бой өтсүн же кайра күйөөсү менен жарашсын. Күйөөсү болсо аялы менен ажырашпасын!

Ажырашууга байланыштуу насааттар

(7:12-16)

Башкаларга болсо мындай демекчимин (мен өзүм, Теңирибиз эмес): машаяк адам машаяк эмес аялга үйлөнгөн болсо жана аялы аны менен жашаганга макул болсо, анда ал аялы менен ажырашпашы керек. Ошондой эле машаяк аял да машаяк эмес күйөөсү бар болуп, күйөөсү аны менен бирге жашаганга макул болсо, күйөөсү менен ажырашпасын. Анткени ишенбеген күйөө ишенген аялы аркылуу ыйыкталат, ал эми ишенбеген аял болсо ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Мындай болбогондо балдарыңар арам болмок. Азыр болсо алар ыйык.

Бирок эгер машаяк эмес бирөө жубайынан кеткиси келсе, кете берсин. Мындай учурда боордошубуз никеге байлануу эмес. Кудай бизди тынчтыкта жашоого чакырып алган…

Сен, аял, күйөөңдү куткарып кала албасыңды кайдан билесиң? Же сен, күйөө, аялыңды куткарып кала албасыңды кайдан билесиң?

Кудай эркиндегидей жашагыла

(7:17-24)

Бир гана нерсе: ар бириңер Кудайдын берген жөндөмүнө жараша өмүр сүрүп, силерди өзүнө чакырып алганда кандай абалда болсоңор, ошол бойдон калгыла! Мен машаяктар жамааттарынын бардыгына ушундай буйрук кылам. Ишенимге келерде сүннөттөлгөн белеңер? Анда сүннөткө олтурбагандардай болбогула! Ишенимге келерде сүннөттөлбөгөн белеңер? Анда сүннөткө олтурбагыла! Сүннөткө олтуруу да, олтурбоо да маанисиз, маанилүүсү - Кудайдын буйруктарын сактоо. Ар бир адам Кудай чакырып аларда кандай абалда болсо ошол боюнча калсын! Кудай чакырып аларда кул белең? Анда түйшүк тарта бербе. Бирок эгер эркин болууга мүмкүнчүлүгүң болсо, анда жакшысын тандап ал. Анткени Машаяк менен бир болууга чакырылган кул - бул Теңирибиз эркиндикке чыгарган кул. Ушул сыяктуу эле Теңирибиз чакырарда эркин болгон адам - эми Машаяктын кулу. Силерди Кудай чоң кун төлөп сатып алган, ошондуктан адамдардын кулу болбогула. Боордоштор, Кудай чакырып аларда кандай абалда болсоңор ошол бойдон калгыла.

Бойдоктор жана жесирлер тууралуу

(7:25-40)

Эми катыңардагы бойдоктор жана жесирлер тууралуу суроолоруңарга жооп берейин: Менде бул тууралуу Теңирибизден эч кандай буйрук жок, бирок Кудайдын ырайымы менен ишенүүгө татыктуу болгон адамдардын бири катары мен өз пикиримди айта кетейин.

Азыркы кыйынчылыктарга байланыштуу, менимче, адамга ал кандай абалда болсо ошол бойдон калганы жакшы. Аялың барбы? Анда аялыңан бошонууну издебе. Жокпу? Анда аял издебе. Үйлөнсөңөр деле күнөө кылбайсыңар. Күйөөгө тие элек аял да турмушка чыкса күнөө кылбайт. Бирок бул жашоонун түйшүктөрүнөн кыйналасыңар. А мен силерди аяйм.

Менин айтайын дегеним, боордошторум, убакыт кыска, ошондуктан үйлөнгөндөр үйлөнбөгөндөрдөй болушу керек. Боздогондор, боздобогондордой, каткырып күлгөндөр күлбөгөндөрдөй, бир нерсе сатып алып жаткандар, сатып алган нерсесине ээ болбогондой, бул дүйнөдөн пайдалангандар, пайдаланбагандардай жашашсын. Себеп дегенде бул дүйнөнүн образы өтүп кетип баратат. А мен силердин түйшүктөн бош болушуңарды каалайм. Үйлөнбөгөн адам Кудайдын иши менен алек болот, ал эми аялы бар адам болсо бул дүйнөгө таандык болгон көр тириликтин түйшүгүн тартып, аялынын көңүлүнө жагуу менен алек болот.

Күйөөсү бар аял менен турмушка чыкпаган аялдын же кыздын да айырмасы бар. Турмушка чыкпаган аял же кыз денеси менен да, руху менен да ыйык болуп, Кудайга жагуу үчүн Кудайдын иштери менен алек болот. Ал эми күйөөсү бар аял болсо бул дүйнөгө таандык болгон көр тириликтин түйшүгүн тартып, күйөөсүнүн көңүлүнө жагуу менен алек болот.

Мен муну силердин пайдаңар үчүн айтып жатам. Силерге кандайдыр бир чектөөлөрдүн каамытын кийгизүү максатында эмес, тескерисинче, эч нерсеге алаксыбастан толугу менен өзүңөрдү Теңирибиздин кызматына арнап, туура жана жөндүү иштерди кылууңарды каалайм…

Кимде ким кайсы бир аялзатына карата кылып жаткан мамилесинен оңтойсузданып, ал аялга болгон тартылуусу өтө күчтүү болуп бараткандыктан ага үйлөнүү зарылчылыгын сезсе, анда ал, өзү ойлогондой, үйлөнсүн. Мында эч кандай күнөө жок. Бирок эгер ал мындай кылууга мажбурланбай, үйлөнбөөгө ниеттенип, каалоолорун толук башкара аларын билип, эмне кылууну өзүнчө чечип алган болсо жана ага үйлөнбөсө, анда ал жакшы кылат. Демек, үйлөнгөн адам жакшы иш кылат, ал эми үйлөнбөгөн болсо андан да жакшы иш кылат.

Аял күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө ага Мыйзам аркылуу байланган. Эгерде күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, анда кимге кааласа, ошого турмушка чыга берсе болот, бирок турмушка

чыга турган кишиси Машаяктын үмөтү болушу керек. Бирок менимче, мындай аял турмушка чыкпаса бактылуураак болот. А мен болсом, менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.

Ыйык Рух белек катары берген шык-жөндөмдөр тууралуу

(12:1-11)

Эми, Ыйык Рухтун берген белек-шыктары тууралуу суроолоруңарга жооп берейин:

Бул тууралуу билип алышыңарды каалайм, боордошторум. Кудайсыз өмүр сүрүп жүргөнүңөрдө сүйлөй албаган, жансыз буркандарга табынууга кандайдыр бир күч ар кандай жолдор менен силерди жетелеп барчу. Силерге айтып койгум келет: Кудай Рухунун жетегиндеги адам эч качан Исага тил тийгизбейт жана Ыйык Рухтун жетегинде болбосо эч бир адам: “Оо, Теңири Иса!” дей албайт.

Адамдарга бир эле Рух ар кандай белек-шыктарды тартуулайт. Адамдар бир эле Кудайга ар кандай жол менен табынышат. Бардыгында бардык иштерди кылган бир эле Кудай, бирок анын адамдар аркылуу кылган иш-аракеттери ар башка. Ыйык Рухтун кайсы бир адам аркылуу кылган өзгөчө иш-аракети бардыгынын пайдасы үчүн кылынат.

Ыйык Рух бирөөгө акылмандыкка сугарылган сөз берсе, бирөөгө чыныгы билимге сугарылган сөз берет. Ошол эле Рух бирөөгө өзгөчө ишеним берсе, бирөөгө айыктыруу жөндөмүн берет. Бирөөгө кереметтүү иштерди жасоо кудуретин берсе, бирөөгө Кудайдын кабарын айтуу жөндөмүн берет. Дагы бирөөгө жөндөмдөрдүн Ыйык Рухтанбы же жокпу, ошону ажырата билүү жөндөмүн берет. Бирөөгө тилдерде сүйлөө жөндөмүн берсе, бирөөгө анын айтканын түшүндүрүп берүү жөндөмүн берет. Бирок мунун баарын кылган бир эле Рух. Ал өзү каалагандай ар бир адамга ар кандай жөндөмдөрдү берет.

Дене бирөө, бирок ал ар башка мүчөлөрдөн турат

(12:12-30)

Машаякты көп мүчөлөрдөн турган бир дене менен салыштырса болот. Ал ар түрдүү мүчөлөрдөн турса да бир эле дене. Ошонун сыңарындай биз баарыбыз тең - сүннөттөлгөн элденбизби же сүннөттөлбөгөн элдерденбизби, кулбузбу же эркин адамбызбы - бир Рух тарабынан бир денеге чөмүлгөнбүз жана бир Рухтан ичкенбиз. Анткени дене бир эле мүчөдөн турбайт. Дене көптөгөн мүчөлөрдөн турат. Эгер бут: “Мен кол болбогондуктан денеге тиешелүү эмесмин!” - десе, анда ал денеге тиешелүү болбой калабы? Эгерде кулак: “Мен көз болбогондуктан денеге тиешелүү эмесин!” - десе, анда ал денеге тишелүү болбой калабы? Эгерде дененин баары эле көз болуп алса, анда ал каери менен угат? Эгерде дененин баары эле кулак болуп алса, анда ал каери менен жыт билет?

Бирок Кудай ар бир мүчөнү денеге өзү каалагандай кылып жайгаштырып койгон. Эгерде баары эле бир мүчө болуп алганда дене болмок эмес! Ошонун сыңарындай мүчөлөр көп, бирок дене бирөө гана.

Ошондуктан көз колго: “Сенин мага керегиң жок!” - дей албайт. Баш бутка: “Мен сага муктаж эмесмин!” - дей албайт. Тескерисинче, алсыз сыяктуу көрүнгөн дене мүчөлөрүбүзсүз, бизге абдан зарыл; башка мүчөлөрүбүзгө караганда кадыры ылдыйыраак деп эсепген мүчөлөрүбүздү өтө бөпөлөп, аяр мамиле кылабыз. Көрксүз көрүнгөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө мамиле кылып, жаап алабыз. Көрктүү көрүнгөн мүчөлөрүбүз болсо мындай кылууга муктаж эмес. Көңүл бурууга муктаж болгон мүчөлөрүбүздү көбүрөөк бапестешибиз үчүн Кудай биздин денебизди ушундайча жасап койгон. Ошондуктан денеде бөлүнүү деген жок болуп, анын мүчөлөрү бири-бирине камкордук менен бирдей мамиле кылышы керек. Демек, бир мүчө кыйналып жатса, аны менен кошо бардык мүчөлөр чогуу кыйналышат, бир мүчө макталып жатса, аны менен кошо бардыгы кубанышат.

Ошонун сыңарындай силер Машаяктын Денесисиңер, ал эми жалгыз жалгыздан болсо, анын мүчөлөрүсүңөр. Жамаатта Кудай баарын өз-өз ордуна жайгаштырган: биринчи орунга - элчилерди, экинчи орунга - пайгамбарларды, үчүнчү орунга - мугалимдерди, андан ары ал кээ бирөөлөргө укмуштарды көрсөтүү, айыктыруу, жардамчылык, жетектөө, тилдерде сүйлөө шыгын берди. Булардын баары эле элчилер, же пайгамбарлар, же мугалимдер эмес. Баары эле эле укмуштарды көрсөтүү, айыктыруу, тилдерде сүйлөө, же аны түшүндүрүп берүү жөндөмдөрүнө ээ эмес! Ошондуктан жүрөгүңөрдү улуураак жөндөмдөргө бургула.

Чыныгы сүйүү

(12:31-13:1-3)

Бирок, мен силерге эң сонун жолду көрсөтө кетким келет:

Эгерде мен адамдардын гана эмес периштелердин тилдеринде да сүйлөй алсам, бирок жүрөгүмдө эч кандай сүйүү жашабаса, анда менин сүйлөгөн сөзүм жез табактын даңгырагынан же коңгуроонун чыңкылдаганынан айырмасы жок. Эгерде менде пайгамбарчылык кыла ала турган жөндөм гана эмес билимдин баары болуп, изилдене элек сырлардын бүт баарын билсем, ал тургай тоолорду жылдырып жибере тургандай ишенимим бар болсо, бирок көкүрөгүмдө эч кандай сүйүү жашабаса, анда мен эч ким эмесмин. Эгерде мен колумдагы болгон байлыгымдын баарын толук таратып жиберсем, ал тургай денемди өрттөөгө берип салсам, бирок да жандүйнөмдө сүйүү жашабаса, анда мындан мага кыпындай да пайда болбойт.

Чыныгы сүйүүнүн сапаттары

(13:4-7)

Чыныгы сүйүү чыдамдуу,

Берилип сүйөт, кайрымдуу,

Көз артпайт, ичи тарыбайт,

Өзүн өзү көтөрбөйт,

Кыйынсынып, мактанбайт,

Бейбаштанып, чаң cалбайт.

Керт башын гана ойлонуп,

Өзүнүкүн издебейт.

Кыжырланбайт, кекенбейт.

Жамандыкка сүйүнбөйт,

Акыйкатка сүйүнөт.

Таштап кетпейт эч качан,

Бардыгында ишенет,

Эч качан үмүтүн үзбөйт,

Баарын чыдап көтөрөт.

Утурумдук жана түбөлүктүү баалуулуктар

(13:8-13)

Пайгамбарчылыктар токтойт, тилдерде сүйлөө бүтөт, билимдер өтүп кетет, бирок чыныгы сүйүү түгөнбөстөн түбөлүккө кала берет. Анткени биздин пайгамбарчылык жана тилдерде сүйлөө жөндөмдөрүбүз толук эмес, жарым-жартылай гана. Ал эми жеткилең жана толук нерсе келгенде, жарым-жартылай нерселердин баарынын кереги жок болуп калат.

Мен бала кезимде баладай сүйлөп, баладай ой-жүгүртүп, баладай түшүнчүмүн, бирок балакатка жеткенимде балалыкты таштадым.

Биздин азыр көрүп турганыбыздын баары күзгүдөн чагылган күңүрт караандай. А кийин болсо бетме-бет көрөбүз. Азыркы билгендерим жарым-жартылай гана. А кийин болсо Кудай мени толук, жеткилең билгендей менин да билимим жеткилең болот. Азырынча төмөнкү үч нерсе жашап жатат: ишеним, үмүт жана сүйүү. Ушул үчөөнүн эң маанилүүсү жана улуусу - сүйүү.

Дагы бир ирет Ыйык Рух белек кылган жөндөм-шыктар тууралуу

(14:1-19)

Чыныгы сүйүүгө умтулгула. Ыйык Рух бере турган жөндөмдөргө жеткенди самагыла, айрыкча Кудайдын кабарын жар салуу жөндөмүнө. Ким тилдерде сүйлөсө, ал башкаларга эмес, Кудайга сүйлөйт, анткени аны эч ким түшүнбөйт. Ал болсо, жашырын сырларды руху менен сүйлөйт. Ал эми Кудайдын кабарын жарыя кылган адам болсо, адамдарга сүйлөйт да, аларга жардам берип, чыйралтып, сооротот. Тилдерде сүйлөгөн адам өзүнө гана жардам берет, ал эми Кудайдын кабарын жарыялагандар бүткүл жамаатка жардам берет. Баарыңардын тилдерде сүйлөшүңөрдү каалайм. Бирок, Кудайдын кабарын айтуу жөндөмүнүн силерде бар болушун андан бешпетер каалайм. Анткени Кудайдын кабарын айткан киши тилдерде сүйлөгөн кишиден алда канча баалуураак.

(Албетте, эгер бүткүл жамаатка пайдалуу болсун үчүн айткандарын чечмелеп түшүндүрүп бере алса.) Боордошторум, Кудайдан эч кандай ачылыш-аян, эч кандай билим, эч кандай таалим алып барбай эле тилдерде сүйлөп кирсем, андан силерге не пайда? Мисалы, мына бул жансыз эле чоорду же арфаны алып көрөлү - эгер бул аспаптар кандайдыр бир белгилүү үн чыгарышпаса, анда алардын кайсынысында эмне тартылганын же чертилгенин кайдан билмек элек? Эгерде сурнайды белгилүү бир ирет менен чалбаса, ким согушка даярданмак эле? Ошонун сыңарындай силер тилиңер менен түшүнүксүз эле бирдемелерди булдуруктап атсаңар, аныңарды ким түшүнөт? Силердин сүйлөгөнүңөр бекер талаага кетет. Карагылачы, дүйнөдө канча деген ар кандай сөздөр бар, алардын биринин да мааниси жогу жок. Эгер мен сөздөрдүн маанисин түшүнбөсөм, анда мен сүйлөп жаткан адам үчүн чет элдик сыяктуумун, ал эми сүйлөп жаткан адам болсо мен үчүн чет элдик сыяктуу.

Силер рухий жөндөмдөрдү самап, алар аркылуу жамаатты байытууга умтулгула. Андыктан тилдерде сүйлөөчү адам, эмнени айтканын чечмелеп, түшүндүрүп бере ала турган жөндөмдү бер деп сыйынсын. Себеби эгерде мен тилдерде сыйына турган болсом, анда менин рухум да кошо сыйынганы менен акылым сыйынууга катышпай калат. Анда эмне кылышым керек? Мен рухум менен сыйынам, бирок ошондой эле акылым менен да сыйынам. Мен рухум менен ырдайм, бирок ошондой эле акылым менен да ырдайм. Эгерде силер рухуңар менен гана Кудайга рахмат айтып жаткан болсоңор, анда чогулушуңарга тыштан келген жөнөкөй адам силердин рахматыңарга кошулуп, кантип “оомийин” дей алат? Ал силердин айткандарыңарга түшүнбөйт! Сенин Кудайга айткан рахматың абдан жакшы болгон күндө да, башкаларга пайдасы тийбей калат.

Кудайга шүгүр, мен тилдерде сүйлөө боюнча эч кимиңерге алдыман ат салдырбайм. Бирок чогулушта миң сөз тилдерде сүйлөгөндөн көрө, башкаларга пайдалуу болсун үчүн түшүнүктүү беш эле сөздү сүйлөөнү артык көрөм.

Тилдердин функциясы

(14:20-22)

Боордоштор, акылыңар жаш балдардыкындай болбосун! Жамандыкка карата жаш балдардай бейкүнөө болгула, бирок ой жүгүртүүңөр рухий жактан бышып жетилген адамдардыкындай болсун. Ыйык Жазмаларда: «Түшүнүксүз тилде сүйлөгөн эл аркылуу мен өз элиме сүйлөйм” дейт Теңир. Мен чет элдиктердин оозу менен сүйлөйм, ошондо да менин элим мени укпай коёт”, - деп жазылган.

Демек, тилдерде сүйлөө жөндөмү ишенгендер үчүн эмес, ишенбегендер үчүн далил белги, ал эми Кудайдын кабарын жар салуу ишенбегендер үчүн эмес, ишенгендер үчүн далил белги.

Машаяктар жыйынындагы тартип

(14:23-33)

Эгерде бүт жамаат бир жерге чогулуп алып баарыңар тең тилдерде сүйлөп жатканыңарда ишенбеген же билбеген бирөө сырттан кирип келсе “буларга жин тийген го!” дебейби? Бирок эгер баарыңар Кудайдын кабарын айтып жатканыңарда сырттан ишенбеген же билбеген бирөө кирип келсе, анда ал силерден уккан сөздөрдөн улам күнөөкөр экенин билип, баарыңар тарабынан бирдей соттолуп жатканын сезип, жашырын сырлары сыртка чыгып, чөк түшүп: “Араңарда чындап эле Кудай бар экен!” деп Кудайга таазим кылат.

Демек, менин айтайын дегеним бул, боордоштор: Кудайга таат-ибадат кылганы чогулганыңарда бирөөңөрдө рухий ырлар болот, бирөөңөрдө таалим сөзү, дагы бирөөңөрдө Кудайдан алган аян, дагы бирөөңөрдө тилдерде сүйлөө жөндөмү, дагы бирөөңөрдө ошол тилдерди чечмелеп, түшүндүрүп берүү жөндөмү болот, бирок ушулардын баары жамаатын өсүп-өнүгүшүнө колдонулушу керек. Эгерде кимдир-бирөөлөр тилдерде сүйлөгөнү жатса, кезек менен, биринин артынан бири сүйлөшсүн, бирок тилдерде сүйлөгөндөрдүн саны анда эки-үч кишиден ашпасын жана кимдир-бирөө алардын айткандарын чечмелеп берсин. Бирок эгерде чечмелей турган адам жок болсо, анда тилдерде сүйлөөчү киши үнүн чыгарбастан өзүнө жана Кудайга гана сүйлөсүн. Кудайдан кабар алгандардан да экөө же үчөө эле сүйлөсүн, калгандары алардын айткандарын талкуулашсын. Бирок эгерде жыйында олтургандардан кимдир бирөө Кудайдан кабар алса, сүйлөп жаткан адам токтосун. Ар бир адам үйрөнүп, ишенимде бекемделсин үчүн баарыңар бириңердин артыңардан бириңер Кудайдын кабарын айта аласыңар. Бирок Кудайдын кабарын айтуу руху сүйлөп жаткандын башкаруусунда болуш керек, анткени Кудай башаламандыктын эмес, тынчтыктын жана ынтымак-ырашкердиктин Кудайы.

Жамаат жыйналыштарындагы аялдардын орду

(14:33-35)

Кудай адамдарынын бардык жамааттарындагы тартип боюнча жыйналыштарда аялдар тынч олтурушсун. Аларга сүйлөгөнгө тыюу салынган. Тооратта айтылгандай алар момун болушсун. Эгерде бир нерсени билип алгысы келсе, анда үйлөрүнө барганда күйөөсүнөн сурап алышсын. Аялдардын жамааттын жыйналышында сүйлөгөнү уят.

Жамаат жыйналышындагы тартип боюнча соңку сөз

(14:36-40)

Эй коринфтиктер, эмне Кудайдын сөзү силерден чыкты беле? Же Кудайдын сөзү жалгыз эле силерге келдиби? Эгерде

кимиңер өзүн Кудайдын кабарчысымын же Кудайдан кандайдыр бир өзгөчө жөндөм алгам деп ойлосо, анда менин силерге жазып жатканым Эгебиздин буйругу экенин түшүнүп алышы керек. Эгерде ал бул айтканыма көңүл бурбаса, анда анын өзүнө да көңүл бурулбасын!

Ошондуктан, боордошторум, көңүлүңөрдү Кудайдын кабарын жар салууга умтулткула, бирок тилдерде сүйлөөгө тыюу салбагыла. Бирок баары тең тартипте жана өз-өз ордунда болушу керек.

Машаяктын кайра тирилиши тууралуу

(15:1-11)

Эми, боордошторум, мен силерге айткан жакшы кабар тууралуу эсиңерге сала кетейин. Силер аны кабыл алып, ишенимиңерди ошого бекем негиздедиңер. Ал мен силерге айтып берген кубанычтуу кабар. Эгерде силер ошону бекем кармансаңар, ошол аркылуу куткарылгансыңар, антпесе, ишенип калгандыгыңардан эч кандай пайда болмок эмес.

Мен алгач өзүм кабыл алган өтө маанилүү кабарды силерге өткөрүп бердим. Ал кабар мындай болчу:

- Ыйык Жазмаларда жазылгандай, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн жана көргө коюлган;

- Ыйык Жазмаларда жазылгандай, көргө коюлгандан кийин үчүнчү күнү кайра тирилип кеткен;

- Андан кийин ал Петроско жана он эки элчиге көрүнгөн;

- Андан кийин ал беш жүзгө жакын бурадарларга бир убакта көрүнгөн, алардын кээ бирөөлөрүнүн көзү өтүп кеткен менен көпчүлүгү азыр да тирүү;

- Анан ал Жакыпка, ошондой эле элчилерге баарына көрүнгөн;

- Ушулардын баарынан кийин ара төрөлгөн бала сыяктуу болгон мага да көрүнгөн. Себеби мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл элчи деп аталууга да татыктуу эмесмин, анткени мен убагында Кудайдын жамаатын куугунтуктаганмын. Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошомун, анын мага төккөн ырайымы талаага кеткен жок, анткени башка элчилердин баарын мен көп мээнет кылдым десем, балким, так болбос, андыктан менин ичимде жашаган Кудайдын ырайымы дешим керек. Ошентип, силерге бул кабарды мен айттым беле же аларбы, баары бир, биз баарыбыз айткан жана силер ишенип калган ошол кабарды айтканды уланта бермекчибиз.

Биз кайра тирилебиз

(15:12-34)

Биз Машаяк өлүмдөн кайра тирилип кеткен деп кабар таратып жүрсөк, анда кандайча силердин араңардан кээ

бирөөлөр өлгөндөр кайра тирилбейт дешет? Эгер алардын айтканындай боло турган болсо, анда демек, Машаяк кайра тирилбептир да! Эгер Машаяк кайра тирилбесе, анда биздин таалимибиз да, силердин ишенгениңер да куру бекер! Баарынан да биз Кудай тууралуу калп айтып жүргөндөр болуп калабыз, анткени биз Кудай Машаякты өлүмдөн тирилтти деп жүрбөйбүзбү. Бирок эгерде өлүмдөн тирилүү жок экени чын болсо, анда Кудай Машаякты кайра тирилткен жок. Анткени эгер өлүктөр кайра тирилбесе, анда демек, Машаяк да кайра тирилген эмес. Эгерде Машаяк кайра тирилбесе, анда силердин ишенимиңер туура эмес, а силер болсо күнөөлөрүңөрдөн кутулган жоксуңар. Демек, Машаякка ишенип жүрүп, каза болгондордун баарынын шору катты. Эгерде Машаякка бул жашоодо гана таянсак, анда жер бетиндегилердин бардыгынан аянычтуусу бизбиз.

Бирок өлгөндөрдөн түбөлүк өмүр үчүн кайра тирилгендеринин туңгучу катары Машаяк өлүмдөн кайра тирилип кетти! Бул чындык! Анткени бир киши аркылуу бул дүйнөгө ажал киргендей, өлүмдөн тирилүү да дагы башка бир киши аркылуу келди. Анткени адамдардын баары Адам атага болгон байлынышынан улам өлгөндөй, Машаякка болгон байланышынан улам кайра тирилишет. Бирок ар бири өз-өз орду менен тирилет: элде башта Машаяк, андан соң ал кыяматта кайра келгенде ага караштуулар. Андан соң акыр заман болот. Машаяк бардык рухий башкаруучуларды, бийликтерди жана күчтөрдү жеңип, Падышачылыкты Кудай Атасына берет. Анткени Кудай Машаяктын бардык душмандарын анын бут алдына жыгып бермейинче башчылык кылышы керек. Жок кылына турган акыркы жоо - ажал. Анткени Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Кудай баарын анын бут алдына жыкты”. Албетте, баарын деген сөз баарын Машаяктын бутуна жыгуучу Кудайдын өзүн камтыбайт. Бирок баары Машаяктын башчылыгына баш ийдирилген соң, анан, Уулдун өзү да ага баарын баш ийдирген Кудайга баш ийет. Анан Кудай баарынын үстүнөн толук бийлик кылат. Антпесе, жанагы өлгөндөр үчүн чөмүлдүрүлүп жүргөндөр тууралуу эмне десе болот? Алар эмнеге үмүт кылышат? Эгер өлгөндөр эч кайра тирилишпесе, анда ошол адамдар эмне үчүн өлгөндөр үчүн чөмүлдүрүлүп жүрүшөт? А бизге келе турган болсок, эмнеге биз саат сайын коркунучка карабай өмүрүбүздү тобокелдикке салып жүрөбүз? Боордоштор, мен күндө ажал менен бетме-бет жолугам! Силердин араңардагы, жашообуздагы жана Теңири Машаяк Исадагы сыймыгым муну ачык айтканга мүмкүнчүлүк берүүдө. Эгерде мен жанагы “Эфестик айбандар” менен жөн гана адамдык эле ойлор үчүн согушкан болсом, анда кандай пайда таптым? Эгерде жүрүп жаткан сөздөрдөй кайра тирилүү болбосо, анда келгиле: “жеп-ичип жыргайлы, анткени эртең баары бир өлөбүз да”. Акмак болбогула! “Жамандарга жакындашсаң, жамандыгы жугат”.

Эсиңерге келип, күнөө кылууну токтоткула! Мен силерге уятыңарды ачык айтып коёюн: араңарда Кудайды тааныбагандар бар.

Дененин кайра тирилүүсү

(15:35-58)

Бирөө айтаар: “Өлгөндөр кантип тирилишмек эле?” “Тирилишсе алардын денеси кандай болот?” деп. Эй наадан, сен жерге урук эккениңде ал өлмөйүнчө кайра өнүп чыкпайт! Эккениң буудайдын уругубу же башканыкыбы, жөн эле урук, келечекте өсүп чыга турган толук дандуу түшүм эмес. Кудай ошол урукка өзү каалагандай дене берет; ал ар бир урукка өз-өзүнүн денесин берет. Тирүү жандардын баарынын денеси бирдей эмес: адамдардын денеси бир башка, айбандардыкы бир башка, канаттуулардыкы бир башка, балыктардыкы бир башка. Асман телолору бар, жер телолору да бар. Күндүн көркү өзүнчө бир башка болсо, айдын көркү өзүнчө бир башка, жылдыздардыкы болсо дагы өзүнчө бир башка, ал тургай жылдыздардын арасында да көркү боюнча айырмасы барлары бар.

Өлгөндөр тирилгенде да ушундай болот. Дене көмүлгөндө, ал чирийт, ал эми кайра тирилгенде болсо эч качан чирибес денеге айланат. Көмүлгөндө көрксүз, алсыз, ал эми кайра тирилгенде болсо ал көрктүү жана чымыр болот. Көмүлгөндө табигый дене болсо, кайра тирилгенде рухий денеге айланат. Ыйык Жазмада айтылгандай: “Кудай биринчи кишини, Адам атаны, тирүү жан кылып жаратты”, ал эми акыркы киши болсо өмүр берүүчү Рух. Биринчи рухий дене эмес, табигый дене келет, анан ал рухий денеге алмашат. Жерден жаратылган биринчи адам жерден келген, ал эми экинчи Адам болсо асмандан келди. Жерге таандыктар жерден жаратылган адамга окшош болушат, ал эми асманга караштуулар асмандан келген Адамга окшош болушат. Биз азыр жерден жаратылган адамдын образын кийип жүргөнүбүздөй, келечекте асмандан келген Адамдын образына кийинебиз.

Айтайын дегеним, боордошторум, кан менен эттен турган дене Кудайдын падышачылыгын мураска ала албайт. Ошондой эле чирий турган нерсе, чирибес нерсени мурастай албайт.

Бир жашырын сырды силерге айтып коёюн: биз баарыбыз өлбөйбүз, бирок акыркы сурнай чалынганда ошол замат, көз ирмемде баарыбыз өзгөрүп кетебиз. Анткени ошол сурнай тартылганда өлгөндөр кайрадан өлбөс болуп кайра тирилишет жана биз баарыбыз өзгөрүп кетебиз. Анткени чирий турган нерсе чирибей турган нерсеге алмашышы керек; өлө турган нерсе өлө албай турган нерсеге өтүшү керек. Ошентип ушул нерсе ишке ашып, чирий турган нерсе чирибей турган нерсеге алмашканда, Ыйык Жазмалардын айткандары ордуна келет: “ажал жеңилет, жеңиш толугу менен орнойт!”

«Ажал, кана сенин уу тишиң?

Өлүм, кана сенин жеңишиң?»

Ажал өзүнүн уусун күнөөдөн алат, ал эми күнөөнүн кудурети Мыйзамга негизделген. Бирок бизге Теңири Иса Машаяк аркылуу жеңиш берген Кудайга алкыш жана даңк болсун!

Ошондуктан, сүйүктүү боордошторум, ишенимде бекем жана туруктуу болгула! Ар дайым Теңирибизге кызмат кылуу менен алектенгиле, анткени Теңирибизге кылган эч бир кызматыңар бекер талаага кетпейт.