Жунус пайгамбар тууралуу китеп

Кудай Жунус пайгамбарга Израилдин эзелки душманы болгон Ассирия мамлекетинин борбор шаары — Ниневияга барууну буйрук кылат. Анткени ал ниневиялыктардын күнөөлөрү үчүн алардын шаарын талкалоону чечкен. Жунус пайгамбар болсо ал шаарга Кудайдын кабарын айткысы келбей качып жөнөйт. Анткени биринчиден ниневиялыктар Израил сыйынган Кудайга сыйынбаган бөтөн эл, экинчиден бардык израилдиктер сыяктуу эле Жунус да башка улуттарга кайдыгер. Бирок кудурети күчтүү Кудай кантип баш ийдиришти билет, ошондуктан ал Жунусту колдонуп, Ниневияга жакшы кабарын айтырат. Шаар эли Кудайдын кабарын кабыл алып, күнөөлөрүнөн баш тартат. Ошондуктан Кудай алардын шаарын талкалайм деген оюн өзгөртөт. Бул китеп Кудайдын өзү жараткан макулуктарынын үстүнөн толук бийлиги бар экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле анын мээримдүү, кечиримдүү, ырайымдуу экенин сүрөттөйт.

Жунус пайгамбардын Кудайдан качып жөнөшү

(1-бөлүм)

Бир күнү Жараткан Теңир Амитай уулу Жунуска: “Тур, улуу шаар — Ниневияга барып, күнөөлөрүн ашкереле! Анын кылган жамандыктары менин кулагыма жетти”, — деди. Жунус болсо ордунан тура калып, Теңирден качып кутулуш үчүн тескери жакка бет алды. Яффа шаарына келип, Испанияга кете турган кемени таап, жол киресин төлөп, ошого түштү. Жунустун ою боюнча Испанияда Теңир жок имиш.

Жолдо Теңир катуу бороон удургутуп, деңизди алай-дүлөй кылды. Кеме талкаланганы калды. Кемечилердин жаны чыгып, ар кимиси өз-өз кудайларына жардам сурап, жалынып киришти. Анан кемени жеңилдетүү үчүн жүгүн деңизге ыргыта башташты. А Жунус болсо кеменин төмөнкү бөлүгүнө кирип жатып алды да, куш уйкуну салды. Уктап жаткан жеринен аны капитан көрүп калып:

— Эй, сен эмне уктап жатасың? Тур да кудайыңан жардам сурап сыйын! Балким бизге ырайым этип, сактап калаар, — деди.

Ошол убакта кемечилер өз ара акылдашып:

— Жүргүлө, чүчү кулак кармашып, кимдин айынан ушундай кырсыкка туш болгонубузду билели, — дешти. Чүчү кулак кармашканда акыркысы Жунус болуп чыкты. Ошондо Жунуска келишип:

— Эми бизге айт, буга ким күнөөлүү? Эмне иш кылып жүрөсүң? Кай жерликсиң? Улутуң ким? — деп сурашты.

— Мен евреймин, — деди Жунус, — сыйынганым асман-жер менен деңизди жараткан Көк Теңири. Анан Жунус аларга Теңирден качып баратканын айтты. Ошондо тигилердин жүрөгү түшүп:

— Эмне үчүн анттиң? — дешти.

Бороон улам катуулап бараткандыктан алар Жунустан:

— Бороонду тынчытыш үчүн эмне кылышыбыз керек? — деп сурашты.

Жунус:

— Мени деңизге ыргытып жиберсеңер бороон басылат. Анткени силер менин айыман ушундай кырсыкка туш болдуңар, — деп жооп берди. Бирок кемечилер күчүнүн барынча кемени жээкке чыгарууга жандалбасташты. Бороон болсо күчөгөндөн күчөп, бет маңдайдан согуп туруп алды. Ошондо алар: “Оо Теңир, бул кишинин өмүрү үчүн бизди өлтүрө көрбө! Анткени мунун баарын сен кылып жатасың, бул сенин ишиң”, — деп Теңирге жалынышты. Анан Жунусту кармашты да, деңизге ыргытып жиберишти. Ошол замат бороон тып басылды.

Кемечилерге бул окуя ушунчалык Кудайдан коркуу сезимин туудургандыктан, алар курмандык чалып, Теңирге кызмат кылабыз деп убада беришти.

Жунусту болсо Кудайдын амири менен чоң балык жутуп алды. Жунус ал балыктын ичинде үч күн, үч түн жатты.

Жунус пайгамбардын сыйынуусу

(2-бөлүм)

Балыктын курсагында жатып, Жунус пайгамбар Теңирине мындай деп сыйынды:

“Кырсык башка түшкөндө,

¤зүңө, Эгем, кайрылдым,

Ошондо уктуң Теңирим.

О дүйнөнүн түбүнөн

Жардам сурап жалынсам

Кулак салдың Теңирим.

Сен мени салдың тереңге,

Деңиздин эң түбүнө,

Суу астына бастырдың,

Толкундарга тапшырдың.

Сенден такыр куулуп,

Эч качан ыйык үйүңдү

Көрбөйм го деп санааркайм.

Деңизге калдым басылып,

Балырга башым оролуп,

Жатамын сууда тумчугуп.

Тоолордун түбүнө жеттим,

Дарбазасы ачылбас,

Жердин астына кеттим.

Бирок сен мени Теңирим,

Туңгуюктан куткардың.

Чымындай жаным чыркырап,

Чыгып бара жатканда,

Оо Теңир сага жалындым

Ошондо ыйык үйүңөн

‡нүмдү уктуң Кудайым!

Сени чанып кеткендер —

Буттарды кудай кылгандар.

Бирок мен мактайм бир сени,

¤зүңө чалам курмандык,

Шерттеримди аткарам.

Анткени бир гана сенсиң —

Куткаруучу Кудайым.”

Анан Теңирдин буйругу менен балык Жунусту жээкке бүркүп салды.

Жунустун Кудайга моюн сунушу

(3-бөлүм)

Жараткан Эге Жунуска кайрадан кайрылып: “Улуу шаар Ниневияга бар да мен сага айткан кабарды жарыяла!” — деди. Жунус тил алып, Ниневияга барды. Шаар ушунчалык чоң болгондуктан Жунус анын бир башынан экинчи башына үч күндө араң жетти.

Ал биринчи күнү кечке чейин жол жүрүп, эч кандай кабар таратпады. Экинчи күн дегенде гана: “Кырк күндөн кийин Ниневия кыйрайт”, — деп айта баштады. Ошондо шаардыктар Кудайдын кабарына ишеништи. Орозо тутуп, чоң-кичине дебей, кара кийиништи. Кабар Ниневиянын падышасына жеткенде ал да тактысынан туруп, зумбал жамынып, күлгө отурду. Элине кабарчыларын жөнөтүп: “Падыша вазирлери менен бирге буйрук кылат: адам болобу, мал болобу, кыбыр эткен жандын баары тамак жебесин да суу ичпесин. Адамдарга да, малга да зумбал кийгизилсин! Кудайга зар-какшап, жалынгыла! Бузуку жүрүш-турушту таштагыла! Балким ошондо Кудай оюн өзгөртүп, каарынан кайтаар да биз аман калаарбыз”, — деген буйрукту жарыя кылды.

Кудай алардын мунусун көрдү. Күнөөлүү иштерин таштагандарын байкады. Анан оюн өзгөртүп, мурда айтканын кылбоону, аларды жазалабоону чечти.

Жунустун ачуулануусу жана Кудайдын мээрими

(4-бөлүм)

Жунус буга абдан капа болуп, ачууланды.

— Оо Эгем, үйүмөн чыга элегимде эле ушундай болот дебедим беле? Ошондуктан Испанияга качып жөнөгөн болчумун. Сенин ар дайым мээримдүү, ырайымдуу, көтөрүмдүү, боорукер, оюңду өзгөртүп, жазалабай коюга дайым даяр экениңди билгем, — деди ошондо Жунус, — эми Эгем, менин жанымды ал, мындан көрө өлгөнүм артык.

— Жунус, сен эмнеге ачууланып жатасың? — деди Теңир ага. Ошондо Жунус шаардын чыгыш тарабына өтүп барып олтуруп алды. Баш калкалай турган нерсе жасап, көлөкөсүндө Ниневияга эмне болор экен деп күтүп олтурду.

Теңир Жунуска жакшыраак көлөкө болсун деп, жанынан чоң өсүмдүк өстүрүп чыгарды. Ал Жунуска аябай жакты. Бирок кийинки күндүн кечинде Кудайдын буйругу менен өсүмдүктү курт жеп, соолутуп салды. Күн чыкканда Кудай чыгыштан ысык шамал соктурду. Жунустун төбөсүнөн күн өтүп, эстен танганы калды. Жунус өлгүсү келди. “Мындан көрө өлүп калсам гана!” — деди ал. Теңир:

— Бул өсүмдүк үчүн эмнеге ачууланып жатасың? — деп сурады. Жунус:

— Эмне үчүн ачууланбайм? Ушундан көрө өлгөнүм артык эмеспи! — деди. Ошондо Жараткан Эге ага мындай деди:

— Бул өсүмдүк бир түндүн ичинде өсүп чыгып, экинчи түнү жок болду. Ал үчүн мээнет кылган да, аны өстүргөн да сен эмессиң, бирок карачы, ичиң ачышып жатат. Анан оң колунан сол колун айырмалай албаган жыйырма төрт миң адамы, сан жеткис малы бар улуу шаар Ниневия үчүн менин ичим кантип ачышпай коёт?