Ыйык элчи Яхуддун каты

Кириш сөз

Бул каттын негизги максаты кээ бир бузуку адамдардан ишенүүчүлөр жамаатын коргоп, алардын жалган окууларын кабыл албоону эскертүү. Бул жалган окутуучулар машаяктык жашоодогу эркиндикти туура эмес чечмелеп, күнөө кылууга шылтоо катары пайдаланышкан.

Саламдашуу

(1-2)

Иса Машаяктын кулу, Жакыптын бир тууган иниси Яхуддан бул дүйнөдөн чакырылып алынгандарга, Кудай Атабыздын сүйүүсүнө ээ болгондорго жана Иса Машаяктын коргоосунда жашап жаткандарга салам кат.

Араңарда ырайымдуулук, тынчтык жана сүйүү мол болсун.

Бузукулар

(3-16)

Сүйүктүүлөрүм! Жалпыбызга тиешелүү куткарылуу тууралуу ушунчалык жазгым келсе да, бул ирет Кудай өзүнүн адамдарына бир жолу жана түбөлүккө берген ыйык ишеним үчүн күрөшүү тууралуу акыл–насаат кебимди айтып кетүүнү эп көрүп турам. Себеби, тээ мурда эле Ыйык Китептерде жазылган сотко дайындалган, ыймансыз, биздин Кудайыбыздын ырайымын бузукулук кылуу үчүн шылтоого айланткан, жападан жалгыз Эгебиз жана Теңирибиз болгон Иса Машаякты чанган кээ бирөөлөр араңарга акырын кирип алыптыр.

Азыр мен айта турган сөздүн баарын силер билесиңер. Ошондой болсо да буларды эсиңерге сала кетким келип турат:

Кудай өз элин Египеттен алып чыккан да, кийин ишенбегендерин чөлдө кырып салган. Ошондой эле чектен чыгып, турагын таштап кеткен периштелерди да бекем чынжырлар менен байлап, кыяматта болчу сотко камдап, караңгыда кармап турат. Ушул периштелер сымал бузуктукка берилип, ар кандай ыплас ышкыларга батып кетишкен Содом менен Гоморранын жана алардын тегерек-четинде жайгашкан шаарларында жашагандарды эстегилечи. Алар түбөлүк өчпөс отто жазасын тартып жатышат. Булар башкалар үчүн эскертүү.

Ошолор сыяктуу, жанагы араңарга жылмышып кирип алган “кыялкечтер” да өз денелерин булгап, Кудайдын бийлигин четке кагып, рухий күчтөргө тил тийгизип жүрүшөт. Алар эмес баш периште Михаэл да мындай кылган эмес! Ал Муса пайгамбардын сөөгү тууралуу иблис менен талашып жатканда ага тил тийгизип, айыптоого дааган эмес. Ал: ”Сени Теңир сот-тосун!”— деп гана тим болгон.Булар болсо акылы жетпегендин баарын сөгүшөт. Ал эми айбандар сыяктуу болуп, туюму менен түшүнгөн нерселерди болсо, өздөрүн бузуу үчүн колдонушат.

Алардын шору катат! Алар Кабылдын жолунда. Балаамга окшоп, дүнүйөкорлукка азгырылып, Карах сымал каршы чыгып жүрүп, шорлору куруйт. Араңарда отуруп алып, уялбастан силер менен чогуу ичип–жеп, сүйүү майрамдарыңардын көркүн бузуп турган кара тактар ушулар. Булар өз курсагынын гана камын ойлогон койчулар. Бир тамчы суу бербеген, шамалдын айдоосундагы булуттар, күз келсе да жемиш бербеген, тамыры менен жулунуп, какчыйып куурап калган дарактар, деңиздин албуут толкундарындай, шерменделигин көккө чачыратып, көбүктөнткөндөр, келечегине түбөлүк караңгылык даярдалып, күтүп турган адашкан жылдыздар. Адам атадан жетинчи киши Энох пайгамбар булар жөнүндө: “Абайлагыла, мүлдө адамзаттын үстүнөн сот жүргүзүү үчүн, адепсиздердин бардык арам иштериндеги бузукулуктарын, ыйманын жеген күнөөкөрлөрдүн оозунан чыккан сөздөрүн ашкере кылуу үчүн Кудай өзүнүн ыйык периштелери менен келатат!” — деп пайгамбарчылык кылган. Мындайлар эч нерсеге ыраазы болбогон нааразылар, ыплас ышкыларына жетеленгендер. Ооз көптүргөн кур чечендер. Пайда түшө тургандарга гана жагалданган кошоматчылар.

Эскертүү жана акыл-насаат

(17-25)

Сүйүктүүлөрүм, силер болсо Теңири Иса Машаяктын элчилеринин алдын ала көрө билип, силерге: “Акыркы замандарда өздөрүнүн ыплас ышкыларынын жетегинен чыкпаган бетпак шылдыңкөйлөр чыгат”, — дегенин эстегиле.

Силерди бөлүп жарган ушулар. Алар өздөрүнүн табигый туюмдарынын кулдары. Аларда Ыйык Рух жок.

А силер болсо, сүйүктүү бир боорлорум, Ыйык Рухтун жетегинде сыйынып, эң ыйык ишенимиңерди чыңагыла. Түбөлүк өмүр берүүчү Иса Машаяктын ырайымын күтүп, өзүңөрдү Кудайдын мээриминде сактагыла.

Арсар ойдо тургандарга боорукер болгула. Кээ бир адамдарды оттон сууругандай жамандыктан куткаргыла. Кээсине коркунуч менен абайлап, атүгүл алардын денеси тийип, булганган кийимдерин да жек көрүү менен куткарып, аларга боорукердик кылгыла.

Кудайга шүкүрчүлүк келтирүү

(24-25)

Силерди жыгылуудан сактап, өзүнүн салтанаттуу келишинде кынтыксыз, жүзүңөрдү жарык кылуучу жападан жалгыз куткаруучу Кудайыбыз Иса Машаяк аркылуу даңкталсын! Улуулук, кудурет жана бийлик мурда, азыр жана кылымдардан кылымга ошонуку болсун! Оомийин.