Жахан элчинин III каты
Кириш с
өзБул катта жамаат м
үчөлөрүнүн бири-биринин алдындагы жоопкерчилиги баса көрсөтүлгөн.Кат башы
(1-4)
Карыя астейдил берилип с
үйгөн урматтуу Гаюска салам айтат...Кымбаттуу Гаюс, сенин рухий жашоо
ңдо болуп жаткан ийгиликтердей эле ал-ахвалыңдын жакшырып, сак-саламат болушуңду тилейм. Силерге барып келген бурадарлардан Кудайдын чындыгына бар ыкласың менен берилип, ошол чындыкка баш ийип жашап жатканыңды айтышканда кубанычым койнума батпай кудуңдадым. Мендей карыя үчүн ишенимдеш бaлдарымдын ак жашап жатканын уккандан артык кубаныч барбы?Гаюстун кызматы
(5-8)
Кымбаттуу Гаюс, сапардагы боордошторубузга кызмат
өтөп атыпсың, мунуң эң жакшы. Алар мага келишип, сенин сүйүүңдү жамаат чогулганда саймедиреп беришти. Сенин бул ишиң Кудайга жагат! Мындан ары да сапардагы боордошторубузга жардам бергениңди эч таштаба. Aлар кудайсыздардан эч нерсе алышпастан, Теңирибиздин ысмы үчүн сапарга чыгышкандар. Андыктан мындай боордошторубузду колдоо жоопкерчилигин мойнубузга алышыбыз абзел. Ошондо биз Акыйкаттын чыныгы кызматчыларынан болобуз.Мансапкорлук жана Кудайга кызмат
(9-12)
Мындан мурда да мен силер жактагы жамаатка кат жазган болчумун. Бирок силердеги башкарганды с
үйгөн мансапкор Диотрефес аны таназарына албай койду. Эми барсам, анын кылган иштеринин баарын: бизди сөккөнүн, калп айткандарын, анысы аз келгенсип бурадарларыбызды же өзү кабыл албай, же кабыл алгысы келгендерге уруксат бербей, бут тосуп, атүгүл жамааттан чыгарып жаткандыгын эсине салам.Кымбаттуу Гаюс, сен жамандыкты эмес жакшылыкты туура. Ким жакшылыкты жасаса, ал
Кудайдан. Ким жамандык жасаса, ал Кудайды таанып-билген эмес.
Деметриос тууралуу баары жакшы ойдо. Анын акыйкатка шай келген жашоосу мунун тастыктап турат. Ал тууралуу биздин да пикирибиз жакшы. Сен биздин чындыкты с
үйлөй турганыбызды билесиң.Со
ңку сөз(13-15)
Айтайын деген с
өзүм көп. Ошондуктан калем сап менен сыя челекти чокуп олтургандан көрө, буюрса, жакын арада жүзүңдү көрүп, сени менен маңдай тескей олтуруп алып, чер жазышсам деп самап жүрөм. Андыктан аманчылыгыңды тилеп, катымды аяктайм.Сага бул жактагы достору
ңдан салам.Жаны
ңдагы досторубуздун ар биринин атын атап, бизден салам айтып чык.