Жахан элчинин экинчи каты
Кириш с
өзЖахан элчи бул катын машаяк илимин бурмалаган жалган окуутуучулардан коргоо максатында ишен
үүчүлөр жамаатына жазат. Ошол убакта ар кандай тышкы кырдаалдарга байланыштуу Жахан “мырзайым” деп жамааты, ал эми анын мүчөлөрүн “балдары” деп атаса керек.Кат башы
(1-3)
Карыядан с
үйүктүү Мырзайымга жана анын балдарына салам кат. Мен Сизди чын жүрөктөн сүйөм. Жалгыз мен эле эмес, Акыйкатты билип калгандардын баары Сизди сүйүшөт. Себеп дегенде арабызда Акыйкаттын өзү өмүр сүрүп жатат, ал акыретте да түбөлүк биз менен болот.Ата менен анын акыйкатта с
үйгөн Уулу Иса Машаяк баарыбызга ырайымын төгүп, сүйүүсүнө бөлөп, ырыс-ынтымагын берсин.Чындык жана с
үйүү(4-6)
Атабыз осуяттагандай акыйкат жолунда ж
үргөн балдарыңызды көргөнүмдө өтө сүйүндүм. Ошондуктан, сүйүктүү Мырзайым, азыр Сизден бир нерсени көптөн көп сурана кетейин: биз бири-бирибизди сүйөлү. Мен Сизге жаңылыкты жазып жаткан жокмун. Менин жазып жатканым: баарыбызга башынан эле белгилүү болгон байыркы буйрук. Сүйүү дегеним — бул Кудайдын буйруктарына баш ийип өмүр сүрүү. Өзүңүздөр деле тээ башында укканыңыздардай ал сиздерге сүйүүдө жашоону осуяттап кеткен.Адаштыруучулардан абайлагыла
(7-11)
Адам кейпинде келген Иса Машаякты таанып-билбеген азгыруучулар ааламга жайнап кетти. Алар адаштыруучулар жана Машаяктын кас-душманы. Кылган эмгеги
ңиздер талаага кетпей, сыйлыкты толугу менен алуу үчүн өзүңүздөргө этият болуңуздар!Машаяктын окутуусу боюнча жашабай, аны бурмалаган адамда Кудай жок. Ким Машаяктын окутуусу боюнча жашаса, анда Ата да, анын Уул да бар.
Машаяктын окутуусун алып келбегендерди
үйүңүздөргө кабыл албаңыздар, атүгүл андайлар менен учурашпаңыздар. Алар менен учурашкандык — алардын бузуку иштерине шериктештик.Кат аягы
(12-13)
Сиздерге айтайын дегеним к
өп. Ошондуктан сыя менен папирусту чукулап олтурбастан араңыздарга барып, жүз көрүшүп, маңдай-тескей олтуруп алып Сиздер менен чер жаза маектешсем деп дегдеп келем.С
үйүктүү сиңдиңиздин балдарынан Сизге чоң салам.