Жахан элчинин I каты

Кириш сөз

Жахан элчи өзүнүн бул катын машаяктар жамаатына жазып, ага аталык насаатарын айтат. Машаяктар өз ара бири-бирин сүйүү керектигин, күнөөдөн алыс болуп, бул дүйнөдө өкүм сүргөн шайтандын рухунан дилди таза кармоонун зарылчылыгын эскертет.

Кудайдын Сөзү туурасында

(1:1-4)

1Аалам жаратыла электен мурдатан бери эле жашап келаткан түбөлүктүү Өмүр Сөзү тууралуу баян этмекчимин...

Биз анын сөзүн угуп, өзүн көргөнбүз, кол алышып, жанында жүргөнбүз.

2Ооба, Өмүрдүн Булагы көзгө көрүндү, биз аны көрүп, силерге да айтып берип жатабыз. Мурда Атабыздын жанында болгон ошол Өмүр Сөзү бизге өзүн көрсөттү. 3Силер да биз менен мамиледе болууңар үчүн биз уккан-көргөнүбүздү силерге жарыялап отурабыз. Анткени биз өзүбүз да Кудай Ата жана анын Уулу Иса Машаяк менен ысык мамиледебиз. 4Чыныгы кубанычка чогуу бөлөнөлү деген ниет менен силерге да кат жазып олтурабыз.

Нур жана караңгылык

(1:5-10)

5Бурадарлар, Кудай жаркыраган нур сыяктуу, анда эч кандай караңгычылык жок. Азыр силерге ушул Жакшы Кабарды жарыялап жаткан биз, муну анын Уулунун өзүнөн укканбыз. 6Өзүбүз караңгыда жүрүп, анан: “Кудай менен мамилем жакшы!” десек, анда калп айтып, акыйкатка жатпаган иш кылып жатабыз! 7Ал эми Кудайдын өзү сыяктуу нурда жүрсөк, анда бири–бирибиз менен мамилебиз жакшы болот жана анын Уулу Исанын каны бизди күнөөлөрүбүздүн баарынан тазалап турат. 8Эгер, күнөөлөрүбүздү моюнга албасак, анда өзүбүздү алдап, акыйкаттан сырткары жашап жаткандыгыбыз. 9А эгер күнөөлөрүбүздү болгонун болгондой ачыкка чыгарсак, анда Кудай бизди күнөөлөрүбүздүн жазасынан куткарып, бардык жамандыктан арылтат. Себеби Кудай өз сөзүнө турат, ошону менен бирге эле ал адилет. 10Эгер “күнөөбүз жок” десек, анда мунубуз менен Кудайды жалганчы дегенибиз, демек ,Кудайдын ыйык сөзүнө жандүйнөбүздөн орун берген эмеспиз.

Күнөөлөрүбүздүн куну төлөндү

(2:1-2)

Балдарым, мен бул катымды силер күнөө кылбасын деп жазып олтурам. А эгер араңардан бирөө жаза басып, күнөө кетирип алса, анда Кудай Атабыздын алдында бизди арачылап кала турган Иса Машаяк бар. Анын өлүмү биздин күнөөлөрүбүздүн куну, биздин гана эмес бүткүл адамзаттын күнөөлөрүнүкү.

Кудай адамдарынын жолу

(2:3-6)

Эгерде биз Кудайдын осуяттарына баш ийсек, анда демек биз аны тааныйбыз. Тааныйм деп, бирок анын осуяттарына баш ийбесек, анда калпычыбыз, демек бизде акыйкат жок. 5Ал эми Кудайдын осуяттарына баш ийип өмүр сүрсөк, анда биздин жүрөгүбүздө Кудайга деген сүйүү акыйкатта бышып жетилген. Кудай менен ысык мамиледе жашоо мындайча текшерилет: 6“Мен Кудай менен ысык мамиледемин деген адам Иса жашап өткөндөй жашасын!”

Бири-бириңерди жакшы көргүлө!

(2:7-17)

Сүйүктүү балдарым, мен силерге жазып жаткан бул осуят жаңы эмес, ал тээ мурдатан эле араңарда жашап келген эски осуят. Аны силер башында эле уккансыңар. Бирок экинчи жагынан алып караганда мен силерге жаңы осуят жазып жатам, анткени анын акыйкаттыгы Исадан да, бизден да көрүндү. Себеби азыр караңгылык качып, чыныгы нур жарыгын чачып келатат. Эгерде биз: “Биз жарыкта жашап жатабыз!” деп, а бирок бири-бирибизди жек көрсөк, анда дале караңгыдабыз. Жарыкта жашаган адам жанындагы адамды сүйөт, андай адам башкаларды күнөөгө түртпөйт. Эгерде биз бири-бирибизди жек көрсөк, демек караңгыдабыз. Кайпастап, кайда баратканыбызды билбейбиз, анткени караңгылык көзүбүздү көр кылып салган.

Балдарым, мен бул катты силерге арнап жазып отурам, себеби Кудай силердин күнөөлөрүңөрдү Исанын урматына кечирип койгон.

Аталар, мен бул катты сиздерге арнап жазып отурам, себеби сиздер аалам жаратыла электен эле бар болгон Машаякты билесиздер.

Жаштар, мен бул катымды силерге арнап жазып олтурам, анткени силер иблистин азгырыгын жеңдиңер.

Балдарым, мен бул катты силерге жазып олтурам, себеби силер Кудай Атанын ким экенин таанып калдыңар.

Урматтуу Аталар, мен бул катты сиздерге жаздым, себеби сиздер аалам жаратыла электе эле бар болгон Машаякты билесиздер.

Жаштар, мен бул катты силерге жаздым, анткени силер ишенимде бекемсиңер. Кудайдын сөзү силердин жүрөгүңөрдө жашап жатат, ошондуктан иблистин азгырыгын жеңип чыктыңар.

15Бул жалган дүйнөгө жана анын эч нерсесине жүрөгүңөрдү бербегиле. Анткени бул күнөөкөр дүйнөнү сүйгөн адамдын жүрөгүнө Кудай Атабызга карата болгон сүйүү байыр албайт. Анткени бул күнөөкөр дүйнө дене менен көздүн кумарларынан жана байлык менен мактанып, көпкөндүктөн турат. Булар болсо Кудай Атабыздан келчү нерселер эмес, алар бул күнөөкөр дүйнөдөн. Бул дүйнө да, анын ыплас ышкылары да өтүп кетет. Ал эми Кудайдын эркин аткарып өмүр сүргөн адам түбөлүк жашайт.

Акыр заман тууралуу

(2:18-19)

Балдарым, акыр заман босогодо турат. Тажаал чыгат деп мурда укканыңардай эле, азыр дүйнөдө көптөгөн тажаалдар пайда болушту. Ушундан улам акыр замандын босогодо турганын билебиз.

Ошол тажаалдар өзүбүздүн эле ичибизден чыгышты. Бирок алар эч качан бизге таандык болушкан эмес! Эгер бизге таандык болушса арабызда калышмак. Бирок алар бизден чыгып кетишти, ушундан улам баары эле бизге таандык эмес экендиги ачыкка чыкты.

Рухтарды ажырата билүү тууралуу

(2:20-23)

Силер Ыйык Рухтун белегин кабыл алгансыңар, андыктан баарын билесиңер. Мен бул катты силерге Акыйкатты билбегендигиңерден жазган жокмун! Силер Акыйкаттын Ким экенин билесиңер, ошондой эле жалгандын баары Акыйкаттан келбестигин да билесиңер. Исанын Машаяк экенин танган жалганчы болбогондо ким? Ата менен Уулду танган Тажаал дал ошол! 23Кимде ким Уулду танса, мунусу менен Атаны да танганын көрсөтөт. Ал эми Уулду кабыл алган адам аны ачык тааныйт, демек ал мунусу менен Атаны да кабыл алганын көрсөтүп турат.

Бузукулардын тилине кирбегиле!

(2:24-26)

Башында уккан жакшы кабарга шай өмүр сүргүлө. Ошол кабар жүрөгүңөрдөн орун алса, анда силер көктөн келген Уул менен Жараткан Атага жакын болосуңар. А Кудай болсо бизге түбөлүк өмүрдү убада кылган.

Мен муну жазгандагы ниетим — силерди ак жолдон адаштыргандардан коргоо.

Кудайдын билими

(2:27-29)

Не болсо да силер Кудайдан өзгөчө билим алгансыңар. Азыр ошол билим силерде бар, ошондуктан бирөөлөрдүн окутууссуна зар эмессиңер. Ошол билим азыр силерге баарын окутуп жатат, ал жасалма эмес, анык чыныгы билим. Ал силерди мурда кандай окутса, ошол окууну кармап жашагыла.

28Балдарым, Иса келген күнү жер карабай, жүзүбүз жарык болсун десеңер, дайыма аны менен бир болгула.

Силер Машаяктын адил экенин билесиңер, андыктан ак жашаган адам Кудайдын баласы экенин да билишиңер керек.

Биздин Атабыз — Кудай*

(3:1-10)

Кудай Атабыздын бизге төккөн мээримин карагылачы: анын ушунчалык бизди катуу сүйгөндүгүнөн улам биз Кудайдын балдары аталдык. Ооба, биз чынында эле Кудайдын балдарыбыз. Эмне үчүн бул дүйнө бизди түшүнбөйт? Анткени ал Кудайды түшүнбөйт.

Сүйүктүүлөрүм, биз Кудайдын балдары болуп калдык, келечекте дагы ким болорубузду азырынча билбейбиз. Бирок бул сыр ачылганда Исага окшошуп каларыбызды билебиз, анткени анын кандай экенин өз көзүбүз көрөбүз. Ким Машаяктан ушуну үмүттөнүп жашаса, өзүн күнөөдөн таза кармап өмүр сүрөт. Анткени Иса таза өмүр сүргөн.

4Ким күнөө кылса, ал Кудайдын мыйзамын бузган кылмышкер, анткени күнөө — бул кылмыш. Силер билесиңер: Иса күнөөлөрдү жок кылыш үчүн келген, өзүндө болсо эч кандай күнөө болгон эмес. Иса менен бир жашаган адам күнөө кыла бербейт. Уламдан улам күнөө кыла берген адам Исаны түшүнгөн да, таанып-билген да эмес.

7Балдарым, бирөөлөрдүн силерди түз жолдон буруп кетүүсүнө уруксат бербегиле. Түз жашаган адам Исанын өзү сыяктуу түз болот. Күнөөдөн башы чыкпаган адам шайтандан, анткени тээ башынан бери эле күнөө кылып келаткан ошол. Шайтандын арам иштерин бузуу үчүн Кудай Уулу бул дүйнөгө келди. Жүрөгүндө Кудайдын сөзү жашагандыктан, Кудайдын баласы күнөөдө жашай бербейт. Жашай да албайт, анткени ал Кудайдын баласы. 10Кудайдын балдары менен шайтандын балдарынын айырмасы мындай: ким түз жашабаса, баарынан да жанындагы адамга мээрими болбосо, анда ал

Кудайдын баласы эмес.

Боордоштук сүйүү жөнүндө

(3:11-24)

Биз бири-бирибизди сүйүшүбүз керектигин силер эң башында эле уккансыңар. Бир тууган инисин канын төккөн шайтандын баласы Кабыл сыяктуу болбойлу! Ал өзүнүнүн жатындашын эмне үчүн өлтүрүп салды? Анткени анын кылган иштери жаман болчу, ал эми инисиники жакшы эле.

Боордошторум, эгер бул дүйнө силерди жек көрсө, мында эч кандай таң калыштуу нерсе жок!

Биз болсо бири-бирибизди сүйөбүз, анткени өлүмдүн бийлигинен өмүрдүн бийлигине өтүп кеткенибизди билебиз. Ал эми ким боордошторун сүйбөсө, ал дале ажалдын чеңгээлинен бошоно элек. 15Боордошун жек көргөн адам киши өлтүргүч менен барабар. Ал эми эч бир киши өлтүргүчкө Кудай түбөлүк өмүрдү бербесин силер жакшы билесиңер.

Сүйүү деген өзү эмне? Иса биз үчүн өзүн курман кылды. Мына, сүйүүнүн эмне экенин ушундан билсек болот. Ошондуктан биз да боордошторубуз үчүн курман болууга даяр болушубуз керек. Эгер колунда бар адам өз боордошунун кыйналып жүргөнүн көрүп туруп, боорун таш кылып алса, анда кантип анын жүрөгүндө Кудайга болгон сүйүү жашасын?

18Балдарым, тил учунан эле сүйөм дебей, аны иш жүзүндө да көрсөтүп, сүйгөнүбүздүн чын экенин далилдейли. Биз өзүбүздүн акыйкаттуу Кудайдан экенибиздин ушундан билип, жаныбызды жай алдырабыз. Эгерде бизди ичибизден уятыбыз ашкерелеп жатса, анда Кудай биздин уятыбыздан канча бийик, андыктан ага баары маалым.

Сүйүктүү балдарым, эгерде бизди уятыбыз ичибизден айыптабаса, анда Кудай алдында жүзүбүз жарык болот. Сураганыбыздын баарын алабыз. Эмне үчүн? Анткени биз анын осуяттарына баш ийип, эркин аткарып жүрөбүз.

Биз Кудайдын Уулу — Иса Машаякка ишенишибиз керек. Исанын бизге берген буйругунда айтылгандай, биз бири-бирибизди сүйүшүбүз керек. Бул — Кудайдын осуяты.

Кудайдын осуяттарын сактап жашаган адам Кудай менен, ал эми Кудай болсо аны менен бир жашайт. Кудайдын биз менен бирге жашап жаткандыгын болсо анын берген Руху аркылуу билебиз.

Окуткандарды текшергиле

(4:1-6)

Сүйүктүү балдарым, көрүнгөн адамдарга эле ишене бербегиле! Адегенде алар Кудайданбы же жокпу, текшергиле. Анткени дүйнөдө көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болушту. Кудайдын Руху бар адамды мындан билсеңер болот: Иса Машаяктын адам кейпинде келгенин ачык тааныган адам Кудайдан, ал эми андай кылбаган адам Кудайдан эмес, тажаалдан. Силер мурда тажаал келерин уккансыңар. Ал келип, азыр бул дүйнөдө жүрөт.

Балдарым, силер Кудайдансыңар, тажаалды жеңдиңер, анткени силердин жүрөгүңөрдө жашаган Рух бул дүйнөгө тиешелүү адамдарда жашагандын рухунан күчтүү. Тигил бузуку мугалимдер бул дүйнөгө таандык, ошондуктан бул күнөөкөр дүйнөнүн сөзүн сүйлөшөт, ошондуктан бул дүйнөнүн адамдары аларга кулак төшөйт. А биз Кудайданбыз. Ошондуктан бизге Кудайды тааныгандар кулак төшөйт. Кудайга караштуу эместер бизге кулак төшөбөйт. Акыйкаттын Рухун адаштыруучунун рухунан ушундайча ажырата алабыз.

Кудай сүйүү

(4:7-21)

Айланайын балдарым, бири–бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү — бул Кудайдан келүүчү нерсе. Кимде сүйүү бар болсо ал Кудайдын баласы жана Кудайды тааныйт. Кимде сүйүү жок болсо, ал Кудайды тааныбайт, себеби Кудай — сүйүү. Уулу аркылуу биз өмүрлүү болушубуз үчүн Кудай бул дүйнөгө өзүнүн жалгыз Уулун жиберди. Кудайдын бизди кандай сүйөөрүн ушундан билдик. Чынында Кудайды биринчи сүйгөн биз эмес, ал бизди биринчи сүйүп, күнөөлөрүбүздүн куну катары Уулун жөнөттү. Сүйүүнүн чыныгы маанисинин төркүнү ушунда жатат.

Сүйүктүү балдарым, Кудай бизди ушундай сүйсө, демек, биз да бири–бирибизди сүйүшүбүз парыз. 12Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес. Бирок эгер биз бири–бирибизди сүйсөк, анда Кудай биз менен жашап жатканы жана анын сүйүүсү биздин жандүйнөбүздө баралына жеткени. Ал эми өзүбүздүн аны менен жана анын биз менен бирге жашап жатканын Кудайдын бизге берген Ыйык Рухунан улам билебиз.

Биз Исаны көрүп, башкаларга Кудай Атабыздын өз Уулун бул дүйнөнү куткаруу үчүн жибергенин башкаларга айтып, күбөлүк берүүдөбүз. Исанын Кудай Уулу экенин таанып, ачык айткан ар ким менен Кудай ысык мамиледе болот, ошондой эле мындай адамдын өзү да Кудай менен абдан ысык жашайт. А биз болсок Кудайдын бизге деген сүйүүсүн түшүнүп, ошол сүйүүгө ишендик.

Кудай — сүйүү. Ким сүйүп жашаса, ал Кудай менен, ал эми Кудай аны менен ысык мамиледе болот. Ошондо биздеги сүйүү бышып жетилип, кыяматтагы сот күнүндө Кудай алдында жүзүбүз жарык болот. Сүйүү бар жерде коркунуч болбойт. Жеткилең сүйүү бардык коркунучту кууп чыгат. Демек ким корксо, анда сүйүү бышып жетилген эмес, анткени коркунучтун өзү эле жаза жана жазага байланыштуу.

Кудай бизди биринчи сүйдү, ошондуктан биз да бири-бирибизди сүйөлү. “Мен Кудайды сүйөм” деп, бирок боордошун жек көргөн адам калпычы, анткени көзү көрүп турган боордошун сүйбөгөн, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүйө алат?

Исанын бизге калтырган осуяты бул: “Кудайды сүйгөн адам жанындагы адамды да сүйсүн!”.

Ишенимдин күчү

(5:1-5)

Исанын Машаяк экенине ишенген адам Кудайдын баласы болуп эсептелет. Ким атасын сүйсө, ал анын баласын да сүйөт. Ошонун сыңарындай биз Кудайды сүйсөк жана анын осуяттарына баш ийсек, анда анын балдарын да сүйөбүз. Кудайдын осуяттарын сактаганыбыз, аны сүйгөндүгүбүз. Кудайдын осуяттарын сактоо болсо анча деле оор эмес.

Кудайдын балдары бул дүйнөнүн азгырыктарын жеңет. Кантип жеңет? Ишеним менен. Чынында эле Исанын Кудай Уулу экенине ишенген адамдан башка бу дүйнөнүн күнөөлөрүн ким жеңе алат?

Кудайдын күбөлүгү

(5:6-13)

Суу менен канга чөмүлүп бизге келген— бул Иса Машаяк. Ал сууга гана эмес, суу менен канга чөмүлгөн. Буга акыйкаттын өзү болгон Ыйык Рух күбө. Ошондуктан ааламда үч күбө бар: Рух, суу жана кан. Yчөө тең бир нерсе тууралуу күбөлүк беришет.

Биз пенделердин күбөлүгүн кабыл алып жүрөбүз, а бирок Кудайдын күбөлүгү алардыкынан канча абройлуу! Эмне үчүн? Анткени Кудайдын күбөлүгү анын өз Уулу тууралуу. Кудай Уулуна ишенген адамдын жүрөгүндө Кудайдын күбөлүгү жашайт. Кудайдын өз Уулу тууралуу берген күбөлүгүнө ишенбөө, Кудайды калпычы дегендик менен барабар. Кудай берген күбөлүктүн мааниси мындай: Кудай бизге түбөлүк өмүрдү берди. Бул өмүр анын Уулу менен бир жашоодон турат. Кимдин жүрөгүндө Кудай Уулу жашаса, ал түбөлүкгө ээ, ал эми жүрөгүндө Кудай Уулу жашабаган адам түбөлүк өмүргө ээ эмес.

Мен бул катты силерди Кудай Уулуна ишенүү аркылуу түбөлүк өмүрлүү болгонуңарды билип алышсын деп жаздым.

Каттын соңу

(5:14-21)

Кудай алдында биздин жүзүбүз жарык, анткени анын эркине шай келген эмнени сурасак да, ал бизди угаарын так билебиз. Эмне сурасак да бизди угаарын билсек, демек, сураганыбызды алдык деп билебиз.

Ким бурадарынын өлүмгө жеткирбей турган күнөө кылып жатканын көрсө, анда ага өмүр бере турган Кудайга сыйынсын. Мен өлүмгө жеткирбей турган күнөө тууралуу сөз кылып жатам. Өлүмгө жеткирүүчү күнөө башка. Андай күнөө жөнүндө

сыйынсын деген жокмун. Чындыгында, адилетсиздиктин баары эле күнөө, бирок өлүмгө жеткизбей турган да күнөө болот.

18Кудайдын баласы күнөөнү улам-улам эле кайталап жасай бербейт. Ал күнөөдөн өзүн оолактатып, шайтандын ага зыян кылуусуна жол бербейт. Биз Кудайданбыз, ал эми бүт дүйнө болсо шайтандын кол алдында калган. Биз муну билебиз. Биз дагы бир нерсени билебиз: Кудай Уулу келип, биздин акыл-сезимибизди ойготту! Ошондуктан акыйкаттын кандай экенин жакшылап тааныйлы! Ошол Акыйкат менен бирге жашайлы! Ал эми акыйкат болсо — Иса Машаяк. Ал анык

Кудай жана Түбөлүк Өмүрдүн өзү.

Балдарым, жасалма кудайлардан оолак болгула!