Тарыхтан кыскача маалымат

 

Сулайман көз жумган соң граждандык согуш башталып, өлкө экиге бөлүнөт. Түндүктөгү он уруу өздөрүн Исраил деп, ал эми түштүктөгү уруулар өздөрүн Яхуда деп аташат. Яхуда Кудай менен түзгөн келишимге ак болуп, Дауттун тукуму көпкө падышачылык кылып турат. Бирок кийинчерээк Яхудага Вавилон кол салып, эли Вавилонго туткунга кетет.

Түштүк падышачылыкта болсо падышалар тез-тез алмашып турат, анткени алар Кудайдын келишимине ак болушпайт. Исраил падышалары ар убакта ар башка шаарларды борбор шаар кылышат. Акыркы борбор шаар - Самария. Элдин үстүнөн бийлигин күчөтүү үчүн падышалар Кудайга ибадат кылуунун жол-жоболорун да өзгөртүшөт. Жаңы диний кызматкерлерди шайлашып, жаңы ибадатканаларды курушат.

Ошол оор күндөрдө Исраил менен Яхуда бири-бирине көп ирет согуш ачат. Кудай аларга диний кызматкерлерден, дыйкандардан, чабандардан, падыша сарайында кызмат кылгандардан, карапайым адамдардан ар кандай пайгамбарларды жиберет. Алар барышып, адилеттүүлүктү, чынчылдыкты, Кудайга ишенимдүү болууну жар салып, үгүт жүргүзүшөт. Эгер Кудайга ак болушпаса душмандарга жеңилип, туш-тушка чачырайт деп эскертишет. Алардын арасынан келе турган Машаякты көрө билген көзү ачыктары да болгон. Бирок Исраил эли пайгамбарлардын тилин алган жок. Ошондуктан биздин заманга чейинки 722-721 жж. басып кирген ассириялыктардын кол алдында калат. Алар исраилдиктерди туткундап, туш тарапка сүргүнгө айдайт. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ошол сүргүнгө кеткендердин изи сууп, кайда экени белгисиз. Көпчүлүгү башка уруулар менен аралашып, ата-тегин унутуп калышты. (Балким кыргыздардын тарыхы да тарыхтын бир барактарында ошолор менен айкалышып кеткен жери бардыр, ким билет. Кыргызстан менен палестинаны жердешкен байыркы скифтер, Чаткалдагы Идрис пайгамбардын күмбөзү, еврейлердин салттары менен биздин көптөгөн адат-салттарыбыздын окшоштугу, Манас эпосундагы сюжеттик паралеллдер көп нерсенин учугун чыгарып тургансыйт. Бул эми божомол, гипотеза, ошондуктан мен ушундай болуш керек деп өз оюмду эч кимге таңуулабайм.)

Кийин Вавилонду персиялыктар жеңип алып, перс падышасы Кир еврейлерге өз жерине кайтууга уруксаат берет. Ошентип 70 жылдык туткундан кийин алар өз жерине кайтып келишет. Көптөгөн яхудейлер Кудайга кайрадан моюн сунушат. Эл кайрадан ибадаткананы курат. Мыйзам китебин, пайгамбарлар жазмаларын окуп-үйрөнүү башталат. Ар кандай диний медреселер ачылып, ишембилерде Кудайга намаз окула баштайт.

Көп өтпөй батыштан Искендер Зулкарнайн чыгып, адегенде Грецияны андан соң дээрлик бүт дүйнөнү өзүнө багындырат. Бирок анын бийлиги көпкө созулбайт, анткени тарыхта калгандай бүт дүйнөнү, ошонун ичинде Израилди Рим империясы өзүнө каратып алат.