Ыйык жазмалардагы айрым аталыштардын АНЫКТАМАСЫ

 

Алла же Аллах (евр. Элохим) - Кудайдын көптөгөн аталыштарынын бири. Куранда жана Тоoратта көптүк түрүндө берилген.

Арун (бийик, нурлуу тоо) - Муса пайгамбардын агасы.

Абумалик (падыша) - Герар падышасысынын атасы.

Абди (Теңүирдин кулу) - пайгамбардын аты

Абыл (жел, буу) - Адам атанын экинчи уулу.

Агар (качуу) - Ибрайым пайгамбардын токолу, Исмайылдын энеси

Акай (майрамдык) - пайгамбардын аты

Ада (жасалга) - Тоораттагы Ламектин аялынын аты

Адам (кызыл топурак) - Кудай жараткан биринчи адамдын аты

Алфей (билимдүү жол башчы) - Лука 6:15

Амос (оорчулук) - пайгамбардын аты

Анна (мээримдүү) - Лука 2:36 дагы пайгамбар аялдын аты

Аннас (мээримдүү) - Иса Машаяктын тушундагы яхудей муфтийи

Антиохия (каршы туруучу) - Кичи Азиядагы бир нече шаарлардын аталышы.

Аравия (чөлдүү өлкө) - Исмайылдын тукумдарынын өлкөсү

Арарат (ыйык жер) - Азыркы Армениянын борборуна жакын жерде жайгашкан аймак

Ашыр(бактылуу) - Жакып пайгамбардын баласы (Муса. 1-китеп, 30:13)

Аюб (эзилген, куугунтукталган) - пайгамбардын аты

Азия (нурдун өлкөсү) - Инжил боюнча азыркы кичи азия жайгашкан аймак.

Берия (бактысыз) - Мусанын 1 - китебиндеги Ашырдын уулдарынын бири.

Бетабара (кечүү) - Шаардын аты (Жахан 1:28)

Баал (кожоюн) - Байыркы финикиялыктар менен сириялыктардын бурканы

Беор(шам) Муса 1-китеп, 36:32

Бетел (Кудайдын үйү) , Бетлеем (нан үйү) , Бетзада же Бефсаида (балык кармоо үйү)

Вавилон (аралашуу) байыркы шаардын аты.

Вирсавия же Беершива (ант кудугу же ант кызы) Кудуктун аты (Муса 1-китеп, 31:31)

Газа (чеп) - Палестинадагы шаардын аты.

Гаюс (грекче: жердик, латынча: төрө) - Римдиктерге жазылган катта аталган адам. (Рим. 16:23)

Галилея (аймак) - Байыркы Палестинадагы аймак.

Гахам (ысык, өрттөлгөн) Муса 1-китеп, 22:24

Гергесейлер (топурактуу) - уруун&##1091;н аты.

Гесем (жамгырлуу жер) - Египеттеги Жусуп пайгамбар кандаштарын жайгаштырган жер.

Голгота (баш сөөк) - Иса Машаяк курман болгон жай.

Гомер (жеткилеңү) - Муса 1-⩆итеп, 10:2

Гоморра (чөгүү) - Кудайдын каарына калып, кыйратылган шаар.

Дауд же Дөөт (сүйүктүү) - Исраилдик пайгамбар жана падыша, Забур китебиндеги көп ырлардын автору.

Дан (калыс) - Жакыптын бир баласынын аты.

Диотрефос (кудайдын кудурети менен азыктануучу) - Жахан элчинин катындагы киши.

Еврей (дарыя кечип келген адам деп которулат) - улуттун аты.

Евфрат ( дарыя) - дарыянын аталышы.

Египет (еврейче: Мицраим, эски кыргыз тилинде Мисир) - өлкөнүн аты.

Едем (жыргал, жер бетиндеги бейиш) - Муса 1-китеп, 2:8

Енох (арналган) - Кабылдын улуу баласы.

Епафрас (көбүктөнүү).

Епафродит: грекче сүйүктүү.

Жебреил же Жабраил - баш периштелердин бири. (Марияга Иса Машаяктын төрөлө тургандыгы тууралуу сүйүнчүлөгөн периште. Мухаммад пайгамбарга да ушул периште аян берген дешет.)

Жакып ( куу, митаам) - Исхактын кичүү баласы, Исраил элинин түп атасы.

Жунус (көгүчкөн) - пайгамбар.

Жусуп (кошулуу) - Жакыптын бир баласынын аты.

Жахан, Яхья (Кудайдын берекеси, ырайымы) - Иса Машаяктын шакирттеринин аттары.

Жакшы кабар же Инжил - Иса Машаяктын курмандыгы аркылуу бардык күнөөлөрүңүөр кечирилди деген кабар. Ыйык Китепте төрт инжил бар.

Забулун (турак жай) - Жакыптын акыркы баласы.

Закай (адал) - Исанын шакирти болгон салыкчы.

Закария (Эгебиз эске түшүргөн) - пайгамбардын аты.

Зельфа (сеп, сатып алуу) - Жакыптын аялы Лиянын күңүү.

Зилот - Б.з. башындагы улутчул партия. Алар Исраил мамлекетинин эркин болушун каалашкан.

Зоробабил (Вавилондо туулган) - Закария, 4:9

Гелиополис (күндүн шаары) - азыркы Каир турган жеринде жайгашкан шаар. Муса 1-китеп. 41:45

Илияс (Кудай - бул биздин Эгебиз же Кудай - бул менин чебим) - Лука 1:17

Исраил (еврейче Исраэль: Кудай менен күрөшүүчү) - Жакып пайгамбардын кийинки аты.

Исаия же Ишаяху (Эгебиздин куткаруусу) - Б.з.ч. 800 жыл мурда жашап өткөн пайгамбар.

Явал (агын суу) - Ламехтин баласы.

Иераполь (ыйык шаар) - Колоссалыктарга кат 4:13

Иерихон (атыр жыттуу) - Бенжамин уруусунун территориясындагы шаар

Иерусалим же Кудус (тынчтык шаары).

Иетур (курчалган) - Муса 1-китеп, 25:15, азыркы Дамасктын түштүгүндө жайгашкан Йедур аймагынын жашоочулары.

Иордан (агым) - Палестинадагы дарыянын аты.

Ювал (созолонгон үн, сурнай) - Ламехтин уулу, музыкалык аспаптарды ушул киши ойлоп тапкан.

Иудейлер, яхудейлер же жүүттөр - яхудей динин туткандар.

Яхудей муфтийи: Исраил элинде муфтий диний кызматкерлердин эңү жогоркусу жана башчысы болгон. Ал дайыма ак кийинип, адал жүрүшү керек болгон. Иса Пайгамбарды жыгачка кердирүүгө чечим чыгарган Каиафа да ошол муфтийлердин бири болгон.

Кабыл (кабыл болуу) - Адам атанын тун уулу. Обо эне: “Тилегим кабыл болуп, Кудайдан бизди бул азаптан куткара турган бала таптым” деп сүйүнгөн эле. Тилекке каршы ал кийин бир тууган иниси Абылды өлтүрүп, Кудайдын каарына калат.

Каяп, Каиафа (изилдөөчү, момун) - Иса Машаяктын тушундагы Израилдеги имамдын аты.

Капарнаум (сооронучтун айылы) - Иса Машаяктын тушундагы шаардын аты.

Кедар (кара тору) - Исмайылдын экинчи баласы.

Кефас (Халдейче: таш) - Исанын шакирти Петростун алгачкы аты. (Петрос да грек тилинен таш деп которулат).

Клеопа, Клопас (өзгөрүлүү, өтүү) - Исанын шакирти.

Климентос (кичи пейил, сылык) - Паулос элчинин кызматташ-шериктеринин бири.

Корей (таз, чачы жыдып түшүп калган адам) - Исавдын баласынын аты.

Күнөө - Кудайдын осуятын бузуудан улам пайда болгон Адам атанын урпактарынын канындагы жамандык.

Лабан (ак) - Жакып пайгамбардын таякеси.

Ламех (күчтүү) - Нук пайгамбардын атасы.

Лаодикия (эл соту) - Кичи Азиядагы шаар.

Малаки (Кудайдын кабарчысы) - пайгамбардын аты.

Манас, (Алтайча, еврейче Манаш) (еврейчеден которсок: унутуу)

Мариям, Мария (улуу, көкөлөтүлгөн, салтанатуу) - Ыйык китептеги бир нече аялдар ушул ат менен аталышат. Мисалы: Мусанын карындашы, Исанын энеси, шакирти ж.б.

Май дарактуу тоо - Палестинадагы тоонун аты.

Маттатия (Кудайдын белеги) - Исанын ата-тегининин санжырасында бар.

Матай (Кудайдын тартуусу) - Исанын шакирти.

Маликсадык (акыйкаттын падышасы) - Салим шаарынын падышасы, жеңүиштен кайткан Ибрайымды тосуп чыккан инсан.

Машаяк (еврейче Машыах. Түпкү мааниси Кудай шайлаган инсан, куткаруучу дегенди билдирет) - Иса пайгамбардын улуу наамы.

Машаяктар жамааты: Машаякка ишенүүчү адамдардын коому.

Мидия (жер ортосу) - өлкөнүн аты.

Мориа (көрүү) - Палестинадагы тоонун аты.

Насыр (еврейче Назир - арналган) - Кудайга арналган адам.

Нахум (сооронуч) - пайгамбардын аты.

Нук (тынчтануу) - топон суудан аман калган сегиз адамдын бири.

Онисим (пайдалуу) - Филемонго жиберилген каттагы адам.

Паулос (кичинекей) - Инжилдеги көптөгөн каттардын автору, машаякчылыкка келерден мурдагы аты Саул же Шаул (Кудайдан сурап алынган дегенди билдирет) болчу.

Рабби - еврейчеден сөзмө сөз таксыр же устат деп которулат.

Самария (кароол мунара) - аймактын аты.

Синагога (грекче: жамаат, коом) - яхудейлердин мечити.

Теңир Тоо (Сион)- Иерусалим шаарынын жанындагы тоо.

Скифтер - Борбор Азиядан тартып тээ алыска тарап, айрыкча азыркы орусиянын аймагында жашаган көчмөн, согушчул элдер. Алар Яфастын тукумдары болушкан жана ар дайым башка элдерге согуш ачып, басып алууга умтулушкан. Көп тарыхчылардын ою боюнча скифтерге Инжилдеги жакшы кабарды Иса Машаяктын элчиси Идрис (грекче Андреас) апкелген дешет. Кыргызстандын Чаткал районунда Идрис пайгамбардын күмбөзү бар. Исанын убагында Палестинада Манас жарым уруусунун Скифополь деген шаары болгон.

Содом (өрт чулгаган) - Муса 1-китеп, 10:19

Сулайман (тынч) - Дауд падышанын онунчу уулу.

Тарс: Рим империясындагы Паулос элчи төрөлгөн ш&