Паулос элчинин Галатиядагы машаяктарга жиберген каты

Паулос элчи Рим империясынын Кичи Азия ооданындагы областтарынын бири болгон Галатия аймагына барган сапарында ошол жердик элден бир нече адамдар Иса тууралуу кабарды кабыл алышып, ишенүүчүлөр жамааты пайда болот. Алар адегенде абдан жакшы ишенишип, рухий жактан өсө башташат. Бирок көп өтпөй Исанын илимин туура эмес түшүнгөн кээ бир яхудейлер аларды бузуп, жамаатты коркунучтуу абалга калтырат. Иса Машаяктын күнөөлөр үчүн төккөн курмандык канына дагы башка мыйзамдарды кошууга аракет кылып, Тоорат заманынын диний эрежелерин Инжил заманынындагы ишеним менен аралаштырып жиберет. Алардын ката окутууларына каршы Паулос ушул катты жазат.

Саламдашуу

(1:1-2)

Адамдар тарабынан эмес, Иса Машаяк менен аны өлгөндөн тирилтип алган Кудай Атабыз тарабынан элчилик кызматына дайындалган Паулостон жана менин жанымдагы боордошторумдан Галатиядагы машаяктар жамаатына салам кат. Силерге Кудай Ата менен Теңири Иса Машаяк ырайым кылып, ынтымак ыроолосун!

Атабыздын эрки боюнча бизди азыркы жаман замандан куткарайын деп, Иса Машаяк өзүн биздин күнөөлөрүбүз үчүн курман кылды. Ага түбөлүктөн түбөлүккө даңк! Оомийин.

Башка жакшы кабар жок

(1:6-10)

Машаяктын ырайымы аркылуу өзүнө чакырган Теңирден ушунчалык тез баш тартып, башка бир “жакшы кабарга” жүз буруп кеткениңерге таңмын. Башка “жакшы кабар” жок! Маселе силерди адаштырып, Машаяк тууралуу кабарды бурмалагысы келген кээ бир адамдарда болуп турат. Биз тургай, көктөн бир периште түшүп келип, биз силерге мурда угузганга кайчы келген “жакшы кабарды” айтса, ага каргыш тийсин! Мурда айткандарыбызды дагы кайталаймын: эгерде бөлөк бирөө силерге өзүңөр кабыл алган жакшы кабарга кайчы келген кабарды таратып жүрсө, андайды каргыш урсун! Муну мен адамдарга же Кудайга жагынуу үчүн айтып отурган жерим жок, мен адамдарга жагынууга тырышпаймын, эгер антсем, анда Машаяктын кызматчысы боло алмак эмесмин!

Паулостун өзүнүн Кудай тарабынан элчиликке дайындалганы тууралуу далили

(1:11-24)

Боордоштор, силерге айтамын: мен айткан жакшы кабар адам оюнан чыккан эмес! Аны эч бир адамдан уккан да, үйрөнгөн да эмесмин, тескерисинче, Иса Машаяктын түздөн түз билдирүүсү аркылуу кабыл алгам. Менин яхудей салттарын мурда кандай карманганымды жана Кудайдын жамаатын ашына куугунтукка алып, жок кылууга тырышканымды силер уккансыңар. Мен яхудей динин карманууда өз улутумдагы көптөгөн теңтуштарымды чаңымда калтырып, ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган салт-санааларды эт-бетимен кетип жактап келгем. Антсем да мени курсакта жатканымда эле, зор ырайымы менен чакырып алган Кудай өз каалоосу менен Исанын өз Уулу экендигин ачып берип, ал тууралуу жакшы кабарды еврейлерден башка калктарга таратууга буйруду. Ошондо мен бул тууралуу эч бир адамдан акыл сураган жокмун, Иерусалимге барып, менден мурун элчи болгондор менен да акылдашкан эмесмин. Тескерисинче, түздөн-түз Аравия аймагына аттанып, ал жактан Дамаскка кайтып келдим. ‡ч жыл өткөндөн кийин гана Петрос менен учурашуу үчүн Иерусалимге барып, анын жанында он беш күн болдум. Башка элчилерден ошол кезде Теңирибиздин бир тууган иниси Жакыптан башкасын көргөн эмесмин. Бул жазгандарым, Кудай күбө, жалган эмес. Андан соң Сирия менен Киликияга бардым. Ал эми Яхудия аймагындагы машаяк жамааттары ал убакта мени тааныша элек эле. Алар тек гана: “Бизди мурун куугунтукка алган адам, өзү жер менен жексен кылмак болгон ишенимди азыр кайра үгүттөп жүрөт” дегенди угуп, менин ниетимди өзгөрткөндүгү үчүн Кудайды даңкташты.

Элчилердин Паулоско колдоо көрсөтүүсү

(2:1-10)

Он төрт жылдан кийин Иерусалимге дагы бардым. Бул жолу Барнаба менен бирге жөнөп, Титосту да ээрчитип алдым. Бул сапарга Теңирибиздин берген аяны менен чыктым. Мен алгач жамааттын беделдүү кишилери менен жекече сүйлөшүп, аларга, башка улуттун адамдарына өзүм таратып жүргөн жакшы кабардын мазмунун айтып бердим. Мындагы максатым, азыркы жана мурдакы эмгектеримдин талаага кетпөөсү эле. Ал эми алар менин айткандарыма толук макул болушту, ал тургай жанымдагы Титосту, анын грек экенин билишсе дагы, сүннөткө олтурсун деп зордошкон жок. Муну эки жүздүүлүк менен жамаатка кирип кеткен жалган “боордоштор” гана талап кылышты. Алар Иса Машаяктын жолундагы биздин эркиндигибизди аңдышып, Мыйзамга багындыруу үчүн ишенүүчүлөр жамааттарына уурданып кирип алышкан эле.

А бирок биз жакшы кабардын чындыгы силерде тап-таза тейде калсын деп, алардын айткандарына бир мүнөт да көнүп, багынбадык.

Ал эми аттуу-баштуу делген адамдарына келсек (алардын кандай экени мен үчүн ыпым мааниси жок, анткени Кудай адамдын сыртына карабайт) алар мага башкача милдеттерди жүктөшкөн эмес. Тескерисинче, жакшы кабарды еврейлерге жеткизүү Петроско кандай тапшырылган болсо, мага да башка калктарга жакшы кабарды угузуу ошондойчо эле аманатталгандыгына көздөрү жетти. Анткени Петростун яхудейлер арасындагы кызматын колдогон Кудай мени да башка калктардын арасындагы кызматыма жар болду. “Жамааттын Тирөөчтөрү” деп эсептелишкен Жакып, Петрос жана Жахан Кудайдын мага берген тапшырмасын билишип, мени менен жана Барнаба менен кол алышып, кызматташ экендигибизди бекемдедик. Ошону менен биз башка улуттарга, ал эми алар еврейлерге барышсын деп келиштик. Алар бизден тек гана муктаж болгон ишенүүчүлөргө көмөктөшүүнү унутпообузду суранышты, а мен өзүм да ушуну аткарууга ынтызаармын.

Петростун айыбынын ашкерелениши

(2:11-14)

Бирок Петрос Антиохияга келгенде мен ага элдин көзүнчө каршы чыктым, анткени анын кылыгы айыптоого татыктуу эле...

Иерусалим жыйынынын жетекчиси Жакып тарабынан жиберилген бир нече яхудейлер келгенге чейин ал сүннөткө олтурбаган башка улуттагы машаяктар менен бир дасторкондон тамак жеп жүргөн болчу. Ал эми сүннөттөөнү талап кылган алиги яхудейлер баргандан кийин, Петрос алардан жалтанып, башка улуттагы ишенүүчүлөрдөн тарткынчыктап, алардын алдында алдастай баштады. Ушундай кылуусу менен жамааттагы башка яхудейлер да эки жүздүүлүгүн таанытышты, атүгүл Барнаба да алардын эки жүздүүлүгүнө кирип, адашып кетти. Мен алардын жакшы кабардын чындыгына жараша иш кылбай жатканын көргөндө, баарынын алдында Петроско мындай дедим:

- Сен өзүң яхудей болуп туруп, бирок ушул убакка чейин яхудейлердей эмес, өзүң менен бирге турган башка улуттун ишенүүчүлөрү сыяктуу эле жашап келдиң. Анан эми аларга яхудей салттарын кармоону таңууламакчысыңбы?

Адамдар иштери аркылуу эмес ишеним аркылуу куткарылышат

(2:15-21)

Яхудей болуп туулган биз “башка улуттагы күнөөкөрлөрдөй” болбосок дагы, адамдар Мыйзам аркылуу эмес, Иса Машаякка ишенүү менен гана актала тургандыгын билебиз.

Ошондуктан биз Мыйзамды аткаруу аркылуу эмес, Машаякка ишенүү аркылуу акталыш үчүн ишенимибизди Машаяк Исага арттык. Анткени Мыйзамды аткаруу менен “эч бир адам актала албайт”. Эгерде Машаяк аркылуу акталгыбыз келген биз яхудейлердин салтын кармабаганыбыз үчүн дале күнөөкөр деп эсептелсек, анда эмне, Машаякка деген ишенимибиз бизди баары бир күнөөлүү бойдон калтырып жатабы? Жок! Анткени Мыйзамды аткаруу аркылуу акталабыз деген ойду жокко чыгарып келген мен аны кайрадан калыбына келтирсем, анда өзүмдү Мыйзамды бузган күнөөкөр деп көрсөткөн болоор элем. Адам өлгөндө Мыйзамга баш ийүүдөн бошогон сыяктуу, мен да Мыйзам боюнча өлүмгө кесилип, аны аткаруудан бошотулдум. Андагы максат - менин Кудай үчүн өмүр сүрүүм. Мен Машаяк менен бирге айкаш жыгачка кадалып өлдүм, ошондуктан мындан ары мен эмес, мен аркылуу менин дилимдеги Машаяк жашап жатат. Мындан аркы денемдеги өмүр сүрүүм - бул Кудайдын Уулуна болгон ишенимимдин аркасындагы өмүр. Ал мени сүйгөндүктөн өзүн мен үчүн курман кылган. Ушинтип Кудайдын ырайымын жокко чыгарбай, ошого гана таянамын. Ал эми эгерде Мыйзамды аткаруу аркылуу Кудай алдында актала ала турган болсок, анда Машаяк өзүн бекер эле өлүмгө кыйган!

Акталуу жолу

(3:1-14)

Оо аңкоо галаттыктар ай, ким силердин көзүңөрдү байлап кетти? Иса Машаяктын айкаш жыгачтагы өлүмүн көз алдыңардан кетпестей кылып сүрөттөп бердим эле го! Мага бир нерсени айтып койгулачы: Ыйык Рухту кандайча кабыл алдыңар эле: Мыйзамды аткарыппы, же жакшы кабарды угуп, ишениппи? Рухтун кудурети менен баштап, эми пендечилик менен аяктагандай ушунчалык аңкоо белеңер? Баштан өткөргөнүңөрдүн баары талаага кеттиби? Оо чындап эле бекер эле кетсе гана! ¤з Рухун берип, араңарда керемет иштерди жасаган Кудай Мыйзамды аткаргандыгыңардан араңарда ушундай кылып жатабы, же жакшы кабарды угуп, ишенгениңерденби? Ибрайым Кудайга ишенгендиктен анын алдында акталган. Демек, ишенгендер гана Ибрайымдын анык урпактары экендигин билип алгыла. Ыйык Жазмалар да Кудай башка улуттарды ишеним аркылуу актаарын алдын ала билдирип, Ибрайымга “сен аркылуу бардык улуттарга батам тиет” деген. Ошондуктан ишенүүчүлөр ишенимдүү Ибрайым менен катар Кудайдын батасын алышат. Ал эми Мыйзамга таянгандар каргыштын астында! Анткени “Мыйзам китебинде жазылгандын баарын дайыма тынбай аткарбаганга каргыш тийсин!” деп жазылган. Демек, Мыйзамды аткаруу менен эч ким Кудай алдында актала албагандыгы түшүнүктүү, ошондуктан

“ишеним аркылуу гана акталган адам чыныгы өмүр сүрөт”.

Ал эми Мыйзамдын ишенимге эч тиешеси жок, бирок ким Мыйзамды толук аткарса, ал Мыйзам аркылуу аман болот”. Ал эми айкаш жыгачка кадалган Машаяк бизге тийиштүү каргышты өзүнө алып, бизди Мыйзамда айтылган каргыштан куткарды! Себеби “жыгачка асылган ар-ким каргышка калган” деп жазылган. Демек, Ибрайымга берилген ак-бата Иса Машаяк аркылуу башка улуттарга да тарап, убадаланган Ыйык Рухту ишеним аркылуу баарыбыз кабыл алуубуз үчүн Машаяк бизди каргыштан куткарып алды.

Мыйзам жана убада

(3:15-25)

Боордоштор, күндөлүк жашоодон эле мисал келтирейинчи: керээздин күчүн жоюуга же ага бир нерсе кошууга болбойт, туурабы? Мында да ошондой: Теңир убадасын Ибрайымга жана анын урпагына берген. “Урпактарына” деп көптүк түрдө эмес, “урпагына” деп жекече түрдө айтылган. “Урпагы” бирөөнү гана билдирет. Ал - Машаяк. Айтайын дегеним бул: төрт жүз отуз жылдан кийин берилген Мыйзам Кудай мурда бекиткен келишимдин күчүн, тактап айтканда, анын Ибрайымга Машаяк тууралуу берген Убадасынын күчүн жое албайт! Анткени эгерде мурас мыйзам боюнча калтырылса, анда ал убада боюнча болбой калат, бирок Кудай мурасты Ибрайымга Убада боюнча берген.

Мыйзамдын аткара турган кызматы кандай? Ал кийинчерээк, кылмыштардын көбөйгөндүгү себебинен берилген. Теңирдин убадасында көрсөтүлгөн Ибрайымдын урпагы Машаякка байланыштуу. Ошол келгиче, Мыйзам күчүндө турган. Периштелер муну калкка арачы болгон Муса пайгамбар аркылуу жеткизген. Ал эми жеке бирөө үчүн арачынын кереги жок, бирок ошондой болсо да убада Ибрайымга бир Кудайдын өзү тарабынан берилген.

Мыйзамдын максаты

(3:21-29)

Демек, Мыйзам Кудайдын убадаларына каршыбы? Жок! Себеби, эгерде чыныгы өмүр бере ала турган мыйзам берилген болсо, анда адилдик чындап эле ошол мыйзамдан болмок. Бирок ишенгендерге убада Иса Машаякка ишенүү аркылуу берилсин үчүн Ыйык Жазмалар бүткүл адамзатты күнөөнүн түрмөсүнө камады. Азыркы ишеним заманы туулуп, келүүгө тийиштүү болгон Машаякка ишене алганча, биз Мыйзамдын кайтаруусу алдында болуп, анын туткунунда жүрдүк. Башкача айтканда, Мыйзам биз үчүн жаш балдарды жетектеген тарбиячы сыяктуу болуп, бизди Машаякка жетелеп келди, ошентип ага ишенип, акталдык. Ал эми, ишенимдин заманы туулгандан кийин “тарбиячынын” карамагынан чыктык.

Кул жана уул тууралуу

(3:26-4:7)

Эми баарың Иса Машаякка болгон ишенимиңер аркылуу Кудайдын уулдарысыңар. Машаяктын урматына чөмүлдүрүлгөн силер, баарыңар тең Машаяктын рухий касиеттерине бөлөнгөнсүңөр. Эми еврей да, башка улуттагы адам да, эркин да, кул да, эркек да, аял да жок, себеби баарыңар тең Иса Машаякта бирсиңер. Демек, эгер силер Машаякка караштуу болсоңор, анда Ибрайымдын урпагысыңар жана Кудайдын убадасы боюнча мураскорусуңар. Дагы бир нерсени айтып коеюн: бардык байлыктын ээси болгон менен бала наристе кезинде кулдан айырмасы жок. Ал атасы белгилеген убакытка чейин аны баккандар менен үй башкаруучулардын кол алдында болот. Биз да рухий жактан баладай болгон чагыбызда бул дүйнөнүн табигый башталгыч илимдеринин кулдугунда болдук. Ал эми Кудай болсо белгилеген убакыты жеткенде Уулун жиберди. Уулу аялзатынан туулуп, Мыйзам астында жашагандарды куткарып, бизди Кудайга уул кылдыруу үчүн ошол Мыйзамга баш ийип жашады. Эми силер Кудайдын уулдары болуп калгандыгыңардан, силердин жүрөгүңөргө Кудай өз Уулунун Рухун салды. Бизди “Ата!” - дегизип, Кудайга сыйындырып жаткан ошол Рух. Ошондуктан силер эми кул эмес, уулсуңар. Ал эми уул болсоңор, анда демек, Иса Машаяк аркылуу Кудайдын мураскорусуңар.

Паулостун галатиялыктар үчүн кам көрүүсү

(4:8-20)

Мурда Кудайды билбей, жалган кудайларга кызмат кылып келдиңер. Алар чынында Кудай эмес. Ал эми азыр болсо Кудайды таанып алгандан кийин, тагыраак айтканда, Кудайдан таанып-билүүнү алгандан кийин, эмне үчүн кайра терс бурулуп, кудуретсиз, кедей, табигый башталгыч илимдерге жүз буруп, аларга кул болгуңар келет? Күндөрдү, айларды, мезгилдер менен жылдарды карманасыңар? Силерге кылган эмгегим талаага кеттиби деп, силер үчүн корком.

Боордошторум, силерден өтүнөмүн: мен сыяктуу болгула, убагында мен да силер сыяктуу болгом. Силер менин жеке өзүмө эч кандай жамандык жасаган жоксуңар. Силерге жакшы кабарды алгач ирет жарыялаганымда ден-соолугумдун начар болгонун билесиңер. Бирок да денемин оорусунан жийиркенип, тетири карап кетпей, тескерисинче, мени Кудайдын бир периштесиндей, керек болсо Иса Машаяктын так өзүндөй кабыл алдыңар. Силер ошондо абдан бактылуу элеңер. Ошол кубаныч кайда кетти? Ошол кезде, мүмкүн болсо, өз көзүңөрдү оюп алып мага берүүгө даяр элеңер го! Буга мен өзүм күбөмүн. Ал эми азыр болсо силерге чындыкты айтканым үчүн душманыңар болуп чыктымбы?

Силерге катуу кызыгып жатышкан жанагы кишилердин ниеттери жакшы эмес. Алардын бардык каалаганы силерди менден ажыратып, силер алардын өздөрүнө кызыгып калышыңар. Жакшы нерсеге мен силердин араңарда турганда эле эмес, ар дайым кызыкканыңар жакшы.

Балдарым ай, баласын төрөгөндө толгоо азабын тарткан энедей мен дагы эле силер тууралуу убайым жеп, кыйналып жүрөмүн. Кулк-мүнөзүңөрдөн Машаяктын түспөлү даанараак көрүнгөнчө силер үчүн толгоо азабын тарта берет окшойм. Аттиң, азыр жаныңарда болгонумда гана! Силер менен башкача сүйлөшөт элем. Анткени мен силерди түшүнө албай жүрөм.

Агар менен Саранын мисалы

(4:21-31)

Эй, Мыйзамга багынгысы келгендер, мага жооп бергилечи: Мыйзамда айтылганды билбейсиңерби? Анда Ибрайымдын эки балалуу болгондугу жазылган: бирөөсү күңдөн, экинчиси эркин аялынан. Күңдүн уулу кадимкидей эле жол менен төрөлгөн, ал эми эркин аялдан төрөлгөнү Кудайдын берген убадасы боюнча керемет менен дүйнөгө келди. Мунун башка жагы да бар, эки аял эки түрлүү келишимди билдирет: бирөөсү баласын кулчулукта төрөгөн Агар, ал - Синай тоосунда түзүлгөн келишимди билдирет. Анткени Аравиядагы Синай тоосун көрсөткөн Агар азыркы Иерусалим сыяктуу, себеби ал шаар өз калкы менен али да кулчулукта. Ал эми асмандагы Иерусалим болсо эркин, биздин баарыбыздын Энебиз ошол. Анткени пайгамбарлар жазмаларында: “Кубангын, согончогу канабаган аял! Толготуп көрбөгөн аял, шаттан! Анткени күйөөсү барга караганда, калтырылган аялдын балдары көбүрөөк болот” - деп алдын ала айтылган. Биз, боордоштор, Исхакка карата айтылган убаданын балдарыбыз. Ошол кезде адаттагыдай жол менен дүйнөгө келген бала Рухтун күчү менен төрөлгөн инисин кубалаган, азыр да так ошондой. Ыйык Жазмалар эмне дейт? “Күңдү баласы менен кошуп кууп жибер, анткени күңдүн уулу эркин аялдын уулу менен мурасташ болбойт!” Ошондуктан, боордошторум, биз “күңдүн” эмес, “эркин аялдын” урпактарыбыз!

Машаяк аркылуу келген азаттык

(5:1-12)

Машаяк бизди эркин өмүр сүрсүн деп азаттыкка чыгарды. Эми ошого бек туруп, кулдуктун каамытын кайра кийбегиле! Мен, Паулос, силерге мындай деп айтам: эгер Кудай алдында акталуу үчүн сүннөткө олтурсаңар, анда силерге Машаяктан эч бир пайда болбойт! Сүннөткө олтура тургандардын эсине дагы бир ирет сала кетейин: Кудай алдында акталуу үчүн сүннөткө олтурган адам Мыйзамдын бардык эрежелерин толук аткарышы керек!

Эй, Мыйзам менен актангангысы келгендер! Силер Машаяктан кур жалак калдыңар! Кудайдын ырайымынан айрылдыңар! Ал эми биз ишеним жолу менен Кудай алдында акталгандыктан, мунун Машаяк кайра кайтып келгенде ачык жарыялануусун Ыйык Рух аркылуу үмүт этип, күтүүдөбүз. Иса Машаякта сүннөткө олтуруу менен олтурбоонун эч кандай мааниси жок; маанилүүсү - сүйүүдө аракеттенген ишеним.

Аттиң ай, жакшы эле бараттыңар эле! Чындыкка баш ийүүдөн силерди ким токтотту? Силерди өзүнө ишендирип алган ким? Ал силерди өзүнө чакырган Кудай эмес! Бир кумалак бир карын майды чиритет.

Ошондой болсо да жакшы кабардан башка ой-пикирлерди карманбайсыңар деп Теңирибизге ишенем. Силерди оолуктуруп, адаштырып жүргөн адам ким болсо да жазасын алат.

Ал эми мага келсек, боордоштор, эгер мен азыр сүннөткө олтургузуу керек деп таалим берип жүрсөм, анда эмне үчүн куугунтуктамын? Сүннөткө олтуруу тууралуу окутууну таратып жүргөн болсом айкаш жыгачтан улам келип чыккан жаңжалдар токтомок эле го. Атаңын көрү ай, араңарда дүрбөлөң салгандар жыйыныңардан биротоло кетип калсачы! Кетмек тургай маа десе өздөрүнүкүн таптакыр эле шылый чаап ыргытып жиберишсин!

Машаяктагы эркиндик

(5:13-15)

Боордоштор, Кудай силерди эркиндикке чакырды. Бирок бул эркиндикти күнөөлүү кумарларыңарды канааттандыруу үчүн шылтоого айландырбагыла, тескерисинче, бири-бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла! Анткени бүткүл Мыйзам “өзгөлөрдү өзүңдөй сүй!” деген бир сүйлөмдө камтылган. Бири-бириңерди жемелеп - жеп, өзүңөрдү өзүңөр тытып жок кылып салуудан абайлагыла!

Ыйык Рухтун жемиши жана адамдын күнөөлүү табиятынын иштери

(5:16-26)

Ал эми мен мындай деймин: Ыйык Рухтун жетегинде жашагыла, ошондо күнөөкөр табиятыңардын каалоолоруна жетеленбейсиңер. Анткени адамдык күнөөкөр табияттын каалаганы Ыйык Рухка каршы, ал эми Ыйык Рухтун каалаганы болсо адамдык табиятка каршы! Бул экөө бири-бирине карама-каршы, ошондуктан каалаганыңарды кыла албайсыңар. Эгерде Ыйык Рухтун жетегинде жүрсөңөр, Мыйзамдын астында эмессиңер. Адамдык табияттын каалоолору белгилүү, алар булар: нике бузуу, бузуктук, арамдык, суктук, жалган кудайларга табынуучулук, көз боочулук, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуу, талаш-тартыш, пикир келишпестик,

жалган окуулар, жек көрүү, канкордук, аракечтик, бейбаштык жана башка ушул сыяктуулар. Булар туурасында мурда да эскерткем, дагы эскерте кетейин: мындайларды ээрчигендерге Кудай падышалыгынан орун жок.

Ыйык Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, жакшылык, кайрымдуулук, ишеним, токтоолук, сабырдуулук, ынсап, өзүн кармагандык. Эч бир мыйзам буларга каршы эмес.

Ошону менен катар Иса Машаякка караштуулар күнөөлүү табияттарын анын каалоолору, кумарлары менен кошо айкаш жыгачка керип, мык менен биротоло кагып салышкан.

Ынтымакта жашагыла

(5:25-26)

Ыйык Рух бизге чыныгы өмүрдү берди, ошондуктан биз анын жетегинде жашашыбыз керек. Керт-башыбыздын кызыкчылыгын ойлоп, өзүбүзгө курулай даңкты издебейли, бири-бирибиздин кыжырыбызга тийбейли, бири-бирибизге көз артпайлы!

Бири-бириңердин жүгүңөрдү көтөрүшкүлө

(6:1-10)

Боордоштор, бирөө күнөө жасап койсо, анда силер, Ыйык Рухта өсүп жетилгендер, аны Ыйык Рухтун жетектөөсү менен түз жолго салгыла. Муну кылып жатып, өзүңөрдү байкагыла, ага кошулуп азгырылып кетпегиле!

Бири-бириңердин жүгүңөрдү көтөрүшкүлө, ошентип Машаяктын осуятын орундатасыңар. Кимде-ким эч нерсеге татыбай туруп, өзүн “мен кыйынмын” деп эсептесе ал өзүн алдайт. Ар ким өз ишин текшерсин, ошондо өзүн башкаларга салыштырбай, өзүнүн жетишкендиктери менен мактана алат. Анткени ар бир адам өз түйшүгүн өзү көтөрөт.

Кудай сөзүнөн таалим алуучулар колунда барын устаттары менен бөлүшсүн! Алданбагыла, Кудай шылдың болбойт! Адам эмнени сепсе, ошону орот. Адам табигый каалоолорунун талаасына сепсе, андан өлүмдүн түшүмүн жыйнап алат, ал эми Рухтун талаасына сепкен адам түбөлүк өмүрдүн түшүмүн жыйнап алат.

Жакшылык кылуудан эч талбайлык! Себеби мындан чарчап, баш тартпасак, тийиштүү убагы келгенде жемишин жыйнап алабыз.

Ошондуктан мүмкүнчүлүк барда бардык адамдарга, өзгөчө ишенимибиз боюнча боордош болгондорго, жакшылык кылалы!

Соңку сөз

(6:11-18)

Карагылачы, бул чоң тамгалар менин өз колум менен жазгандарым!

Сүннөткө олтурганы менен мактангысы келгендер, Машаяктын айкаш жыгачы үчүн куугунтукка алынбоо үчүн гана силерди сүннөткө олтургузууга мажбурлап жатышат. Анткени алар өздөрү деле Мыйзамды сакташпайт, бирок силерди сүннөткө олтургузгандыгы менен мактаныш үчүн сүннөткө олтурушуңарды каалашат. А мен Теңири Иса Машаяктын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Анын өлүмү аркылуу мен үчүн бул дүйнө айкаш жыгачка керилген, ал эми мен бул дүйнө үчүн айкаш жыгачка керилгем. Анткени Машаяк Исада сүннөткө олтуруунун да, олтурбоонун да мааниси жок, маанилүүсү жаңы табиятка ээ болуу. Ушул эреже менен өмүр сүргөндөргө жана бардык Кудайдын адамдарына Жараткан тынчтык берип, кайрым кылсын. Мындан ары эч ким мага түйшүк артпасын, анткени денемдеги жарааттар Исанын кызматчысы экенимдин далили!

Ылайым Теңири Иса Машаяк силерге жар болсун, боордошторум! Оомийин.