Тарыхтан үзүндү

Байыркы Исрайылдын тарыхы - Кудайды таштап кеткен, Кудай куткарып алган, Кудайга кайра кайрылган жана Кудайды кайра таштап кеткен элдин тарыхы. Бул айлампанын башы Исрайыл пайгамбардын урпактарынын Кудай менен келишим түзгөн убагынан башталып, кайра-кайра кайталанып келет. Синай тоосунун этегинде Исрайыл эли Кудайга моюн сунууга макул болуп, бирок кийинчерээк кайра каршы чыгып, чөлдө кырк жыл сандалат. Акырында Муса пайгамбардын шакирти болгон Нун уулу Иса (Иса Пайгамбарга чейин миңдеген жылдар мурун жашаган аскербашы) аларды чөлдөн алып чыгып, Кудай убада кылган жерге киргизет. Жаңы жерде бир нече кылымдар бою Исрайыл элин “Бийлер” аталган жетекчилер башкарышат. Кийинчерээк израилдиктер падыша шайлоону каалашат. Биринчи падышанын аты Шаул (Септуагинта деген котормодан улам Саул деген аты көбүрөөк белгилүү) эле. Шаул Кудайдын сөзүн эки кылып, ага моюн сунгусу келбегенде Кудай аларга башка падыша берет. Ал жаш чабан Дөөт (Дауд) пайгамбар эле. Дауддун тушунда Исрайыл падышачылыгы чыңалып, өсүп өнүгөт. Даут Кудайды чын жүрөгүнөн сүйгөн, ага баш ийген адам болот. Ошондуктан Кудай ага ар дайым жар болуп, анын тукумунан чыккандардын колунан падышалык аса таяк түшпөйт деп убада кылат. Дөөт пайгамбар карыганда падышачылыкты уулу Сулайманга өткөрүп берет.

Негизги даталар

Башталыш тарыхы (4004-2234 жж)

2348 ж - Топон суунун капташы

2234 ж - Улуу ажырым

Патриархтардын заманы (2348-1706 жж)

1921 ж - Кудайдын Ибрайымга кайрылышы

1760 ж - Жакыптын Месопотамияга качышы

1706 ж - Жакыптын үй-бүлөсүнүн Египетке көчүшү

Египеттеги жылдар, Кананга көчүү (1706-1451 жж)

1635 ж - Жусуптун дүйнөдөн өтүшү

1571 ж - Муса пайгамбардын төрөлүшү

1491 ж - Жакыптын урпактарынын Египеттен чыгышы

1452 ж - Нун уулу Исанын жетекчиликке дайындалышы

1451 ж - Исрайыл элининин Иордан дарыясын кечип өтүшү

1451-1444 жж - Канаандын Исрайылдыктарга багынышы

Исрайылды Бийлер башкарган доор (1394-1095 жж)

Исрайыл мамлекетинин гүлдөгөн доору (1095-975 жж)

1095-1055 жж - Шаулдун такка олтурушу

1055-1015 жж - Дауддун такка олтурушу

1015-975 жж - Сулаймандын такка олтурушу