Муса пайгамбардын экинчи китеби - Чыгуу

(1-3 баптар)

Тоораттын тутамына кирген бул китепти Мисирден чыгуу деп да атап коюшат. Египетте Жакыптын тукуму өсүп-өнүп чоң элге айланат. Ошол кезде башка падыша такка олтуруп, израилдиктердин көбөйгөнүнөн чочулап, согуш болуп кетсе душмандарыбызга өтүп, бизден кетип калат деп деп коркот.Ошондо аларды оор жумушка салып, шаар курдуруп, абдан кыйнайт. Бирок алар ого бетер дүркүрөп өсө берет. Айласы кеткен фараон еврей аялдарын төрөткөн аначы кемпирлерге эркек балдарды өлтүрүүнү буйрат. Аначы кемпирлер болсо Кудайдан корккон, ыймандуу адамдар болушкандыктан наристелерди өлтүрүшпөйт. Бул үчүн аларга Кудай батасын берет. Ошондо фараон ар бир төрөлгөн эркек баланы дарыяга ыргытууну буюрат. Ушул буйрук күчүндө турган кезде Левий уруусундагы бир кишинин аялы ажайып сонун, эркек бала төрөйт. Жан адамга көргөзбөй үч ай бою жашырып багат. Жашырууга чамасы келбей калган убак жеткенде баланы суу өтпөй тургандай кылып чайырланган себетке салып, дарыяга коё берет. Баланын эжеси болсо алыстан акмалап карап турат. Ошол кезде фараондун кызы жолдоштору менен дарыянын жээгинде сейилдеп жүргөн болот. Дарыяда агып келаткан себетти көргөн ал жанындагы бир күңүнө себетти суудан алып чыгууну буйрат. Алып чыкса ичинде бир наристе ыйлап жаткан болот. Ханзаданын балага боору ооруп, бир күңүн эмчек эмизе турган аял таапкелүүгө жумшаганда ал баланын энесин алып келет. Аялга ханзада акча төлөп, баланы бактырат. Наристе чоңоюп, ханзаданын баласы аталат. Ханзада ага Муса деген ат коёт. Муса деген аттын мааниси болсо “суудан алынды” дегенди билдирет.

Бир топ убакыт өтүп, Муса боордошторун көргөнү барат. Алар оор жумуштан, эзүүдөн кыйналып, арып-азып калышкан эле. Бир египеттик башчы кандаштарынын бирин сабап жатыптыр. Эки жагын карап, эч ким жок экенин көргөн соң египеттикти өлтүрүп туруп, кумга көөмп салат. Эртеси күнү болсоэки еврей бири-бири менен мушташып жаткан болот. Басып барып, ажыратайын дегенде алдуурагы: “Сенин ишиң канча, ким сени бизге башчы кылып койду эле, же кечээки египеттикти өлтүргөндөй мени да өлтүргөнү турасыңбы?” - деп ажылдайт. Муса киши өлтүргөнү билинип калганын билип коркуп кетет. Чынында эле фараон бул ишти билип калып Мусаны өлтүрмөкчү болот. Ошондо Муса чөл тарапка качат. Чөлдө жашаган мидиялык бир кишиге жалданып, коюн кайтарат. Кийин анын кызына үйлөнүп, эки балалуу болот. Ошол кезде баягы фараонказа болуп, ордуна башка адам такка олтурат. Бирок да еврейлердин жашоосу жеңилдебейт. Өлөөрчө кыйналган алардын зары акыры Кудайга жетет…

Мусанын Жараткан Эге менен кездешүүсү

(3:1-22)

Муса талаада кой жайып жүрүп бир күйүп жаткан бадалды көрөт. Бадал алоолонуп, жалбырттап жатса да эмнегедир күйүп кетпейт. Таңкалган Муса жакындап барса жалындын ичинен:

- Муса, Муса! - деген үн чыгат.

- Ляппай таксыр!

- Жакындаба, бутуңду чеч, анткени сен турган жер ыйык! Мен сенин аталарың: Ибрайым, Исхак, Жакыптын Кудайымын! Мен өз элимдин Египетте азап тартканын көрдүм, боздогон үнүн уктум, ошондуктан аларды куткарганы баратам. Мен аларды египеттиктердин жеринен алып чыгып, сүт-көл, бал-көлдүү жерге алып барам. Сен фараонго бар да менин элимди Египеттен алып чык!

- Таксырым, фараонго барып, израилдиктерди Египеттен алып чыккыдай мен ким элем?

- Мен сени менен болом, мына, сени жөнөткөнүмдүн белгиси: сен элди Египеттен чыгарганда, ушул тоо башында Кудайга таат-ийбадат кылысыңар.

- Мейли, мен Исрайылдын уулдарына барып: “ата-бабаларыңардын Кудайы мени силерге жөнөттү”, - дейин. Ошондо алар мага: “Анын ысмы ким экен?” - десе, эмне дейм?

- Мен Эгемин. Исрайылдын уулдарына ошентип айт: мени силерге Эге жиберди, - де.

Кудай Мусага дагы мындай деди:

- Исрайылдын уулдарына айтып кой: “Силердин ата-бабаларыңар: Ибрайымдын, Исхактын жана Жакыптын Кудайы - Эге мага көрүнүп: “Мен силерге Египетте эмне кылып жатышкандарын көрдүм. Ошондуктан мен силерди Египеттин эзүүсүнөн алып чыгып, сүт, бал аккан, канандардын, хеттердин, амордуктардынперездиктердин, хевтиктердин жана евусейлердин жерине алып барам” деп айтты де. Исрайыл аксакалдары сени угат, ошондо алар менен чогуу фараонго барып: “Еврейлердин Кудайы - Эге бизди чакырып жатат, ошондуктан чөлгө, үч күндүк жолго бизди бошот, биз Кудайыбыз - Эгеге курмандык чалалы” дегиле. Бирок мен билем, эгерде күчтүү кол менен мажбур кылбаса, фараон силерге уруксат бербейт. Андыктан мен бардык кудуретим, кереметим менен Египетти кыйратам. Ошондон кийин ал силерди ко? берет. Ал эми силерге египеттиктердин көзүнчө ырайым кылам да кетип баратканда, куру кол кетпейсиңер. Ар бир еврей аял өз коңшусунан жана үйүндө жашагандардан алтын-күмүш, кийим-кечекти ала чыгат. Ошентип, уул-кыздарыңарды кийинтип, египеттиктерден олжолуу кетесиңер.

4-БАП

(4-баптан баштап 19-баптын 26-сүйлөмүнө чейин Э. Турсуновдун котормосунан алынды.)

Жана Муса жооп берип мындай деди:

- Эгерде алар: “Теңир сага көрүнгөн жок” деп, мага ишенбей, үнүмдү укпай коюшсачы? Теңир айтты:

- Алдагы колуңдагы эмне?

- Таяк.

- Жерге ташта аны.

Муса таякты жерге таштады эле, жылаанга айланды. Муса андан качып жөнөдү. Ошондо Теңир Мусага айтты:

- Колуңду сунуп, аны куйругунан карма.

Муса колун сунуп кармады эле, ал анын колунда аса таяк болуп калды.

- Бул сага ишенсин үчүн болду, - деди Теңир, Ата-бабаларың: Ибрайымдын, Исхактын жана Жакыптын Кудайы, сага кезиккенинин далили.

Теңир ага дагы айтты:

- Колуңду коюнуңа сал.

Муса колун коюнуна салып, тартып алганда ала ооруудан кардай агарып чыкты. Ошондо Теңир:

- Колуңду кайрадан коюнуңа сал, - деди.

Мус кайрадан колун коюнуна салып, алып чыкканда колу кайрадан калыбына келди.

Эгерде алар сага ишенишпесе, биринчи аянды укпаса, анда экинчи аянга ишенишет. Эгерде алар бул эки белгиге ишенишпей, сага кулак салбай коюшса, анда дарыядан суу сузуп ал да жерге төк; дарыядан сузулган суу төгүлгөн жерде канга айланат.

Муса Теңирге айтты:

- Оо Теңир, мен эч качан сөзгө бай адам болгон эмесмин. Сен өзүңдүн кулуң мени менен сүйлөшө баштаганда да ошол эле бойдонмун, мага сүйлөш кыйын, тилим бурулбайт.

- Оозду берген ким? Ким аны дудук же дүлөй, көздүү же сокур кылат? Ошенткен Теңир, мен болуп жүрбөйүн? Андыктан бар; мен сенин оозуңда болом, эмне айтаарынды үйрөтүп турам.

- Теңир, жиберүүгө кудуретиң бар да, кимди жибересең да башка бирөөнү жибер.

Мусага Теңирдин каары тутанып, мындай деди:

- Левий уруусунан чыккан тууганың Арун деген бар эмес беле? Мен анын сүйлөй алаарын билем. Мына, эми ал сенин алдыңдан чыгат да сени көрүп чын жүрөктөн сүйүнөт. Сен ошого сүйлөйсүң да, сөздөрүңдү анын оозуна саласың; а мен болсо, сенин оозуңда жана анын оозунда болом да силерге эмне кылышты үйрөтүп турам. Сенин ордуңа, элге ошол чыгып сүйлөйт.

Демек, ал сенин оозуң болот, а сен болсо ал үчүн менин ордума болосуң. Аса таякты колуңа алып, аны менен ишарат берип турасың.

Муса кайнатасына кайрылып келип:

- Мен Египеттеги туугандарыма барып, аманчылыгын билейин, - деди.

Кайнатасы Мусага айтты:

- Макул, барып кел, жолуң шыдыр болсун.

Мадиам жеринде Теңир Мусага айтты:

- Египетке бар, анткени сенин өлтүрмөкчү болгондор опот болду.

Ошондо Муса аялын жана балдарын эшекке мингизип, Египетке жөнөдү. Кудайдын аса таягын колуна алды. Жолдо Теңир Мусага:

- Египетке жеткениңде, байкагын, сен сага тапшырган кереметтерди фараондун алдында жасагын.Бирок мен анын жүрөгүн таш кылам да ал элди коё бербейт. Ошондо фараонго: “Теңир: “Исрайыл менин тун уулум. Мага тайынсын үчүн, уулумду коё бер; антпесең мен сенин тун уулуңду өлтүрөм”, деп айтты” де.

Муса чөлдө жолдо түнөп калганда, Теңир аны өлтүрмөкчү болду. Ошондо Мусанын аялы Сабира, курч таштан алып, баласынын чочогунун учун кесип, Мусанын тенине тийгизип: “Сен мага кан күйөөсүң”, - деди. Ошондо Теңир андан кетти.

(Мунун мааниси: уулумдун каны менен өмүрүңдү сактадым, дегени).

Ошол убакта Теңир Арунга: “Мусаны тосуп алуу үчүн чөлгө жөнө”, - деген эле. Арун жөнөп кетти да Мусаны Кудайдын тоосунан жолуктурду. Муса, аны жөнөткөн Теңирдин бардык сөздөрүн жана осуят кылган бардык белгилерин Арунга айтып берди. Анан Муса Арун менен барып, Исрыйыл тукумунун бүт аксакалдарын жыйнады. Аларга Арун Теңирдин Мусага айткан сөздөрүн түгөл айтып берди. Муса болсо элдин көзүнчө аян белгилерди көрсөттү. Эл ишенди. Исрайылдын балдарына Теңир келип, алардын азаптарын көргөнүн угушту, жана таазим кылып сыйынышты.

5-БАП

Ошондон кийин Муса менен Аарун фараонго келип, мындай дешти: Израилдердин Кудайы, Теңир: Менин элимди коё берсин, чөлдө Менин урматыма майрам өткөрүшсүн, деп жатат.

Бирок фараон айтты: тилин алып, исрайылдыктарды коё бергендей, Эге ким экен? Мен аны тааныбайм жана исрайылдыктарды коё бербейм.

Алар айтышты: еврейлердин Кудайы бизди чакырып жатат; бизди чөлгө үч күндүк жолго бошот, Кудай Эгебизге курман чалалы. Бизди жугуштуу ооруга кыбылтып,

кылычты мизине албасын. Ошондо Египет падышасы аларга айтты: эмне үчүн Муса жана Арун, силер, элди жумушунан алагды кылып жатасыңар? Жумушуңарды кылгыла! Бул жерде эл көп; силер аларды өз ишинен алагды кылып жатасыңар.

Анан ошол эле күнү элге коюлган башкаруучуларга жана көзөмөлчүлөргө буйрук берди: мындан кийин кечээ жана мурдагы күндөрдөй, элге кыш куюуга саман бербегиле. Алар өздөрү барып, саман чогултуп алышсын. Ал эми кышты болсо, кечээ жана мурдагы күндөрдөй аларга тапшырылган санда й куюшсун, санын азайтпагыла; алардын бош убактысы көп болуп: “барып, Кудайыбызга курман чалабыз” деп кыйкырып жатышат. Жумушту көп бергиле, иштешсин, бош сөздөргө чолоосу тийбесин.

Элдин үстүнөн коюлган башкаруучулар менен көзөмөлчүлөр элге чыгып айтышты: фараон силерге саман бербейм дейт. Өзүңөр барып, саманды тапкан жериңерден алгыла. Ал эми жумуш күнүңөр эч кемибейт.

Ошентип, саман ордуна пая издеп, эл Египет жерине тарап кетти. Элге коюлган башкаруучулар болсо “жумушуңарды, саман бар кездегидей, күн сайын аткарасыңар” деп, мажбурлап жатышты.

Ал эми элге коюлган башкаруучулар Израил уулдарынан коюлган көзөмөлчүлөрдү уруп-сабап: “Эмне үчүн кечээ, бүгүн кышты мурдагыдай тапшырылган санда куйбайсыңар?- дешти.

Ошондо Исрайыл уулдарынын көзөмөлчүлөрү ыйлап келип, фараонго даттанышты: эмне үчүн кулдарыңа ушундай мамиле кыласың? Кулдарыңа саман бербей туруп, кыш куйгула дешет. Жана мына, кулдарыңды сабап жатышат; элиңе күнөө болот.

Бирок ал айтты: сайрандап бош жүрөсүңөр, бекер жүрөсүңөр; ошондуктан: “Теңирге курман чалабыз” деп жатасыңар. Барып, иштегиле. Силерге саман берилбейт, Арун тапшырылган кышты толук куйгула.

Израил уулдарынын көзөмөлчүлөрү, ар күнгө тиешелүү кыштын санын кемитпегиле, деген сөздөн өздөрүнүн шорун көрүштү.

Алар фараондон чыкканда, Муса менен Арунга жолугуп калышты, экөө аларды күтүп турган экен, жана аларга мындай дешти: силердин Кудай көрүп турат жана калыстык кылсын, бизди фараондун жана анын кулдарынын алдында жек көрүндү кылдыңар, бизди өлтүрүүгө алардын колдоруна кылыч карматтыңар.

Ошондо Муса Теңирге кайрылды: Парбардигер! Эмне үчүн элди ушунчалык азапка салдың, эмне үчүн буларга мени жибердиң? Мен келип, фараонго сенин атыңан айта баштагандан тартып, элди ал мурункудан жаман кыйнай баштады; куткарууң керек эле - сен өз элиңди куткарбадың.

6-БАП

Теңир Мусага айтты: эми фараонду эмне кыларымды көрөсүң; кубаттуу колдун аракети менен ал аларды коё берет; ал турсун, өз жеринен айдап чыгат.

Теңир Мусага дагы мындай деди: мен Эгемин. Мен Ибрайымга, Исхакка жана Жакыпка: “Кудуреттүү Кудай” деген ысмым менен пайда болгом; бирок “Эге” (ЙХВХ) деген ысмым менен аларга ачылган эмесмин. Мен алар азыр кезип жүргөн жерди, жашап турган Канан жергесин аларга берем деп убада кылгам. Мен египеттиктер аларды кул кылып, кыйнап жатканын жана Исрайыл уулдарынын зарлаганын угуп, ошол осуятымды эстедим. Андыктан Исрайыл уулдарына айтып кой: мен Эгемин, Кубаттуу колум менен, өкүмдүн улуу жазасы менен силерди египеттиктердин эзүүсүнөн чыгарам, кулдуктан куткарам. Силерди өзүмө эл кылып алам жана силерге Кудай болом, Менин Эге экенимди, силерди Египеттин эзүүсүнөн чыгарган Кудайыңар экенимди түшүнөсүңөр. Колумду көккө көтөрүп, Ибрайымга, Исхакка жана Жакыпка берем деп ант кылган жерге силерди алып келем да аны силерге мурас кылып берем. Мен Эгемин.

Муса муну Исрайылдын уулдарына айтып берди; бирок алар оор жумуштан жанчылып жүрөкзаада болгондуктан, анын айткандарын кулакка илбеди. Ошондо Эгебиз Мусага мындай деди: Фараонго кирип, Исрайыл уулдарын коё берсин деп айт.

Муса Теңирге мындай деди: Исрайылдын уулдары тилимди албай жатса, фараон кантип тилимди алсын? Анан калса, мен сөзгө жокмун. Теңир Муса менен Арунга, Исрайыл уулдарына, фараонго Исрайыл уулдарын Египеттен чыгаруу жөнүндө буйруктарын берди.

Мынакей, алардын укум-тукумунун башчылары: Исрайылдын туну Рубимдин уулдары: Ханох жана Фаллу, Хецрон жана Харми: бул Рубимдин бүлөсү.

Ысмандын уулдары: Емуил жана Ямин, Огад жана Яхин, Зохар жана канандык аялдын уулу Саул: бул Ысмандын бүлөсү.

Мынакей Левий уулдарынын, уруулары боюнча аттары: Гирсон, Кааф жана Мерари.

Левий жүз отуз жети жыл өмүр сүрдү.

Гирсондун уулдары: Ливни жана Шимеи үй-бүлөсү менен.

Каафтын уулдары: Амрам жана Ицгар, Хеврон жана Узиил.

Кааф болсо жүз отуз үч жашка чыккан.

Мераринин уулдары: Махли жана Муши.

Булар уруулары боюнча, Левийдин үй-бүлөсү.

Амрам өз таежеси Ёхаведага үйлөнгөн, жана ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген.

Амрам болсо жүз отуз жети жашка чыккан.

Ицгардын уулдары: Корей, Нефег жана Зихри.

Узиилдин уулдары: Мисаил, Елцафан жана Сифри.

Арун аялдыкка Наасондан карындашын, Амнадав кызы, Елисаветаны алган жана ал Надавды жана Авиудду, Елеазарды жана Ифамарды төрөп берген.

Корейдин уулдары: Асир, Елкана жана Авиасаф: бул Корейдин үй-бүлөсү.

Арундун уулу Елеазар Футиилдин кыздарынын бирине үйлөндү жана ал ага Финеести төрөп берген.

Мына, алардын үй-бүлөсү болюнча, Левийдин тукум башчылары.

Арун менен Муса болсо, Исрайыл уулдарын, кошуундары боюнча Египет жеринен чыгаргыла, деп Теңир айткан - ошолор.

Мына ошолор Египет падышасы, фараонго, Исрайыл уулдарын Египеттен чыгарыш үчүн сүйлөшкөн.

Булар - Муса менен Арун эле.

Ошентип, Теңир Египет жеринде Муса менен сүйлөшкөн убакытта, Теңир Мусага мындай деп айтты: Мен Эгемин!

Египет падышасы, фараонго, Мен сага бүт айткандарымды айт.

Муса болсо Теңирдин алдында айтты: Мен сөзгө жокмун, фараон кантип тилимди алат?

 

7-БАП

Бирок Теңир Мусага мындай деди: карагын, мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми Арун, сенин бур тууганың, пайгамбарың болот. Мен сага буюргандын баарын сен айтасың: ал эми бир тууганың Арун, Исрайылдын уулдарын фараон өз жеринен чыгарыш үчүн, аны менен сүйлөшөт. Бирок Мен фараондун жүрөгүн карартып коём. Египет жеринде өзүмдүн көптөгөн аян-белгилеримди жана өзүмдүн кошунумду, элимди, Исрайыл уулдарын, Египет жеринен чыгарам, улуу жазалар менен куткарам. Египетке колумду созуп, алардын арасынан Израил уулдарын чыгарып кеткенде, египеттиктер менин Теңир экенимди таанышат. Муса менен Арун Теңир кандай буюрса, так ошондой кылышты. Фараон менен сүйлөшкөндө, Муса сексен жашта, ал эми Арун сексен үч жашта эле. Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты: Эгерде фараон силерге: “керемет көрсөткүлө” десе, Арунга: “аса таягыңды ал да фараондун алдына ташта”, де - ал жылаан болуп калат.

Муса менен Арун фараонго келишти да Теңир буюргандай кылышты. Арун аса таягын фараон менен анын кулдарынын алдына таштады эле ал жылан болуп калды. Фараон даанышмандар менен сыйкырчыларды чакырды; Египет сыйкырчылары өздөрүнүн сыйкырлары менен ошонун өзүн жасашты. Ар кимиси аса таягын таштады жана алар жыландарга айланды, бирок Арундун таягы алардын таяктарын жутуп салды.

Фараондун жүрөгү карарып, Теңир айткандай, алардын тилин албай койду. Теңир Мусага айтты: фараондун журөгү карарып, миз бакпай турат; элди коё бергиси келбейт. Эртең фараонго бар: ал сууга чыгат, анын жолун дарыя боюнан тосуп тур, жана жыланга айланган таягыңды колуңа ал.

Ага мындай де: Теңир, еврейлердин Кудайы, сага айтсын деп мени жөнөттүү: Менин элимди коё бер, алар чөлгө барып, мага ийбадат кылышсын, бирок сен алиге чейин тил албадың.

Теңир ушундай дейт: сен менин Теңир экенимди ушундан билип каласың: мен азыр колумдагы аса таяк менен дарыядагы сууну чабам, ал канга айланат.

Теңир Мусага айтты: Арунга айтып кой, аса таягыңды ал да колуңду Египеттин сууларына сун: алардын өзөндөрүнө, агын сууларына, көлдөрүнө жана алардын ар кандай суу сактагыч, башат-булактарына мал; алар канга айланат, жана бүткүл Египет жери, жыгач, таш идиштери менен кызыл жаян кан болот.

Анан Муса менен Арун, Теңир буюргандай кылышты.

Арун аса таякты көтөрүп, фараондун жана анын кулдарынын көз алдында дарыядагы сууну чапты, дарыядагы суу бүт бойдон канга айланып кетти. Дарыядагы балыктар кырылып, дарыя сасып-былгыды, египеттиктер дарыядан суу иче албай калышты; жана бардык Египет жери кызыл жаян кан болуп жатты. Египеттин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой жасашты. Фараондун жүрөгү карарып, Теңир айткандай, алардын тилин албай койду. Анан фараон бурулуп үйүнө кетти; анын жүрөгү жибиген жок. Дарыялардын суусунан ичкенге болбой калгандыктан, бүт египеттиктер дарыянын жанынан, ичүүгө суу чыгарыш үчүн кудук каза башташты.

Теңир дарыяны канга айлаткандан кийин жети күн өттү.

 

8-БАП

Теңир Мусага айтты: фараонго барып айт: Теңир, менин элимди коё берсин, алар мага ийбадат кылсын, деп жатат. Эгерде сен аларды коё бербесең, анда мен сенин бардык аймагыңа курбакаларды жабалактатам. Дарыяда курбакалар быкылдап, алар андан чыгып, сенин үйүңө, уктоочу бөлмөңө, төшөгүңө, жана кулдырың менен элиндин үйлөрүнө, очок, коломто, камыр ачыткан челегиңе чейин киришет. Курбакалар сенин төбөңө, элиңдин төбөсүнө жана кулдарыңдын үстүнө чыгышат, деп айт.

Жана Теңир Мусага мындай деди: Арунга айт: аса таягынды колго алып, колуңду дарыяларга, агын сууларга жана көлдөргө сун да курбакаларды Египет жерине чыгар. Арун колун Египет жериндеги сууларга сунду; жана курбакалар жабалактап, Египет жерин каптады. Ушунун эле өзүн сыйкырчылар да өз сыйкыры менен жасашты; жана курбакаларды Египет жерине чыгарышты.

Анан фараон Муса менен Арунду чыкырып алып айтты: Теңирге сыйынгыла, Ал курбакаларды менден жана менин элимден жоготсун; мен Израил элин курман чалууга коё берем.

Муса фараонго айтты: сенден жана сенин үйлөрүңдөн курбакалар жок болуп, дарыяларда гана жүрсүн үчүн жана сен үчүн, сенин кулдарың үчүн, сенин элиң үчүн сыйынар убакытты мага өзүң белгиле.

Ал айтты: эртең сыйын.

Муса жооп берди: айтканыңдай болот, жана Теңир, биздин Кудайыбыздан башка эч ким жок экенин билип каласың. Жана курбакалар сенден, сенин үйлөрүңдөн, сенин кулдарыңдан, жана сенин элиңден оолак кетишет: алар дарыяларда ган калышат.

Муса менен Арун фараондон чыгышты; жана Муса Кудайга, Ал фараонго жиберген курбакалар жөнүндө кайрылды.

Анан Теңир Мусанын айтканын кылды. Үйлөрдөгү, короолордогу жана талаадагы курбакалар өлүп калышты. Жана аларды үймөктөп коюшту, жер сасып жатты. Анан фараон жеңилдик болгонун көрүп, жүрөгүн карартып, Теңир айткандай, алардын тилин албай койду.

Жана Теңир Мусага мындай деди: Аарунга аса таягыңды сунуп, жер тоскогун чап де, тоскок чымын-чиркей болуп, бүт Египет жерине толуп калат.

Алар ошондой кылышты: Аарун аса таяк кармаган колун сунду да жер тоскогуп чапты; анан адамдарга да, малдарга чымын-чиркейлер жабышты. Бүт жерде чаң буруксуп, ал Египет жеринде чымын-чиркейге айланды. Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен чымын-чиркей таратууга аракет кылышты, бирок колдорунан келбеди.

Жана адамдарга да, малдарга да чымын-чиркейлер жабышты. Анан сыйкырчылар фараонго айтышты: бул Кудайдын колу. Бирок фараондун жүрөгү карарып, Теңир айткандай, алардын тилин албай койду. Теңир Мусага айтты: эртең эрте туруп, фараондун алдына бар. Ал сууга барат, ошондо сен ага айт: Теңир, Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын деди де. Эгерде элимди коё бербесең, анда Мен сенин үстүнө, сенин кулдарыңдын үстүнө, элиңдин үстүнө,жана үйлөрүңө мите курттарды каптатам, жана Египеттиктердин үйлөрү, алар жашаган жердин өзү мите, курттарга толот. Жана ошол күнү, Менин элим турган, Гесем жерин бөлүп коём, ал жерде мите, курттар болбойт; ошентип жер үстүнө Менин Теңир экенимди билип каласың. Менин элим менен сенин элиңдин ортосуна чек коём. Эртең бул белги болот.

Теңир дал ошондой кылды: фараондун үйүнө, анын кулдарынын үйлөрүнө жана бүт Египет жерине эсепсиз көп мите, курттар пайда болду; жер мите курттардан жабыр тартып жатты. Анан фараон Муса менен Арунду чакырып алып айтты: баргыла, да Кудайыңарга ушул жерде курман чалгыла.

Бирок Муса айтты: антүүгө болбойт; анткени Египеттиктер үчүн Теңирибиз, биздин Кудайга курман чалганыбыз жийиркенерлик; эгерде Египеттиктер жийиркенген курмандыкты алардын көзүнчө чалсак, алар бизди ташбараңга алышпайбы? Биз чөлгө үч күндүк жолго барабыз, жана Теңирге, биздин Кудайыбызга, Ал айткандай курман чалабыз.

Жана фараон айтты: мен силерди өзүңөрдүн Кудай, Теңириңерге курман чалууга чөлгө коё беремин, бирок алыс кетпегиле. Мен үчүн да сыйынып койгула.

Муса айтты: мен сенден чыгып эле Теңирге жалбарып сыйынам, жана мите курттар фараондон, анын кулдарынан, анын элинен эртең эле жок болот, бирок фараон элди чөлгө, курман чалууга коё бербей алдаганын койсун. Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды. Анан Теңир Мусанын айтканын кылып, фараондун, анын кулдарынан, анын элинен мите курттарды жоготту: бирөө да калган жок. Бирок фараон бул жолу да журөгүн карартып, элди коё бербеди.

 

9-БАП

Теңир Мусага айтты: фараонго барып, айт: Теңир, Еврейлер Кудайы, Менин элимди коё берсин, алар Мага ийбадат кылсын, деп жатат де.

Эгерде аларды коё бербей кармап тура турган болсоң, анда мына, Теңирдин колу талаадагы сенин малыңда, жылкыларыңда, эшектериңде, төөлөрүңдө, өгүздөрүңдө жана койлоруңда болот; өтө оор жугуштуу оору таратат. Теңир Израилдин малы менен Египеттин малын бөлүп коёт. Израилдин бүт малынан бир туяк өлбөйт. Теңир анын убакыт-саатын белгилейт, муну Теңир эртең ушул жерде жасайт.

Жана Теңир муну эртеси кылды, Египеттин бардык малы кырылып калды; ал эми Израил балдарынын малынан бир туяк чыгым болгон жок. Израилдиктердин малынан бир туяк чыгымдалбаганын билип келсин үчүн киши жиберди.

Ошондон соң фараондун жүрөгү карарып, ал элди коё бербей койду.

Жана Теңир Муса менен Аарунга айтты: мештен бир кочуштан күл алгыла да Муса күлдү фараондун көзүнчө асманга чачсын. Анан бүт Египет жеринде чаң уюлгуп, мүлдө Египет жериндеги адамдар менен малдары сезгенип, туюк жара дартына кабылат.

Алар мештен күл уучтап алып, фараондун алдына келишти. Муса аны асманга чачты, адамдар менен малдарга сезгенүү дарт сыйкырчылардын өзүнө жабышкан, бүт Египеттиктерге жуккан.

Бирок Теңир фараондун жүрөгүн карартып койгон жана ал, Теңир Мусага айткандай, алардын тилин албады.

Теңир Мусага айтты: эртең эрте тур да фараондун алдына келип, ага айт: Теңир, Еврейлердин Кудайы, Менин элимди коё бер, алар Мага ийбадат кылсын, деп жатат.

Анткени бул жолу Менин бүт дартымды сенин жүрөгүңө, сенин кулдарыңа жана сенин элиңе жөнөтөм; дегеним, бүт жер үстүндө Мага тең эч ким жок экенин билишиң керек.

Мен кудуреттүү колумду созгодуктан, сени жана сенин элиңди жугуштуу ооруу менен өлтүрмөкмүн жана сен жер бетинен жок болот элең; бирок Кудуретимди сенин үстүңө көрсөтүүм үчүн жана Менин ысмым бүт дүйнөгө жарыя болсун үчүн, Мен сени сактап калдым.

Сен Менин элимди ко? бербеш үчүн дале каршылык кыласың; ана, эртең, дал ушул убакта, Мен өтө катуу мөндүр жаадырам, андай мөндүр, Египет негизделгенден азыркыга чейин, түшүп көрбөгөн.

Демек, малдарыңды жана талаада эмнең болсо, бүт баарын жыйнап алууга жөнөт, үйгө келбеген жана талаада калган адамдарыңды да, малдарыңды да мөндүр урат, алар кырылат.

Теңирдин сөзүнөн корккон фараондун кулдары чыгынып шашылыш барып, талаадагы өз кулдары менен өз малдарын жыйып, үйлөрүнө айдап келишти.

Ал эми Теңирдин сөзүнө көңүл бурбугандар өз кулдары менен өз малдарын талаага калтырышты.

Жана Теңир Мусага айтты: колуңду асманга сун, анан бүт Египет жерине, элине, малдарына жана талаадагы бүт өсүмдүк-чөптөрүнө мөндүр түшөт.

Анан Муса аса таягын асманга сунду; жана Теңир добул күркүрөтүп, чагылган жаркылдатып, жерге от каптатты; жана Теңир Египет жерине дүркүрөгөн мөндүр жаадырды.

Анан мөндүр аралаш от жаады, бүтүндөй Египет аймагында эл жашагандан бери ушунчалык мөндүр уруп, мындай алаамат болгон эмес эле.

Жана урган мөндүр бүт Египет жерин отоп-бутан кетти, талаада эмес болсо, баарын талкалады, адамдан малга чейин, өсүмдүк-чөтөрдү, бак-дарактарды түп орду менен кыйратты.

Бир гана Израил уулдары жашаган Гесем жерин мөндүр урган жок.

Анан фараон чабарман жиберип, Муса менен Аарунду чакыртып, аларга айтты: бул жолу мен күнөөлүү болдум, Теңир адилет экен ал эми мен жана менин элим айыптуубуз.

Теңирге жалынгыла; Кудайдын добулу менен жаадырган мөндүрү токтосун; силерди мындан ары кармабайм, ко? берем.

Муса айтты: мен шаардан чыгар замат Теңирге колумду сунам; добул токтойт, мөндүр да урбайт, ошентип бардык жер Теңирдики экенин билүүң керек.

Бирок билип турам, сен жана сенин кулдарың дагы эле Кудайдан коркпойсуңар.

Жайкалган арпа да, зыгыз да талкаланды, анткени арпа баш алып, зыгыр дан алып калган эле. Ал эми кайрак менен кодура буудайлар аман калды, анткени алар кеч себилген. Муса фараондон чыгып, шаардан узап, колдорун Теңирге сунду, анан добул да мөндүр да басаңдап, жерге жааган жамгыр токтоду. Анан фараон добул менен мөндүрдүн, жана жамгырдын токтогонун көрүп, дале күнөөгө бата берди, ошентип өз жүрөгүн да, кулдарынын жүрөгүн да оордотуп койду. Жана фараондун жүрөгү карарып, Муса аркылуу Теңир айткандай, ал Израил уулдарын коё берген жок.

 

10-БАП

Теңир Мусага айтты: сен фараонго кир, анткени аларга сыр көрсөтүп, сес бериш үчүн, Мен анын жүрөгүн жана анын кулдарынын жүрөгүн оордотуп койдум. Египетте эмне кулганымды, Менин аян-белгилеримди, сыр бергенимди, Теңир экенимди биле жүрсүн үчүн, уулуңа, уулундун уулуна айтып берсин деп ошондой кылдым.

Муса менен Арун фараонго келди да мындай деп айтышты: Еврейлердин Кудайы, Теңир мындай дейт: канчага чейин Менин алдымда кенебей жатасың? Менин элимди коё бер, алар Мага таат-ийбадат кылышсын. Эгерде сен Менин элимди коё бербесең, анда эртең эле сенин жериңе чегиртке каптатам. Алар жер бети көрүнгүс кылып, жериңе тумандай каптайт да мөндүрдөн калгандын баарын жеп, талаада өскөн бак-дарактардын баарын курутат. Жана сенин үйүңө, кулдарыңдын үйлөрүнө жана бардык Египеттиктердин үйлөрүнө толот, мындайды сенин аталарың, аталарыңдын аталары, жер үстүндө жашаган күндөн бүгүнкү күнгө чейин көргөн эмес.

Муса айтты: биз жаш балдарыбыз, кары-картаңдарыбыз, уулдарыбыз, кыздырыбыз менен бирге барабыз, жана койлорубузду, бодолорубузду айдап барабыз; анткени бул биздин Теңирибизге жасай турган майрамыбыз.

Фараон аларга айтты: болуптур, ошондой эле болсун, Теңир силер менен!

Мен силерди коё берүүгө даярмын: бирок эмне үчүн жаш балдарыңарды ала барасыңар? Көрдүңөрбү, силердин ниетиңер жаман. Жок жалаң эркектериңер барып, Теңириңерге тооп кылып, сыйынгыла, анткени силер ошону сурагансыңар. Ошентип аларды фараондон айдап чыгарышты.

Ошондо Теңир Мусага айтты: колуңду Египет жерине сун, Египет жерин чегиртке каптасын жана жердеги өсүмдүк, чөптүн баарын, жесин.

Анан Муса аса таягын Египет жерине сунду; жана Теңир бул жерге чыгыштан шамалайдады, ал шамал күн бою жана түн бою арылдады. Эртең менен чыгыштан удургуган шамал чегирткелерди каптатты.

Чегиртке бүт Египет жерине түштү, алар өтө көп болгондуктан, мүлдө Египет аймагын каптады; мындан мурун эч качан мынчалык көп чегиртке болгон эмес, мындан кийин да болмок эмес. Ал чегирткелер бүт жер бетин басып кеткендиктен жер көрүнбөй калды, жерде болгон чөптөрдү, мөндүрдөн аман калган дарактарды, алардын момөлөрүн түгөл жеп койду жана Египет жериндеги бак дарактардан, талаадагы чөптөрдөн эчтеме калбады. Фараон Муса менен Арунду шашылыш чакыртты да айтты: мен Теңирдин, силердин Кудайыңардын алдында, жана силердин алдыңарда күнөө кылдым; эми менин күнөөмдү дагы бир жолу кечиргиле, жана Теңириңерге, силердин Кудайга жалынып сыйынгыла, Ал менден бул өлүмдү кайт кылсын.

Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.

Теңир каршысынан батыштан катуу шамал удургутуп, ал шамал чегирткелерди айдап, аларды камыштуу Кызыл деңизге сүрүп таштады; Египет жеринде бир да чегиртке калбады. Бирок Теңир фараондун жүрөгүн карартып койгондуктан, ал Израил уулдарын коё бербеди. Теңир Мусага айтты: колуңду асманга сун, Египет жерине караңгылык түшсүн, сезимде кала турган караңгылык болсун.Муса колун асманга сунду, жана бүт Египет жерин үч күн бою түнөргөн чылк караңгылык каптады. Бири-бирин көрбөй, үч күн бою эч ким ордунан жылбай калды; ал эми Израил уулдарынын үйлөрүнүн баарында жарык болуп турду.

Фараон Мусаны чакыртып айтты: барып, Теңирге таат-ийбадат кыла бергиле, жалаң гана майда жандыктарыңар менен ири бодолоруңар калсын, мейли балдарыңар силер менен барсын.

Бирок Муса айтты: Теңирге, биздин Кудайыбызга курман чала турган жана өрттөп бере турган ак малыбызды колубузга бер. Өз малыбыз өзүбүз менен барсын, бир туягы калбасын, анткени биз Теңирибизге, биздин Кудайыбызга алардын ичинен тандап туруп, курман чалабыз. Ал жерге келгиче биз эмнени курман чаларыбызды билбейбиз.

Теңир фараондун жүрөгүн карартып койгондуктан, аларды коё беришти каалабады.

Анан фараон айтты: жогол менден! Сак бол, менин алдыма экинчи келбе; эми бетимди көргөн күнү өлөсүң.

Муса айтты: кандай айтсаң, так ошондой болот; бетиңди экинчи көрбөйүн.

Теңир Мусага айтты: Мен фараонго жана египеттиктерге дагы бир жаза жиберем; ошондон кийин ал силерди бул жерден коё берет. Коё бергенде да силерди бул жерден шашылыш айдайт. Элиңе үйрөт, ар ким өз жакынынан жана ар аял өз жакынынан күмүш буюмдары менен алтын буюмдарын сурап алсын.

Теңир Өз элине Египеттиктердин көзүнчө ырайым кылды; жана Муса да Египет жеринде, фараон кулдарынын көзүнө, элдин көзүнө улуу болуп көрүндү.

Жана Муса айтты: Теңир мындай дейт, түн ортосунда Мен Египет жерин аралап өтөм.

Жана Египет жериндеги туңгуч балдардын баары, тактысында олтурган фараондун тун баласынан баштап, жаргылчактын жанындагы күңдүн тун баласына чейин мерт болот, малдын төл башыларынын баары өлөт.

Анан мүлдө Египет жеринде, мурда эч убакта болбогон жана кийин да эч качан болбой турган, зарлаган ый болот.

Ал эми Израил уулдарынын бир да кишисине, бир да мал туягына ач дөбөт тилин салактатпайт.

Теңир Египеттиктер менен Израилдиктердин ортосуна кандай айырма койгонун көрөсүңөр.

Жана сенин бардык кулдарың менин алдыма келип жүгүнүшөт да айтышат: “сен жетектеген элиң менен чык”.

Мен ошондо чыгам.

Муса фараондон каарданып чыкты.

Жана Теңир Мусага айтты: Менин кереметтерим Египет жеринде арбысын үчүн, фараон силерди укпады.

Муса менен Аарун ушул кереметтердин баарын фараондун алдында жасашты; бирок Теңир фараондун жүрөгүн карартып койгондуктан, ал Израил уулдарын өз жеринен коё бербеди.

(4-бөлүмдөн баштап ушул жерге чейин эски котормодон көчүрүлүп алынды.)

Курман майрам

(12-бап)

 

Египет жеринде Жараткан Эге Муса менен Арунга мындай деди:

“Бул ай силердин жылнаамаңарда айлардын башталышы болсун; жылдагы айлардын биринчиси болсун. Бүткүл Исраил коомуна жарыя кылгыла: ушул айдын онунчу күнүндө ар бир адам өз үй-бүлөсүнө бирден эркек козу же улакты курмандыкка чалуу үчүн тандасын. Эгер анын үй-бүлөсү аз болуп, жандыкты жей албай турган болсо, анда үй-бүлөнүн санына жана ар бир адамдын жешине жараша кошунасы менен бөлүшсүн. Тандаган жандыгыңар эч жеринде кынтыгы жок, эркек, бир жылдык болуш керек. Аны койлордун же эчкилердин арасынан алсаңар болот. Бүткүл Исраил жамааты ошол жандыкты ушул айдын он төртүнө чейин кармап туруп, анан он төртүнчү күндүн кечинде союшсун. Жандыктын канынан алып туруп, этин кайсы үйдө жей турган болушса, ошол үйдүн эшиктеринин эки кашеги менен үстүнкү босогосуна сүртүп коюшсун. Ошол түнү жандыктын эти отко какталып, бышырылып, ачыткысыз нан жана ачуу чөптөр менен кошулуп толук жеп бүтүрүлүшү керек. Анын бышпай калган же сууга кайнатылган эч нерсесин жебегиле; бирок башы, шыйрактары, ичеги карындары менен кошо эч нерсесин калтырбай, толугу менен отко кактап, бышырып жегиле. Жандыктын этинен таңга калтырбагыла. Эгер калып калса, отко өрттөп жибергиле. Силер аны белиңерди бууп алып, бутуңарды кийип алып, таягыңарды колуңарда кармап алып, шашылыш түрдө жегиле. Бул Жараткан Эгеңердин урматына арналган Курман майрам. Ошол түнүмен Египет жергесин аралап өтөм да, андагы адамдан тартып малга чейинкинин баарынын ар бир тун баласын өлтүрүп, Египеттин бардык кудайларынын үстүнөн сот жүргүзүп, жазалайм. Мен Жараткан Эгемин. Ал эми жанагы жандыктын каны силер олтурган үйдү билдирген белги болот. Египет жерин жазалап жатканымда канды көрүп, үйүңөрдү жандап өтүп кетем да силерге зыян кылбайм. Укумдан тукумга ушул күн дайым эсиңерде болуп, түбөлүктөн түбөлүккө Жараткан Эгеңердин урматына аны белгилеп, майрамдагыла. Бул силер үчүн түбөлүкмыйзам болсун.

Жети күн тузсуз нан жегиле. Биринчи күнү үйүңөрдөгү ачытылган иамактарды жоготкула, анткени ким биринчи күндөн жетинчи күнгө чейин ачытылган тамактан ичип-жесе, Исрайыл коомунан чыгарылып, каны завын, жаны навыт болот.

Мындан ары биринчи жана жетинчи күнү ыйык жыйын болсун, бул күндөрдө тамак даярдагандан башка эч кандай жумуш кылынбасын.

(19-бөлүмдүн Мыйзам деген темасына чейин Э.Турсуновтун котормосунан алынат)

Ачыткысыз майрам кылгыла; анткени дал ошол күнү Мен силердин калың элиңерди Египет жеринен алып чыктым; жана ушул күн силердин укум-тукумуңарга белгиленген күн экенине көз салгыла. Биринчи айдын он төртүнчү күнүнүн кечинен баштап, ошол эле айдын жыйырма биринчи күнүнүн кечине чейин тузсуз тамак жегиле. Жети күн бою үйүңөрдө ачытылганкамыр болбошу керек. Ким ачытылган нан жесе, ал келгин болсо да, жергиликтүү тургун болсо да, Исрайыл жамаатынан жок кылынсын. Ачытылган эч нерсе жебегиле, кай жерде болсоңор да тузсуз нан жегиле.

Муса Израилдин аксакалдарын чакырып алып, аларга айтты: үй-бүлөңөрдүн санына карап, жандык тандап, Курман майрамга сойгула. Жана бир тутам иссоптон алып, идиштеги канга малып, эшиктин баш босогосу менен эки кашегине сүртүп койгула да өзүңөр таңга чейин сыртка чыкпагыла. Теңир Египетти курутуу үчүн баратканда, эшигиңердин баш босогосу менен эки кашегиндеги канды көрүп, өтүп кетет. Силерди кыйратууга келаткан жаналгычты үйүңөргө киргизбейт.

Муну силер өзүңөр үчүн да, балдарыңар үчүн да түбөлүк заң-мыйзам катары сактагыла. Теңир силерге арнаган жерге киргениңерде, ал өзү айткандай, ушул ийбадат милдетти кармагыла. Кийин балдарыңар: “бул эмне деген ийбадат?” десе: “Бул Курман майрам. Теңир египеттиктерди курутуп жатканда, Египеттеги Исрайыл уулдарынын үйлөрүнөн өтүп кеткен” дегиле.

Ошондо калың эл жүгүнүп, таазим кылышты. Теңир Муса менен Аарунга кандай буюрса, так ошондой кылышты.

Түн ортосунда Теңир Египет жериндеги бардык тун балдарды: тактысында олтурган фараондун тун баласынан баштап, зынданда жаткан туткундун тун баласына чейин, ошондой эле бардык малдын төл башыларын жок кылды.

Түн ичинде фараон, кулдары, бүт Египет дүрбөлөңгө түшүп, Египет жерин улуп-уңшуган ый басты, анткени өлүк чыкпаган үй болгон жок.

Жана фараон Муса менен Аарунду түн ичинде чакырып алып айтты: тургула, силер сыяктуу эле Израилдин уулдары да менин элимдин арасынан кеткиле, өзүңөр айткандай, барып Теңирге ийбадат кылгыла; жана, өзүңөр айткандай, майда жандыктарыңар менен ири малдарыңарды ала баргыла да мага да ак батаңарды бергиле.

Жана Египеттиктер элди ал жерден тезирээк чыгарууга мажбур кылышты; себеби: “антпесек баарыбыз кырылып өлөбүз” - дешти.

Анан эл камыры ачый электе, ачыткы челеги менен көтөрүп алып жөнөп берди, көмөчдандары кийимдерине оролуп, ийиндерине салынды.

 

Израил уулдары Мусанын айтканындай кылышты, Египеттиктерден күмүш буюмдар менен алтын буюмдары жана кийимдерди сурашты. Теңир болсо Египеттиктердин көзүнчө өз элине ырайым кылды; жана алар сураганын берип жатышты, ошентип көп нерсени Египеттиктерден олжолоп алышты. Анан Израил уулдары Раамсестен Сокхофко жөнөштү, алар балдардан тышкары алты жүз миңге жакын эр-бүлө эле. Жана алар менен бирге көп сандаган ар кайсы уруунун адамдары, майда жана ири малдар, чоң-чоң үйүрү-тобу менен чыкты. Жана Египеттен ала чыккан ачыбаган камырдан катырма жасашты, камыр ачып-кычый элек болчу, Египеттен тез арада айдалып чыккандыктан, жолго да тамак-аш камдай албай калышкан. Израил уулдарынын Египетте жашаган убагы төрт жүз отуз жыл болгон. Төрт жүз отуз жыл өткөндөн кийин, дал ошол күнү, Теңирдин жамаат-кошууну Египет жеринен түн ичинде чыкты. Бултүн - аларды Египеттен алып чыкканы үчүн Теңирди алкай турган сергек түн. Бул түн - Израилдин бардык уулдарынын, алардын урпактарынын Теңирге арналган кадыр түнү.

Жана Теңир Муса менен Аарунга айтты: мына, Курман майрамдын эрежеси: башка уруудан эч ким андан даам сызбоо керек. Ал эми күмүшкө сатылып алынган ар кандай кул сүннөткө отурган соң, андан жесе болот. Жат киши менен жалданма киши андан жебеши керек. Аны бир үйдө жеш керек, этти сыртка чыгарбагыла, жана сөөктөрүн сындырып чакпагыла. Муну Израилдин бардык жамааты аткарыш керек. Эгерде сенде бир келгин жашап калса, жана Теңирдин Курман майрамын жасагысы келсе, анда анын бардык эркек тукумун сүннөткө олтургуз. Ошондон соң ал озийфасын аткара берсин жана ошондон соң ал ошол жердин табийгый эли катарындаболот; сүннөткө олтуруп ырымдылбаган эч бирөө андан ооз тийбеш керек. Жергиликтүү кишиге жана силерге келип жашаган келгинге бирдей заң-мыйзам болсун.

Жана Израил уулдары ошондой кылышты; Теңир Муса менен Аарунга кандай буюрса, так ошондой кылышты.

Дал ошол күнү Теңир Израил уулдарын Египеттен жамаат-кошуундары боюнча алып чыкты.

13-БАП

Жана Теңир Мусага мындай деп айтты: Мага ар бир туңгуч баланы арна, Израилдин балдарынын арасында, ар кандай жатындан жарып биринчи чыккан перзент, адамдыкыбы, малдыкыбы, - алар Меники. Муса элге айтты: силер Египеттен, кулдуктан чыккан ушул күндү эстегиле: силерди кубаттуу колу менен алып чыккан Теңир, жана да ачыган кычкыл жебегиле. Силер бүгүн, Авив айында, - эгин баш алган айда, чыгып жатасыңар жана сенин ушул айда, Ханаандардын, Хеттийлердин,

Аморрейлердин, Хевейлердин жана Иевусейлердин жерине алып баратканда, Теңирге ийбадат кыл. Ал сүт, бал аккан ушул жерди сага берем деп аталарыңа ант берген. Жети күн ачытылбаган нан же, жана жетинчи күн - Теңирге багышталган майрам болсун. Ачытылбаган нанды жети күн жешиң керек, сенде ачытылган нан болбошу керек жана ачытылган камыр сенин бүт жериңде болбоого тийиш. Жана ошол күнү өз уулуңа жарыяла: Египеттен чыкканда Теңир мени эмне кылды, бул ошонун урматына. Теңирдин заң-мыйзамы оозуңда турсун үчүн, бул колуңдагы белги болсун, көз алдыңда эстелик болсун; анткени кубаттуу колу менен Теңир сени Египеттен чыгарган. Ушул жол-жобону жыл сайын белгиленген күндө аткарбай койбо. Жана Теңир, сага жана сенин аталарыңа берем деп ант кылган, Ханаан жерине алып келгенде тооп кыл: бардык, жатынды жарып биринчи чыккан, жана колуңда болгон малдын төл башылары, эркектерин бөлүп, Теңирге багышталсын. Эшектердин ар биринчи туулганын козуга айырбашта; эгерде айырбаш кылбасаң, төлөп аны куткарып ал; жана уулдарыңдын арасында адамдарын ар бир тунун төлөп куткарып ал. Жана кийин уулуң сенден: “бул эмнең?” - деп сурап калса, ага мындай айт: “Теңир бизди кубаттуу колу менен Египеттен, кулдуктан алып чыккан. Анткени, фараон бизди коё бербей жатканда, Теңир адамдын туңгучтарын да, малдын да бүт төлбашыларын Египет жеринде жок кылган; ошондуктан мен жатындан биринчи жарып чыккан эркек болгондун бардыгын Теңирге курман чалам, ал эми өз уулдарымдын тун балдарын, кун төлөп кутказып калам. Жана бул сенин көз байлооңдун ордуна колуңдагы белги болсун; анткени Теңир кубаттуу колу менен бизди Египеттен алып чыккан”.

Фараон элди коё бергенде, Кудай аларды Филистим жериндеги жол менен алып барган жок, ал жакын эле жерде болчу, анткени Кудай айтты: эл согушту көрүп, өкүнүп, кайрадан Египетке кайрылбасын.

Жана Кудай элди чөл менен айлантып, камыштуу Кызыл деңизге алып барды. Египет жеринен Израил уулдары куралданып чыгышкан. Муса өзү менен кошо Жусуптун сөөгүн жүктөй кетти; анткени Жусуп Израил уулдарынан ант алып: Кудай силерге ырайым кылганда, сөөгүмдү өзүңөр менен ала кеткиле, деген. Израил уулдары Сокхофтон чыгышты да кошуун-кошуун болуп, чөл аягындагы Ефамга жайланышты.

Теңир болсо аларды күнү-түнү жүрсүн деп, күндүз, түрмөк булут ичинде, жол көрсөтүп баратты, ал эми түндө, от түрмөгү ичинде, жарык кылып жүрдү. Күндүз булут түрмөгү жана түнкүсүн от түрмөгү элдин бет алдынан кеткен жок.

14-БАП

Теңир Мусага мындай деп айтты: Израилдин уулдарына айт, алар бурулуп, деңиз менен Мигдолдун ортосундагы Пи-Гахирофтун жанында Ваал-Цефондун алдына жайланышсын; анын карама-каршысында, деңиз жээгине кошуун кургула.

Израилдин уулдары жөнүндө фараон мындай дээр: алар бул жерден адашып кетишти, аларды чөл камап калды.

Мен болсом, фараондун жүрөгүн карартып салам, аларды сая кууп жөнөйт, жана Мен Өз даңкымды фараон менен анын аскеринде көрсөтөм; Египеттиктер Менин Теңир экенимди таанып билишет. Жана ошондой кылышты.

Анан эл качты деп Египет падышасына кабар беришти; ошондо фараон менен кулдарынын жүрөгү элге каршы бурулду, алар айтышты: бул эмне кылганыбыз, эмне үчүн, Израилдиктерди бизге иштетпей, коё бердик?

Фараон өз арабасын чегип, өз элин өзү менен алды.

Жана алты жүз тандалган арабага кошуп, Египеттеги бардык арабаларды, аралдын бардык аскер башчыларын алды.

Жана Теңир фараондун, Египет падышасынын жүрөгүн карартты, ал Израилдин уулдарынын артынан сая кууп жөнөдү; Израилдин уулдары болсо кудуреттүү колдун астында баратышты. Египеттиктер алардын артынан салды, фараондун арабаларын тарткан аттар, атчандары менен, бардык аскери менен тигилерди Ваал-Цефондун алдындагы деңиз жээгине Пи-Гахирофтун жанына жайланышкан жеринде жетти.

Фараон жакындаганда, Израилдин уулдары кайрыла калышты да аларга Египеттиктер келе жатканын көрүп, аябай коркуп, Израилдин уулдары Теңирге зарлап жиберишти.

Жана Мусага айтышты: эмне, Египетте көрүстөн жок беле, сен бизди, чөлгө өлтүргөнү алып келдиң беле? Бизди Египеттен алып чыгып, кылаарың ушу беле? Биз Египетте сага: “бизди жайыбызга кой, биз Египеттиктерге иштей берелик”, деп айткан жок белек? Анткени чөлдө өлгөнчөЕгипеттиктерге кул болгонубуз жакшы эмес беле?

Бирок Муса элге кайрылып: коркпогула, бекем тургула, Теңир бүгүн силерди кандай куткарганын өз көзүңөр менен көрөсүңөр; бүгүн Египеттиктерди көрүп тургандай, мындан кийин аларды түбөлүккө көрбөйсүңөр, деди. Теңир силер үчүн күрөшөт, кам санабай тура бергиле.

Жана Теңир Мусага айтты: эмне үчүн Мага наалып жатасың? Израилдин уулдарына айт, алга басышсын. Ал эми сен болсо, аса таягыңды көтөрүп, колуңду деңизге сун да деңизди экиге бөл, жана Израилдин уулдары деңиздин ортосундагы кургактык менен өтүшөт. Мен Египеттиктердин жүрөгүн карартам, алар элдин артынан жөнөйт. Жана Мен даңкымды фараондо, анын аскеринде, арабаларында жана атчандарында көрсөтөм.

Жана Мен даңкымды фараондо, анын согуш арабаларында, атчандарында көрсөткөндө, Египеттиктер Менин Теңир экенимди билишет.

Анан Израил кошуунунун алдында жүргөн Кудайдын Периштеси кыймылга келип, алардын артына келди; булут түрмөгү да алардын алдынан жылып, атына туруп калды.

Жана Израил кошууну менен Египет кашуунунун ортосуна кирди да бирөөлөр үчүн кара булут жана караң гылык болду, бирөөлөр үчүн түн жаркыраткан шамчырак болду, түнү бою бирөөлөрдү бирөөлөрүнө жакындаткан жок.

Жана Муса колун деңизге сунду, Теңир түнү бою чыгыштан катуу шамал соктуруп, деңизди кургак кылып койду; суулар эки жакка тартылды.

Жана Израилдин уулдары деңуздин ортосундагы кургак жерден өтүп кетишти: суулар болсо алардын оң жагынан жана сол жагынан там болуп тирелип турду.

Египеттиктер алардын артынан жөнөштү, фараондун аттары, арабалары жана атчандары деңиздин ортосуна киришти.

Жана таң атканда Египеттиктердин кошуунун Теңир булут менен от түрмөгүнөн карады да Египеттиктердин кошунун бузду.

Арабалардын дөңгөлөктөрүн чыгарып таштады, арабаларды арандан зорго сүйрөп жатышты.

Жана Египеттиктер айтышты: Израилдиктерден качпасак болбойт, анткени Теңир аларга болушуп, Египеттиктерге каршы күрөшүп жатат.

Жана Теңир Мусага айтты: колуңду деңизге сун, суу Египеттиктерди, алардын арабалары менен атчандарын каптасын.

Жана Муса колун деңизге сунду, таң атарда суу өз ордуна жайылды; ал эми Египеттиктер болсо каршы-терши чуркашты, ошентип Теңир Египеттиктерди деңиздин ортосуна чөктүрдү.

Жана оруна келген суу фараондун бардык аскерлерин атчан сыпайыларын жана арабаларын каптап калды; бирөө да тирүү калган жок.

Ал эми Израилдин уулдары болсо деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти: суулар алардын оң жагынан да сол жагынан да там болуп тиреп турду.

Ошол күнү Теңир Израилдерди Египеттиктердин колунан куткарды; жана Израилдер Египеттиктердин деңиз жээгинде өлүп жатканын көрүштү.

Жана Израилдер Теңирдин Египеттиктерге көрсөткөн кудуреттүү зор колун көрүштү, жана эл эми Кудайдан коркуп калды, Теңирге Анын кулу Мусага ишенди.

Ошондо Муса менен Израилдин уулдары Теңирди мактап, мына бул ырды мындай деп ырдашты:

15-БАП

Теңирди мактап ырдаймын, анткени Ал көтөрүлдү асманга; атчандарын, аттарын аласалтты ташкынга.

Теңир менин атак-даңкым, тирегим, Ал мени сактап келген медерим.

Ал Кудайым, андыктан даңазалап ырдаймын; Ал атамдын да Кудайы, Аны асмандата ырдаймын.

Ал майдандын Баатыры, Теңир деп койгон ысымы.

Фараондун аскерин, арабаларын чөктүрдү, башчылардын эң тандамал кашкөйүн, камыштуу Кызыл деңизге тумчуктуруп өлтүрдү.

Алар чөктү айлампага-иримге, таш чөкөндөй тереңге.

Теңир, Сенин Кудуретиң даңкталды; каруулуу колуң талкалады душманды.

Теңир, Сенин даңкың менен кутмандуу ойрондодуң Сага каршы чыкканды.

Сен аларды каарың менен жапырдың, жалындатып саман сымал сапырдың.

Теңир, Сенин демиңен деңиз теп-тең бөлүндү, суулар эки тарапка тамдай болуп көрүндү, коюулланып иримдер уюду деңиз жүрөгү.

Душман минтип ойлогон: “сая кууп жетемин, кыргын салып өтөмүн, то?т жаным олжого, кындан сууруп кылычты, колум чабат колкого”.

Сен шамалды айдадың, аларды деңиз жамалды, коргошун сууга чөккөндөй, деңизге чөгүп бүт баары, бири да тирүү калбады.

Кудайлардын ичинде, Теңир, Сендей бар бекен?

Сендей болуп элдерди ким куткарып алды экен?

Укмуштарды жараткан, касиеттүү Ыйыгым, мактаса мактоо жарашкан.

Сундуң эле колуңду; алар жерге сорулду.

Мээриммң менен куткарып, баратасың элди алып; күчүң менен дайыма Өзүң баштап барасың, касиеттүү жайыңа.

Элдер угуп, калтырады апкаарып; Филистимдин тургундары коркунучка капталып.

Ошондо Едом төрөлөрү кооптонуп-чоочулап, Моавит уруу башчылары зиркиреп, бүт Ханаанда жашоочулар сестенип мүңкүрөштү.

Теңир, мына бул Сен куткарып, Сен баштап бараткан калк өтүп болгуча, Сенин эбегейсиз каруу-күчүңдөн алар коркунучка түшүп, таш сыяктуу калып калсын.

Теңир, Сен Өзүң ээ болгон улуу тоого, Сен Өзүң маанек кылган турак жайга, Сенин колдоруң жасаган ыйык жерге алып кирип, жайгаштыр аларды, Эгедер!

Теңир кылымдарга жана түбөлүккө доорон сүрөт.

Фараондун аттары менен арабалары жана атчандары

деңизге киргенде, Теңир аларды карай деңиз сууларын бурду, ал эми Израилдин уулдары деңиз ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти.

Жана Мариам, пайгамбар аял, Аарундун карындашы, колуна чоор алып, бүт аялдар аны ээрчип, чоор тартып кубанычтуу чыгышты.

Жана алардын алдында Мариам шаңдуу ырдады: Теңирди мактап ырдагыла; Ал көтөрүлдү асманга.

Атчандарын, аттарын Ал аласалтты ташкынга.

Жана Муса Израилдерди Кызыл деңизден алып жөнөдү, алар Сур чөлүнө келишти; үч күн чөлдө жүрүштү, суу таба албай мүргүштү.

Меррага келишти, жана андан суу иче албай калышты, анткени ал суу өтө ачуу эле, ошондуктан ал жердин аты да Мерра эле, ал ачуу дегенди билдирет.

Жана калайык наалып Мусага айтты: “эмне ичебиз?”

Муса озондоп, Кудайга кайрылды, Теңир ага бир даракты көрсөттү, ал аны сууга ыргытты эле, суу таттуу боло калды.

Ошол жерде Кудай калайыкка заңмыйзам менен буйруктарын берип, ошол жерден элди сынады.

Жана мындай деди: эгерде Кудайың, Теңирдин сөзүнө кунт коюп, тил алсаң, Анын алдында жагымдуу иштерди жасасаң, Анын осуяттарына көңүл бурсаң, жана Анын бардык көрсөтмөлөрүн аткарсаң: анда Мен Египеттин башына салган илдеттердин бирин да сага жолотпойм; анткени Мен сенин дартыңа дава болуучу Теңирмин.

Анан Елим деген жерге келишти; ал жерде он эки булак атылып, жетимиш курма дарагы өсүп турган; ошол суу боюна кошуун-кошуун болуп, жайланышты.

16-БАП

Анан Елим жеринен козголуп, Израилдин уулдарынын бүт жамааты, Египет жеринен чыккандын экинчи айдын он бешинчи күнү Елим менен Синай аралыгындагы Син чөлүнө келди.

Израилдин уулдарынын бүт жамааты чөлдө Муса менен Аарунга нааразы болуп наалышты.

Жана Израилдин уулдары аларга мындай дешти: биз Египет жеринде, эт толгон казандар жанында, нанды то? жеп олтурганда Теңирдин колунан өлүп калсак эмне! анткени бүт жамагатты чөлгө күргүштөтүп келип, ачкадан өлтүрмөй болдуңар.

Жана Теңир Мусага мындай деди: мына, Мен силерге асмандан нан жаадырам; жана ар күнү канча керек болсо, калайык ошончо жыйнап алсын, эл Менин мыйзамым менен болобу-жокпу, аларды сынап көрөм.

Ал эми алтынчы күнү эмне алып келишсе, даярдашсын, ал башка күндөрдө жыйнаганга караганда, эки эсе болсун.

Жана Муса менен Аарун Израилдин уулдарынын бүт жамаатына айтты: силерди Теңир Египет жеринен алып чыкканын кечинде билесиңер. Жана таңында Теңирдин айкөл даңкын көрөсүңөр, анткени Ал силердин Теңирге наалыганыңарды уккан; а биз эмне экенбиз, бизге наалыганыңардан эмне чыгат?

Жана Муса айтты: Теңир силерге кечинде эт, таңында тойгончо нан бергенде билесиңер; анткени Теңир силердин Ага каршы нааразы болуп, наалыганыңарды уккан; ал эми биз ким эле? силердин нааразылыгыңар бизге эмес, Теңирге болду.

Жана Муса Аарунга айтты: Израилдин уулдарынын бүт жамаатына айт: Теңирдин алдына баргыла, себеби Ал силердин нааразылыгыңарды укту.

Жана Аарун Израилдин уулдарынын бүт жамаатына кайрылганда, алар чөлгө бурулушту; жана Теңирдин атак-даңкы ак булуттан көрүндү.

Жана Теңир Мусага мындай деп айтты: Мен Израилдин уулдарынын нааразылыгын уктум; аларга айт: кечинде эт жейсиңер, таңында нанга тоёсуңар де, Мен Теңирмин, силердин Кудайыңар экенимди ошондо билесиңер.

Кечинде бөдөнөлөр учуп келип, кошуунду каптады, ал эми таңында кошуундун жанында мөлтүрөгөн шүүдүрүмдөр жатты. Шүүдүрүмдөр көтөрүлдү да чөлдүн бетинде буудай акшагындай агарган мап-майда кыроо-тоскогу калды. Аны көргөн Израилдин уулдары бири биринен “бул эмне?” деп сурашты. Себеби ал эмне экенин билишкен жок. Жана Муса аларга мындай деди: бул Теңирдин силерге тамакка берген даны.

Теңир мына мындай буйрук берди: ар кимиң, өзүң жеп тоёрлук кылып жыйнагыла, жан башына чакан кумурадан, кимдин чатырында канча жан болсо, ошончо жыйнагыла.

Жана Израилдин уулдары ошондой кылышты, бири көп, бири аз жыйнады. Анан кумура менен ченешти, ким көп жыйнаса, ашып калган жок; ким аз жыйнаса, жетпей калган жок.

Ар ким өзү жей турганга жетерлик жыйнады.

Жана Муса аларга айтты: эч кимиң эртеңкиге калтырбагыла. Бирок алар Мусанын тилин албай, эртеңкиге калтырып коюшту эле; курттар жыбырап, ирип-чирип калды; Мусанын аларга ачуусу келди.

Жана алар ар ким өзү жей турганды таңында эрте туруп жыйнашты; ал эми күн жылыганда ал эрип кетти.

Алтынчы күнү данды эки эсе жыйнашты ар кими эки кумурадан; муну жамаат башчылары келип, Мусага айтышты.

Жана ал тигилерге мындай деди: Теңир мына мындай деп айтты: эртең дем алыш, Теңирдин ыйык ишембиси; эмне бышыра турган болсоңор, бышыргыла, жана эмне кайната турган

болсоңор, бүгүн кайнаткыла, ал эми артып калгандарды эртеңкиге сактап койгула. Муса айткандай, эртеңкиге калтырып коюшту, жана ал сасыган да жок, курттаган да жок.

Жана Муса айтты: муну бүгүн жегиле, анткени бүгүн Кудайдын ишембиси; бүгүн муну талаадан таппайсыңар. Алты күн жыйнагыла; ал эми жетинчи күн - ишемби; бул күнү алар жок болот. Бирок элдин кээ бири жетинчи күнү жыйноого чыгышты да эч нерсе табышпады. Теңир Мусага айтты: канчага чейин Менин осуяттарым менен заңмыйзамдарымды аткарбайсыңар? Карагылачы, Теңир силерге ишембини ыйгарды, андыктан Ал силерге алтынчы күнү эки күндүк нан берет: жетинчи күнү ар кимиң өз үйүңдө болуп, эч кимиң өз ордуңан чыкпагыла. жетинчи күнү калайык тынч жатып калды. Жана Израилдин үйү бул данга - манна даамы бал кошулган нандай таттуу эле. Жана Муса айтты: Теңирдин буйруганы: укум-тукумуңарга сактоо үчүн манна менен бир кумураны толгургула, силерди Египеттен алып чыкканда, Мен кандай менен чөлдө азыктандырганнымды көрүшсүн.

Жана Муса Аарунга мындай деди: бир идишти алып, ага толтура бир кумура манна сал да силержин укум-тукумуңарга сактоо үчүн Теңирдин алдына алып бар.

Жана Теңир Мусага буюргандай, Аарун аны сакташ үчүн күбө боло турган сандыктын алдына алпарып койду. Израилдин уулдары жашоого жарай турган жерге жеткиче маннаны кырк жыл жешти; алар аны менен Ханаан жеринин чек арасына келгенге чейин азыктанышты.

17-БАП

Теңирдин буйругу боюнча Израилдин уулдарынын жамааты Син чөлүнөн жөнөдү да Рефидимге келип жайланышты, бирок ичерге суу жок эле. Анан калайык Мусаны жемелеп, мындай дешти: бизге ичкенге суу бергиле. Муса айтты аларга: силер эмне эле мени жекирип жатасыңар? Теңирди эмне сынап жатасыңар?

Жана ал жерде эл чаңкап, Мусага нааразы болуп, наалып айтышты: өзүбүздү жана балдарыбыз менен малдарыбызды суусатып өлтүрүү үчүн сен бизди Египеттен алып чыктың беле?

Муса Теңирге озондоп мындай деди: бул элди эмне кылам? Дагы бир аз турса эле мени ташбараңга алган жатышат. Теңир Мусага айтты: элдин алдына өтүп, өзүң менен кошо бир нече Израил аксакалдарын жана сен суу чапкан аса таягыңды алып жөнө. Мына, Мен сенин алдында Хоривдеги аска таштын үстүндө турам; сен аска таштычабасың, андан суу чыгат да эл ичет.

Жана Муса Израил аксакалдарынын көзүнө ошондой кылды. Анан ошол жерге Масса жана Мерива деген ат берди, анткени ал Израилдин уулдарынын жекиргенине байланыштуу эле; биздин арабызда Теңир барбы же жокпу?- деп сынаган себептүү: сыноо жана жекирүү деген маанидеги ат эле.

Анан Амаликтер Израилдер менен Рефидимде урушуп калышты. Муса Исага айтты: эр-бүлөнү тандап алып, Амаликтиктерге согуш башты; эртең мен дөбөнүн башында турам, Кудайдын аса таягы менин колумда болот. Анан Мусанын айтканындай кылып, Иса Амаликтиктер менен согушууга барды; ал эми Муса менен Аарун жана Ор дөбөнүн башына чыгышты.

Жана Муса колдорун көтөргөндө Израил жеңип, ал эми колдорун түшүргөндө, Амаликтер жеңип жаткан. Бирок Мусанын колдору салмактанып шалдайганда, анын алдына таш ташып жөлөштү, ал таш үстүнө олтурду. Арун менен Ор болсо бири бир жагында, дагы бири экинчи жагында колдорун жөлөп турушту. Жана анын колдору күн батканча көтөрүлүп турду. Жана Амалик менен анын элин кылыч мизине алып, кыйратты Иса. Жана Теңир Мусага айтты: ушуну эстелик үчүн китепке жазып, Исанын кулагына куй, Мен асман астынан Амаликтерди жылан сыйпагандай кылып, тап-такыр эстен чыгарам.

Анан Муса Кудайга курман чала турган жер жасап, ага “Теңир менин туум” деген ат коюп салды. Анткени, ал айтты, кол Теңирдин тактысында: Теңир Амаликке каршы укумдан-тукумга чейин майданга чыгат.

 

18-БАП

Жана Мадиамдын диний кызматчысы, Мусанын кайнатасы Иофор Кудайдын Мусага жана Өз элине, Израилге Теңир Израилди Египеттен чыгарганда эмне кылганын укту.

Жана Мусанын кайнатасы Иофор, ошондон мурунураак кайрылып келген Мусанын аялын, Сепфораны колуна алды, жана анын эки уулун кошо алды, бирөөнүн аты Гирсам эле, анткени Муса айткан; мен бөлөк жерге келгин адаммын; экинчисинин аты Елиезер, анткени ал айткан, атамдын Кудайы мага жардамчы болуп, мени фараондун кылычынан куткарган.

Жана Мусанын кайнатасы Иофор, анын уулдары менен аялын алып, чөлгө Мусага келди, ал Кудай тоосунун жанында жайланышкан эле. Жана Мусага кабарлады: мен, кайнатаң Иофор, аялың менен, эки уулуңду алып, сага келдик. Муса алдынан чыгып, кайнатасын тосуп алды, жана ийилип, аны өптү да экөө учурашкан соң чытырга киришти.Жана Муса кайнатасына, Теңирдин Израил үчүн фараон менен Египеттиктерди эмне кылганын, жолдогу жолуккан кыйынчылыктарды, жана аларды Теңир кантип куткарганын түгөл айтып берди. Иофор, аларды Египеттиктердин колунан куткарганда, Израилдерге Теңир кылган жакшылыкты угуп, кубанды. Жана Иофор айтты: силерди Египеттиктер менен фараондун колунан бошоткон, элди Египет бийлигинен куткарган Теңирге алкоо!

Мен азыр билдим, бөлөк бүт кудайлардан Теңир зор экен, себеби Ал калайыкты Египеттиктердин колунан куткарды, алар Израилге текебердик кылышкан.

Жана Иофор, Мусанын кайнатасы, Кудайга курмандык өрттөдү, Аарун жана Израилдин бүт аксакалдары Мусанын кайнатасы менен Кудайдын алдында нан ооз тийүүгө келишти.

Кийинки күнү Муса элге бийлик жүргүзүүгө олтурду, калайык эртеден кечке Мусанын алдында туруп турду.

Мусанын кайнатасы, ал элди эмне кылып жатканын көрдү да мындай деди: элди эмне кылып жатасың? эмне үчүн сен олтуруп, ал эми бүт эл эртеден кечке алдыңда туруп турат?

Жана Муса кайнатасына айтты: эл Кудайдан кеңеш суроо үчүн мага келип жатат.

Алар бир иш болгондо мага келишет, мен эки жактын ортосунда туруп бийлик кылам да Кудайдын көрсөтмөлөрү менен Анын заңмыйзамдарын жарыялайм.

Бирок Мусанын кайнатасы ага мындай деди: сен туура кылбай жатасың сен өзүңдү да алдыңдагы элди да кыйнайсың; анткени бул иш сага оордук кылат: сен муну жалгыз аткара албайсың.

Демек, менин айтканымды ук; мен сага акыл берейин, Кудай сени менен болот: сен эл үчүн Кудай алдында арачы бол да элдин иштерин Кудайга жеткирип тур.

Аларды Кудайдын жол-жобосу менен заңмыйзамына үйрөтүп, алар жүрө турган Кудайдын жолун жана алар кыла турган иштерди көрсөт.

Сен эл ичинен жөндөмдүү, Кудайдан корккон, ачкөздүктү жек көргөн, адилет адамдарды байкап, аларды тигилерге миңбашы, жүзбашы, элүүбашы жана онбашы кылып кой.

Ошолор элге ар убак бийлик кылышсын, маанилүү иштерди сага билдирип турушсун, ал эми бүт майда иштерди өздөрү чечишсин: ошондо сага жеңилирээк болот, жана алар оордукту сени менен бирге тартышат.

Эгерде ушуну аткарсаң жана Кудай сага буйруп турса, анда бекем тура аласың, жана бул эл өз ордуна беймалал тарап кетет.

Жана Муса кайнатасынын сөзүнө макул болуп, ал айткандын баарын жасады.

Жана Муса Израилден жөндөмдүү адамдарды тандап алды да аларды миңбашы, жүзбашы, элүүбашы жана онбашы кылып, калкты башкарууга койду.

Жана алар ар убак элге бийлик кылышты; маанилүү иштер жөнүндө Мусага айтып турушту, ал эми бүт майда иштерди өздөрү чечишти. Жана Муса кайнатасын коё берди, ал өз жерине кетти.

19-БАП

Үчүнчү айдын биринчи күнү, Египет жеринен Израилдин уулдары чыккандан бери, ай жаңырган күнү, алар Синай чөлүнө келишти. Алар Рефидимден козголуп, Синай чөлүнө келишти да чөлгө жайланышты; Израил анда тоонун бет маңдайына кошуун болуп отурушту.

Муса Кудайды утурулап, тоо башына чыкты, тоодон Теңир ага кайрылып айтты: Жакыптын үйүнө мына мындай дегин да Израилдин уулдарына жарыяла: Менин Египеттиктерге эмне кылганымды көрдүңөр, жана Мен силерди бүркүттүн канатына алып жүргөндөй Өзүмө алып келдим. Демек, эгерде силер Менин үнүмө кулак салып, Менин осуятымды кармасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар: анткени бүт жер Меники; ал эми силер Мен үчүн дин кызматчыларынын падышалыгы жана касиеттүү калк болосуңар. Сен Израилдин уулдарына айта турган сөз ушул.

Жана Муса келду да элдин аксакалдарын чакырып, ага Теңир осуяттаган сөздөрдү айтты. Жана бүт эл бир добуштан жооп берип, мындай деди: Теңир эмне айтса, барын аткарабыз.

Анан Муса калайыктын сөздөрүн Теңирге жеткирди.

Жана Теңир Мусага айтты: Мен сага калың булуттун ичинде келем, Мен сени менен сүйлөшкөндө, калайык угуп турсун да дайыма сага ишенгендей болсун. Жана Муса элдин сөздөрүн Теңирге жарыя кылды. Жана Теңир Мусага айтты: элге бар, аларды бүгүн жана эртең ыйыкта; алар кийимдерин жууп, тазалашсын, жана үчүнчү күнгө даяр болушсун: анткени үчүнчү күнү Теңир бүт элдин көзүнчө Синай тоосуна түшүп келет.

Эл турган жерди төрт тарабынан сызып кой жана мындай дегин: этият болгула, тоого чыкпагыла, анын таманына кол тийгизбегиле, ким тоого кабылса, ал өлүмгө дуушар болот. Ага кол тийбесин, тийгенди таш менен урушсун же жаа менен атышсын, мейли мал болобу, мейли адам болобу, тирүү калбасын. Созулган сурнай үнү таптылганда гана алар тоого чыкса болот.

Жана Муса тоодон түшүп келди да элди ыйыктады, жана алар өз кийимдерин жуушту. Жана элге айтты: үчүнчү күнгө даяр болгула; аялдарыңарга жанашпагыла.

 

(19-бөлүмдөн ушул жерге чейин эски котормодон көчүрүп алдынды)

Мыйзам

Кудайдын тоо үстүнө түшүп келиши

(19:16-25)

... Үчүнчү күнү таң эрте Синай тоосунун үстүндө күн күркүрөп, чагылган чартылдап, калың туман уюлгуп, аябагандай катуу тартылган сурнайдын үнү угулду. Кошуундагы элдин үрөйү учуп, жүрөгү оозуна тыгылды. Ошондо Муса Кудай менен кездештирүү үчүн элди кошуундан алып чыгып, тоонун этегине жайгаштырды. Синай тоосу болсо от оронуп, Жараткан Теңирдин анын үстүнө түшкөнүнөн улам түтөп жатты. Андан чыккан түтүн мештен чыккандай уюлгуп турду. Эл коркконунан калчылдады121 . Сурнайдын үнү да күчөгөндөн күчөй берди. Муса сүйлөп, ага Кудай үн чыгарып, жооп берип жатты. Анан Жараткан Эге Синай тоосунун чокусуна түшүп келди да Мусаны өзүнө чакырды. Муса чыгып барды. Ошондо ал Мусага:

- Төмөн түшүп барып, элге эскертип кой: мени көрөм деп жулунбасын, эмесе көбү кырылып калат. Менин жазама кириптер болбосун үчүн мага жакындап келе турган диний кызматкерлер да өздөрүн ыйыктап, тазалашсын! - деди. Муса:

- Эл Синайга чыгып келе албайт. Себеби буга чейин сен бизге: “Тоону айланта сызык сызып, аны ыйык деп жарыяла!” деп буйрук бергенсиң, - деди. Ошондо Жараткан Эге:

- Жөнө, түшүп барып, Арунду жаныңа ала кел. Ал эми диний кызматкерлер менен калк жазама кабылбасын үчүн мени көрөм деп жулунбасын, - деди.

Муса тоодон түшүп, Кудайдын айткандарын элге жарыялады.

Он осуят

(20:1-21)

Төмөнкү осуяттардын баарын Кудай өзү айтты:

1-осуят

“Сени Египет жергесиндеги кулчулуктан алып чыккан Кудай Эгең менмин. Менден башка кудайларың болбосун!”

2-осуят

“Асмандагы, жердеги, жер алдындагы суудагы эч нерсенин элесин тартып, буркан жасаба! Аларга табынба да кызмат кылба! Анткени сенин Кудай Эгең менмин. Мени жек көргөндөрдү аталарынын айыбы үчүн үчүнчү-төртүнчү тукумуна чейин жазалоочу, мени сүйгөндөргө миңинчи тукумуна чейин мээрим төгүүчү адамдарды башка жалган кудайлардан өтө кызгануучулук менен сүйгөн Кудаймын.”

3-осуят

“Кудай Эгеңдин атын жөн эле оосана бербе! Эгең өзүнүн атын курулай оосангандарды жазасыз калтырбайт!”

4-осуят

“Эсиңде болсун: ишемби күндү ыйык тут! Алты күн иштеп, бардык иштериңди кылсаң болот, бирок жетинчи күн Кудай Эгеңе арналган ыйык ишемби күн! Ишемби күнү өзүң да, уул-кыздарың да, кул-күңдөрүң да, мал-салың да, үйүңдө жүргөн келгиниң да эч кандай жумуш кылбасын! Анткени асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандардын баарын жараткан Эгең да алты күн эмгектенип, жетинчи күнү эс алган. Ошондуктан ишембиге батасын берип, аны өзгөчө ыйык күн кылган.”

5-осуят

“Ата-энеңди сыйла, ошондо Кудай Эгең сага берип жаткан жерде жашоо күндөрүң узун болот!”

6-осуят

“Киши өлтүрбө!”

7-осуят

“Бузуктук кылба!”

8-осуят

“Уурдаба!”

9-осуят

“Коңшуңду жамандаба!”

10-осуят

“Коңшуңдун үйүнө, аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, дегеле эч нерсесине көз артпа!”

 

Күн тарсылдап, от жалындап, сурнай тартылып, тоо түтөгөндө карап турган эл кетээнчиктеп, коркуп, алыстан байкап турду.

- Биз менен сен сүйлөшсөң, угабыз. Кудай сүйлөсө өлүп калабызбы деп коркуп жатабыз, - деди эл Мусага.

- Коркпогула, - деди Муса элге кайрылып, - силерди сынаш үчүн, бет алдыңарда Кудайдын коркунучу болуп, күнөө кылбашыңар үчүн ал силерге түшүп келди.

Эл алыстан карап турду. Муса болсо Кудай турган кара булуттун кучагына кирип кетти...

Мыйзамдар

(20:22-23:19)

Курмандык чалчу жайга байланыштуу мыйзамдар

Кудай Мусага мындай деди:

1. “Исраилдин балдарына айтып бар: көктөн силерге кантип сүйлөгөнүмдү көрдүңөр. Менин алдымда күмүштөн болобу, алтындан болобу буркандарды жасабагыла! Мага курмандык чалчу жайды мага топурактан жаса. Бүтүндөй өрттөлүүчү же ыраазычылык курмандыгы үчүн апкелген койлоруңар менен өгүздөрүңөрдү ошонун үстүнө койгула. Мага табынуу үчүн дайындалган бардык жерлерге келип, мен силерге батамды берем. Эгерде курмандык чала турган жайды таштан кура турган болсоңор, анда жылмаланган таш колдонбогула. Кескич тиер замат ал ташты арам кыласыңар. Мага курмандык чалчу жайга тепкич жасаба; аны менен чыгып келем деп, этиң көрүнүп калбасын.”

Кулдарга карата мамиле тууралуу мыйзамдар

Мына бул мыйзамдарды аларга жарыя кыл:

2. Эгер сатып алган кулуң еврей болсо, алты жыл иштесин да жетинчи жылы эч нерсе төлөбөстөн азатыкка чыксын. Жалгыз бой келген болсо, жалгыз кетсин. Аялы менен келген болсо, аялы экөө кетсин. Эгер аны сен үйлөгөн болсоң жана сен алып берген аялдан бала-чакалуу болсо, анда аялы менен балдары сенде калсын да, өзү жалгыз кетсин. Эгер ал: “кожоюнумду, аялымды, балдарымды жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм” десе, анда аны табына турган жайга алып кел да эшиктин, же анын кашегинин тушуна тургузуп, кулагын шибеге менен теш. Ошентип, ал сага түбөлүккө кул болсун.

3. Эгер кимдир бирөө кулчулукка кызын саткан болсо, анда кыз үчүн мыйзам башка. Аял эркек кулдардай эркиндикке чыга албайт. Эгерде кыз үйлөнөйүн деген максатта сатып алган кишиге жакпай калса, анда сатып алган киши кыздын атасына аны кайра сатып алууга уруксат бериши керек. Өзү чанган аялды бөтөн элге сатканга акысы жок. Эгерде баласына алып берсе, кызындай көрсүн. Эгер аялынын үстүнө кошуп, дагы аял ала турган болсо, мурункусу тамак-аштан, кийим-кечектен жубайлык мамиледен кур калбасын. Эгерде ушул үч парызды аткара албаса, анда аял эч нерсе төлөбөстөн эркиндикке чыксын.

Зөөкүрлүккө каршы мыйзамдар

4. Кимде ким бирөөнү чаап жиберсе, анан а киши өлүп калса, анда өлүм жазасына тартылсын. Эгер кокусунан, кырсык болуп, Кудайдын буйругу менен анын колунан бирөө каза тапса, анда өлтүрүп алган киши үчүн силердин араңардан качып барып, баш калкалай турган жай дайындап коём. Эгер кимде ким

бирөөнү атайлап, амал менен өлтүрсө, анда андай адам мага курмандык чалчу жайга качып келсе да, өлүм жазасына тартылсын.

5. Кимде ким ата-энесине кол көтөрсө, өлүм жазасына тартылсын.

6. Кимде ким адамды сатуу үчүн же пайдалануу үчүн уурдаса, өлүм жазасына тартылсын.

7. Кимде ким ата-энесин сөксө, өлүм жазасына тартылсын.

8. Эки адам уруша кетип, таш же муштуму менен бирөөсүн бир койсо, ал эми тигил өлбөсө, бирок төшөккө жатып калып, үйүнөн таякчан чыкканга жараса, анда урган кишиси өлүм жазасына тартылбасын да тигинин жумушка жарабай калган күндөрүнүн айлыгы менен дарыланууга кеткен каражатын төлөп берсин. Кимде ким өзүнүн кулун же күңүн таяк менен уруп, мүрт кетирсе, анда жазалансын; бирок алар бир-эки күнгө чейин өлбөсө, анда жазаланбасын, анткени кул анын өзүнүн менчиги. Эгерде адамдар мушташып жатканда бирөөсү боюнда бар аялды уруп жиберсе, анан аялдын боюнан түшүп калса, бирок башка зыян болбосо, анда урган адам ошол аялдын эринин айткан акчасын сот алдында төлөп берсин. А эгер башка зыян келтиргени табылса, анда жанга жан берилсин. Көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут, күйүккө күйүк, жараатка жараат, шишикке шишик төлөнсүн. Эгерде кимде ким кулун же күңүн көзгө муштап, зыян кылса, анда көз үчүн анын башын эркиндикке чыгарсын; эгерде тишин ыргыта койсо, ошол тиш үчүн азат кылсын.

Малга байланыштуу кырсыктар тууралуу мыйзамдар

9. Эгерде бир кишини же аялды өгүз сүзүп өлтүрсө, анда ошол өгүз ташбараңга алынып өлтүрүлсүн; анын этин эч ким жебесин; кожоюну болсо жазага тартылбасын. Эгерде өгүзүнүн сүзөнөөк экенинен кожоюну мурда эле кабардар болуп туруп, кайтарбай койсо, ал эми өгүз бир кишини же аялды сүзүп өлтүрсө, анда өгүз ташбараңга алынып өлтүрүлсүн да кожоюну өлүм жазасына тартылсын. Эгер кожоюндун өмүрү үчүн кун төлөп кутулууга уруксаат кылынса, бычылган кунду төлөп, жанын куткарып алсын. Өгүз сүзүп өлтүргөн адам эркек болобу, ургаачы болобу ушул мыйзам колдонулсун. Эгер өгүз кулду же күңдү сүзүп өлтүрсө, өгүздүн ээси кулдун же күңдүн ээсине отуз күмүш теңге төлөп бериши керек; өгүз болсо таш бараңга алынып, өлтүрүлсүн. Эгерде бирөө чуңкурдун үстүн ачып таштап, же казган чуңкурунун үстүн жаппай койсо, анан ага бирөөнүн өгүзү же эшеги түшүп калса, анда чуңкурдун ээси малдын ээсине төлөп бериши керек. Малдын өлүмтөсү болсо чуңкурдун ээсинде калат. Эгерде бирөөнүн өгүзү коңшусунун өгүзүн сүзүп өлтүрсө, тирүү өгүздү сатып, акчасын экөө тең бөлүп алышсын; өлгөн өгүздүн этин да тең бөлүшсүн.

Эгер өгүздүн сүзөөнөктүгүн кожоюну мурдатан эле билсе, бирок кайтарбаса, анда сүзүп өлтүргөн өгүздүн кунуна өзүнүн өгүзүн берсин, ал эми өлгөн өгүз аныкы болот.

Уурулукка, аманатка, бирөөнүн мүлкүнө келтирилген зыянга байланыштуу мыйзамдар

10. Кимде ким өгүз же кой уурдап, союп салса, же сатып жиберсе, анда бир өгүз үчүн беш өгүз, бир кой үчүн төрт кой төлөп берсин. Эгерде бирөө түндө ууруулук кылыш үчүн үйдүн түбүн казып атканды уруп жиберсе жана ал өлүп калса, анда уурунун каны үчүн ал жооптуу эмес; бирок күндүз ушундай кылса айыптуу болот. (Ууру уурдаган нерсесин төлөп бериш керек. Эгер төлөөргө эч нерсеси болбосо, анда ууруну уурдаган нерселеринин куну үчүн сатыкка салышсын.) Эгерде уурдап алган мал: өгүз болобу, эшек болобу, кой болобу уурунун колунан тирүү табылса, ууру эки эселеп төлөп берсин.

11. Кимде ким бирөөнүн талаасына же жүзүмзарына малын коё берип, тепселетсе, анда өзүнүн талаасы менен жүзүмзарынын эң мыкты жеринен төлөп берсин. Эгер бирөө от жакса, анан ал от куу тикендерге жармашып, анан боолорго, түшүмгө же талаага өтүп кетсе, анда от жаккан кишичыгымдын баарын төлөсүн.

12. Эгер кимде ким бирөөнүн аманатка калтырган акчасын же буюмун үйүнөн уурдатса жана ууру табылса, анда ууру эки эселеп төлөп берсин. Эгер ууру табылбаса, анда үйдүн ээси соттун алдына келип, бирөөнүн акчасына тийген жокмун деп касам ичип, ант берсин. Кандай гана талаш иш болбосун: өгүзгө байланыштуубу, койгобу, кийимгеби, кандайдыр бир жоголгон буюмду кимдир бирөө “бул меники” деп талашкан ишке байланыштуубу - баары сотто каралыш керек. Соттор кимди айыптуу деп тапса, ал боордошуна эки эселеп төлөп берүүгө тийиш. Эгер кимде ким бирөөдөн аманатка эшек, өгүз, кой же башка бир малды алган болсо, анан ошол алган малы өлүп калса, же майып болсо, же бирөө айдап кетсе жана айдап кеткенин көргөн эч ким болбосо, анда аманат алган киши Кудай алдында боордошунун малын уурдаган жокмун деп ант берсин. Бул антка малдын ээси ишенип, кабыл алыш керек, ал эми ант берген киши төлөөгө милдеттүү эмес. А эгер аманатка алган малды уурдатып жиберген болсо, малдын ээсине төлөп берсин. Эгер малды жырткыч тытып кеткен болсо, анда буга далил катарында тарпын алып келсин. Жырткыч тытып кеткен үчүн ал төлөп берүүгө

милдеттүү эмес. Эгерде бирөө боордошунан ижарага кандайдыр бир мал алып, анан аны ээсинин көзү жок учурда майып кылып койсо, же мал өлүп калса, анда төлөп берсин. Эгер бул учурда малдын ээси бар болсо, анда төлөөгө милдеттүү эмес. Эгер малды кандайдыр бир суммадагы акча төлөп, ижарага алган болсо, ошол акча малдын куну катары эсептелсин.

Жүрүш-туруш, адеп-ахлакка жана динге байланыштуу мыйзамдар

13. Эгер кимде ким никеге тура элек кыздын башын айлантып, жатып койсо, анда ага калың төлөп берип, аялдыкка алсын. Эгер кыздын атасы ага кызын берүүгө макулдугун бербесе, анда кыздарга бериле турган калыңды төлөп бериши керек.

14. Сыйкырчы өлтүрүлсүн.

15. Мал менен жыныстык катнаш кылган адам өлтүрүлсүн.

16. Жалгыз Жараткан Эгеңерден башка кудайларга курмандык чалган адамдын көзүн тазалагыла.

17. Келгинди кысымга алба да аны эзбе, анткени бир кезде Египет жергесинде өзүңөр да келгин катары жашагансыңар.

18. Жетим-жесирлерди кысымга албагыла. Эгерде аларды кысымга ала турган болсоңор, алар мага зарлайт, ошондо мен алардын зарын угам да, каарданып, силерди өлтүрөм, анан өзүңөрдүн аялдарыңар жесир болуп, балдарыңар жетим калышат.

19. Эгерде менин элимдин арасындагы кембагал бирөөгө карызга акча берген болсоң, анда аны кысмакка ала бербе да, үстүнө үстөк кошпо.

20. Эгер боордошуңдун кийимин күрөөгө алган болсоң, күн батканча аны кайтарып бер. Анткени кийим анын жалгыз жамынчысы, денесин жапканы. Ансыз боордошуң кантип уктамак эле? Ошондуктан ал мага зарлап жибергенде мен анын үнүн угам, анткени мен боорукермин.

21. Сотторду жамандаба! Элиңдин башчыларына тил тийгизбе!

22. Кырманың менен шире сыккыч жайыңдагы алгачкы жемишиңди мага кечеңдетпестен алып кел. Тун уулдарыңды мага бер. Өгүзүңдүн да, коюңдун да биринчи төлүн мага арна. Жети күн энесинин жанында болушсун да сегизинчи күнү мага алып кел. Ошондо менин ыйык элим болосуңар.

23. Талаадан жырткыч тытып кеткен этти жебегиле, аны иттерге таштагыла.

Адилеттүүлүк жана чынчылдыкка байланыштуу мыйзамдар

24. Ушакка кирбе да бузукунун сөзүнө кошулба. Көпчүлүктүн артынан ээрчип, жамандыкка барба, аларга кошулуп, адилеттике жатпаган жалган күбөлүккө өтпө. Талаш иште кембагалдын укугун тепсеп, бет карамалык кылба.

25. Эгерде касташкан кишиңдин адашып кеткен өгүзүн же эшегин таап алсаң, ага айдап келип бер. Эгерде анын өгүзү же эшеги жүгүн көтөрө албай, жатып калган болсо, анда аны көз жаздымда калтырба, аны менен кошо жүгүн чечиш.

26. Сотто кембагалды укугун тепселебе. Адилетсиздиктен оолак бол, айыпсыз менен ак адамды өлүм жазасына тартпа, анткени мен мыйзамсызды актабаймын. Пара алба, анткени белек-бечкек дегениң көздүүлөрдүн көзүн кашайтып, адилеттүүлөрдүн ишин бузат.

27. Келгинди кысымга алба: силер келгиндин жандүйнөсүн жакшы билесиңер, анткени өзүңөр да Египетте келгин болгонсуңар.

Эс алуу жылы жана күнү тууралуу мыйзам

28. Талааңа алты жыл эгин эгип, түшүмүн жыйна, жетинчи жылы болсо эс алдырып, тим кой, элиңдин арасындагы бей-бечаралар азыктанып, алардан калгандарын жырткычтар жешсин. Жүзүмзарың менен, май дарактарыңды да ушундай кыл. Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал; өгүзүң, эшегиң, үйүңдө төрөлгөн малайың жана келгин дем алып алсын.

29. Мен айткандардын баарын сактагыла! Башка кудайлардын аттарын атабагыла, алардын аттары оозуңардан чыкпасын!

Үч улуу майрам тууралуу мыйзам

30. Жылына үч жолу менин урматыма майрам өткөр:

1) Авив айында, мен айткандай кылып, жети күн бою ачытылбаган нан жеп, Калама майрамын майрамда. Силер бул айда Египеттен чыккансыңар. Эч ким менин алдыма кур кол келбесин.

2) Талаага эккен ар кандай эмгегиңдин биринчи түшүмү үчүн Түшүм майрамын өткөр.

3) Күзүндө болсо, талаадагы түшүмүңдү жыйнап бүткөндө Чөп Алачык майрамын майрамда.

Жылына үч мертебе элиңдеги эркек аттуунун баары Жараткан Эгеңдин алдына табынууга келиши керек.

31. Мага арналып чалынган курмандыктын канын ачытылган тамактын үстүнө куйбагын жана майрамда мага аталган курмандыктын этин таңга чейин калтырба.

32. Жериңдеги түшүмдүн алгачкы жемиштерин Кудай Эгеңдин ыйбадатканасына алып кел. “Улакты энесинин сүтүнө бышырба.”

Курмандыктар жана тартуулар тууралуу

(25:1-9)

Жараткан Эге Мусага мындай деди:

“Исрайылдын балдарына айт: мага тартуу-белектерин алыпкелишсин. Мага чын жүрөктөн белек алып келген ар бир адамдын татуусун кабыл кылгыла. Алтын, күмүш, жезди, көгүш, кара кочкул, пушту түстөгү жүндөрдү, ак шайы кездемелерди123, кой-эчкинин кызыл, көк түстөгү терилерин, алтыгана дарагын, шамдалга куюлуучу жана түтөтүлүүчү жыттуу майды, оникс ташын жана диний кызматкердин кемсели менен төш калтасына тагыла турган асыл таштарды. Силер алардан ушул тартууларды кабыл алышыңар керек. Элдин арасында жашап турушум үчүн алар мага ыйык үй жасашсын.”

Күнүмдүк курмандыктар тууралуу

(29:38-46)

Жараткан Эге Мусага мындай деди: “Күндө үзгүлтүксүз түрдө бир жашар эки эркек козудан мага курмандык чал. Бирөөн эрте менен, экинчисин кечинде. Биринчи козу менен кошо таза олива майынын чейрегине жуурулган бир литрдей жакшы буудай ун алып кел. өстүнө тартуу катары шараптын чейрегин куй. Экинчи козуну кечинде алып кел да ошол эле өлчөмдөгү унду, майды жана шарапты кошо тартуу эт. Бул Эгеңер болгон мага арнаган тамак курмандыгыңар, анын жыты мага жагат. Укумдардан тукумдарга ушул өрттөлүүчү курмандык ыйык үйдүн кире беришинде мага тартуу кылынып турушу керек. Ошол жерден мен эл менен жолугушуп, силерге сүйлөйм.”

Кудай үйүнө төлөнүүчү акылар

(30:12-16)

Жараткан Эге Мусага мындай деди: “Исрайылдын балдарын эл каттоодон өткөргөнүңдө ар бири өз жаны үчүн кун төлөсүн, ошондо катоо жүрүп жатканда ар кандай коркунучтуу дарттар аларга жармашпайт. Каттоого кирген ар адам белгиленген суммадагы акча берүүгө тийиш. Мага курмандык катары ар бир адам муну берүүгө милдеттүү. Катоодон өтүп жаткан жыйырма жаштан өйдө ар бир эркек ушул сумманы мага төлөшү керек. Өз жанынын куну катары ушул курмандыкты берип жатканда бай ашык бербесин, кедей кем бербесин. Ушул Исрайылдын уулдарынын куну катары берилген курмандыкты жыйнап ал да ыйык үйдүн керегине жумша. Бул салык алардын өмүрүнүн куну болот да, мен аларды коргош үчүн эсиме салам.”