Муса пайгамбардын экинчи китеби

Тоораттын тутамына кирген бул китепти Мисирден чыгуу деп да атап коюшат. Египетте Жакыптын тукуму өсүп-өнүп чоң элге айланат. Ошол кезде башка падыша такка олтуруп, израилдиктердин көбөйгөнүнөн чочулап, согуш болуп кетсе душмандарыбызга өтүп, бизден кетип калат деп деп коркот. Ошондо аларды оор жумушка салып, шаар курдуруп, абдан кыйнайт. Бирок алар ого бетер дүркүрөп өсө берет. Айласы кеткен фараон еврей аялдарын төрөткөн аначы кемпирлерге эркек балдарды өлтүрүүнү буйрат. Аначы кемпирлер болсо Кудайдан корккон, ыймандуу адамдар болушкандыктан наристелерди өлтүрүшпөйт. Бул үчүн аларга Кудай батасын берет. Ошондо фараон ар бир төрөлгөн эркек баланы дарыяга ыргытууну буюрат. Ушул буйрук күчүндө турган кезде Левий уруусундагы бир кишинин аялы ажайып сонун, эркек бала төрөйт. Жан адамга көргөзбөй үч ай бою жашырып багат. Жашырууга чамасы келбей калган убак жеткенде баланы суу өтпөй тургандай кылып чайырланган себетке салып, дарыяга коё берет. Баланын эжеси болсо алыстан акмалап карап турат. Ошол кезде фараондун кызы жолдоштору менен дарыянын жээгинде сейилдеп жүргөн болот. Дарыяда агып келаткан себетти көргөн ал жанындагы бир күңүнө себетти суудан алып чыгууну буйрат. Алып чыкса ичинде бир наристе ыйлап жаткан болот. Ханзаданын балага боору ооруп, бир күңүн эмчек эмизе турган аял таап келүүгө жумшаганда ал баланын энесин алып келет. Аялга ханзада акча төлөп, баланы бактырат. Наристе чоңоюп, ханзаданын баласы аталат. Ханзада ага Муса деген ат коёт. Муса деген аттын мааниси болсо “суудан алынды” дегенди билдирет.

Бир топ убакыт өтүп, Муса боордошторун көргөнү барат. Алар оор жумуштан, эзүүдөн кыйналып, арып-азып калышкан эле. Бир египеттик башчы кандаштарынын бирин сабап жатыптыр. Эки жагын карап, эч ким жок экенин көргөн соң египеттикти өлтүрүп туруп, кумга көөмп салат. Эртеси күнү болсо эки еврей бири-бири менен мушташып жаткан болот. Басып барып, ажыратайын дегенде алдуурагы: “Сенин ишиң канча, ким сени бизге башчы кылып койду эле, же кечээки египеттикти өлтүргөндөй мени да өлтүргөнү турасыңбы?” - деп ажылдайт. Муса киши өлтүргөнү билинип калганын билип коркуп кетет. Чынында эле фараон бул ишти билип калып Мусаны өлтүрмөкчү болот. Ошондо Муса чөл тарапка качат. Чөлдө жашаган мидиялык бир кишиге жалданып, коюн кайтарат. Кийин анын кызына үйлөнүп, эки балалуу болот. Ошол кезде баягы фараон каза болуп, ордуна башка адам такка олтурат. Бирок да еврейлердин жашоосу жеңилдебейт. Өлөөрчө кыйналган алардын зары акыры Кудайга жетет…

Мусанын Жараткан Эге менен кездешүүсү

(3:1-22)

Муса талаада кой жайып жүрүп бир күйүп жаткан бадалды көрөт. Бадал алоолонуп, жалбырттап жатса да эмнегедир күйүп кетпейт. Таңкалган Муса жакындап барса жалындын ичинен:

- Муса, Муса! - деген үн чыгат.

- Ляппай таксыр!

- Жакындаба, бутуңду чеч, анткени сен турган жер ыйык! Мен сенин аталарың: Ибрайым, Исхак, Жакыптын Кудайымын! Мен өз элимдин Египетте азап тартканын көрдүм, боздогон үнүн уктум, ошондуктан аларды куткарганы баратам. Мен аларды египеттиктердин жеринен алып чыгып, сүт-көл, бал-көлдүү жерге алып барам. Сен фараонго бар да менин элимди Египеттен алып чык!

- Таксырым, фараонго барып, израилдиктерди Египеттен алып чыккыдай мен ким элем?

- Мен сени менен болом, мына, сени жөнөткөнүмдүн белгиси: сен элди Египеттен чыгарганда, ушул тоо башында Кудайга таат-ийбадат кылысыңар.

- Мейли, мен Исрайылдын уулдарына барып: “ата-бабаларыңардын Кудайы мени силерге жөнөттү”, - дейин. Ошондо алар мага: “Анын ысмы ким экен?” - десе, эмне дейм?

- Мен Эгемин. Исрайылдын уулдарына ошентип айт: мени силерге Эге жиберди, - де.

Кудай Мусага дагы мындай деди:

- Исрайылдын уулдарына айтып кой: “Силердин ата-бабаларыңар: Ибрайымдын, Исхактын жана Жакыптын Кудайы - Эге мага көрүнүп: “Мен силерге Египетте эмне кылып жатышкандарын көрдүм. Ошондуктан мен силерди Египеттин эзүүсүнөн алып чыгып, сүт, бал аккан, канандардын, хеттердин, амордуктардын, перездиктердин, хевтиктердин жана евусейлердин жерине алып барам” деп айтты де. Исрайыл аксакалдары сени угат, ошондо алар менен чогуу фараонго барып: “Еврейлердин Кудайы - Эге бизди чакырып жатат, ошондуктан чөлгө, үч күндүк жолго бизди бошот, биз Кудайыбыз - Эгеге курмандык чалалы” дегиле. Бирок мен билем, эгерде күчтүү кол менен мажбур кылбаса, фараон силерге уруксат бербейт. Андыктан мен бардык кудуретим, кереметим менен Египетти кыйратам. Ошондон кийин ал силерди ко? берет. Ал эми силерге египеттиктердин көзүнчө ырайым кылам да кетип баратканда, куру кол кетпейсиңер. Ар бир еврей аял өз коңшусунан жана үйүндө жашагандардан алтын-күмүш, кийим-кечекти ала чыгат. Ошентип, уул-кыздарыңарды кийинтип, египеттиктерден олжолуу кетесиңер.

4-БАП

(4-баптан баштап 19-баптын 26-сүйлөмүнө чейин Э. Турсуновдун котормосунан алынды.)

Жана Муса жооп берип мындай деди:

- Эгерде алар: “Теңир сага көрүнгөн жок” деп, мага ишенбей, үнүмдү укпай коюшсачы? Теңир айтты:

- Алдагы колуңдагы эмне?

- Таяк.

- Жерге ташта аны.

Муса таякты жерге таштады эле, жылаанга айланды. Муса андан качып жөнөдү. Ошондо Теңир Мусага айтты:

- Колуңду сунуп, аны куйругунан карма.

Муса колун сунуп кармады эле, ал анын колунда аса таяк болуп калды.

- Бул сага ишенсин үчүн болду, - деди Теңир, Ата-бабаларың: Ибрайымдын, Исхактын жана Жакыптын Кудайы, сага кезиккенинин далили.

Теңир ага дагы айтты:

- Колуңду коюнуңа сал.

Муса колун коюнуна салып, тартып алганда ала ооруудан кардай агарып чыкты. Ошондо Теңир:

- Колуңду кайрадан коюнуңа сал, - деди.

Мус кайрадан колун коюнуна салып, алып чыкканда колу кайрадан калыбына келди.

Эгерде алар сага ишенишпесе, биринчи аянды укпаса, анда экинчи аянга ишенишет. Эгерде алар бул эки белгиге ишенишпей, сага кулак салбай коюшса, анда дарыядан суу сузуп ал да жерге төк; дарыядан сузулган суу төгүлгөн жерде канга айланат.

Муса Теңирге айтты:

- Оо Теңир, мен эч качан сөзгө бай адам болгон эмесмин. Сен өзүңдүн кулуң мени менен сүйлөшө баштаганда да ошол эле бойдонмун, мага сүйлөш кыйын, тилим бурулбайт.

- Оозду берген ким? Ким аны дудук же дүлөй, көздүү же сокур кылат? Ошенткен Теңир, мен болуп жүрбөйүн? Андыктан бар; мен сенин оозуңда болом, эмне айтаарынды үйрөтүп турам.

- Теңир, жиберүүгө кудуретиң бар да, кимди жибересең да башка бирөөнү жибер.

Мусага Теңирдин каары тутанып, мындай деди:

- Левий уруусунан чыккан тууганың Арун деген бар эмес беле? Мен анын сүйлөй алаарын билем. Мына, эми ал сенин алдыңдан чыгат да сени көрүп чын жүрөктөн сүйүнөт. Сен ошого сүйлөйсүң да, сөздөрүңдү анын оозуна саласың; а мен болсо, сенин оозуңда жана анын оозунда болом да силерге эмне кылышты үйрөтүп турам. Сенин ордуңа, элге ошол чыгып сүйлөйт.

Демек, ал сенин оозуң болот, а сен болсо ал үчүн менин ордума болосуң. Аса таякты колуңа алып, аны менен ишарат берип турасың.

Муса кайнатасына кайрылып келип:

- Мен Египеттеги туугандарыма барып, аманчылыгын билейин, - деди.

Кайнатасы Мусага айтты:

- Макул, барып кел, жолуң шыдыр болсун.

Мадиам жеринде Теңир Мусага айтты:

- Египетке бар, анткени сенин өлтүрмөкчү болгондор опот болду.

Ошондо Муса аялын жана балдарын эшекке мингизип, Египетке жөнөдү. Кудайдын аса таягын колуна алды. Жолдо Теңир Мусага:

- Египетке жеткениңде, байкагын, сен сага тапшырган кереметтерди фараондун алдында жасагын.Бирок мен анын жүрөгүн таш кылам да ал элди коё бербейт. Ошондо фараонго: «Теңир: “Исрайыл менин тун уулум. Мага тайынсын үчүн, уулумду коё бер; антпесең мен сенин тун уулуңду өлтүрөм”, деп айтты» де.

Муса чөлдө жолдо түнөп калганда, Теңир аны өлтүрмөкчү болду. Ошондо Мусанын аялы Сабира, курч таштан алып, баласынын чочогунун учун кесип, Мусанын тенине тийгизип: «Сен мага кан күйөөсүң», - деди. Ошондо Теңир андан кетти.

(Мунун мааниси: уулумдун каны менен өмүрүңдү сактадым, дегени).

Ошол убакта Теңир Арунга: «Мусаны тосуп алуу үчүн чөлгө жөнө», - деген эле. Арун жөнөп кетти да Мусаны Кудайдын тоосунан жолуктурду. Муса, аны жөнөткөн Теңирдин бардык сөздөрүн жана осуят кылган бардык белгилерин Арунга айтып берди. Анан Муса Арун менен барып, Исрыйыл тукумунун бүт аксакалдарын жыйнады. Аларга Арун Теңирдин Мусага айткан сөздөрүн түгөл айтып берди. Муса болсо элдин көзүнчө аян белгилерди көрсөттү. Эл ишенди. Исрайылдын балдарына Теңир келип, алардын азаптарын көргөнүн угушту, жана таазим кылып сыйынышты.

5-БАП

Ошондон кийин Муса менен Аарун фараонго келип, мындай дешти: Израилдердин Кудайы, Теңир: Менин элимди коё берсин, чөлдө Менин урматыма майрам өткөрүшсүн, деп жатат.

Бирок фараон айтты: тилин алып, исрайылдыктарды коё бергендей, Эге ким экен? Мен аны тааныбайм жана исрайылдыктарды коё бербейм.

Алар айтышты: еврейлердин Кудайы бизди чакырып жатат; бизди чөлгө үч күндүк жолго бошот, Кудай Эгебизге курман чалалы. Бизди жугуштуу ооруга кыбылтып,

кылычты мизине албасын. Ошондо Египет падышасы аларга айтты: эмне үчүн Муса жана Арун, силер, элди жумушунан алагды кылып жатасыңар? Жумушуңарды кылгыла! Бул жерде эл көп; силер аларды өз ишинен алагды кылып жатасыңар.

Анан ошол эле күнү элге коюлган башкаруучуларга жана көзөмөлчүлөргө буйрук берди: мындан кийин кечээ жана мурдагы күндөрдөй, элге кыш куюуга саман бербегиле. Алар өздөрү барып, саман чогултуп алышсын. Ал эми кышты болсо, кечээ жана мурдагы күндөрдөй аларга тапшырылган санда й куюшсун, санын азайтпагыла; алардын бош убактысы көп болуп: “барып, Кудайыбызга курман чалабыз” деп кыйкырып жатышат. Жумушту көп бергиле, иштешсин, бош сөздөргө чолоосу тийбесин.

Элдин үстүнөн коюлган башкаруучулар менен көзөмөлчүлөр элге чыгып айтышты: фараон силерге саман бербейм дейт. Өзүңөр барып, саманды тапкан жериңерден алгыла. Ал эми жумуш күнүңөр эч кемибейт.

Ошентип, саман ордуна пая издеп, эл Египет жерине тарап кетти. Элге коюлган башкаруучулар болсо «жумушуңарды, саман бар кездегидей, күн сайын аткарасыңар» деп, мажбурлап жатышты.

Ал эми элге коюлган башкаруучулар Израил уулдарынан коюлган көзөмөлчүлөрдү уруп-сабап: «Эмне үчүн кечээ, бүгүн кышты мурдагыдай тапшырылган санда куйбайсыңар?- дешти.

Ошондо Исрайыл уулдарынын көзөмөлчүлөрү ыйлап келип, фараонго даттанышты: эмне үчүн кулдарыңа ушундай мамиле кыласың? Кулдарыңа саман бербей туруп, кыш куйгула дешет. Жана мына, кулдарыңды сабап жатышат; элиңе күнөө болот.

Бирок ал айтты: сайрандап бош жүрөсүңөр, бекер жүрөсүңөр; ошондуктан: “Теңирге курман чалабыз” деп жатасыңар. Барып, иштегиле. Силерге саман берилбейт, Арун тапшырылган кышты толук куйгула.

Израил уулдарынын көзөмөлчүлөрү, ар күнгө тиешелүү кыштын санын кемитпегиле, деген сөздөн өздөрүнүн шорун көрүштү.

Алар фараондон чыкканда, Муса менен Арунга жолугуп калышты, экөө аларды күтүп турган экен, жана аларга мындай дешти: силердин Кудай көрүп турат жана калыстык кылсын, бизди фараондун жана анын кулдарынын алдында жек көрүндү кылдыңар, бизди өлтүрүүгө алардын колдоруна кылыч карматтыңар.

Ошондо Муса Теңирге кайрылды: Парбардигер! Эмне үчүн элди ушунчалык азапка салдың, эмне үчүн буларга мени жибердиң? Мен келип, фараонго сенин атыңан айта баштагандан тартып, элди ал мурункудан жаман кыйнай баштады; куткарууң керек эле - сен өз элиңди куткарбадың.

6-БАП

Теңир Мусага айтты: эми фараонду эмне кыларымды көрөсүң; кубаттуу колдун аракети менен ал аларды коё берет; ал турсун, өз жеринен айдап чыгат.

Теңир Мусага дагы мындай деди: мен Эгемин. Мен Ибрайымга, Исхакка жана Жакыпка: “Кудуреттүү Кудай” деген ысмым менен пайда болгом; бирок “Эге” (ЙХВХ) деген ысмым менен аларга ачылган эмесмин. Мен алар азыр кезип жүргөн жерди, жашап турган Канан жергесин аларга берем деп убада кылгам. Мен египеттиктер аларды кул кылып, кыйнап жатканын жана Исрайыл уулдарынын зарлаганын угуп, ошол осуятымды эстедим. Андыктан Исрайыл уулдарына айтып кой: мен Эгемин, Кубаттуу колум менен, өкүмдүн улуу жазасы менен силерди египеттиктердин эзүүсүнөн чыгарам, кулдуктан куткарам. Силерди өзүмө эл кылып алам жана силерге Кудай болом, Менин Эге экенимди, силерди Египеттин эзүүсүнөн чыгарган Кудайыңар экенимди түшүнөсүңөр. Колумду көккө көтөрүп, Ибрайымга, Исхакка жана Жакыпка берем деп ант кылган жерге силерди алып келем да аны силерге мурас кылып берем. Мен Эгемин.

Муса муну Исрайылдын уулдарына айтып берди; бирок алар оор жумуштан жанчылып жүрөкзаада болгондуктан, анын айткандарын кулакка илбеди. Ошондо Эгебиз Мусага мындай деди: Фараонго кирип, Исрайыл уулдарын коё берсин деп айт.

Муса Теңирге мындай деди: Исрайылдын уулдары тилимди албай жатса, фараон кантип тилимди алсын? Анан калса, мен сөзгө жокмун. Теңир Муса менен Арунга, Исрайыл уулдарына, фараонго Исрайыл уулдарын Египеттен чыгаруу жөнүндө буйруктарын берди.

Мынакей, алардын укум-тукумунун башчылары: Исрайылдын туну Рубимдин уулдары: Ханох жана Фаллу, Хецрон жана Харми: бул Рубимдин бүлөсү.

Ысмандын уулдары: Емуил жана Ямин, Огад жана Яхин, Зохар жана канандык аялдын уулу Саул: бул Ысмандын бүлөсү.

Мынакей Левий уулдарынын, уруулары боюнча аттары: Гирсон, Кааф жана Мерари.

Левий жүз отуз жети жыл өмүр сүрдү.

Гирсондун уулдары: Ливни жана Шимеи үй-бүлөсү менен.

Каафтын уулдары: Амрам жана Ицгар, Хеврон жана Узиил.

Кааф болсо жүз отуз үч жашка чыккан.

Мераринин уулдары: Махли жана Муши.

Булар уруулары боюнча, Левийдин үй-бүлөсү.

Амрам өз таежеси Ёхаведага үйлөнгөн, жана ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген.

Амрам болсо жүз отуз жети жашка чыккан.

Ицгардын уулдары: Корей, Нефег жана Зихри.

Узиилдин уулдары: Мисаил, Елцафан жана Сифри.

Арун аялдыкка Наасондан карындашын, Амнадав кызы, Елисаветаны алган жана ал Надавды жана Авиудду, Елеазарды жана Ифамарды төрөп берген.

Корейдин уулдары: Асир, Елкана жана Авиасаф: бул Корейдин үй-бүлөсү.

Арундун уулу Елеазар Футиилдин кыздарынын бирине үйлөндү жана ал ага Финеести төрөп берген.

Мына, алардын үй-бүлөсү болюнча, Левийдин тукум башчылары.

Арун менен Муса болсо, Исрайыл уулдарын, кошуундары боюнча Египет жеринен чыгаргыла, деп Теңир айткан - ошолор.

Мына ошолор Египет падышасы, фараонго, Исрайыл уулдарын Египеттен чыгарыш үчүн сүйлөшкөн.

Булар - Муса менен Арун эле.

Ошентип, Теңир Египет жеринде Муса менен сүйлөшкөн убакытта, Теңир Мусага мындай деп айтты: Мен Эгемин!

Египет падышасы, фараонго, Мен сага бүт айткандарымды айт.

Муса болсо Теңирдин алдында айтты: Мен сөзгө жокмун, фараон кантип тилимди алат?

 

7-БАП

Бирок Теңир Мусага мындай деди: карагын, мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми Арун, сенин бур тууганың, пайгамбарың болот. Мен сага буюргандын баарын сен айтасың: ал эми бир тууганың Арун, Исрайылдын уулдарын фараон өз жеринен чыгарыш үчүн, аны менен сүйлөшөт. Бирок Мен фараондун жүрөгүн карартып коём. Египет жеринде өзүмдүн көптөгөн аян-белгилеримди жана өзүмдүн кошунумду, элимди, Исрайыл уулдарын, Египет жеринен чыгарам, улуу жазалар менен куткарам. Египетке колумду созуп, алардын арасынан Израил уулдарын чыгарып кеткенде, египеттиктер менин Теңир экенимди таанышат. Муса менен Арун Теңир кандай буюрса, так ошондой кылышты. Фараон менен сүйлөшкөндө, Муса сексен жашта, ал эми Арун сексен үч жашта эле. Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты: Эгерде фараон силерге: “керемет көрсөткүлө” десе, Арунга: “аса таягыңды ал да фараондун алдына ташта”, де - ал жылаан болуп калат.

Муса менен Арун фараонго келишти да Теңир буюргандай кылышты. Арун аса таягын фараон менен анын кулдарынын алдына таштады эле ал жылан болуп калды. Фараон даанышмандар менен сыйкырчыларды чакырды; Египет сыйкырчылары өздөрүнүн сыйкырлары менен ошонун өзүн жасашты. Ар кимиси аса таягын таштады жана алар жыландарга айланды, бирок Арундун таягы алардын таяктарын жутуп салды.

Фараондун жүрөгү карарып, Теңир айткандай, алардын тилин албай койду. Теңир Мусага айтты: фараондун журөгү карарып, миз бакпай турат; элди коё бергиси келбейт. Эртең фараонго бар: ал сууга чыгат, анын жолун дарыя боюнан тосуп тур, жана жыланга айланган таягыңды колуңа ал.

Ага мындай де: Теңир, еврейлердин Кудайы, сага айтсын деп мени жөнөттүү: Менин элимди коё бер, алар чөлгө барып, мага ийбадат кылышсын, бирок сен алиге чейин тил албадың.

Теңир ушундай дейт: сен менин Теңир экенимди ушундан билип каласың: мен азыр колумдагы аса таяк менен дарыядагы сууну чабам, ал канга айланат.

Теңир Мусага айтты: Арунга айтып кой, аса таягыңды ал да колуңду Египеттин сууларына сун: алардын өзөндөрүнө, агын сууларына, көлдөрүнө жана алардын ар кандай суу сактагыч, башат-булактарына мал; алар канга айланат, жана бүткүл Египет жери, жыгач, таш идиштери менен кызыл жаян кан болот.

Анан Муса менен Арун, Теңир буюргандай кылышты.

Арун аса таякты көтөрүп, фараондун жана анын кулдарынын көз алдында дарыядагы сууну чапты, дарыядагы суу бүт бойдон канга айланып кетти. Дарыядагы балыктар кырылып, дарыя сасып-былгыды, египеттиктер дарыядан суу иче албай калышты; жана бардык Египет жери кызыл жаян кан болуп жатты. Египеттин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой жасашты. Фараондун жүрөгү карарып, Теңир айткандай, алардын тилин албай койду. Анан фараон бурулуп үйүнө кетти; анын жүрөгү жибиген жок. Дарыялардын суусунан ичкенге болбой калгандыктан, бүт египеттиктер дарыянын жанынан, ичүүгө суу чыгарыш үчүн кудук каза башташты.

Теңир дарыяны канга айлаткандан кийин жети күн өттү.

 

8-БАП

Теңир Мусага айтты: фараонго барып айт: Теңир, менин элимди коё берсин, алар мага ийбадат кылсын, деп жатат. Эгерде сен аларды коё бербесең, анда мен сенин бардык аймагыңа курбакаларды жабалактатам. Дарыяда курбакалар быкылдап, алар андан чыгып, сенин үйүңө, уктоочу бөлмөңө, төшөгүңө, жана кулдырың менен элиндин үйлөрүнө, очок, коломто, камыр ачыткан челегиңе чейин киришет. Курбакалар сенин төбөңө, элиңдин төбөсүнө жана кулдарыңдын үстүнө чыгышат, деп айт.

Жана Теңир Мусага мындай деди: Арунга айт: аса таягынды колго алып, колуңду дарыяларга, агын сууларга жана көлдөргө сун да курбакаларды Египет жерине чыгар. Арун колун Египет жериндеги сууларга сунду; жана курбакалар жабалактап, Египет жерин каптады. Ушунун эле өзүн сыйкырчылар да өз сыйкыры менен жасашты; жана курбакаларды Египет жерине чыгарышты.

Анан фараон Муса менен Арунду чыкырып алып айтты: Теңирге сыйынгыла, Ал курбакаларды менден жана менин элимден жоготсун; мен Израил элин курман чалууга коё берем.

Муса фараонго айтты: сенден жана сенин үйлөрүңдөн курбакалар жок болуп, дарыяларда гана жүрсүн үчүн жана сен үчүн, сенин кулдарың үчүн, сенин элиң үчүн сыйынар убакытты мага өзүң белгиле.

Ал айтты: эртең сыйын.

Муса жооп берди: айтканыңдай болот, жана Теңир, биздин Кудайыбыздан башка эч ким жок экенин билип каласың. Жана курбакалар сенден, сенин үйлөрүңдөн, сенин кулдарыңдан, жана сенин элиңден оолак кетишет: алар дарыяларда ган калышат.

Муса менен Арун фараондон чыгышты; жана Муса Кудайга, Ал фараонго жиберген курбакалар жөнүндө кайрылды.

Анан Теңир Мусанын айтканын кылды. Үйлөрдөгү, короолордогу жана талаадагы курбакалар өлүп калышты. Жана аларды үймөктөп коюшту, жер сасып жатты. Анан фараон жеңилдик болгонун көрүп, жүрөгүн карартып, Теңир айткандай, алардын тилин албай койду.

Жана Теңир Мусага мындай деди: Аарунга аса таягыңды сунуп, жер тоскогун чап де, тоскок чымын-чиркей болуп, бүт Египет жерине толуп калат.

Алар ошондой кылышты: Аарун аса таяк кармаган колун сунду да жер тоскогуп чапты; анан адамдарга да, малдарга чымын-чиркейлер жабышты. Бүт жерде чаң буруксуп, ал Египет жеринде чымын-чиркейге айланды. Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен чымын-чиркей таратууга аракет кылышты, бирок колдорунан келбеди.

Жана адамдарга да, малдарга да чымын-чиркейлер жабышты. Анан сыйкырчылар фараонго айтышты: бул Кудайдын колу. Бирок фараондун жүрөгү карарып, Теңир айткандай, алардын тилин албай койду. Теңир Мусага айтты: эртең эрте туруп, фараондун алдына бар. Ал сууга барат, ошондо сен ага айт: Теңир, Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын деди де. Эгерде элимди коё бербесең, анда Мен сенин үстүнө, сенин кулдарыңдын үстүнө, элиңдин үстүнө, жана үйлөрүңө мите курттарды каптатам, жана Египеттиктердин үйлөрү, алар жашаган жердин өзү мите, курттарга толот. Жана ошол күнү, Менин элим турган, Гесем жерин бөлүп коём, ал жерде мите, курттар болбойт; ошентип жер үстүнө Менин Теңир экенимди билип каласың. Менин элим менен сенин элиңдин ортосуна чек коём. Эртең бул белги болот.

Теңир дал ошондой кылды: фараондун үйүнө, анын кулдарынын үйлөрүнө жана бүт Египет жерине эсепсиз көп мите, курттар пайда болду; жер мите курттардан жабыр тартып жатты. Анан фараон Муса менен Арунду чакырып алып айтты: баргыла, да Кудайыңарга ушул жерде курман чалгыла.

Бирок Муса айтты: антүүгө болбойт; анткени Египеттиктер үчүн Теңирибиз, биздин Кудайга курман чалганыбыз жийиркенерлик; эгерде Египеттиктер жийиркенген курмандыкты алардын көзүнчө чалсак, алар бизди ташбараңга алышпайбы? Биз чөлгө үч күндүк жолго барабыз, жана Теңирге, биздин Кудайыбызга, Ал айткандай курман чалабыз.

Жана фараон айтты: мен силерди өзүңөрдүн Кудай, Теңириңерге курман чалууга чөлгө коё беремин, бирок алыс кетпегиле. Мен үчүн да сыйынып койгула.

Муса айтты: мен сенден чыгып эле Теңирге жалбарып сыйынам, жана мите курттар фараондон, анын кулдарынан, анын элинен эртең эле жок болот, бирок фараон элди чөлгө, курман чалууга коё бербей алдаганын койсун. Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды. Анан Теңир Мусанын айтканын кылып, фараондун, анын кулдарынан, анын элинен мите курттарды жоготту: бирөө да калган жок. Бирок фараон бул жолу да журөгүн карартып, элди коё бербеди.

 

9-БАП

Теңир Мусага айтты: фараонго барып, айт: Теңир, Еврейлер Кудайы, Менин элимди коё берсин, алар Мага ийбадат кылсын, деп жатат де.

Эгерде аларды коё бербей кармап тура турган болсоң, анда мына, Теңирдин колу талаадагы сенин малыңда, жылкыларыңда, эшектериңде, төөлөрүңдө, өгүздөрүңдө жана койлоруңда болот; өтө оор жугуштуу оору таратат. Теңир Израилдин малы менен Египеттин малын бөлүп коёт. Израилдин бүт малынан бир туяк өлбөйт. Теңир анын убакыт-саатын белгилейт, муну Теңир эртең ушул жерде жасайт.

Жана Теңир муну эртеси кылды, Египеттин бардык малы кырылып калды; ал эми Израил балдарынын малынан бир туяк чыгым болгон жок. Израилдиктердин малынан бир туяк чыгымдалбаганын билип келсин үчүн киши жиберди.

Ошондон соң фараондун жүрөгү карарып, ал элди коё бербей койду.

Жана Теңир Муса менен Аарунга айтты: мештен бир кочуштан күл алгыла да Муса күлдү фараондун көзүнчө асманга чачсын. Анан бүт Египет жеринде чаң уюлгуп, мүлдө Египет жериндеги адамдар менен малдары сезгенип, туюк жара дартына кабылат.

Алар мештен күл уучтап алып, фараондун алдына келишти. Муса аны асманга чачты, адамдар менен малдарга сезгенүү дарт сыйкырчылардын өзүнө жабышкан, бүт Египеттиктерге жуккан.

Бирок Теңир фараондун жүрөгүн карартып койгон жана ал, Теңир Мусага айткандай, алардын тилин албады.

Теңир Мусага айтты: эртең эрте тур да фараондун алдына келип, ага айт: Теңир, Еврейлердин Кудайы, Менин элимди коё бер, алар Мага ийбадат кылсын, деп жатат.

Анткени бул жолу Менин бүт дартымды сенин жүрөгүңө, сенин кулдарыңа жана сенин элиңе жөнөтөм; дегеним, бүт жер үстүндө Мага тең эч ким жок экенин билишиң керек.

Мен кудуреттүү колумду созгодуктан, сени жана сенин элиңди жугуштуу ооруу менен өлтүрмөкмүн жана сен жер бетинен жок болот элең; бирок Кудуретимди сенин үстүңө көрсөтүүм үчүн жана Менин ысмым бүт дүйнөгө жарыя болсун үчүн, Мен сени сактап калдым.

Сен Менин элимди ко? бербеш үчүн дале каршылык кыласың; ана, эртең, дал ушул убакта, Мен өтө катуу мөндүр жаадырам, андай мөндүр, Египет негизделгенден азыркыга чейин, түшүп көрбөгөн.

Демек, малдарыңды жана талаада эмнең болсо, бүт баарын жыйнап алууга жөнөт, үйгө келбеген жана талаада калган адамдарыңды да, малдарыңды да мөндүр урат, алар кырылат.

Теңирдин сөзүнөн корккон фараондун кулдары чыгынып шашылыш барып, талаадагы өз кулдары менен өз малдарын жыйып, үйлөрүнө айдап келишти.

Ал эми Теңирдин сөзүнө көңүл бурбугандар өз кулдары менен өз малдарын талаага калтырышты.

Жана Теңир Мусага айтты: колуңду асманга сун, анан бүт Египет жерине, элине, малдарына жана талаадагы бүт өсүмдүк-чөптөрүнө мөндүр түшөт.

Анан Муса аса таягын асманга сунду; жана Теңир добул күркүрөтүп, чагылган жаркылдатып, жерге от каптатты; жана Теңир Египет жерине дүркүрөгөн мөндүр жаадырды.

Анан мөндүр аралаш от жаады, бүтүндөй Египет аймагында эл жашагандан бери ушунчалык мөндүр уруп, мындай алаамат болгон эмес эле.

Жана урган мөндүр бүт Египет жерин отоп-бутан кетти, талаада эмес болсо, баарын талкалады, адамдан малга чейин, өсүмдүк-чөтөрдү, бак-дарактарды түп орду менен кыйратты.

Бир гана Израил уулдары жашаган Гесем жерин мөндүр урган жок.

Анан фараон чабарман жиберип, Муса менен Аарунду чакыртып, аларга айтты: бул жолу мен күнөөлүү болдум, Теңир адилет экен ал эми мен жана менин элим айыптуубуз.

Теңирге жалынгыла; Кудайдын добулу менен жаадырган мөндүрү токтосун; силерди мындан ары кармабайм, ко? берем.

Муса айтты: мен шаардан чыгар замат Теңирге колумду сунам; добул токтойт, мөндүр да урбайт, ошентип бардык жер Теңирдики экенин билүүң керек.

Бирок билип турам, сен жана сенин кулдарың дагы эле Кудайдан коркпойсуңар.

Жайкалган арпа да, зыгыз да талкаланды, анткени арпа баш алып, зыгыр дан алып калган эле. Ал эми кайрак менен кодура буудайлар аман калды, анткени алар кеч себилген. Муса фараондон чыгып, шаардан узап, колдорун Теңирге сунду, анан добул да мөндүр да басаңдап, жерге жааган жамгыр токтоду. Анан фараон добул менен мөндүрдүн, жана жамгырдын токтогонун көрүп, дале күнөөгө бата берди, ошентип өз жүрөгүн да, кулдарынын жүрөгүн да оордотуп койду. Жана фараондун жүрөгү карарып, Муса аркылуу Теңир айткандай, ал Израил уулдарын коё берген жок.

 

10-БАП

Теңир Мусага айтты: сен фараонго кир, анткени аларга сыр көрсөтүп, сес бериш үчүн, Мен анын жүрөгүн жана анын кулдарынын жүрөгүн оордотуп койдум. Египетте эмне кулганымды, Менин аян-белгилеримди, сыр бергенимди, Теңир экенимди биле жүрсүн үчүн, уулуңа, уулундун уулуна айтып берсин деп ошондой кылдым.

Муса менен Арун фараонго келди да мындай деп айтышты: Еврейлердин Кудайы, Теңир мындай дейт: канчага чейин Менин алдымда кенебей жатасың? Менин элимди коё бер, алар Мага таат-ийбадат кылышсын. Эгерде сен Менин элимди коё бербесең, анда эртең эле сенин жериңе чегиртке каптатам. Алар жер бети көрүнгүс кылып, жериңе тумандай каптайт да мөндүрдөн калгандын баарын жеп, талаада өскөн бак-дарактардын баарын курутат. Жана сенин үйүңө, кулдарыңдын үйлөрүнө жана бардык Египеттиктердин үйлөрүнө толот, мындайды сенин аталарың, аталарыңдын аталары, жер үстүндө жашаган күндөн бүгүнкү күнгө чейин көргөн эмес.

Муса айтты: биз жаш балдарыбыз, кары-картаңдарыбыз, уулдарыбыз, кыздырыбыз менен бирге барабыз, жана койлорубузду, бодолорубузду айдап барабыз; анткени бул биздин Теңирибизге жасай турган майрамыбыз.

Фараон аларга айтты: болуптур, ошондой эле болсун, Теңир силер менен!

Мен силерди коё берүүгө даярмын: бирок эмне үчүн жаш балдарыңарды ала барасыңар? Көрдүңөрбү, силердин ниетиңер жаман. Жок жалаң эркектериңер барып, Теңириңерге тооп кылып, сыйынгыла, анткени силер ошону сурагансыңар. Ошентип аларды фараондон айдап чыгарышты.

Ошондо Теңир Мусага айтты: колуңду Египет жерине сун, Египет жерин чегиртке каптасын жана жердеги өсүмдүк, чөптүн баарын, жесин.

Анан Муса аса таягын Египет жерине сунду; жана Теңир бул жерге чыгыштан шамалайдады, ал шамал күн бою жана түн бою арылдады. Эртең менен чыгыштан удургуган шамал чегирткелерди каптатты.

Чегиртке бүт Египет жерине түштү, алар өтө көп болгондуктан, мүлдө Египет аймагын каптады; мындан мурун эч качан мынчалык көп чегиртке болгон эмес, мындан кийин да болмок эмес. Ал чегирткелер бүт жер бетин басып кеткендиктен жер көрүнбөй калды, жерде болгон чөптөрдү, мөндүрдөн аман калган дарактарды, алардын момөлөрүн түгөл жеп койду жана Египет жериндеги бак дарактардан, талаадагы чөптөрдөн эчтеме калбады. Фараон Муса менен Арунду шашылыш чакыртты да айтты: мен Теңирдин, силердин Кудайыңардын алдында, жана силердин алдыңарда күнөө кылдым; эми менин күнөөмдү дагы бир жолу кечиргиле, жана Теңириңерге, силердин Кудайга жалынып сыйынгыла, Ал менден бул өлүмдү кайт кылсын.

Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.

Теңир каршысынан батыштан катуу шамал удургутуп, ал шамал чегирткелерди айдап, аларды камыштуу Кызыл деңизге сүрүп таштады; Египет жеринде бир да чегиртке калбады. Бирок Теңир фараондун жүрөгүн карартып койгондуктан, ал Израил уулдарын коё бербеди. Теңир Мусага айтты: колуңду асманга сун, Египет жерине караңгылык түшсүн, сезимде кала турган караңгылык болсун. Муса колун асманга сунду, жана бүт Египет жерин үч күн бою түнөргөн чылк караңгылык каптады. Бири-бирин көрбөй, үч күн бою эч ким ордунан жылбай калды; ал эми Израил уулдарынын үйлөрүнүн баарында жарык болуп турду.

Фараон Мусаны чакыртып айтты: барып, Теңирге таат-ийбадат кыла бергиле, жалаң гана майда жандыктарыңар менен ири бодолоруңар калсын, мейли балдарыңар силер менен барсын.

Бирок Муса айтты: Теңирге, биздин Кудайыбызга курман чала турган жана өрттөп бере турган ак малыбызды колубузга бер. Өз малыбыз өзүбүз менен барсын, бир туягы калбасын, анткени биз Теңирибизге, биздин Кудайыбызга алардын ичинен тандап туруп, курман чалабыз. Ал жерге келгиче биз эмнени курман чаларыбызды билбейбиз.

Теңир фараондун жүрөгүн карартып койгондуктан, аларды коё беришти каалабады.

Анан фараон айтты: жогол менден! Сак бол, менин алдыма экинчи келбе; эми бетимди көргөн күнү өлөсүң.

Муса айтты: кандай айтсаң, так ошондой болот; бетиңди экинчи көрбөйүн.

Уландысы -->>>>