Эфес шаарындагы машаяктарга жиберилген кат

Кат башы

(1:1-2)

Кудайдын каалоо-тилеги менен Иса Машаяктын элчиси болуп дайындалган Паулостон Эфестеги Машаяк Исага ишенимдүү өмүр сүргөн ыйыктарга...

Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк силерге ырайымын ыроолоп, тынчтыгын берсин.

Кудайдын куткаруу жолу

(1:3-14)

Теңири Иса Машаяктын Атасы болгон Кудайга алкыш айталы! Анткени ал бизге Машаяк аркылуу батасын берип, асмандагы түркүн-түркүн рухий баталарын жаадырды. Өзүнүн алдында ыйык жана эч кемтиксиз эл болуп жүрсүн деп ааламды жаратаардан мурда эле ал бизди Машаяк менен бирдикте тандап алган. Бизди сүйгөндүктөн Иса Машаяк аркылуу өзүнө бала кылып алууну күн мурунтан белгилеп, пландаштырган. Ооба, Кудайдын ак тилеги ушундай болгон. Ошондуктан өзүнүн сүйүктүү Уулу аркылуу бизге берген кереметтүү жана зор ырайымы үчүн аны алкайлы. Анткени биз Машаяктын курман болуп, кан төгүүсү аркылуу карызыбыз төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилип, азаттыкка чыктык. Ушундай чексиз зор ырайымын бизге мол жаадырган Кудай кандай улуу! Ал өзүнүн терең даанышмандыгы жана зор түшүнүгү менен алдына койгон максатына жетти жана Машаяк аркылуу аягына чыгарам деп чечкен жашырын планын бизге ачып берди. Ал ошол планын белгилүү убакыт жеткенде ишке ашырып, бүткүл ааламдагы, асман менен жердегинин баарын Машаяктын бийлигинин астына апкелип, бириктирет. Баардык нерселер Кудайдын оюндай жана чечиминдей жасалган; ал бизди да Машаяк менен бирге өз калкы болууга тээ башында ойлоп койгон максатынын негизинде алдын ала тандап койгон. Ошондуктан башкалардан мурда Машаякты күтүп келген биз (еврейлер) Кудайды даңкташыбыз керек. Акыйкат сөзү болгон жана силерге куткарылуу алып келген жакшы кабарды укканыңарда силер да (башка улуттагылар) Машаякка кошулдуңар. Ишенгениңерде Кудайдын менчигине өткөндүгүңөрдүн ээн-белгиси катарында силерге Ыйык Рух берилди. Ыйык Рух — бул Кудайдын бизге бере турган мурасын гарантиялап турган алгачкы салым. Ошол мурасты биз Кудай өзүнө караштууларды түгөл куткарганда толугу менен алабыз. Ошондуктан Кудайдын улуулугун даңктайлы!

Машаяктын даражасы

(1:15-23)

Ошол себептүү мен силердин Теңири Исага бек ишенип, анын бардык адамдарына карата болгон сүйүүңөрдү эстеп, сыйынган сайын силер үчүн Кудайга дайыма ыраазычылык айтып келатам. Ошондой эле Теңири Иса Машаяктын Кудайы болгон улуу Атабыздан өзүн жакыныраак таанып билүүңөр үчүн силерге Ыйык Руху аркылуу даанышмандык менен түшүнүк берсе экен деп тиленем. Кудайдын жарыгын көрүү үчүн көкүрөгүңөрдүн ойгонушун, өзүңөрдү кандай үмүткө чакырылганыңарды, Кудай өз калкына кандай кереметтүү жана бай убадаларды бергенин билишиңерди сурайм. Ооба, ишенгендердин ичинде аракет этүүчү анын кудурети кандай зор. Кудай ушул керемет кудуретин Машаякты өлгөндөн кайра тирилтип, көктөгү өзүнүн оң жагындагы орунга көтөрүп, отургузуп койгондо колдонду. Азыр Машаяк ошерде олтуруп алып, асмандагы бардык өкүмдарларды, бийликтерди, күчтөрдү жана эгедерлерди башкарып олтурат. Анын даражасы бул жана тигил дүйнөдөгү бардык атак-даражалардан бийик. Кудай баарын Машаяктын бут алдына таштап, аны бардыгынын эң жогорку Эгедери катары ишенүүчүлөр жамаатына берди. Ишенүүчүлөр жамааты болсо бардык жерде бардыгын толтуруп турган Машаяктын толуктугу жана анын Денеси.

Машаяктагы өмүр

(2:1-10)

Кудайга баш ийбегениңерден жана күнөөнүн кесепетинен улам мурда силер рухий жактан өлүк элеңер. Ал убакта силер бул күнөөкөр дүйнөнүн жолунда өмүр сүрүп, Кудайга багынбагандарды башкарып, абада өкүм сүргөн шайтандын падышалыгынын башчысынын жетегинде жүрдүңөр. Чындап эле баарыбыз тең мурда ошолор сыяктуу күнөөлүү табиятыбыздын каалоосуна багынып жашап келгенбиз; денебиз менен акылыбыздын каалоо-кумарларынан чыкчу эмеспиз. Ошол табиятыбыздан улам биз да башкалардай эле Кудайдын каарына калган болчубуз. Бирок Кудайдын ырайымы канчалык мол да сүйүүсү канчалык күчтүү! Ал тил албастыктан улам рухий жактан өлүк болгон кезибизде бизди Машаяк менен бирге тирилтип алды. Кудай ырайымдуу болгондуктан силер куткарылдыңар. Ал бизди Машаяк менен бирге өлүмдөн тирилтип, анан Машаяк менен бирге көктө олтуруу укугун берди. Иса Машаяктагы бизге көрсөткөн сүйүүсүндөгү ырайымынын чексиз экендигин келечек урпактарга айкын кылуу үчүн ал ушундай кылды.

Силер Кудайдын ырайымы менен Машаякка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылдыңар. Куткарылуу өзүңөрдүн иш-аракетиңердин натыйжасынан келген жок!

Эч ким: “мен ушундай иштерди кылгандыгымдан улам куткарылдым!” деп төшүн кагып, таноосун дердейтпесин үчүн Кудай куткарылууну белек катары бекер эле тартуу кылды. Анткени биздин жаратуучубуз Кудай, ал бизди өзү алдын ала даярдап койгон жакшы иштерди кылсын үчүн Иса Машаяк менен бирдикте жаратты.

Машаяк ар кандай улуттардагы үмөттөрүн биримдикке алып келди

(2:11-22)

Ошондуктан эсиңерде болсун: силер башка улуттук болуп туулгансыңар, этинен эт кесилип сүннөттөлгөн еврейлер силерди “сүннөттөлбөгөндөр” деп кемсинтип келишкен. Ал убакта силер Машаяктан бөлүнгөн, Кудайдын тандаган элинен четте, Кудайдын өз эли менен түзгөн келишимдерине негизделген убадаларынан кур жалак элеңер. Бул дүйнөдө түбөлүктөн үмүтүңөр жок кудайсыз болуп жашап келдиңер. Бирок азыр, мурда Кудайдан алыста жашап жүргөн силер, Иса Машаяктын каны аркылуу ага жакын болуп калдыңар. Анткени Машаяк өзү ынтымак алып келип, еврейлер менен башка улуттагыларды бир эл кылды. Ал өз денесин курман кылып эки топту бөлүп турган дубалды талкалап, жок кылды. Машаяк өзүнүн денесин курман кылуу менен яхудейлердин Мыйзамын анын буйрук-эрежелери менен бирге күчүнөн ажыратты. Ушундайча ал еврейлерден жана башка улуттуктардан турган эки топтон өзү менен бирдикте болгон бир жаңы эл жаратып, аларды ынтымакка алып келди. Айкаш жыгачтагы курмандыгы менен экөөнүн кастыгын жоюп, эки элди бир Денеге бириктирип, аларды Кудай менен элдештирди. Кудайдан алыс жүргөн силерге жана жакыныраак турган бизге келип, тынчтык тууралуу жакшы кабарын жарыя кылды. Ошондуктан Машаяк аркылуу силер да, биз да Кудай Атанын алдына бир Рухта бара алабыз. Эми мындан ары силер, башка улуттуктар, бөтөн же келгин эмессиңер, силер ыйыктар менен бирге Кудай падышачылыгынын атуулдарысыңар жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүсүңөр! Силер да элчилер менен пайгамбарлар тарабынан салынган Кудай үйүнүн пайдубалына коюлдуңар. Ал үйдүн негизги бурч ташы Иса Машаяктын өзү. Силер ошол бурч Ташынын катарындасыңар. Ал бүткүл имаратты бириктирип кармап, Жараткан Эгеге арналган ыйык үйгө өстүрүп чыгарып жатат. Башкалар менен бирге силер да ошол таштын үстүндө курулуп, Ыйык Руху аркылуу жашай турган Кудайдын турагына айландыңар.

Паулостун башка улуттарга кылган кызматы

(3:1-13)

Ошондуктан мен, Паулос, башка улуттук силер үчүн Машаяк Исанын туткуну болуп калдым. Кудай ырайым кылып, силер үчүн ушу милдетти аткарууну мага жүктөгөнү тууралуу силер албетте уккансыңар. Кудай өзүнүн жашырын сырын мага ачып берди. (Мен бул тууралуу кыскача жазып койдум, эгерде силер менин катымды окуй турган болсоңор, анда Кудайдын Машаяк аркылуу ачып берген сыры тууралуу менин түшүнүгүмдү аңдай аласыңар.) Бул сыр адамзаттын мурдагы урпактарына айтылган эмес, бирок азыр Кудай аны Руху аркылуу өзүнүн ыйык элчилери менен пайгамбарларына ачып берди. Сырдын мазмуну мындай: башка улуттагылар жакшы кабардын аркасында еврейлер менен бирге Кудайдын баталарына шыбагалаш. Алар да бир эле Дененин мүчөсү болгондуктан Кудайдын Машаяк Иса аркылуу берген убадаларын еврейлер менен бөлүшөт.

Кудайдын кудурети менен мага берилген белек аркылуу мен ошол жакшы кабардын кызматчысы болуп калдым. Кудай адамдарынын бардыгынын эң кичинеси болгонума карабай, Машаяктын чексиз зор байлыктары тууралуу жакшы кабарды башка калктарга угузуу артыкчылыгын жана бардык элдерди Кудайдын жашырын планы кандайча ишке ашканын көрсөтүү тапшырмасын ал мага берди. Бардыгын жараткан Кудай бул сырын мурдагы өткөн замандарда жашырып келген. Өзүнүн акылмандыгын асмандагы башкаруучулар менен бийлөөчүлөр машаяктар жамааты аркылуу ар тараптан үйрөнө алсын үчүн ал ушундай кылды. Кудай ушу түбөлүк максатын Теңири Машаяк Иса аркылуу ишке ашырды. Эми биз ишеним менен Иса Машаяк аркылуу көктөгү Атабызга даап барып, жакындай алабыз. Ошондуктан өтө суранамын: силер үчүн тарткан азаптарыман улам ындыныңар өчпөсүн. Мунун баары силердин пайдаңар үчүн болуп жатат.

Паулостун ишенүүчүлөр үчүн сыйынышы

(3:14-21)

Ошол себептен мен Кудай Атабыздын алдына чөк түшүп, силер үчүн бата тилеп, сыйынам. Асман-жердеги бардык элдер өздөрүнүн чыныгы аттарын ошондон алышат. Дилиңерде бекем болушуңар үчүн Кудай Ыйык Руху аркылуу өзүнүн улуу байлыгынан силерге күч-кудурет берсин. Ишенимиңер аркылуу Машаяк жүрөгүңөргө орноп, өмүрүңөр анын сүйүүсүнө тамыр жайып, негизделсин. Ушундайча бардык ыйыктар менен бирге Машаяктын сүйүүсүнүн канчалык кең жана чексиз, терең жана бийик экенин түшүнүп, адам акылы жетпеген ошол сүйүүнү таанып билип, ошол аркылуу Кудайдын касиеттеринин толуктугуна жандүйнөңөр бөлөнсүн! Ал эми Теңирибиз биздин ичибизде аракет кылган өзүнүн кудурети аркылуу биз сурагандан же болбосо ойлогондон алда канча көп нерселерди жасай алат. Машаяк Исанын жамааты укумдан тукумга, кылымдардан кылымга Ошону даңктасын! Оомийин.

Денедеги биримдик

(4:1-16)

Ошондуктан, Теңирибизге кызмат кылганым үчүн түрмөдө жаткан мен Кудай силерди кандай максатта чакырса, ошого ылайык өмүр сүргүлө деп суранамын. Ар дайым момун, кичи пейил, сылык, чыдамдуу болгула. Бири-бириңерге көтөрүмдүү болуп, сүйүү көрсөткүлө. Силерди өз ара ынтымакташтырып турган Ыйык Рух берген биримдикти сактаганга тырышкыла. Кудай силерди бир үмүткө чакырган, ошондой эле биз бир Дененин мүчөсүбүз жана бир Рухтун жетегиндебиз. Баарыбыздын Теңирибиз бир. Барыбыздын ишенимибиз да, чөмүлгөнүбүз да бирдей. Баарыбыздын Кудайыбыз жана Атабыз бир, ал баарыбыздын Эгебиз, ал баарыбыз аркылуу иштейт жана баарыбыздын жүрөгүбүздө. Машаяк баарыбызга өзгөчө бир шыктарды белек кылган. Ыйык Жазмаларда айтылгандай: “Ал эң бийик жайга чыгып барып, туткундарды кармап, адамдарга белектерди тартуулады”, — деп жазылган. “Чыгып барды” деген сөздүн мааниси кандай? Ал Машаяк алды менен жердин түбүнө түшкөндүгүн көрсөтүп турат. Демек “түшкөн” деген бул бүт ааламды өзүнүн турушу менен толтуруш үчүн “жети кабат” асмандан да өйдө чыккандын өзү. “Адамдарга белектерди тартуулаган” ошол; ал бирөөлөрдү элчи, бирөөлөрдү пайгамбар, бирөөлөрдү жакшы кабарды таратуучу, бирөөлөрдү жыйындын руханий багуучусу же болбосо окутуучусу кылып дайындады. Машаяктын Денеси өсүп-өнүгүшү үчүн бардык ыйыктарды кызмат ишине даярдоо үчүн ал ушундай кылды. Баарыбыз Кудай Уулуна болгон ишенимде жана аны таанып-билүүдө биримдикке ушундайча келишибиз керек. Биз Машаяктын баралына жетип, бышкан адамдардан болушубуз керек. Ошондо бирөөлөрдү ар кандай айлакерлик менен азгырган адамдардын ар кандай окууларынын шамалына термелип, аркасынан чуркап кызыккан жаш балдардай болбойбуз. Тескерисинче, биз сүйүү Руху менен бири-бирибизге чындыкты сүйлөп, Дененин Башы болгон Машаякка карай ар-тараптуу өсүшүбүз керек. Ошонун башчылыгы астында ар түрдүү омуртка-жиликтер аркылуу өз ара байланышып жана туташып, ар бир мүчөсү өз милдетин аткарып турган дене сыяктуу биз да ар бирибиз сүйүүдө өсүп-өнүгөбүз.

Эски жана жаңы жашоо

(4:17-24)

Ошондуктан Теңирибиздин атынан силерге эскертемин: мындан кийин ой-санаасы түккө турбаган, акыл-сезимдери караңгы кудайсыз элдердей өмүр сүрбөгүлө! Кудай берчү өмүрдөн алардын эч кандай үлүшү жок, анткени алар наадандар жана тоңмоюндар. Алар уят-абийирин толугу менен жоготуп, ар кандай адепсиздиктерге берилишип, шермендечиликтерди

кылуудан тартынышпайт. А силер болсо Машаяк тууралуу мындай таалим алган эмессиңер! Силер анын айткандарын угуп, анын жолун жолдогондор катарында Исадагы акыйкатка үйрөтүлгөнсүңөр. Ошондуктан алдамчы кумарлар менен өмүрүңөрдү кууратып келген эски адамдык табиятыңарды эми көмүп салгыла! Акыл-сезимиңерди толугу менен жаңырткыла. Кудайдын табиятына окшоштурулуп, өзүн түз жана ыйык жашоого арнаган жаңы адамдын табиятын кийгиле.

Жаңы кулк-мүнөз

(4:25-32)

Ошондуктан жалганчылыкты таштап, бири-бириңерге чындыкты сүйлөгүлө, анткени биз бир Дененин мүчөлөрүбүз! Ачуулансаңар, ачууңардын силерди күнөөгө батырышына жол койбогула жана күндү ачууланган тейитте батырбагыла. Шайтанга орун бербегиле! Ким мурда ууру болгон болсо, эми уурулукту таштасын, адал эмгек кылып, тапканын муктаж болгондор менен бөлүшө алгыдай болсун. Оозуңардан эч бир чирик сөздөр чыкпасын, жакшы сөз гана чыгып, керек болгон учурларда уккандарга жакшылык апкелип, алардын рухун өстүрсүн. Ошондой эле Ыйык Рухту капа кылбагыла! Анткени Ыйык Рух — бул Кудайдын силер анын менчиги экениңерди билдирген эн-белгиси, силер үчүн толук эркиндикке чыга турган күн келеринин гарантиясы. Эч кандай ачуу, кыжырлануу, жаалдануу, кыйкырык, жаман тилдүүлүк, кордоо, жек көрүү силерде болбосун. Булардын ордуна бири-бириңе кайрымдуу, мээримдүү болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу кечирди, ошондуктан силер да өз ара кечиришкиле.

Ак жашагыла

(5:1-7)

Силер Кудайдын сүйүктүү балдарысыңар, ошондуктан Кудайга окшош болууга умтулушуңар керек. Машаяктын бизди сүйүп, биз үчүн өзүн курман кылгандай, силер да бири-бириңди сүйүп өмүр сүргүлө! Анын бул курмандыгы Кудайга жаккан жагымдуу жыт курмандыгы сыяктуу болду. Силер Кудайдын ыйык элисиңер, ошондуктан араңарда бузуктуктун, ар кандай адепсиздик менен ач көздүктүн аты да аталбасын. Ошондой эле сөгүнүп-сагынган, пайдасыз, жөнү жок калжаңдаган сөздөр силерге жарашпайт. Мунун ордуна Кудайды алкаганыңар жакшы. Эч бир жүрүшү бузукка, адепсизге жана ач көзгө (анткени ач көздүк — бул жалган теңирлерге табынуучулуктун бир түрү) Машаяктын жана Кудайдын падышалыгында орун жок. Бирөөлөрдүн акылсыз сөздөрүнө кирип, алданбагыла! Себеби Кудайга моюн сунбагандарга ушу күнөөсү үчүн каардуу сот күнү келет. Ошондуктан алар менен байланышпагыла!

Теңирдин нурунда жашоо

(5:8-20)

Мурда силер караңгы элеңер, азыр болсо Теңирибиз менен байланышып, жарыксыңар. Ошондуктан эми жарыктын адамдарындай жашашыңар керек! Ал эми жарыктагы өмүр болсо ар кандай жакшылыктын, адилдиктин жана акыйкаттын жемиштерин берет. Кудайга эмне жагаарын билгенге умтулгула. Караңгынын адамдарындай эч бир пайдасыз иштерди кылбагыла. Анын ордуна аларды жарыкка алып келгиле. (Ачык айтканда алардын жашырын кылган иштерин айтууга ооз да барбайт.) Ал эми караңгылыкка жарык чачыраса, андагынын баары ачык көрүнөт. Анткени ачыкка чыккандын баары жарык болуп калат. Мындай деп айтылган:

"Эй уйкучу, ойгон! Өлүмдөн тирил! Ошондо Машаяк сага нурун чачат”. Ошондуктан жашооңорго назар салгыла. Наадандардай эмес, акылмандардай болгула. Бардык мүмкүнчүлүгүңөрдү жакшылык жасоого жумшагыла. Анткени биз жашап жаткан убак жакшы эмес. Ошондуктан акылсыз болбой, Кудайдын силерден эмнени күткөнүн билгенге тырышкыла. Ичкиликке берилбегиле, анткени ичкилик бузукулукка батырат. Анын ордун Ыйык Рухка берилгиле. Бири-бириңерге Забур, Кудайды даңктоо, гимн жана рухий ырлардын сөздөрүнөн айтып, Теңирибизди чын жүрөктөн мактап, ырдагыла. Бардыгында Кудай Атага Теңири Иса Машаяктын атынан рахмат айткыла!

Үй бүлөдөгү жашоо эрежелери

(5:21-33)

Машаяктын урматына бири-бириңерге баш ийгиле!

Аялдар, силер күйөөлөрүңөргө Теңирибизге моюн сунгандай баш ийгиле! Анткени ишенүүчүлөр жамаатынын башчысы Машаяк болгон сыяктуу, аялдын башчысы анын күйөөсү. Машаяк Жамааттын куткаруучусу, ал эми Жамаат болсо Машаяктын Денеси. Жамаат Машаякка кандай моюн сунса, аялдар да бардыгында күйөөлөрүнө ошондой моюн сунууга тийиш.

Күйөөлөр, Машаяк өз жамаатын кандай сүйсө, силер да аялыңарды ошондой сүйгүлө! Кудай сөзүнүн кудурети менен жууп, ыйыкташ үчүн Машаяк өз жамааты үчүн жанын кыйды! Жамаатты эч бир так, кынтык жана башка кемчиликсиз, ыйык жана аруу кылып анын бардык сулуугунда өзүнүн алдына алып келүү үчүн ал ушундай кылды. Күйөөлөр аялдарын өзүнүн денесиндей сүйүшү керек. Аялын сүйгөн өзүн да сүйөт. Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче аны бапестеп багат. Машаяк да өз жамаатын ошентет, анткени биз анын Денесинин мүчөлөрүбүз. Ыйык Китепте айтылгандай: “ошондуктан эркек ата-энесин таштап, аялына жармашып калат

да экөө бир денени түзүшөт”. Бул сыр өтө терең, мен муну Машаякка жана жамаатка карата айтып жатам. Бирок мунун силерге да тиешеси бар: ар бир эркек аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, ал эми ар бир аял өзүнүн күйөөсүнөн ыйбаа кылып, аны сыйласын.

Ата-энелер менен балдарга насаат

(6:1-4)

Балдар, силер ата-энеңерге баш ийишиңер керек. Бул силердин Кудай алдындагы парызыңар. Адилдиктин талабы ушундай. Кудай убадасы менен кошуп берген биринчи осуят ушул. Ал: “Ата-энеңди сыйла, ошондо бактылуу болуп, мен берген жерде узак өмүр сүрөсүң”, — деген. А силер, аталар, балдарыңардын ачуусуна тийбей, тескерисинче аларды Кудай жолуна тарбиялап өстүргүлө.

Кожоюндарга жана кулдарга насаат

(6:5-9)

Кулдар, силер өз кожоюндарыңарга моюн сунуп, алардан ыйбаа кылып, аларга Машаякка кызмат кылып жаткандай чын жүрөктөн кызмат кылгыла. Адамдарга жагалдангандардай көзү барда гана эмес, Машаяктын кулдарындай Кудайдын эркин жандилиңерден аткарып, адамдарга эмес Кудайга кызмат кылып жаткандай чын дилден кызматыңарды өтөгүлө. Кул болобу, башы бошпу эмне жакшы иш кылса да Кудайдан сыйлыгын аларын билгиле.

Ал эми кожоюндар, силер да кулдарыңарга ушундайча мамиле кылып, коркутуп-үркүтүүңөрдү ары жыйыштырып, өзүңөрдүн да көктө Кожоюнуңар бар экенин жана ал адамдардын ээлеген даражасына карабай тургандыгын көңүлдүн чордонунан чыгарбагыла.

Шайтандын аскерине каршы согуш

(6:10-20)

Акырында айтаарым бул: Теңир менен тыгыз байланышта жүрүп, анын кудуретинен кубат алып, күчкө толгула! Шайтандын ар кандай айлакерлигине каршы тура алгыдай болуу үчүн Кудайдын бардык куралдарын алгыла. Анткени биздин согуш кан менен эттен турган адам баласына каршы эмес, бул караңгы дүйнөдө өкүм сүргөн рухий күчтөргө, анын башчылары менен өкүмдарларына, асмандагы көрүнбөгөн кара күчтөргө каршы. Ошондуктан каран күн келгенде душмандын чабуулуна каршы туруп, баарын жеңип чыгып аман калгыдай болууңар үчүн Кудайдын бардык курал-жарактарын азыртан алгыла. Чындыкты кур сыяктуу белиңерге байланып, адилдикти зоот сыяктуу төшүңөргө тагынып, тынчтыктын жакшы кабарын таратууга бут кийимиңерди кийип, даяр тургула.

Ар дайым ишенимди калкан сыяктуу көтөрүп жүргүлө, ошондо амалкөй шайтандын бардык оттуу жебелерин өчүрө аласыңар. Ошондой эле куткарылуу туулгасын кийип, Ыйык Рухтун кылычы болгон Кудай сөзүн алгыла.

Мунун баарын Кудайдан жардам сурап сыйынууда кылгыла.

Ар дайым Ыйык Рух менен сыйынгыла. Дайым сергек болуп, солгундабагыла. Кудай адамдарынын баары үчүн ар дайым сыйынгыла!

Ошондой эле мен үчүн да сыйынгыла! Сүйлөгөнгө даяр турган кезимде Кудай мага кабарын берип, аны тайманбастан ачык сүйлөйүн жана жакшы кабардын сырын жеткире алгандай болоюн. Мен ошол жакшы кабардын урматына азыр түрмөдө жатсам да элчи болуп жүрөм. Мен милдетимди жакшы аткарып, жакшы кабарды тайманбастан айта алышымды сурап, Кудайга сыйынгыла.

Соңку сөз

(6:21-24)

Менин ал-ахвалым менен иштеримдин кандай болуп жатканын сүйүктүү боордошубуз жана Теңирибиздин ишенимдүү кызматкери —Тихикустан угасыңар. Мен аны бул жердеги биздин баарыбыздын ал-жайыбызды айтып берип, силерди чыйралтсын деген максатта атайын жиберип жатам.

Кудай Атабыз менен Теңири Иса Машаяк бардык боордошторубузга тынчтык, сүйүү жана ишеним берсин! Теңири Иса Машаякты көөнөрбөс сүйүү менен сүйгөндөрдүн баарына Кудай жар болуп, ырайымын төксүн. Оомийин.