Паулос элчинин Колосса шаарындагы машаяктарга жазган каты

Азыркы Түркиянын территориясында жайгашкан Колосса шаарында Паулостун кызматташы Епафрастын иш-аракетинин натыйжасында машаяктар коому пайда болот. Епафрас түрмөгө түшүп, анда жаткан Паулоско колоссалыктардын рухий абалынын бошоң экендигин жеткирет. Анткени аларды бир жагынан яхудейлердин диний ырым-жырымдары менен аскетизмди аралаштыра кармашкан үгүтчүлөр азгырса, экинчи жагынан “күнөөлөрдүн жазасынан куткарылуу үчүн Машаяктын курмандыгы жетишсиз, Машаяк Кудай эмес, Кудайга жакын пирлердин бирөөсү гана” деп билимдүүсүнүшкөн философ-агностиктердин (грекче гносис = билим) окуулары ар ойго жетелеген. Ошол арсарлангандар үчүн терең кайгырган Паулос элчи Колоссага жана ага жакын турган Лаодикияга эки кат жазат.

Колоссалыктарга жазган катынын башында Паулос элчи Кудайдын бизге бекер берген куткаруучу жолунун маңызын айтат. Дененин өлүмү андан жандын бөлүнүшү болгон сыяктуу эле жандын өлүмү, анын түбөлүккө куурап, тозокко түшүшү Кудайдан ажырап калышын, терең өкүнүү менен Машаяктын бут алдына алынып келинбеген ар бир күнөө адамды Кудайдан ажыратарын айтат. Ошондой эле Куткаруучу Машаяктын Инсандыгына жана анын жасаган иштерине теңдеш эч нерсе жок экендигин, пенделик иш-аракеттер аркылуу Кудай талап кылган ыйыктыкка эч ким эч качан жете албай тургандыгын эскертет. Адам баласы Кудайдын жиберген Машаягына ишенип, аны кабыл алуу жолу менен гана ыйык боло аларын түшүндүрөт.

Саламдашуу

(1:1-2)

Кудайдын эрки менен Машаяк Исанын элчиси болгон мен — Паулос, боордошубуз Тимотей экөөбүз Колосса шаарындагы Машаякка чындили менен берилген Кудайдын адамдарына салам айтабыз...

Силерге Кудай Атабыз берекесин төгүп, тынчтыгын ыроолосун!

Кудайга ыраазычылык

(1:3-14)

Силер үчүн сыйынганыбызда Теңири Иса Машаяктын Атасы — Кудайга дайыма ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Анткени Машайак Исага болгон ишенимиңерден жана Исанын ыйык кызматчыларынын баарына көрсөткөн мээримиңерден кабардарбыз. Бул ишеним менен мээримдин булагы — силер үчүн асманда даярдалып коюлган Үмүт. Ошол үмүт силерге жеткен акыйкаттын сөзү — Инжилдин жакшы кабарында бар. Силер Кудайдын ырайымы тууралуу угуп, анын бардык чындыктарынан түшүнгөн күндөн бери жакшы кабар араңарда тамыр жайып, батасы тийип жаткандай, ал азыр бүт дүйнөгө жайылып, жемишин берип жатат.

Ырайымдуу Кудайдын сөзүнөн силерге таалим берген Машайактын ишенимдүү кызматкери, биздин сүйүктүү кызматташ бурадарбыз Эпафрас, силердин Ыйык Рухтан алган зор мээримиңер тууралуу бизге кабар кылды. Ошону уккан күнүбүздөн бери силер үчүн тынбай сыйынуудабыз. Кудайдан тиленерибиз бул: анын эркин жакшылап түшүнүшүңөр үчүн силерге ал өзүнүн акыл-эсинен берсин. Кудайга татыктуу мамиледе болуп, бардык жагынан ага жагып, ар кандай сооп иштерди кылып, Кудайды таанып-билүүдө өсүүңөрдү каалайбыз. Чыдамкай, айкөл болуу үчүн анын улуу кудуретине өзүңөрдү бекемдеп, кубаныч менен Кудай Атабызды алкыштагыла. Бизди жарыктын хандыгында жашаган ыйыктардын мурасынан бөлүшүүгө чакырып алган жана караңгылыктын бийлигинен куткарып, өзүнүнүн сүйүктүү Уулунун падышачылыгына киргизген ошол. Анын сүйүктүү Уулу менен бирдикте болуу аркылуу күнөөлөрүбүздүн куну кечирилди.

Пенде жана Машаяк

(1:15-24)

Иса көрүнбөгөн Кудайдын элеси. Ал бардык жаратылгандардын туңгучу. Анткени асмандагы болобу, жердеги болобу, көрүнгөнбү, көрүнбөгөнбү — баарын: падышаларды да, падышачылыктарды да, бийлик башындагыларды да, бийликтерди да Уулу жараткан. Булардын баарын Кудай Уулу аркылуу жана Уулу үчүн жаратылган. Уулу баарынан мурда эле бар болгон. Кудайдын Уулу менен тыгыз байланыш аркылуу гана бардык жаратылган нерселер өз-өз ордунда болот.

Иса Дененин башы. Дене болсо ишенүүчүлөр жамааты.

Иса өлүктөрдөн тирилүүнүн башталышы жана туңгучу. Ошондуктан ал баардыгында биринчи. Анткени Кудай анын бардык жагынан жеткилең болушун каалады жана ал аркылуу баары менен элдешкиси келди. Ошол максатта анын айкаш жыгачта аккан каны аркылуу асмандагы жана жердеги бардык нерселер менен тынчтыкка келди. Бузуку жүрүш-турушуңардан жана ниетиңердин Кудайга каршы болгонунан улам мурда ал силердин четке каккан. Бирок азыр Машаяктын адамдык денесинин өлүмү аркылуу силерди өзүнө кайра элдештирди. Өзүнүн алдында силерди ыйык, кынтыксыз жана айыптардан бош кылуу үчүн ушундай кылды.

А силер ишенимде бекем болуп, жакшы кабардагы үмүттөн тайбай, анда түз турушуңар керек! Бул кабарды силер уккансыңар. Ал ааламдагы бардык макулуктарга жарыя кылынган. Мен мына ошол жакшы кабардын кызматчысы болуп калдым.

Паулостун Машаяк үчүн кылган кызматы

(1:24-2:5)

Азыр мен силер үчүн азап тартканыма кубанып жатам. Анткени өзүмдүн денемдеги азаптарым аркылуу өз денеси болгон жамаат үчүн азыр да тартып жаткан Машаяктын азабын толуктоого жардам берип жатам. Мени жамаатка кызматчы кылып шайлаган Кудайдын өзү. Ал мага бул тапшырманы силердин пайдаңар үчүн жүктөдү. Өткөн замандарда бардык адамзаттан жашырып келип, эми өзүнө караштууларга ачып берген жакшы кабарды толук жеткир деди. Кудайдын максаты бардык адамдарга арналган бай жана улуу сырларын өз адамдарына белгилүү кылуу. Ал эми сырдын мааниси Машаяктын силер менен бир экени. А Машаяктын силер менен бир экени болсо, силердин Кудайдын улуулугу менен бөлүшө турганыңарды билдирет. Ошондуктан биз Машаякты баарына жарыялап жүрөбүз. Алыбыздын жетишинче аларды эскертип, үйрөтүп, ар бирин Машаяк менен мамиледе жетилген адам катары Кудай алдына алып келүүгө аракет кылып жатабыз. Мына ушуну жүзөгө ашыруу үчүн мен Машаяк берген кудуретти колдонуп, жандүйнөмдө иштеп жаткан анын күчү менен баш көтөрбөй эмгек кылып, талыкпай күрөшүүдөмүн.

Силер менен Лаодикиядагылар үчүн жана менин жүзүмдү алиге чейин көрүшө элек бардык боордошторум үчүн канчалык тырышып, эмгектенип жүргөнүмдү билсеңер экен дейм. Мен эмне үчүн тырышып жүрөм? Силер үчүн, силердин күч-кайратка толуп, бири-бириңерди сүйүп, ынтымакташ болуп, ошентип Кудайдын Машаякка байланыштуу терең сырларын түшүнүп, жакшылап таанышыңар үчүн ушинтип, далбас уруп жүрөм. Кудайдын акылмандыгы менен билиминин ачкычы Машаякта. Булардын баарын силерге эмне үчүн айтып жатам? Акылдуу сыяктанып, ичке жылып кире турган жалган сөздөр менен эч ким силерди алдап кетпесин үчүн.

Азыр жаныңарда болбосом да, рухум менен араңардамын. Ынтымагыңарды, Машаякка болгон бекем ишенимиңердин натыйжасын көрүп, кубанып жатам.

Машаяктагы өмүрдүн толуктугу

(2:6-19)

Силер Машаяк Исаны Теңир катары кабыл алдыңар, ошондуктан анын менен ынтымакта жана ысык мамиледе болгула. Мурда өзүңөр уккан таалимдердегидей тамырларыңарды Машаякка терең жайгыла, жашооңордун пайдубалы ошол болсун, ишенимиңерде бекем тургула жана Кудайга дайыма ыраазычылык айткыла.

Абайлагыла, бирөөлөр силерди кайдагы бир болбогон философиялар, пайдасыз билимдер менен адаштырып кетпесин. Мындай нерселер Машаяктан эмес, адамдык чолок ойдон, ааламды башкарып турган арам күчтөрдөн келет. Ал эми Кудайдын табияты толугу менен Машаякта жашайт. Силер Машаяк менен жакын мамилеге өтүп, чыныгы өмүрдү толугу менен алдыңар. Машаяк болсо бардык күчтөр менен башкаруучулардын үстүнөн бийлик кылып турат.

Ошондой эле Машаяк менен абдан жакын мамилеге өткөндүгүңөрдөн “сүннөткө олтурдуңар”. Пенденин колу менен эмес, Машаяктын колу менен сүннөткө олтурдуңар. Ал силердин күнөөлүү табиятыңарды, мындайча айтканда, кесип таштап, анын бийлигинен бошотту. Анткени силер сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөнүңөрдө Машаяк менен бирге өлдүңөр. Ошондой эле чөмүлдүрүүдөн соң Кудайдын Машаякты өз кудурети менен кайра тирилтип алганына болгон ишенимиңер аркылуу Машаяк менен бирге кайра тирилдиңер. Мурда силер Кудайдын осуяттарын аттап, Мыйзамды билбеген бутпарастар болгонуңардан рухий жактан өлүк болчусуңар. Бирок Кудай силерди Машаяк менен бирге кайрадан тирилтип алды. Бардык күнөөлөрүбүздү кечирди. Бизди күнөөлөп, өкүм чыгарып турган күнөөлөрдүн тизмеси жазылган баракты Машаяк курман болгон айкаш жыгачка кадап, толугу менен өчүрдү. Руханий күчтөр менен бийликтерди ошол айкаш жыгачта Машаяк ушундайча жеңди. Өзүнүн салтанаттуу жеңиши аркылуу аларды туткундаганын бүт ааламга көрсөттү.

Ошондуктан муну ичпегиле, тигини жебегиле, бул күндү майрамдагыла, тиги күндү атайын таат-ибадат кылгыла деп эч ким силерди башкарбасын. Булардын баары келечекте боло турган нерселердин көлөкөсү гана. А ошол көлөкөнүн ээси - Машаяк. Кандайдыр бир аян-көрүнүштөрдү көргөндүгүн айтып өздөрүн рухий жактан бийик санагандар, калп өзүн-өзү тыюучулук менен периштелерге табынууну талап кылгандар силерди айыптабасын. Андайлар өздөрүнүн пенделик чолок акыл-сезимдеринин жетегинде, дененин башы болгон Машаяктан четтеп кетишкен. Анткени өз ара муун-тарамыштар менен тогошуп, байланышкан дененин өсүшүн баш башкарып турганындай, бүткүл жамаатты Кудайдын каалосуна жараша Машаяк башкарып турат.

Күнөө үчүн өлүп, жаңы жашоо үчүн тирүү болгула

(2:20-3:4)

Силер Машаяк менен бирге өлүп, бул ааламды башкарып турган кара күчтөрдөн бошотулбадыңар беле! Эмне үчүн анда бул дүйнөгө караштуулардай жашап жатасыңар? Эмне үчүн “Тигини кармаба!” “Бул арам!” “Алдагыга колуңду тийгизбе!” деген сыяктуу эрежелерге баш ийип, жашап жатасыңар? Булардын баары бир колонгондон соң жараксыз болуп кала турган нерселер го!

Жогоруда айтылгандардын баары адамдык эрежелер! Албетте, мындай эрежелер өзүн-өзү тыюуга, периштелерге табынууга, денени тарбиялоого негизделгендиктен акылга сыярлык, жакшы сымал сезилиши мүмкүн, бирок чындыгында алар адамдын күнөөлүү кумарларын тыя албайт.

Силер Машаяк менен бирге кайра тирилдиңер, ошондуктан жердик эмес, асмандык нерселер тууралуу ой жүгүрткүлө. Ал жакта Кудайдын оң кол тарабында Машаяк тактысында олтурат. Ой-сааналарыңарды бул жактагыларга эмес, ошол жактагыларга бургула. Анткени силер өлүп, өмүрүңөр Кудайдагы Машаяктын ичине катылып коюлган. Силердин чыныгы өмүрүңөр - бул Машаяктын өзү. Ошондуктан ал келгенде силер да кошо келип, анын улуулугуна ортоктош болосуңар.

Эски жана жаңы өмүр

(3:5-17)

Силер бузукулук, уят жүрүш-турушту, көз артуучулук, күнөөлүү ышкылар жана ач көздүк (анткени ач көздүк — бул жасалма кудайга табынуунун бир түрү) сыяктуу табиятыңарда баш көтөрүп, аракеттенген жердик каалоолорду өзүңөрдө өлтүрүшүңөр керек. Ушундай иштердин айынан өзүнө баш ийбегендерге Кудай каарын төгөт. Жашооңордун үстүнөн бул иштер үстөмдүк кылып турган бир убакта силер өзүңөр да ошолор сыяктуу өмүр сүрчүсүңөр. Бирок азыр ушуга окшогон иштердин баарын: ачууланууну, арам ойлорду, кекчилдикти, күнөөлүү каалоолорду, ач көздүктү (ачкөздүк — бул жалган кудайга табынуучулук) ташташыңар керек. Эч качан оозуңардан сөгүнүп-сагынган сөздөр чыкпашы керек.

Бири-бириңерди алдабагыла, анткени силер эски табиятыңарды анын бардык адаттары менен кошо чечип салып, жаңы табиятты кийдиңер. Ушул жаңы табиятыңар өзүнүн Жаратуучусу тарабынан тынбай анын табиятына окшош болуу үчүн жаңыланып турат. Натыйжасында башка элдер менен яхудейлердин, сүннөткө олтургузулгандар менен олтургузулбагандардын ортосунда айырмачылык жоюлду. Эми варварбы, скифпи, кулбу, эркинби эч кандай бөлүнүү жок. Машаяк баары жана баарында.

Ошондуктан Кудайдын тандалган, ыйык, сүйүктүү адамдары катарында боорукердикти, айкөлдүктү, момундукту, жооштукту жана көтөрүмдүүлүктү кийим сыяктуу кийип алгыла. Бири-бириңерди кабыл алып, өз ара таарынычтарыңарды кечиришкиле. Силерди Теңирибиз кандай кечирсе, силер да бири-бириңерди ошондой кечиргиле.

Жогоруда атап өткөндөрүмдүн үстүнө алардын баарын жеткилең биримдикке жеткирип, бекем байлап турган сүйүүнү кошуп алгыла.

Машаяктын тынчтыгы жандүйнөңөрдү башкарып турсун. Анткени силер бир дененин мүчөлөрү сыяктуу тынчтыкка чакырылгансыңар.

Ошондой эле дайыма ыраазы болгула.

Машаяктын сөзү бүткүл байлыктары менен бирге жүрөгүңөрдө жашасын. Бардык акылмандык менен бири-бириңерге насаат айтып, жакшы жолдорго багыт бергиле. Забурларды, руханий жана Кудайга арналган ырларды ырдагыла. Ырдаганыңарда чын жүрөктөн Кудайды даңктагыла.

Эмне кылсаңар да — сөз жүзүндөбү, иш жүзүндөбү — Теңири Исанын урматына кылгыла. Ал аркылуу Кудай Атага рахматыңарды билдиргиле.

Жаңы жашоодогу жекече мамилелер

(3:18-4:1)

Аялдар, күйөөлөрүңөргө баш ийгиле! Машаяк аялдар ушундай кылганы оң.

Күйөөлөр, аялдарыңарды сүйгүлө жана аларга катаал мамиле кылбагыла!

Балдар, ата-энеңерге бардыгында баш ийгиле, анткени Теңирибиз ушундай кылышыңарды каалайт.

Аталар, балдарыңарды ачуулантпагыла, жүүнү бош болуп калбасын.

Кулдар, жердеги кожоюндарыңарга баарында баш ийгиле! Алардын көзүнчө жана жагыныш үчүн гана эмес, чын жүрөктөн жана Теңирибизди урматтоо сезиминен улам ушундай кылгыла. Эмне кылсаңар да чын дилиңерден, адамдар үчүн эмес, Кудай үчүн иштеп жаткандай жасагыла. Кудай силерге сыйлык катары сактап турган мурасты берерин унутпагыла. Анткени силер Теңири Машаяк үчүн кызмат кылып жатасыңар. Ким туура эмес иштерди кылып жүрсө, иштерине жараша шыбагасын алат. Кудайдын бет карамачылыгы жок.

Кожоюндар, кулдарыңарга аяр жана адилет мамиле кылгыла, өзүңөрдүн да асманда Кожоюнуңар бар экенин унутпагыла.

Дагы башка насааттар

(4:2-6)

Сыйынууда талыкпагыла, мактоону Кудайга айтып, кантип сыйынып жатканыңарды байкагыла. Ошондой эле биз үчүн да сыйынып тургула. Кудай биз таратып жүргөн кабарга жол ачсын. Биз Машаяктын сырларын жар салууга мүмкүнчүлүк алалы. Мен ошондой кылганым үчүн азыр түрмөдө жатам. Жакшы кабарды кандай жарыялоого тийиш болсом, ошондой жарыялай алуум үчүн сыйынып тургула.

Сырттагыларга акылмандык менен мамиле кылгыла.

Бардык мүмкүнчүлүгүңөрдү пайдалуу колдонгула.

Сүйлөгөн сөзүңөр ар дайым сыпайы, жөндүү болсун, ошондо кимге кандай жооп беришти билесиңер.

Акыркы саламдар

(4:7-18)

Тихикус мен тууралуу жаңылыктардын баарын силерге айтып берет. Ал биздин сүйүктүү боордошубуз, Кудайдын ишенимдүү кызматкери, Теңирибиздин жолунда кызматташыбыз. Мен аны биздин ал-ахвалыбызды билдирип, көңүлүңөрдү көтөрсүн деген максатта силерге жөнөтүп жатам.

Силердин жердешиңер болгон биздин ишеничтүү жана кымбаттуу боордошубуз Онисим да аны менен бирге барат. Алар биздеги болуп өткөн окуялардын баарын силерге айтып беришет.

Мени менен түрмөдө олтурган Аристархус силерге салам жолдоп жатат. Барнабанын бөлөсү Марк да ага кошулууда. (Силерге ал тууралуу мурда айтылган. Ал силерге келсе, жакшылап тосуп алгыла.)

Юстус аталган Иса да силерге салам айтып олтурат.

Яхудейлердин арасынан ушул үчөө гана Кудай Падышылыгы үчүн кызмат кылып жүрүшөт. Булар мен үчүн чоң жардам катары болушту.

Дагы бир жердешиңер болгон Машаяк Исанын кызматкери Епафрастан да салам. Силердин ишенимде бекем, рухий жактан жетилген куракка келген, баралга толгон жана Кудайдын эркине бардыгында баш ийген машаяктардан болушуңар үчүн ал абдан көп сыйынат. Анын силер үчүн, ошондой эле Лаодикия менен Иераполдогу боордошторубуз үчүн катуу эмгек кылып жүргөнүнө мен өзүм күбөмүн.

Биздин сүйүктүү дарыгерибиз Лукас менен Димас да силерге өз саламдарын айтып олтурушат.

Лаодикиядагы боордошторубузга, ошондой эле Нимфанга жана анын үйүндө чогулуп жүргөн ишенүүчүлөр жамаатына салам айтып койгула.

Бул кат силерде окулган соң, Лаодикияда да окулушуна кам көрүп койгула, ал эми лаодикиялыктарга жазган катымды силер алып окугула.

Архипке айтып койгула: Теңирибизден алган ишти аягына чыгарганга тырышсын!

Мен, Паулос, мынабуну өз колум менен жазып жатам: Паулостон салам.

Менин түрмөдө экенимди эсиңерден чыгарбагыла. Кудайдын ырайымы араңарда болсун.