Амос пайгамбардын китеби

Бул китеп метафора, салыштыруу, аллегорияга жык толгон, стили жагынан абдан курч китеп. Бул китепте Амос пайгамбар элди күнөөлөрдөн баш тартууга чакырып, эскертип, насыят айтып, ал тургай Кудайдын жазалары менен коркутканга чейин барган. Амос пайгамбар көп жагынан Машаяктын образына окшошуп кетет.

Амос пайгамбар

(1:1)

Амос пайгамбар Текой шаарында жашаган чабандардын бири болгон. Бул китепте ошол Амос пайгамбардын сөздөрү жазылган. Муну Амос жер титирерден эки жыл мурда Яхудада Узия, ал эми Исраилде Яастын баласы Иеровоам падышачылык кылып турганда аян көрүп, ошондон уккан.

Сириянын жазасы

(1:2-5)

Амос мындай жар салды:

“Уккула! Жараткан Кудай Теңир Тоодон арстандай айкырып, Кудустан кыйкырып жарыя кылып жатат: “Жайлоолор такырайып, чабандардын алачыктарынан ый басылбай, Кармил тоосунун чокусу кургайт! Теңир айтат: “Шам элинин шиши толду, эми менден ырайым күтпөй эле койсун, мен аларды сөзсүз жазалайм. Алар галааддыктарды көк ала койдой союп, кыйнашты. Ошондуктан Азаил падышанын үйлөрүнө көктөн от түшүрөм, Бенадад падышанын хан сарайларын өрттөп жок кылам. Шамдын дарбазаларынын илгичтерин сындырып, Авен өрөөнүнүндө жашагандарды жер менен жексен кылам. Бет-Едендин өкүмдарларынын көзүн тазалайм. Ошондо сириялыктар Кирге туткунга кетишет.

Филистимдиктердин жазасы

(1:6-8)

Газалыктардын да күнөөлөрү чегинен ашып кетти. Мен аларга ырайым кылбайм, анткени алар бүтүндөй бир элди едомдуктардын колуна салып берип, туткунга кетирди. Ошондуктан Газанын сепилдерине асмандан от түшүрөм, ошол от анын заңгыраган ак сарайларын жалмайт. Азоттуктарды талкалайм, ал эми Ашкелондун бийлөөчүсүн өлтүрүп, анан Екронго аттанам. Анан калган филистимдиктердин баары күм-жам болушат.

Финикиянын жазасы

(1:9-10)

Тир шаарындагылардын да күнөөдөн башы чыкпай калды. Мен аларды сөзсүз жазалайм. Анткени алар бир туугандык келишимди унутушуп, туткундардын бардыгын едомдуктардын колуна салып беришти. Ошондуктан мен анын сепилдерине асмандан от түшүрүп, ак сарайларын жок кылам.

Едом

(1:11-13)

Едомдуктар кылган күнөөлөрү үчүн жазасыз калышпайт. Алар туугандык сезимди тебелеп тепсеп, туталанып, зөөкүрлүк менен өз бир тууганы — Исраилдин артынан сая түшүп, куугунтукка алды. Ошондуктан Феман аймагына от каптатып, андагы Восор шаарын өрткө чулгайм.

Аммон

(1:11-15)

Аммондуктар жазадан качып кутулушпайт. Алар жерин кеңейтебиз деп, Гадаадагы боюнда бар аялдардын курсактарын жарганга чейин барышкан. Ошондуктан мен аларды сазайын колуна берем: Равванын сепилдерин отко ороп, ак сарайларын алоолонтом. Күтпөгөн жеринен кыйкырык-өкүрүк менен ураан чакырган чабуулчулардын астында калат. Падышасын баш кылып, акимдеринин баарын туткунга кетирем.

Моавдын жазасы

(2:1-3)

Моавдыктардын шиши толду. Кылган кылмыштары үчүн сөзсүз жазаланышат. Анткени алар Едомдун падышасынынын сөөгүн өрттөп, күл кылышты. Ошондуктан Моавка от жөнөтөм, ошол от Кериофтун сарайларын жеп жутат. Моав айгайлаган ызы-чуу менен сурнай үнүнүн жаңырыгы астында күм-жам болот. Башкаруучусу менен өкүмдарларынын баарынын көзүн тазалап жок кылам.

Яхуданын жазасы

(2:4-5)

Яхуда кылмыш кылганын токтотподу. Эми менден ырайым күтпөсүн, ал сөзсүз жазаланат. Жараткан Эгенин мыйзамдарын четке кагып, жол-жоболоруна көңүл бурушпады. Ата-бабалары пир туткан жасалма кудайлары аларды жолдон буруп кетти. Ошондуктан Яхудага көктөн от түшүрүп, Кудустун ак сарайларын өрткө чулгайм.

Исраилдин жазасы

(2:6-16)

Исраил улам-улам күнөө кылды. Акысын төлөй албай мөгдүрөп калган адилет болобу, бир жуп кепичтин акчасын кайтарып берүүгө алы келбей калган кембагал болобу, зарлатып туруп, кулдукка сатты. Кембагал байкуштардын башын жолдун чаңындай тепселешти. Аны кой, менин ыйык атымды булгашып, ата-бала “ыштан бажа” болуп кетти. Күрөөгө калтырылган кийимди кийип алып, ар кандай курмандык чалчу жайлардын жанында жамбаштап жатышты. Айыпка жыгылгандардын курмандыкка алып келген шараптарын өздөрүнүн жалган кудайларынын ибадатканаларында ичишти. Эй, ыймансыздар, силерди сүйгөндүгүмдөн даңкайган, күчтүү амордуктарды алдыңарга жыгып бербедим беле? Башындагы жемишин да, түбүндөгү тамырын да соолутпадым беле? А силерди болсо, Египеттен алып чыгып, амордуктардын жерин мураска берүү үчүн чөлдө кырк жыл бою жетелеп жүрбөдүм беле? Пайгамбарлар менен назирлерди14 силердин араңардан тандабадым беле? Же калппы? А силер аларды аракка тойгузуп, пайгамбарларга тыюу салып, менден кабар айттырбадыңар.

Мына, боо жүктөлгөн арабанын астында калгандай кылып, үстүңөрдөн жалпайта басам. Ошондо, шамдагайдын шайы ооп, чымырдын эси эңгиреп, эр жүрөк өз өмүрүн куткара албай калат. Жаачылар тике туралбай, жөө күлүк качып кеталбай, чабандес өз өмүрүн куткара албай калат. Ошол күндө баатырлардын баатыры, батылдардын батылы да куралын таштап, дыргаяктап качып жөнөйт.

Исраилге эскертүү

(3:1-2)

Эй, Исраил — Жараткан Эгенин Египеттен алып чыккан эли! Теңириңердин силерге айта турган сөзүн угуп алгыла: “Жер жүзүндөгү бардык элдердин арасынан силерди гана тандап, кам көрүп келдим, ошондуктан кылган кылмыштарыңар үчүн менин алдымда жооп бересиңер!”

Пайгамбардын озийпасы

(3:1-8)

Макулдашпай туруп, эки адам чогуу сапарга аттанабы? Жемин көрбөсө, токойдогу арстан айкырабы? Бир нерсе кармап албаса арстандын баласы үңкүрүнөн үн салабы? Жайылбаган торго чымчык түшөбү? Сурнайдын ачуу үнүнөн шаар эли коркпой коёбу? Теңир жол бербесе, шаарда кырсык болобу? Ошонун сыңарындай, Эгедер өзүнүн кулдары болгон пайгамбарларга алдын ала айтпай туруп, эч нерсе жасабайт. Арстан ырылдаса, ким чочубайт? Эгедер дем берип атса, ким пайгамбарчылык кылбайт?

Самариянын тагдыры

(3:9-15)

Азот менен Египеттин үйлөрүнүн төбөсүндө туруп алып жар салгыла: “Самариянын тоолоруна чогулгула да андагы бейбаштыктар менен кылмыштарды көрүп алгыла! Самариялыктар адилеттик деген эмне экенин билишпейт. Сандыктары зордук-зомбулук менен тапкан байлыктарга карк болду. Ушундай кылышканы үчүн душмандары келет да, курчап алып, чептерин талкалап, сандыктарын тартып алышат. Чабанга арстандын оозунан козусун куткарып алуу кыйын. Көп болсо кулагынын учу менен шыйрактарын сууруп калар. Азыр Сириянын керебетинин бурчунда, Дамасктын жумшак төшөгүндө олтурган бузуку Исраил менен да ошондой болот. Ушуну Жакыптын балдарына айткыла! — дейт кудурети күчтүү Жараткан Эгебиз, —Исраилди кылмыштары үчүн жазалаган күнү Бетелдеги курмандык чалчу жайларды кыйратам. Курмандык чала турган жайлардын бурчуна орнотулган мүйүздөрдүн баары кыя чабылат да жерге ыргытылат. Кышкы үйлөрдү да, жайкы үйлөрдү да ойрондойм. Пилдин сөөгү менен жасалгаланган, заңгыраган үйлөрдүн баарынын таш-талканы чыгат”.

Самариянын тагдыры

(3:9-15)

Азот менен Египеттин үйлөрүнүн төбөсүндө туруп алып жар салгыла: “Самариянын тоолоруна чогулгула да андагы бейбаштыктар менен кылмыштарды көрүп алгыла! Самариялыктар адилеттик деген эмне экенин билишпейт. Сандыктары зордук-зомбулук менен тапкан байлыктарга карк болду. Ушундай кылышканы үчүн душмандары келет да, курчап алып, чептерин талкалап, сандыктарын тартып алышат. Чабанга арстандын оозунан козусун куткарып алуу кыйын. Көп болсо кулагынын учу менен шыйрактарын сууруп калар. Азыр Сириянын керебетинин бурчунда, Дамасктын жумшак төшөгүндө олтурган бузуку Исраил менен да ошондой болот. Ушуну Жакыптын балдарына айткыла! — дейт кудурети күчтүү Жараткан Эгебиз, —Исраилди кылмыштары үчүн жазалаган күнү Бетелдеги курмандык чалчу жайларды кыйратам. Курмандык чала турган жайлардын бурчуна орнотулган мүйүздөрдүн баары кыя чабылат да жерге ыргытылат. Кышкы үйлөрдү да, жайкы үйлөрдү да ойрондойм. Пилдин сөөгү менен жасалгаланган, заңгыраган үйлөрдүн баарынын таш-талканы чыгат”.

Исраил Кудайга кайрылбады

(4:1-13)

“Эй, Самария тоосундагы Башандын кунаажындары, уккула! Силер кедейлерди эзип, мусаапырларды кыйнап, кожоюндары-ңарга: “ичимдик алып келчи, ичели!” — дедиңер. “Илмек менен илип, илмектен калгандарыңарды кайырмак менен сүйрөп кете турган убак келет”, — деп Теңир өз ыйыктыгын кепил кылып, ант берген. Дубалдын туш келген тешигинен атып чыгасыңар, заңгыраган ак сарайларыңарга жасалгаларыңарды таштай качасыңар, — дейт Теңир. Баргыла, Бетелде күнөөңөрдү уланта бергиле, Галгалга баргыла да кылмышыңарды көбөйтө бергиле, күндө таң эрте курмандыгыңарды чала бергиле, ар бир үч жылда15 ондугуңарды апкеле бергиле. Кудайга ыраазычылык келтирген курмандыкка ачыган наныңарды апкелгиле, тартуу курмандыгыңарды элдин баарына жарыя кылып, мактангыла. Силер ушуну сүйөсүңөр, Исраилдин балдары, — дейт Теңир. Ошондуктан шаарларыңардын баарын мен тамаксыз калтырдым, кыштактарыңарда нанды тартыш кылдым, бирок ошондо да силер мага кайрылбадыңар, — дейт Теңир. Жамгырды эрте, күзгө али үч ай калганда эле токтоттум. Бир шаарыңарга жаадырып, башкасына жаадырбай койдум. Бир талааңар жамгыр ичсе, башка талааңар какшып жатты. Анан эки үч шаар суусунун кандыруу үчүн, бир шаарга чогулушту. Чогулушкан менен кангыча иче алышпады. Ошондо да мага кайрылбадыңар, — дейт Теңир.

Мен силерге өңү өчүп, көгөрүп кеткен нан бердим. Багыңар, жүзүмзарларыңар, анжирлериңер, олива дарактарыңар кырк аякка жем болду, бирок ошондо да мага кайрылган жоксуңар, — дейт Теңир. Мисир жарасындай жугуштуу жара менен жабыркаттым, балдарыңарды кылычтап кырдырдым, аттарын туткунга алдырдым, жашаган жериңерден сасык жыт каңылжар жарды, ошондо да мага кайрылган жоксуңар, — дейт Теңир.

Содом менен Гоморраны күм-жам кылганымдай, силерди да кыра баштап, бирок кайра оттон сууруп алынган отундай кыйроодон силерди сууруп алдым, бирок баары бир силер мага кайрылган жоксуңар, — дейт Теңир.

Ошондуктан, эй, Исраил, мен сени жазалайм, демек, сен Кудайың менен кездешкенге даярдана бер, уктуңбу Исраил?

Тоо-таштарды жараткан, шамалды соктурган, адамдын дилиндегисин билип, ачыкка чыгарган, таңды караңгыга айланта алган жана жер бетинде салтанаттуу басып жүргөн Кудай ушундай дейт. Анын аты — кудуреттүү Кудай Эге.

Күнөөлөрдөн баш тартууга чакыруу

(5:1-17)

Эй, Исраил, ук мени! Сени жоктоп, кошок кошом, кулак сал:

“Исраил, сен аруу кыз элең, жаза басып, жыгылдың, эми эч качан тура албайсың! ¤з ата-мекениңде сулап калдың, тургузаар эч кимиң жок."

Жараткан Кудай мындай дейт:

“Миң жоокери менен аттанып чыккан шаар, жүзү менен калат. Жүзү менен чыккан шаар, Исраилде ону менен калат.”

Исраилге Теңир мындай дейт:

“Мени издеп, тапкыла, ошондо аман каласыңар. Бетелди издебегиле, Галгалга барбагыла, Вирсавияда сандалбагыла. Анткени Галгал бүт бойдон туткунга кетет, Бетел болсо жер менен жексен болот. Ошондуктан аман калалы десеңер Теңирди издеп тапкыла. Ал от сымал Жусуптун журтун аралап, Бетелди жалмайт, ошондо эч ким аны өчүрө албайт.

Эй, адилеттикти ачууга айланткандар, акыйкатты жерге тепсегендер! Айткылачы, жетиген менен алтын казыкты жараткан ким? Караңгыга жарык чыгарган ким? Бул иш Жараткан Эгебиздин гана колунан келет. Жараткан Эгебиз күчүнө чиренгенге ойрондоочуну жиберип, чебин талкалатат. А силер дарбазаңарда туруп алып, айыбыңарды бетке айтып, ашкере кылганды жактырбайсыңар. Акыйкатты сүйлөп жаткандан жүзүңөрдү үйрүп, жийиркенесиңер. Анткени силер кедей-кембагалдарды эзип, алардан парага дан аласыңар. Ошондуктан силерди жылмаланган таштардан заңгырата салган үйлөрүңөргө жашатпайм, көйкөлтө өстүргөн жүзүмзарыңардын шарабынан ичирбейм. Анткени силердин кылмыштарыңардын канчалык көп экени, күнөөлөрүңөрдүн канчалык оор экени

мага маалым. Силер актыктын душманысыңар. Кедей-кембагалдарга калыстык кылбай, ак сотту тепселеген паракорсуңар. Ошондуктан бул замандын акылдуусу унчукпай, оозун басып жүрөт. Анткени азыр заман бузулду.

Аман калалы десеңер жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле, ошондо өзүңөр ойлогондой кудуреттүү Кудай силерге жар болот. Жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты сүйгүлө, шаарларыңарда ак сотту ордуна келтиргиле. А балким Жусуптун тукумунан калгандарга Теңир ырайым кылгысы бардыр.

Кудуреттүү Кудай мындай дейт:

“Көчөлөрдү өкүрүк каптап, жолдор өкүнүчкө толот. “Кап, аттигиниң ай” деп бармактарын тиштешет. Дыйканды аза күтүүгө, жамакчыны кошок кошконго алып келишет. Жүзүмзарларды ый басат, анткени мен силерди аралап өтөм”. Ушундай дейт Теңир.

Теңирдин күнү

(5:18-20)

Теңирдин сот күнүн эңсегендерге кайгы! А күндүн силерге не кереги бар? Ал күн силер үчүн жарык эмес, караңгы болот! Ал күндө силер арстандан качып, аюуга кабылган адамдай болосуңар. ¤з үйүнө кирип, дубалын таяна калса колун жылан чагып алган кишидей болосуңар. Көрдүңөрбү, Теңирдин күнү жарыкты эмес, караңгылыкты алып келет. Ал күн караңгы, анда жарык жок.

Кудай Исрайылдын таат-ибадат кылганын кабыл албайт

(5:21-27)

“Мен силердин диний майрамдарыңарды жек көрөм, аларды кабыл албайм, салтанаттуу жыйналыштарыңарда тура албайм. Ал тургай толук өрттөлүүчү курмандыктарыңар менен нан курмандыктарыңарды да кабыл албайм. Ыраазычылык курмандыгына багыштап алып келген бордолгон букаларыңарды карабайм. Ыр ырдап, ызы-чуу салбай жоголгула менин алдыман! Кыяктарыңардын үнүн уккум келбейт. Андан көрө адилеттикти суудай агызып, акыйкатты дарыядай шаркыратпайсыңарбы!”

“Эй, Исраил, жооп берчи: сен кырк жыл бою чөлдө жүргөнүңдө мага курмандыкка мал менен нанды апкелчү белең? Жок! Падышаң Молохтун алачыгы менен кудайың Ремфандын жылдызын көтөрүп жүрдүң. Аларды сен өз колуң менен жасап алгансың. Ушунуң үчүн мен сени Дамасктан өр жагына көчүрөм!” — дейт Теңир. Анын аты кудурети күчтүү Кудай.

Өзүнө өзү маашыр болгон самариялыктарга кайгы

(6:1-14)

Теңир Тоодо өзүнө өзү маашырланып, Самария тоосуна таянып, анын түбүндө жашаганга мактанып, эл алдында атагы таш жарган чоңдор — силерге кайгы. Силерден кеңеш сурап келген кайран гана эл. Калнех шаарына өтүп барып, аны карагылачы. Андан ары Амат шаарына барып көргүлө. Аматтан Филистимдин Гат шаарына түшкүлө. Алар эмне, силердин падышачылыгыңардан жакшыраакпы? Алар силердин кош падышачылыгыңардан артыкпы? Жериңерден жери кеңби? Силер алаамат күнүн алыс деп ойлоп, өзүңөрдүн үстүңөрдөн зордук-зомбулук бийлик кыла турган күндү берилетип жатасыңар. Пил сөөгүнөн жасалган керебетте жатып, мамык төшөктө магдырап, жайыттагы кой менен ноопастардын семизинен жеп, жыргап жүрөсүңөр. ¤зүңөрдү Дөөткө теңеп, күү чертип, ырдамыш болосуңар. Чынылап шарап шимирип, атырдын мыктысынан шыбанып, дегеле болбойсуңар, бирок Жусуптун тукумунун башына түшкөн кырсыгына көңүл буруп койбосуңар! Эми көргүлүктү көрөсүңөр, биринчи болуп силер туткунга кетесиңер. Лаззатыңар бүтөт.

Эгемен Кудай өз аты менен ант берип, мындай дейт:

“Жакыптын элинин бой көтөргөнүнөн ирээнжийм. Заңгыраган сарайларын жек көрөм. Шаары менен кошо андагы болгон нерсенин баарын кастарынын колуна салып берем. Кокустан кайсы бир үйдө он киши калып калса, алар да кырылат. Ошондо алардын сөөктөрүн сыртка алып чыгып өрттөө үчүн туугандары келип, үй ичинде жашынып калгандан: “Үйдө дагы ким бар?” — деп сурайт. “Эч ким жок” — деп жооп берет тигил. Ошондо бул тууганы: “Жап оозуңду! Биз Теңирдин атын айтпашыбыз керек!” — дейт.

Анткени Теңир буйрук берди. Эми ал заңгыраган имараттардын таш-талканын чыгарат, чакан тамдарды күлгө айлантат.

Аттар асканын бетинде арыш кере алабы? Аскаларды өгүз менен айдоого болобу? А силер болсо адилеттикти ууга, калыстыктын жемиштерин заарга айланттыңар. Силер, санда жок нерселерге суктанып, “биз өзүбүздү өзүбүз күчтүү кылдык” дегендер, угуп алгыла:

Жараткан Теңир мындай дейт: “Исраил тукуму, мен силерге бир элди каршы чыгарам. Алар силерди Аматка кире бериш жерден тартып, Арабах сайына чейин кубалап барышат”.

Амостун аянындагы чегирткелер

(7:1-3)

Мага Жараткан Эгем мындай аян берди: падышанын чөп чабыгынан кийинки акыркы чабыктын чөбү кылайып, чыгып келе жатканда Кудай кара тумандай болгон чегирткелерди

жаратканын көрдүм. Чегирткелер жердеги чөптү жеп бүткөндө, мен: “Оо Жараткан Эгем, ырайым кыла көр! Жакыптын эли кантип туруштук бере алат? Ал азыр абдан аз да”, — дедим. Ошондо Теңир ырайым кылып: “Макул мындай болбойт”, — деди.

Оттун көрүнүшү

(7:4-7)

Жараткан Эгем мага дагы мындай аян берди: элди жазалоо үчүн Теңир от жаратты, ошол от зор туңгуюкту кургатып, жерди жалмады. Ошондо мен: “Оо Жараткан Эгем, токтото гөр. Буга Жакыптын эли кантип туруштук бере алат? Ал азыр абдан аз да”, — дедим. Эгем ырайым кылды да: “Макул, мындай болбосун”, — деди.

Асма таштын көрүнүшү

(7:7-9)

Жараткан Эгем мага дагы мындай аян берди:

Теңир асма салмоор менен түптүз, кыналып салынган дубалдын жанында туруптур, колунда болсо коргошундан куюлган асма салмоор бар экен. Теңир менден: “Амос, эмнени көрүп турасың?” — деп сурады. “Асма салмоорду”, — деп жооп бердим мен. Ошондо Теңир: “Мен өз элим Исраилдин арасына асма салмоор таштайм16 . Мындан ары аларды кечирбейм. Исхактын курмандык чала турган дөбөлөрү талкаланат, Исраилдин ыйык жайлары бырын-чырын болот, анан кылычымды көтөрүп, Эгеробамдын адамдарына каршы чыгам”, — деди.

Диний кызматкердин Амосту токтотууга аракети

(7:10-17)

Бетелдик диний кызматкер Амазия Израилдин падышасы Эгеробамга кабар жиберди: “Амос элди сага каршы тукуруп жүрөт, айткан сөздөрүн адам эмес, жер чыдап көтөрө албайт. “Эгеробам кылычтан өлөт, Исраил сөзсүз туткунга кетет”, — деп жар салып жатат”, — деди. Анан Амоско мындай деди:

— Эй, көзү ачык! Жүүт жерине кайра кет! Ошол жактан наныңды таап жеп, пайгамбарчылыгыңды ошол жакта кыл! Бетелде пайгамбарчылык кылганыңды токтот, анткени бул жерде падышанын касиеттүү жайы менен анын падышачылыгынын ибадатканасы бар.

— Мен эч качан пайгамбар да, пайгамбардын баласы да болгон эмесмин. Мен мурда карапайым чабан элем. Сикамора өстүрчүмүн. Бирок Жараткан Эгем малымдан бөлүп алып: “Менин элим Исраилге барып пайгамбарчылык кыл!” — деди. Эми сен Теңирдин сөзүн угуп ал. Сен: “Исраилге каршы

пайгамбарчылык кылба! Исхактын урпактарына каршы сөз сүйлөбө!” — дейсиң. Ушунуң үчүн Теңир сага мындай дейт: “Шаардын ичинде аялыңдын абийири кетет. Уул-кыздарың кылычтан сулашат. Жериң жер ченегич аркан менен бөлүнөт. ¤зүң капырлардын жеринде өлөсүң. Исраил сөзсүз ата-мекенинен күч менен чыгарылып, туткунга кетет”.

Бышкан мөмөлөр салынган себеттин көрүнүшү

(8:1-10)

Жараткан Эгем мага дагы мындай аян берди:

Алдымда бышкан мөмө-жемиш салынган себет турду. Теңир мага:

— Амос, эмнени көрүп турасың? — деди. Мен:

— Бышкан мөмөлөр салынган себетти, — деп жооп бердим. Ошондо Теңир мага мындай деди:

— Менин элим Исраилди оро турган убак келди, мындан ары аны аябайм. Ошол күнү ибадатканадагы ырлар өкүрүккө айланат, бүт жер өлүктөргө толот, өлгөн адамдарынын денелерин үн-сөзсүз ар ар жерге ыргытып ташташат.

Эй, кедейлерди кордоп, жакырларды тепселегендер, уккула! Силер: “Эптеп күтүп туралы, ай толсун, ыйык күндөр өтүп кетсин, ошондо кайрадан даныбызды сатабыз. Кампаларыбызды ачабыз да ченемибиздин көлөмүн азайтып, бааларыбызды көтөрөбүз. Таразадан да алдап жейбиз. Калбырдан өтпөй калган даныбызга чейин сатып, пайда көрөбүз. Ошондо кедейлерди бир жуп бут кийимге сатып алабыз”, — дейсиңер. Жакыптын урпактары сыймыктанган Теңир: “Мен алардын жамандыктарынын бирин да эч качан унутпайм!” — деп өзүнүн атынан ант берген. Ошондуктан жер силкинип, андагылар боздоп ыйлайт. Бүт өлкө астын-үстүн болот, Нил дайрасындай толкундайт. Чак түштө күндү батырып, күпкүндүз караңгыга чулгайм. Майрамыңарды азага, ырларыңардын ыйга айлантам. Кара кийгизип, чачыңарды устара менен кырдырам. Ошондо ботодой боздойсуңар. Ал күндүн арты азап менен бүтөт”.

Кудай сөзүн угууга зар боло турган убакыт

(8:10-14)

“Мен жер бетине ачарчылык менен жут каптата турган кез келе жатат, — дейт Жараткан Эгем, — нанга болгон ачарчылыкты эмес, сууга болгон суусоону эмес, Теңирдин сөздүн угууга суусоо жиберем. Ошондо Теңир сөзүн деңизден деңизге өтүп издешет, түндүктөн чыгышка каңгышат, бирок табышпайт. Ошол убак келгенде чымыр жигиттер менен чырайлуу кыздардын жумуру катат. “Дандын кудайы менен анттанам!”, “Вирсавиянын кудайы урсун!” деп Самариянын шермендечилигин оосанып анттанышкандар эч качан кайра тургус болуп кулашат.

Исраил өлкөсү кыйрашы тууралуу пайгамбарчылык

(9:1-5)

Мен курмандык чала турган жайдын жанында турган Теңирди көрдүм. Ал мындай деди: “Каалганын аркагын ыргыта сок, кашектери ажырап, баарын там басып калсын. Аман калгандарын болсо мен кылыч менен кырам. Эч ким качып кутулбайт. Көр түбүнө кирип алышса да сууруп алам, көккө чыгып кетишсе да кулатып түшүрөм. Кармилдин21 чокусуна чыгып, жашынып калышса да табам. Деңиздин түбүнө түшүп кетишсе, деңиз жыланына: “аларды таап чаккын!” деп буйрук берем. Душмандары туткундап алып кетишсе, алып кетишкен жагынан өлтүртөм. Жакшылык кылуу үчүн эмес, жамандык кылуу үчүн көзүмдү алардан бурбайм".

Исраил өлкөсү кыйрашы тууралуу пайгамбарчылык

(9:1-5)

Мен курмандык чала турган жайдын жанында турган Теңирди көрдүм. Ал мындай деди: “Каалганын аркагын ыргыта сок, кашектери ажырап, баарын там басып калсын. Аман калгандарын болсо мен кылыч менен кырам. Эч ким качып кутулбайт. Көр түбүнө кирип алышса да сууруп алам, көккө чыгып кетишсе да кулатып түшүрөм. Кармилдин21 чокусуна чыгып, жашынып калышса да табам. Деңиздин түбүнө түшүп кетишсе, деңиз жыланына: “аларды таап чаккын!” деп буйрук берем. Душмандары туткундап алып кетишсе, алып кетишкен жагынан өлтүртөм. Жакшылык кылуу үчүн эмес, жамандык кылуу үчүн көзүмдү алардан бурбайм”.

Теңирдин жазасы тууралуу

(9:6)

Кудуреттүү Кудай Эгем жерге чыпалагын тийгизгенде, жер ээрип, анда жашагандардын баары боздоп ыйлашат. Жер Нил дайрасы сыяктуу көтөрүлүп барып, кайра күп эте түшөт. Теңир турагын асманга куруп, төбөсүн жерге жеткизди. Мухиттерди оп тартып туруп, жер бетине бүркөт. Анын аты — Эгедер.

Исраил өлкөсү кыйрайт

(9:7)

“Эй, исраилдиктер, мен үчүн силер куштуктардан артыксыңарбы? — дейт Теңир, — силерди Мисирден, филистимдиктерди Каптордон, арамейликтерди Каирден алып чыккан мен эмесминби?”

Теңирдин өзгөчө ырайымы

(9:8-10)

Жараткан Эгенин көзү күнөөкөр мамлекетти көрүп турат. “Мен андай мамлекетти сөссүз жер бетинен жок кылам, бирок ошондой болсо да Жакыптын элин тукум курут кылбайм, — дейт Теңир, — бир да ыкыр-чыкырды жерге түшүрбөй элеген эгиндей, жакында буйрук берип Исраил элин элетип, бардык элдердин арасына чачамын. Менин элимдин арасындагы күнөөкөрлөрдүн баарынын башы кесилет. “Кырсык бизге келбейт да жеңбейт” дегендердин баары өлөт.

Исраилдин кайра тургузулушу тууралуу пайгамбарчылык

(9:11-15)

"Ошол күндө мен Дөөтүн жыгылган чатырын кайра тургузам, айрылган жерлерин оңдоп, бузулган жерлерин калыбына келтирип, байыркы убактардагыдай кылып кайра тигем. Эдомдон калган урпактары менен менин атымды алып жүрүшкөн бардык элдердин жерлерин ээлесин деп ушундай кылам, — дейт ушул иштерди кылуучу Теңир. Оро турган убакка чейин эле эгин бышкан, жыйнай турган кезге жетпей жүзүм тере турган берекелүү доор келатат. Ошондо тоолордон жүзүм тамчылап, дөбөлөрдөн таттуу шарап агат. Туткунга кеткен элим — Исраилди кайра алып келем. Алар каңгырап ээн калган шаарларды кайра куруп, көчүп киришет. Жүзүмзар олтургузушуп, шарабын ичишет. Бак отургузушуп, жемишин жешет. Мен берген жерден эч качан кайра тамыры менен жулунбай тургандай кылып, элим Исраилди өз ата-журтуна кайра кондурам”.

Оо Исраил эли, силерге Жараткан Эгеңер ушундай дейт.