Абди пайгамбардын китеби

Абди пайгамбар Өлүк Деңиздин түштүгүндө жашаган Едом эли тууралуу б.з.ч. 500 жылдай илгери пайгамбарчылык кабар айткан. Едомдор Исраил элине зордук-зомбулук кылышкан, ошондуктан Теңир аларды жазалап, ээлеген жерин эзилген элге тартып алып берерин алдын ала эскерткен.

Бул Абди пайгамбардын аяны жазылган китеп. Кудурети күчтүү Кудай таала ага аян берип, Едом тууралуу кабар айткан.

Кудай Едомду жазалайт

(1-9)

Жараткан Эге элдерге өзүнүн кабарчысын жиберди. Кабарчы бизге: “Жүргүлө, Едомго каршы согуш ачалы!” — деди. Биз аны уктук. Жараткан Эге Едомго мындай деди: “Мен сени алсыратып, бардык элдерге жек көрүндү кылам. Сен көөп кеттиң, ошондуктан өзүңдүн башыңды өзүң айлантып алдың. Сен бийик жайларда, аскар тоолордун арасында жашап: “Мени эч ким кулата албайт!” — деп ойлойсуң. Эй, Едом, оозуңа кара! Бүркүт болуп, көкөлөп учуп барып, жылдыздардын арасына

уя салсаң да, мен сени ошол жактан чаап түшүрөм. Карачы, кандай тонолгонсуң! Сага ууру кирген эмес беле? Жүзүмзарыңа түн жамынган кески келген жок беле? Ууру деле керегине жараша гана алып кетет ко! Кескинин артынан деле бир нерсе калат эмеспи! А сен болсо таптакыр жылас болупсуң. Каткан сандыктарыңда таш-балакет да калбаптыр. Шериктештериң сени алдап кетишти, өз мекениңден айдап чыгышты. Сени менен тынчтыкта жашаган элдердин алдында калдың. Табакташ досторуң, аркаңдан бычак сайып кетти. Алар: “Мунун башы кайда калган?” деп жатышат. Сен “баштууларыңдан” айрылып калган ошол убакта, мен сени жазалайм. Баштуусунгандарыңды сулата чаап, акылдуусунгандарыңды жер бетинен шыпырып салам. Ошондо Теманыңдын согушчандары

коркконунан алдастап, аскери толук кырылат”.

Едомдун жазаланышынын себептери

(10-14)

Жараткан Эге Едом тууралуу мындай дейт: “Бир тууганың Жакыптын урпактарын талап-тоноп, кырганың үчүн сен кыйратылып, түбөлүккө шерменде болосуң. Анткени жоо келип, аларды камалап, дарбазаларынын түбүндө турганда сен кайдыгердик кылдың. Бөтөн уруулар келип, Кудустун байлыгын топ таш ыргытып, бөлүп жатышканда, сен да ошолордун бириндей болдуң. Сен бир тууганыңдын башына кырсык түшүп турган кезде аны табалап, үстүртөн карап турбашың керек болчу. Боордошуң Яхуданын балдарынын шору катып турганда оозуңду жалжайтып, ырсаңдабашың керек болчу. Менин элим башына келген кайгыдан мүңкүрөп турганда дарбазасын аттап кирбешиң керек болчу. Ал тургай анын кырсыгын карабашың керек эле. Башы балээге малынып турганда мүлкүнө тийбешиң керек эле. Жолдордун айрылышында туруп алып, качып бараткандарын аңдып, өлтүрбөшүң керек эле. Качып чыгып, аман калгандарын кармап алып, душмандын колуна салып бербешиң керек эле.

Бүт элдердин үстүнөн болчу сот

(15-16)

Бардык элдердин үстүнөн сот жүргүзө турган күнүм жакындап калды. Cен башкаларга эмне кылсаң, өзүңө да так ошону кылам. Кылган иштериң өз башыңа кайтат. Менин элим Исраил ибадаткана турган ыйык тоонун арасында жазанын ачуу шарабын ичти, бирок айланадагы элдерге андан да ачуураагын ичирем. Ичкенде да кускуча, тынбай ичишет. Кусушат, кайра ичишет, кусушат, кайра ичишет, ошентип акыры таптакыр соолуп, жок болушат.

Исраилдин жеңиши

(17-21)

Ал эми Кудуста жашагандарды куткарам. Кудус ыйык жай болуп, Жакыптын урпактарынын энчисине тиет. Жакып менен Жусуптун урпактары саманды жалмаган оттой Исавдын тукумун жок кылат. Исав тукум курут болот. Муну мен — Жараткан Кудай айтып жатамын. Исраилдиктердин түштүктөгү чөлдө жашагандары Едомдун тоолорун, тоо этегиндегилери Филистим, Ефрайим жана Самарияны басып алышат. А Бенжамин уруусу болсо Галаадды ээлейт. Туткундан кайтып келген түндүк исраилдиктердин тукуму Финикияны, ошондой эле Сарептага чейинки аймакты басып алышат. Ал эми Сардистеги туткундан кайтып келген иерусалимдиктер түштүк Яхуданын тоолорун ээлешет. Жетекчилер Едомдун тоолорун башкаруу үчүн Теңир Тоого чыгышат. Ошентип бул элдин чыныгы Ханы Теңирдин өзү болот.